Түшүндүрмө сөздүк: К

This post is also available in: Англисче

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

к-1  к-2

Кааба – (ар. кааба – «куб») – азыркы Сауд Аравиясынын Мекке шаарындагы мусулмандар (сунниттер) зыярат кылуучу ыйык мечиттин короосунда жайгашкан имарат… Кыргыздын бай-манаптары 19-20-кылымдын башында өзүнүн таасирин чыңдоо үчүн Каабага барып, ажы болуп келүүгө аракеттенишкен. Эгемендүүлүктүн шартында Мекеге сыйынып келген кыргыздардын саны арбууда (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. –Б., 2003. 209-б.).

Каапыр, каапыр (ар. кьафир – динсиз) – ислам динин тутпаган элдин жалпы аталышы. Бардык варианттардагы окуяларда эскерилет. Эпос («Манас». – Айгине) боюнча кыргыздар жана ага канатташ калктар, уруулар мусулман катары каралса, душмандар – кытай, калмак, ойрот, маңгул ж.б. лар К. деп аталат. К. диний-этникалык жалпы ат катары колдонулуп, таш боор, кара мүртөз, өзүмчүл адамдар да К. аталган. К. өзүнүн диний маңызынан ажыратылып, «акылсыз», «эссиз», «түркөй», «ыймансыз» маанисинде да колдонулат (Манас энциклопедиясы, 1-т. 251-б.).

Кабыр – өлгөн адам коюлган жай, мүрзө. Бейитке коюлган белги, коргон, күмбөз (Кыргыз тил. түшүнд. сөздүгү. 1-том. 421-б.).

Казыят – областтык ислам дининин башкармачылыгы.

Кайнар (кайнар булак) – булак, башат, оргуп чыккан булак (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 433-б.).

Кайып – 1. Көзгө көрүнбөй, билинбей колдоо кылуучу, жардам көрсөтүүчү сыйкыр, дух (Манас энциклопедиясы, 1-том, 256-б.).

Калпа – 1. Эшендин жолун жолдоочу, ишин улантуучу динчил адам, ушундай адамдын наамы. 2. Диний тарбия берүүчү, үгүт жүргүзүүчү (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 450-б.).

Калың – 1. Күйөөгө чыккан кыздын ата-энесине кудалар тарабынан берилген мал-мүлк (Жогорку адабият. 452-б.).

Калыска түшүү – бул ата-бабадан келе жатканчыр-чатакты басуу салты. Калыс – данакер адам, калыска түшүү – ошол адамдын сөзүн мыйзам катары кабыл алуу. Ошого карата бүтүм чыгаруу, сөз кунун сыйлоо. Калыс – акыйкат, калыстык – акыйкаттык кылуу, калыс адам – кара кылды как жарган пенде. Калыска түшүрүү – эки адамдан тартып, урук-уруу араларындагы ири талаш-тартыштарды чыгаргандарды топтордо жөнгө салуу. (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 200-б.).

Кам – 1. Бышпаган, бышып жетиле элек, көк, чийки (эгинге, жемиштерге, ж.б. карата). 3. өт. Чала, толук бүтүрүлбөгөн, аягына чыгара иштелбеген (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1984. 453-б.).

Камыр – кыргызча мүрзө деген сөз. Төл сөз. Демек, мүрзөнүн бели. Кыргыздар мүрзө деп тике айтпайт. Көп мүрзө болсо «Бул камыр экен, жарыктык» – деп коюшат (Мамеков Жумадил).

Каныкей – үчилтиктеги («Манас» эпосу үч бөлүктөн турат. Экинчи жана үчүнчү бөлүгү «Семетей» жана «Сейтек» деп аталат) негизги башкы каармандардын бири. Манастын аялы, Темиркандын (Каракандын) кызы. Каныкейдин образы «Манас» эпосундагы аялдардын образдарынын ичинен айрыкча бөлүнүп турат. Ал Манас баатырга дайыма жардам берген, акыл айткан мыкты кеңешчиси (Манас энциклопедиясы, 1-т., 267-268-б.).

Кара басуу – төрөт мезгилинде же төрөттөн соңку аялдардын эстен тануусу. Төрөттөн алсыраган аялдар кан тамырынын, нерв системасынын жана жалпы эле дене түзүлүшүнүн өзгөрүшүнөн улам алсырап, эстен танышат. Кара басуунун себеби белгилүү болгонго чейин анын алдын алуу үчүн атайын куучулар, бакшылар, табыптар чыгышкан. Алар алыстан эле караны коркутуу үчүн айкырып, бакырып келишкен. Эстен танган аялды тургузуп, кулагынын астынан мылтык атып эсине келтирген учурлар кездешет. Кара – катуу ооруга чалдыккан адамдарды да басат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 217-б.).

Каргыш – бул бирөөлөргө айтылган суук сөз. (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 191-192-бб.).

Кароол чоку – кароол – 1. Кароо, кайтаруу милдетин аткаруучу сакчы, күзөтчү.

Касиет – бул адамдарга, жерлерге, заттарга таандык өзгөчө күч. Кыргызчылыктын алкагында, касиет Жараткан тарабынан берилет жана адамдын, коомдун же адамзаттын пайдасына жумшалышы керек. Касиеттин миңдеген түрлөрү болот. Кээде колдоочулар, улуу күчтөр деген түшүнүк менен маанилеш.

Каскак – 4. өт. Жолтоо, тоскоолдук, бөгөт (Жогорку адабиятта. 484-б.).

Касыйда – жин ооруларын айыктырууда окулуучу дуба. Муну молдолордун саналуу, өтө билимдүүлөрү гана окуй алат.

