Түшүндүрмө сөздүк: К-2

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

к-1 к-2

Көбөш – каарман. Жакыптын кичи аялы Бакдөөлөттөн туулган алты баласынын («алты арамдын») башчысы, Манас өлгөндө ордун зордук менен ээлеп, Таластагы аргын, ногой уруусуна кандык кылган аталаш иниси (Жогорку адабиятта. 330-б.).

Көз тийүү – элдик ишеним боюнча кээ бир адамдардын көзүнө туш болгон адам, жаныбар ооруйт, жакшы буюм сынат, бүлүнөт. Өзгөчө жаман көз наристеге, сулуу кыз-келиндерге, баатырга, күлүк атка, алгыр кушка тийет деп эсептешип, буларды элге көрсөтпөөгө аракет кылышкан. Көз тийбесин деп ар кандай ырымдарды жасашкан. Мис., наристенин бетине көө сүйкөгөн, көзгө урунбай турган начар кийимдерди кийгизген, адамды иренжите тургандай ысым менен аташкан(Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 242-б.).

Көзгө конок конуу – көздүн ичинде кичинекей ак тактын пайда болуп, көздү өйкөшү. Муну дарылай турган атайын адамдар болот: биринчиден, ал адамдын өзүнүн көзүндө калы болушу керек, экинчиден, ал адам бир ата, бир энеден жалгыз, бир туугансыз болушу керек. Табыпчылыктын бардык түрү кан кууйт. Көз үйлөй турган адамдын ата-бабасында ошондой касиеттүү адам болушу керек. Ал урпагы аркылуу жанагы ырымды аткартат. Эгер аткарбай койсо, ал урпагынын өзүнүн көзү оорукчан болуп калышы мүмкүн. Ошондой касиеттүү эркек же аял гана бир чыныга суу куюп, колуна 7 буудайды алып, белгилүү бир сөздөрдү айтуу менен, ар бир буудайды көздөн тегеретип, чыныдагы сууга сала берет. Сууга түшкөн буудайлардын учунан шар түрүндөгү көбүкчөлөр чыгып, мунун өзү көздөгү коноктун чыгып жаткандагысын жышааналайт (Айгине: кыргызчылык жолундагы Эргешбай Ажыбаевден жазылган).

Көзү ачык – 1) диний түшүнүк боюнча: ар кандай жин, шайтанды ж.б. көрө билген; 2) көптү билген, келечекти көрө билген, ар нерседен кабары бар (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Түзгөндөр Каратаев О., Эралиев С. – Б.: Бийиктик, 2005. 70-б.). Олуя – зат. Бир нерсени күн мурунтан билүүчү касиети бар адам (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969.  463-б.).

Көзүк – көз тийүү, бирөөнүн сугу өтүү (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. –564-б.).

Көзүн ачтыруу – адамдын купуя мүмкүнчүлүктөрүн ачып, кыргызчылык жолундагы иш-аракеттерди кылууга уруксат алуу.

Көрмөч – жайчынын куралы.

Көчүрүү, эситки, түтөткү – бул адамдардагы ар кандай жаман нерселерди, илешкерлерди дуба жолу менен тазалоо (Айгине: бүбүҮмөталиева Токтоштон жазылган).

Кудайы (тамак) – бей-бечарага, тиленчиге, думанага, кудайга арнап, атап берилген нерсе (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 586-б.).

Кумайык – 1. Жомоктордо айтылуучу алгыр, көргөнүн куткарбас ит. (Куш төрөсү – буудайык, ит төрөсү – кумайык). 2. Иттерге коюлуучу ат (Кыргыз тилинин түш. сөзд. 1-том. 593-б.).

Күмбөзсалуу – бул Чыгыш элдеринин салтында атактуу адамдарга, кандарга, бектерге, баатырларга, чечендерге, бай-манаптарга (болуш-бийлерге), ажыларга, даткаларга, акындарга, манасчыларга, комузчуларга, т.а. дубанга таанымал адамдарга карата эли-журтунун демилгеси менен көтөрүлгөн белги. Мусулманчылыкта маркумдун эстелиги. Аны урматтоо, кадырлоо, өз аймагынын билерманы, акылга шериги, баатыры ж.б. сыймыктуу адамы экенин башка эл-журтка даңазалоо, м.а. уруу мыктыларынан экенин далилдөө (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 313-б.).

Кумуру – тамырынан кызыл боек чыгуучу өсүмдүк (Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сөздүк. 444-б.). Кумуру баба деген кумурсканын колдоочусу (эркеги) болот, ал эми чекир деген болот, ал – ургаачысы, бирок экөөнүн касиети бирдей эле (Момбекова Бүсада).

Куптан – ир. дин. 5. Кечинде (күн баткандан кийин) окулуучу намаз, бир күндө окула турган беш рекет намаздын бешинчиси, эң акыркысы (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 296-297-б.).

