Түшүндүрмө сөздүк: С

This post is also available in: Англисче

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

 

Садага – ар кандай күнөөдөн арылуу үчүн кайырымы. Кембагал, мунжуларга, мечит менен дин кызматкерлерине мусулмандардын өз ыктыяры менен берүүчү жардамы (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 401-б.).

 

Садага чабуу – бул ооруп же сыркоолоп жаткан адам өз жанынан мал чыгарып, союп, этин элдерге таратуу менен элдерден бата алуу, кудайдан өз ден-соолугун тилөө (Айгине: Таластагы Көк-Токой айылынын тургуну, бүбү Чоңмурунова Чачыкейден жазылган).

Сакчылык, күзөтчүлүк кызмат же ушундай кызмат орду (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 479-б.). «Манаста» Кароол дөбө тууралу айтылат. Учурунда Манас баатыр ага кароол койчу дешет. Ал эми биздин мисалыбыздагы Кароол чоку дагы дал ошол Манас баатырга байланыштырылат. Эки жакта жоонун бар-жогун, дегеле тегерек-четти байкаштырып турууга ыңгайлашкан жер.

 

Санжыра (ар. «шажарай-и, шажарат» – бутак, тарам; дарактын бутак, тамыры). Кыргыз санжырасы – уруктун, уруунун, элдин чыгыш теги жана жаралышы, таралышы жөнүндөгү оозеки түрдө айтылган тарыхый маалыматтардын жыйындысы. Санжыра – оозеки түрдө айтылган элдин генеологиялык тарыхы. Санжыра атадан балага, муундан муунга айтылып келген узак убакытты камтыгандыктан, андан айрым апыртууларды, хронологиялык жактан алганда так эместиктерди көрүүгө болот. Айрым учурларда санжыралык айрым персонаждар мифологиялык каармандарга окшоп кетет. Санжыра түз тарыхый булак боло албайт. Бирок санжыралык айрым маалыматтар белгилүү бир тарыхый окуяларды, инсандар жөнүндө баалуу маалыматтарды берери бышык. Кыргыздар санжыра аркылуу кимдин кайсыл урууга таандык экендигин, теги кимдигин жети атага чейин сөзсүз билүү зарылдыгын билишкен. Мисалы, туугандар же урукташтар ортосунда жети ата өткөнгө чейин кыз алышып, кыз беришкен эмес. Анын медициналык жактан зарылдыгын аңдап түшүнүшүп, бул көрүнүшкө байыртадан табу салып келишкен (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 403-404-бб.).

 

Семетей – Манастын уулу.

 

Сооп – зат. Диний түшүнүк боюнча: тиги дүйнөдө өз жан жыргалы, күнөөсүз болуп, бейишке чыгышы үчүн бирөөгө жакшылык кылуу; жардам көрсөтүү же башка диндик максаттар үчүн кызмат көрсөтүү, кудайга жагынуу аракети (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 537-б.).

 

Сөөк жуудуруу – маркумду көргө коердун алдында денесин тазартуу. Сөөк жууга абалы куда-сөөктөрү, дос-тамырлары, анан анын теңтуштары кирген. Алардын кандай жуурун, кай тараптан баштаарын ымам же молдоке айтып, жол-жоболорун көрсөтүп, көзөмөлдөйт (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 309-б.).

 

Сыйынуу – бул негизи динге байланыштуу түшүнүк. Кудайга, аллага, теңирге, ааламга, жерге, сууга, тоого, ташка ж.б. жалбаруу, алардан жакшылыктарды күтүү, жандуу ыйык катары кабыл алуу. Касиеттүү күч ошолордо экенин билип-сезүү. Ар бир журтчулуктун өз-өзүнчө сыйына турган «сырттан туюучу» кереметтери бар (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 224-б.).

 

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published.