Түшүндүрмө сөздүк: М

This post is also available in: Англисче

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

Мазар – (ар. товаф – табынуу, сыйынуу) – дин ишениминде мусулмандар сыйынуучу «ыйык» жер (күмбөз, булак, дарак ж.б.). «Манас» эпосунда кыргыздар ислам динин кабыл алганга чейин шамандык түшүнүктө болгондугун жана мусулман болгондон кийин да шамандык түшүнүктөрдү сактап калгандыгын көрсөткөн материалдар көп. Бул төрөбөгөн аялдын бала тилешинен ачык көрүнөт (Манас энциклопедиясы, 2-т. – Б.: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. «Мурас» илимий пропагандалык ишкер долбоору, 1995. 389-б.).

Манас – эпостун биринчи бөлүгүнүн борбордук башкы оң каарманы. Эпос боюнча кыргыз элинин чексиз кайрат-күчкө ээ эң башкы баатыры жана алардын бардык урууларынын башын кошуу менен аны тыштан басып кирүүчү ар кандай күчтүү жоолордон коргоп, ата журттун эркиндиги, элдин элдигин сактаган саясий биримдиги үчүн күрөшкөн жигердүү даанышман кол башчысы, каны (Манас энциклопедиясы, 1-т. – Б.: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. «Мурас» илимий пропагандалык ишкер долбоору, 1995. 402-б. – Мындан ары ушул булактан алынган маалыматтардын этегине китептин, аты, тому, жана бети гана көрсөтүлөт. Эгерде айрым бир түшүндүрмөлөр Айгине уюму тарабынан сунушталса, түшүндүрмөдөн кийин кайсы булактан алынгандыгы тууралу эч кандай маалымат берилбейт. – Айгине).

Манжы – I. Шаман дининдеги ритуал учурунда кийилүүчү кийимге (тонго) жана таягына (жезл) байланган ыйык деп эсептелүүчү кездемелердин кесиндиси. Ошол эле учурда шамандын «сырткы дүйнө» менен «сүйлөшүүсү» учурунда ритуал аткарылуучу ак кайыңга жана боз үйүн устундарына илинип туруучу тыйын, түймө-топчу кадалып, тигилген кызыл түстүү кездеменин кесиндиси, боркусу (лента). Өтмө маанисинде шамандын ритуал (дубалоо) учурунда кийүүчү кийимин туюнтат. Термин кыргыздын Бугу уруусунун курамындагы уруктун аталышы катары маалым. II. «Манас» дастанында жердин жана элдин энчилүү аты катары чагылдырылат. Мындан сырткары. «Манас» эпосунун эволюциялык өнүгүүсүндө эпизоддук кейипкерге айланган (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 345-б.).

Маркум – бул дүйнөдөн кайтканадам.

Мартуу (ар. коркуп-калтыроо) – эски диний ишеним; төрөп жаткан аялдын эси ооп калганда (эстен тануу, эсин жоготуу) кара (же албарсты) басты деп түшүнүү (Манас энциклопедиясы, 2-т. 97-б.).

Медина, Медийна – топоним. Негизги варианттарда ыйык жерлердин бири катары эскерилет. Географиялык реалия катары Медина – Сауд Арабстандагы шаар. Зыяратка келгендерди тейлейт. Байыркы убакта Якриб (Ятриб) деп аталган. Мухаммеддин Мединадагы күмбөзү мусулмандардын Мекедеги Кааба ибадатканасынан кийинки зыярат кылуучу экинчи жайы (Кыргыз тилинин түшүнд.сөздүгү. 1-том. 100-б.).

Муфтият – өлкөдөгү ислам дининин башкы жетекчилиги.

Leave a Reply

Your email address will not be published.