Куран окуу – (ар. куран – окуу, «Кудайдын аяны») – исламдын ыйык китеби. Куранда Алла өз аянын пайгамбар Мухаммедге сөзмө-сөз айтып төгүп берет. Кудай жана дүйнө тууралуу чындыкты адамзатка айтып берүү үчүн пайгамбарлар аталган атайы адамдар тандалып алынган. Пайгамбарлардын эң кичүүсү Мухаммед болгон… Мухаммеддин шакирттери ал тексттерди жаттап, эски араб поэзиясын көркөм окугандай кырааты менен айта билишкен. К. рифмалуу проза жана ритмикалуу сүйлөмдөр м-н жазылган (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 213-б.).

Куржун –арта салынып жүрүүгө ылайыктап жасалган, ортосу бириктирилген эки көздүү баштык (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 598-б.).

Курмандык – Кудай, дух, арбак ж.б. ыйык нерселерге атап жандык союу, ар кандай баалуу буюмдарды, акча каражаттарды ж.б. тартуулоочу байыркы диний салт (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 269-б.).

Курмандык чалуу – үй-бүлөнүн, уруктун, уруунун ата-бабаларына, духтарга, кудайларга карата атайын уюштурулган каада-салт. Байыркы доорлордо курмандык чалуу процессиясын жрецтердин өзгөчө кастасы алып барган. Байыркы кыргыз коомунда бул функцияны бакшы (шаман) алып барган. Курмандык чалынуучу жайлар атайын белгиленип, ыйык деп эсептелген тоонун этегине, булактуу жерлерге, кан жол боюна өткөрүлгөн. Маалыматтар боюнча кыргыздарда ар бир уруунун сыйынган ыйык тоосу, ыйык жаныбары, кушу, дарагы, эн тамгасы болгон. Бул салт эне-сайлык кыргыздардын урпактары болгон хакас жана туваларда, шорлордо сакталып калган. Курмандыкка жылкы, кой ж.б. тартылган. Бүгүнкү күндө бул философиялык-диний жөрөлгө «түлөө» деген ат менен да белгилүү (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 269-б.).

Кут – 1. миф. Диндик ишеним боюнча: үйдүн түндүгүнөн коломтого түшкөн жана аны алган кишиге бакты-таалай, түбөлүк жыргалчылык берүүчү, кочкул кызыл түстөгү кичинекей килкилдек зат (элдик ишеним боюнча мындай нерсени күнөөсү жок, таза жүргөн киши гана алып, анын колуна тиер замат катып калууга тийиш; эгерде ниет бузук, күнөкөр адам алса, ал тезекке айланып, кубулуп кетет). 2. эск. Кудайдын кичинекей сүрөтү, элеси (эпостогу айтылышка караганда бул калмактарда болгон). 3. өт. Бакыт, таалай, жыргалчылык, береке. (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. 1-китеп. –Ф.: Мектеп. 1984. 602-б.).

Кут түшүү – бул Алла-тааланын амири менен асмандан ырыс-таалай катары жорула турган, көзгө көрүнгөн сырдуу түшкөн жышана. Ал тоголоктошкон курттай, же уюган жуураттай, же жуурулган камырдай агыш түстө келип, айрым адамдарга гана көрүнгөн. Анын кут экенин билбей, ордунан козгоп, же күбүп, силкип жууп, тепсеп коюу аркылуу ал жерден «кут качты» болгон… Кут – табияттын бир табышмактуу белгиси. Кудай-тааланын шыбагасы. Ошондуктан мыкты нерселерди ошого символдоштурабыз. Мисалы, «Ал – ошол үйдүн куту», «Ал жерден кут качты»… Куту качты – бул бакыт-таалайды колдон учуруу дегенди түшүндүрөт (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 233-235-бб.).

