Усубалиева Алымбүбү, Каатчылыктын азабы

This post is also available in: Орусча Англисче

Усубалиева Алымбүбү, 77 жашта, Аксуу району, Жаңы – Арык айылы, Ысык-Көл аймагы

Жамгыр жаабай калса түлөө өткөрчү, акча чогултуп мал союп. Көп эле ырым-жырымдар илгертен эле  колдонуп келе жатпайбы.

Каатчылык учурларда мазарга каалагандар барып сыйынышчу, каалабагандар барчу эмес. Азыр деле Ак Баш атада бир мазар бар экен. Бая күнү  кичи кызым менен барып сыйынып келдик, бир мал алып барып союп. Жакшы касиеттүү мазар бар экен.

Каатчылыкта оору көп эле болду. Малга да келди, адамга да келди. Жаш балдарга кызыл деп коет,  жайнап чыкчу. Бит дегенди айтпа, элдин баары биттеп кеткен.

Менин өпкөмө суук тийиптир. Атабыз сууну бышырып, муздатып туруп, акыйып карап туруп ичирчү. 2 базар, 3 базар кайтарып ичирип, анан тамыр карматат да, жакшы болуп кетиптир десе, суу кесме жасап беришет. Ошентип атып ашка аралашып, даарыланганбыз. Бир агаларыбыздын баласы 13кө чыгып калганда эки күнү кечке ичим деп чырылдап атты. Көрсө сокур ичеги экен, жарылып кетип, өлүп калды. Догдурга алып барганды билбей, ысык суу басышат.

Бекбоева Жамийла Бабаковна, 59 жашта, Жети-өгүз айылы, Ысык-Көл аймагы

Ажалды көргөн Ажар

Жаан жаабай калса, кургакчылык болот да. Ошондо сөзсүз Кудайга жалынып түлөө кылчу. Чоң суунун жээгине барып, малдын канын жерди казып, мууздап, бата айтчу.

Каны арбактарга,

Жаны Алланыкы,

Эти элге, – деп туруп соер эле.

Кыргыздар каатчылык мезгилдерде мазар басышчу. Баласы жок адамдар Кажысайда Манжыл ата бар, ошо жерге барып жалынып, мал алып барып сойуп, шайыктан бата алып төрөгөндөр болгон. Ошол мазарда ар бир нерсе боюнча касиеттүү булак бар экен. Билим булагы бар экен, окуучулар каникулга тараганда 3 ай соолуп, сентябрда кайра пайда болот экен.   Биздин Боз Бешикте да Арча Мазар бар. Тээтиги кадимки эле боз үйдөй. Ошол жерден 36 градус ысык булак атып чыкчу.

Менин Ажар деген чоң таенем бар эле. Койу көп эле, кезүү кайтарганы барчубуз бир күнү  конуп калдым. Түн ортосунда эле таенем тамагы айрылчуудай болуп эле сыртта кыйкырып атат.  Жүрөгүм түшүп калды. Эмнеге кыйкырдын деп  сурасам, “эч кимге айтчу эмес элем, баланчанын жанын алганы жан алгычтар келди, ошого кыйкырып атам. Көп жашабайт, 2-3 күндө өлөт”  деди. Чын эле көп өтпөй өлүп калды. Ушинтип эрте билип алып,  бушайман боло берчү. Аялдай болуп “өлүгүңдү  көрөйүн дебей,  энеңди урайын” дечү . Себеби өлүгүңдү  көрөйүн десе, ошо киши өлүп калчу.

Leave a Reply

Your email address will not be published.