Түшүндүрмө сөздүк: З

This post is also available in: Англисче

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

Замирбек (1951) –төкмө акын; айтылуу төкмө Алымкул Үсөнбаевдин уулу.

Зекет (ар. зякат) – «тазалануу» үчүн мусулмандар төлөй турган салык. Анын милдеттүүлүгү ыйык Куранда, көлөмү менен өндүрүш шарттары шариятта көрсөтүлгөн. Зекет адегенде Мухамбет пайгамбардын үй-бүлөсүнө жана кембагалдарга, жолоочу-мусапырларга жана «ыйык согушка» (газават, жихад) катышкандарга жардам иретинде берилген. Мусулман өлкөлөрүнө зекет мусулмандардан гана мал, кол өнөрчү буюмдары, акча, кымбат баалуу мүлк түрүндө алынган. Азыркы мусулмандарда зекет өз ыктыяры менен дин кызматкерлерине берилет (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 183-б.).

Зикир – думаналардын, молдолордун ж.б. кудайга жалынып-жалбарып, сансыз ирет атын айтып кайталап чамынып күүлөнүүсү (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. 1-том. – Ф.: Мектеп. 1984. 389-б.).

Зикир чалуу – араб сөзү. Эске түшүрүү деген мааниде. Теги мындай: эшендер өздөрүнүн муриддери (муруттары) менен алака болуп отуруп алып, Аллоху таалага жалынган сөздөрдү күпүлдөп кайталай беришет… Эшендердин оюнча, Аллага жалынуу «намаз» менен гана бүтпөйт. Аллага чын жүрөктөн жалынуу керек (Карасаев Х. Накыл сөздөр. 151-б.).

Зикир чалуу – суфизмдеги айрым агымдарга мүнөздүү Кудайды эскерүү жөрөлгөсү. Зикир жарыя жана купуя түрүндө чалынган. Жарыя салынган зикир 19-к. Орто Азияда жашаган мусулмандар арасында кеңири тараган. Жоон топ сопу чогуу олтуруп алардын бири музыкалык аспаптын коштоосунда диний ырларды обонго салып ырдайт. Ал ырлар баштан-аяк Кудайдын кошумча аттарын кайра-кайра кайталоодон куралган. Ырдаган сопунун бара-бара делебеси козголуп, ордунан тура бийлеп, отургандар да бийге аралашкан. Көпкө созулган ыр, музыка, бийден зикир чалуучулар алсырап, өзүн унутуп, экстаз абалына жеткен (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 184-б.).

Зикир чалуу – эске түшүрүү (араб тилинен). Теги мындай: эшендер өздөрүнүн муриддери (муруттары) менен алака болуп отуруп алып, Аллоху таалага жалынган сөздөрдү күпүлдөп кайталай беришет… Эшендердин оюнча, Аллага жалынуу «намаз» менен гана бүтпөйт. Аллага чын жүрөктөн жалынуу керек (Карасаев Х. Накыл сөздөр. 151-б.).

Зулпукор – (ар. зулфакар – аркалуу) – Манастын кылычы (Манас энциклопедиясы, т. 1, Б.: Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакциясы. 236-б.).

Зыярат – дин. Мазарга, касиеттүү, ыйык деп эсептелген жерлерге ж.б. сыйынуучулук, табынуучулук (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 395-б.). Зыярат – мусулмандардын түшүнүгүндө,кыялында бирдеме тилөө, күнөөдөн арылуу, сыйынуу, жооп табуу максатында пайгамбарлардын, машайыктардын, кожо-шайыктардын ысмына байланышкан жергиликтүү мазарларга, тоо-таштарга атайылап барып, зыярат жасоо… Эл арасында ыйык деп аталган жерлерге оорудан, ар түрдүү илдеттен арылуу үчүн, баласыздар болсо Жараткандан перзент тилегени, ооруга шыпаа издегени барышат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 187-б.).

Зыяратчы – зыяратка келген адам.

Leave a Reply

Your email address will not be published.