Куучу – элдик ишенимде кара баскан жаңы төрөгөн аялдын өпкөсүн алып, сууга салууга аракеттенген албарстыны кууп кетирүүгө жөндөмдүү касиети бар киши. Андай касиетке албарстыны кармап, чачын алып сактап жүргөн киши жетише алат. Куучунун албарстыныкубалай турган өзгөчө ыкмалары болгон эмес. Алардын келиши эле жетиштүү болгон. Биз билген айрым маалыматтар боюнча, куучу үйгө алыстан айгай салып кыйкырып келген (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 271-б.). Куучу – төрөттөн кыйналган аялдардын төрөтүн жеңилдетүү максатында чакырылган бакшы, эмчи. Элдик ишеним боюнча 1-төрөттө аялдын көзүнө албарсты көрүнсө, аны албарсты, марту же кара басты дешкен. Ал жөнөкөй адамдардын көзүнө көрүнбөгөн кереметтүү, зыяндуу жан катары кабыл алынып, К-дан коркот деп эсептешкен. Мындай учурда албарстыны өз көзү менен көргөн адамды К-ну чакырышкан. Ишеним боюнча К-га албарсты сары түстөгү жаныбар (ит, кой, эчки) же кыз кебетесиндеги сары чачтуу балага окшош көрүнөт. Аны көргөн адам эч кимге билдирбей, 1-2 күндөн кийин көргөн жерине келип, «албарсты, мен сени көрдүм» деп айтышы керек. Ошондон кийин албарсты ал адам жүргөн жерден коркот, качат, жолобойт. Албарстыны көргөндүгүн айылдын аксакалына айткандан кийин ал К. деп эсептелип, төрөттөн кыйналган аялга келип куучулук милдетин аткарат. К. келгенде анын атын атабастан «баатыр келди» дешет, анткени атын албарсты укса К-нун күчү кудуретсиз болот. К. үйгө кирип камчы менен төрөп жаткан аялды ургулап «кет», «чык», «ташта» деп албарстыны кубалайт. Ишеним боюнча К. өзү келе албаса анын буюму куучулук милдетти аткарууга жараган. К. элдик иррационалдуу ишенимдердин бир түрү болуп саналган (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 254-б.).

Кыбыла – ар. 1. Меке тарап (мусулман баласы намазды ошол тарапты карап окуйт, уктаганда, ошондой эле мүрзөгө коюлганда ошол тарапты жазданат). 2. Батыш (Орто Азия үчүн) (Юдахин К.К. Киргизско-русский словарь. – Ф., 1940. стр. 475).

Кыдыр алейки салам. Негизи Кызыр алейки салам деп айтылат. Бизче Кыдыр алейки салам. Ал сөздүн тыбыштык өзгөрүшү. Адамдардын тиричилигинде ар дайым назар таштоочу, ичтен жардам берүүчү пайгамбар – деген имиште келишкен. Карыялардын айтымында Кыдыр (Кызыр) курган жерлерде, анын түгөйү Илияс пайгамбар сууда кырсыкка учурагандарга жардам берген дегени мусулман элине каптап келүүдө. Биздин Кыдыр алейки салам – Кыдырга салам берүүсү. Анын оң колунун баш бармагынын сөөгү болбогон. Талаа-түздө ага кайып-каскактап жолугуп калсаң, ал аксакал болуп көрүнөт. Салам айтып, алик алганда, ошол жерин кое бербей жалынып-жалбарып, бакыт-таалай, мал-мүлк сурооң керек. Ал бата берет. Сенин бакты-таалайың ачылат. Мал-жандуу болосуң, төрт тарабың кыбыла, жыргап жатып каласың… (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 279-б.).

Кызыл китеп – бул жерде Куран деген мааниде.

Кызыр, Кыдыр (ар. хызыр – жашыл деген мааниде) – адамдарга жакшылык кылуучу олуя. Түрк, иран элдеринин жомокторунун байыркы кейипкерлеринин бири, көбүнчө жашыл тончон, акбоз ат минген аксакал түрүндө сүрөттөлөт. Бул табышмактуу пайгамбар өлбөстүн дарысын издеп, акыры мүрөктүн суусунун булагын тапкандыгы айтылат. Орто Азия элдеринин түшүнүк, ишениминде Кызыр түбөлүк жер кезүүчү, адашкан жолоочуларга, кедей-кембагалдарга жана кыйын кезеңге туш келген бардык пенделерге жардам берет. Кызыр жолоочу, дубана, майып киши, кээде тааныш кишинин кебетесинде кездешет. Кызырдын оң колун кармап, анын баш бармагынын сөөгү жок экенинен таанууга болот деп эсептешкен. Тааныган киши кое бербей туруп үч нерсе тилек кылып суранса, ал аткарылат имиш. Кызыр жөнүндө уламыштар азыр да элдин ичинде кенен таралып, айтылып келет (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 275-б.).

Кыргызчылыгы бар – элдин түшүнүгүндө, өзгөчө касиетке ээ адам. Андай адам атайын расмий билим албаса деле, арбак же башка улуу күчтөрдүн көрсөтмөсү жана жардамы менен кишилерди дарылайт, жайчылык кылат, алдын ала маалымат айтат жана башка.

Кыргызчылык – ата-бабалардын байыркы адам, жаратылыш, дүйнө түшүнүктөрүнөн тамыр алган көп кырдуу көрүнүш. Азыркы заманда анын саясий, коомдук, маданий, руханий кубулуштары бар. Кыргызчылыктын бир тармагы – элдик дарыгерлик, бул жерде кыргызчылык касиет деген сөзгө маанилеш.

Leave a Reply

Your email address will not be published.