Түшүндүрмө сөздүк: Т

This post is also available in: Англисче

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

Тамырчы – элдик медицинада тамырдын кагышына жараша ооруну аныктоочу дарыгер (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 361-б.).

Теке – зат. Эчкинин эркеги (колдо багылганы жана жапайысы) (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 586-б.).

Телекинез – кыймылсыз денеге психокинетикалык энергия менен таасир этүү болуп саналат, б.а., физикалык-руханий чөйрө эң жогорку чыңалууга жеткен учурда белгилүү бир күчтөр жана психикалык энергия заттар менен буюмдарга таасир эте алат. Айталы, көптөгөн тажрыйбалар адамдын ойду топтоо жана багыттоо аркылуу буюмдарды ордунан жылдыруу жана таризин алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн (http://meta-nauka.ru/tele.php).

Телепортация – буюмдарды же өзүн-өзү бир чекиттен экинчи чекитке мейкиндиктеги кыймылсыз жылдыруу (http://meta-nauka.ru/tele.php).

Теңир – түрк-монгол тилдериндесүйлөгөн элдердин байыркы эң жогорку кудайынын аты. Теңир алтайча – тенгри, тенгери, шор тилинде – тегри, хакасча – тигер, тува тилинде – дээр, чуваш тилинде тура, якутча – тангара, монгол тилинде – тэнгэр, бурят тилинде – тенери, калмак тилинде – тэнгэр түрүндө айтылат. Теңир – илим адамдарынын пикирлеринде Борбордук Азияда, тагыраак айтканда, Саян-Алтайда пайда болгон. Теңирге хуннулар, өз учурунда кыргыздар да ишенишкен (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 433-б.).

Тергөө – терге этишинин кыймыл атоочу. Терге – этиш. 2. Эски салт боюнча күйөөсүнүн туугандарын (кээде күйөөсүн да) атынан айтпай, башка сөз менен алмаштырып айтуу (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 591-б.).

Терс бата: Терс – сын. Тескери, тетири, адаттан тышкары (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969.592-б.). Бата – дин. 2. Кандайдыр бир иштин башталышына, аякталышына байланыштуу же жалпы эле ак жол айтуу максатында алаканын жая жакшы тилегин билдирүү расмиси (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1984. 139-б.).

Теспе – зат. дин. Бирден сыдырып, окулган сүрөөлөрдү эсептеп туруу үчүн колдонулуучу жипке тизилген мончок (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 593-б.).

Тогуз коргоол – кыргыз элинин байыртадан келе жаткан көөнөрбөс эстелиги, акыл-ой байлыгынын казынасы, көчмөн турмуштун, жоокердик мамилелердин сырдуу түйүнү жана көпчүлүктүн черин жазып эрмектөөчү ортолук оюну. Тогуз коргоол оюну – «Манаста» чагылдырылган негизги оюндардын бири катары төмөнкүчө айтылат: Жалпак жыгач чаптырып, Чараларын оюшуп, Бир жагына бир тогуз, Бир жагына бир тогуз Үй чыгарып коюшуп, Ою менен олтуруп, Ташын салып толтуруп, Тогуз коргоол ойгону, Ордо тогуз коргоол деп Жаш Манас кылып койгону. (Манас энциклопедиясы. 2-китеп, 282-б.)

Токтогул -Улуу Октябрь революциясына чейин карапайым элдин таламын талашып, жергиликтүү бийлик башындагыларга каршы тайманбай ырдап, натыйжада Сибирге сүргүнгө айдалып, кайтып келген демократ акын.

Топук кылуу – болгон нерсеге каниет кылуу.

Торнадо – чоң куюн.

Торсиондук талаалар – физикалык талаалардан айырмаланып, энергияга ээ болбойт, алар үчүн «толкундардын же талаалардын таралышы» деген түшүнүк жок, бирок ошону менен бирге алар «маалымат алып жүрүшөт», анын үстүнө бул маалымат «мейкиндик менен мезгилдин бардык чекиттеринде дароо» катышат (http://ru.wikipedia.org/wiki).

Төлгө таш – төлгөчүнүн негизги куралы.

Төлгөчү – төлгө тартуучу адам. Төлгөчү курчап турган айлана-чөйрөнү, жаратылышты, адамдардын кулк-мүнөзүн айрыкча билген, кандайдыр бир буюмдардын, кубулуштардын ж.б. нерселер, белгилердин жардамы менен алдыда боло турган окуяларды, анын мазмунун алдын-ала чечмелеп берүүчү адам. Төлгөнү койдун далысы, таш, таспи (теспе), күзгү, китеп ж.б жардамы менен тартышат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 442-б.).

Транс – аң-сезимдин өзгөчө абалын, ошондой эле дүнүйөдөн кечкендикти, «экстаз», «көзү ачылуу» деп аталган абалдарды билдирет (Бакчиев Т.А. Манастаанууга киришүү. – Б., 2008. 98-б.).

Түкүрүкчү – табыптардын түрү: түкүрүк менен дарылаган адам.

Түлөө – Кудайга, арбактарга, жер-суунун ээсине арнап мал союу. Же бир кырсыктан аман калганда, же катуу сыркоолоп айыкканда, же жаман түш көргөндө кыргыз баласы атап мал сойгон. Ошол союлган малдын этине айылдаштарды чакырып, эт жедирген, алардын батасын алган. «Түлөө» – «тилөө», «тилек кылуу» деген сөздөн өзгөрүлүп калган. Кыргыз жакшы тилекти жараткан кудайдан, ата-бабанын арбагынан тилеген. Ошолордон жардам сураган. Бул – байыркы замандан бери келе жаткан ырым. Азыр да жоюлуп кете элек (Карасаев Х. Накыл сөздөр. – Б., 1995. 435-б.).

Түлөө берүү – көбүнчө Алла тааладан жаан тилөө, жан-жаныбарлардын тирилиги үчүн ырайымдуулугун алууга жолдугун жасоо. Адатта, топ эл жандыктары менен бир жерге сыйынууга шарттуу орунга барышат. Кыбыланы жапырт мал-баш карап, жараткандан суранат. Курмандык чалат (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 279-б.).

Түлөөкана – түлөө өткөрүлө турган жер, имарат, бөлмө.

Тумар – адамдардын ишеними боюнча шайтан, жинден, ар кандай кырсыктардан сактай турган дуба жазылып, чүпүрөк же булгары менен үч бурчтуктап капталган кагаз. Адатта тумарды молдо жазат. Айрым учурларда «көзү ачыктар» да жазып жүрүшөт. Тумар адамдын моюнуна, колтугуна, бешикке ж.б. жазылат. Анын касиетине, таасирине ишенүү адамдардын байыркы доорлордогу магияга жана фетишизмге ишенүүсүнөн келип чыккан (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 449-б.).

Leave a Reply

Your email address will not be published.