Ыйык жерлер совет учурунда

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Азыркы ыйык жер зыяратчыларынын басымдуу бөлүгү орто жаштан эбак өтүп калган адамдар, демек, алардын ыйык жер басууга кадам койгон, ыйык жер баса баштаган алгачкы учурлары совет дооруна туура келет. Азыркы жашоо-жагдай менен ар кыл өңүттөн салыштыра келгенде ал адамдар канчалык совет учурундагы өткөн жашоолоруна, кылган тириликтерине ыраазы болуп, ошол учурга карата сагынычтарын жашыра албаганы менен өмүр-тагдырларынын ажырагыс бөлүгү болгон айрым нерселерге келгенде нааразычылыктарын дагы жашырбайт.

Совет бийлигинин динге болгон мамилеси жана саясаты көпчүлүгүбүзгө маалым. Ыйык жер басуу ал учурда диний зыяндуу калдык катары таанылып, ага каршы катуу чаралар колдонулган. Жалпысынан алганда, динге каршы совет саясаты жөнүндө көп изилдөө иштер жазылган, ал эми ыйык жер басуу маселесине келгенде, тескерисинче, бул жөнүндө жазуу булактарды табуу кыйын. Сиздер окуп жаткан баракчалардын баалуулугу ушунда: Кыргызстандагы зыяратчылар совет мезгилиндеги өз баштарынан өткөргөн кордуктарын, коомдун, айлана-чөйрөсүндөгү кишилердин мамилесин айтып берүүдө. Бул жакынкы гана мезгилде, кечээ эле элибиздин башынан өткөн тарых, окуу жана илимий китептерге кире элек тарых.

Ар бир кыймылыңдан өкмөт менен партияга каршы терс кадамды издеп, «Сталин кудай, Ленин кудай» – деп жүрүшчү деп бүбү Сооронбаева Сонунбүбү баса белгилегендей, а кездеги өлкө билермандары менен алардын камчы чабарлары чыныгы кудайды көкүрөк менен сезгенди мындай кой, атеизм деген нерсе негизги багыттоочу күч болуп жаткан доордо, ойлогон оюңду көзөмөлдөгөнгө чейинки жапыз, басмырт мамилеге түшүшүп, биз ыйык деп түшүнгөн мазарларды ар кыл жол менен басмырлап, кыргызчылыкка кыя балта чапканга аракеттенишкен.

Кайсы гана көрүнүш болбосун, мындай катаал коомдук шарт ал үчүн сынактын сынагы. «Каар замандын» кысымында баш ийгендери баш ийишип, ичинен зарлап ыйласа да, замандын мыйзамына багынышып, жашоо-турмуштарын акырындап жаңы нукка салышкан. Мазарсыз жашай албагандар гана мазар басышкан. Замандын каарына карабастан, «кыргызчылык кайдан жоголсун» (зыяратчы Тургун) деген гана бекем ишеним менен туруштук берип келишкен.

Адам баласы катуу куугунтук жеп, суракка алынып, камакка салынып, бирок ыйык жерлерден кайтпаганы, бул мазар басуу калдык эмес – «чындык» экенинин тарыхый далили.

Албетте, андай куугунтуктоолордун аягы сууп, кудайдын кайсы бир күнү өздөрү ыйык туткан жерлерине каалаган учурунда, каалаган адамы менен оңой барып калчу күн боло тургандыгынан ал кезде зыяратчылар кабардар да болбогону ырас. Болгон артынан түшүүлөрдү турмуштун мыйзамы катары кабылдап, түндөп ыйык жер баскандарын жашоо үчүн күрөштүн бир бөлүгү катары жоопкер сезип, ошол бет алган ыйык жерине жетип зыярат кылганына миң мертебе тобо кылып, кудайга барчу жолдун учугун таап, ондогон жылдар мазар баскан кишилер үчүн ал күндөр бүгүн эскерме. Эскерип гана эмес, биздин даанышман ата, апаларыбыз ал күндөрдүн ар бир майда-чүйдөсүн талдай да билишет. Биз кызыккан сурообузду узатаарда атайын дал ошондой куугунтук жеген адамдарды иргеп, издебегенибиз менен, улуу деп урматтап маекке чакырган адамдарыбыздын дээрлик баары жаңкыдай мамилени көзү менен көрүп, жону менен сезгендер болуп чыкты. Демек, бул бүтүндөй бир нече муундун баштан кечирген запкысы.

Ал эми «Ошондой шартта сиз шакирт даярдай алдыңызбы?» деген суроолордун жообу деле оң болуп чыкканы, муундар ортосундагы байланыштын, улуу менен кичүүнүн ортосундагы парздын кандай шарт болбосун улана берээрин айгинелейт. Болбосо азыркы эгемендүүлүк доордо жашырбай-этпей өз шакирттерин даярдап жаткан андагы шакирттер – азыркы устаттар кайдан чыкмак.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>