Каюм Мифтаков – 20-кылымдн биринчи жарымында элдик өнөрпоздордун айткандарын кагазка түшүрүп, Улуттук Илимдер Академиясынын кол жазмалар фондусуна өткөрүп, кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгынын сакталып калышына, өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон инсан.

Келме – коркунуч туулган учурда коргонуу максатындамусулман баласы араб тилинде кайталап айта турган сөздөр. Анын маанисин кыргызчага которсок, «Алладан башка кудай жок жана Мухаммед анын элчиси» деген сүйлөмдү туюнтат.

Кереге – 1. Боз үйдүн бири-бирине кайчылаштырып, көк менен бекитилген, төрт чарчы көздөрү бар, сыртынан чий, кийиз каланып, үстүңкү кырына ууктарды беките турган каптал жыгачтары. 2. Тамдын же башка курулуштардын дубалы (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 511-б.).

Керемет – адамдардын диний ишенимдери боюнча касиеттүү күч тарабынан жаралуучу түрдүү кубулуштар. Кереметке ишенүү байыркы заманда адамдардын жаратылыштын кубулуштарынын алдында көз каранды, алсыз болушкандыктан, анын сырын билбегендиктеринен улам пайда болгон. Кыргыз эл жомокторунда, уламыштарында керемет жараткан адамдар жөнүндө да кенен маалыматтар баян этилет (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 232-б.).

Керээз (керээз айтуу) – бул адамзат жарык-жалган дүйнөдөн биротоло көчөөр алдында эл-журтуна, бала-бакыраларына калтырган сөзү, акылы, кеңеши, акыркы айткан сөзүнүн ток этээри. Керээз айтууда элибиздин табигый маданиятын билебиз. Мурунтан баштап эле: «Кийин көзүм өтсө, муну мындай кылгыла, тигини тигиндей жасагыла, сөөгүмдү ошол жерге койгула, жайымды тигиндей ойдургула» – деп айтылып келген… Экинчиден, адатта, адам «боюн түзөп», таазим берээр алдында, болгон күчүн жыйып туруп, оюндагысын айтат. Ал сөзү калгандары үчүн ыйыктай сезилет. «Мурун эле айтып жүрүүчү», «өлөөр алдында айтып калды», «ушуну айтууга араң жарады»… Үчүнчүдөн, керээз – ага-туугандарын, бала-бакыраларын, кадыркечтерин чогултуп туруп, атайын мал сойдуруп, эт желип, бата тиленип бүткөндөн кийин бала-бакыра жай-жайына тарап, улуулар калганда, жарыктык оорулуу баарын тегерете карап, сыдырата санап, кимдер бар, кимдер жоктугун билип, орой көз чарай отургандарга айтыла турган сөз. Арийне, анда төмөнкүдөй суроолор камтылат: мал-жан кимдерде калат, кара ашка канча союлат. Кимдер топурак салат, сөөктү кимдер кармайт. Эмнелер коюлат: жаназасына, дооранына, мүчөсүнө, жыртышына, мүрзөсүнө ж.б. (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 229-б.).

Киренелөө – «Аштоо» дегендин аныктамасын караңыз.

Колдоочу – 1. Колдой турган, жөлөп-таяган, жактаган, жардам кылган, болуша турган. 2. Тотем менен бирдей (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 534-б.). Тотем – зат. Кээ бир элдерде уруу башчысы жана анын колдоочусу катарында диний сыйынуу предмети болгон айбан (кээ бир учурларда өсүмдүк ж.б.) (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 610-б.).

Комуз – чертме кылдуу музыкалык аспап. Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптарынын негизгилеринин бири. Комуз байыркы мезгилден бери белгилүү жана анын пайда болушун элдик уламыштагы аңчылык менен байланыштырат. Комуз өрүктүн, алмуруттун, карагайдын, арчанын, жапан талдын жыгачынан негизги бөлүгү алмурут түспөлдөнтүп чабылат. Ал баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн жасалат, ал эми кылдары көбүнчө койдун ичегисинен жасалган. 20-к. аспаптар оркестринде пайдалануу үчүн комуздун модернизацияланган түрлөрү пайда болду. Кылдары да жасалма жиптен тагылып калды. Азыр комуздун өркүндөтүлгөн беш түрү бар. Электр-комуз да колдонулуп жүрөт. Айрым усталар мурдагыдай туюк чапай, курама жол менен да жасап жатышат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 245-б.).

Коргон – I. 4. Мүрзөгө белги катары салынган же бейитти курчаган дубал (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 550-б.).

Кош – 1. Эки түгөй, эки даана, жуп (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 555-б.).

Кошок – кыргыз оозеки поэзиясында каада-салт ырларынын түрү. Адам өлгөндө, кыз бергенде аткарылган. Өзүнчө обону бар. Кыргыздын салттуу турмушунда дүйнөдөн өткөн адамдын аял туугандары тарабынан кайгы-күйүт, арман, бири-бирине кайрат, акыл-насаат айтылып, өлгөндүн тирүү кезиндеги жакшы сапаттары, аткарган иштери эскерилет. Кошокту кээде атайын кошокчу аялдарды чакырып айттырышкан. К. кыз бергенде да кошулган. Мындай К-то кыздын кандай тарбияланып өскөнү же кыз күйөөгө аргасыздан, өтө жаш берилип жатса, кыздын ата-энесинин арыз-арманы, ошого мажбурлап жаткан теңсиз заманга нааразылык айтылган(Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 241-б.).

Leave a Reply

Your email address will not be published.