Жолдошова Бүбүкан, Шырдамал кылчубуз, анын ыскытын басчубуз.

This post is also available in: Орусча

Жолдошова Бүбүкан, 78 жашта. Бакай-Ата району.

Колунан иш келген адамды өнөрлүү деп койчу, биздин убакта эмне, ала кийиз кылчубуз, анын талдырмасын ойчубуз. Шырдамал кылчубуз, анын ыскытын басчубуз.

Баарыбызга апаларыбыз көрсөтчү, кызыкканыбыз кылчубуз, кызыкпагандардыкы калып калчу. Таежем иштүү болчу, ошодон көрүп эле кызыгып кылып кеттим. Ушуга чейин 30дан ашык шырдак жасадым, үйгө, абысындардын, өзүбүздүн кыздарга сепке деп далай жасадым. Бизде ошондой болчу да, азыр килем эле берип коюп жатпайбы, сатмай жок, ар ким өзү жасачу, жасай албагандар бизди алып барып жасатчу.

Сатканга деле болот, бирок ыраа көрбөйсүң да сатканга. Ал тим эле агылып-төгүлүп жаткан көп болсо бир жөн, кыйбастарыңдыкын гана барып жасашпасаң, убакыт деле жок да.

Шырдактын жасалышын айтып берейин. Аны жаш кайтып калгандан кийин жакшы баса албай калат экенсиң. Орозодо баштап басам да, бир айда эки шырдак эле бүтүп калдым.  Орозодо дегеним, бул учурда бошураак болосуң да, башка учурда тамеки жумуштан кол бошобойт. Койдун кыркылган кылчыктуу эмес уяң жүнүнөн тандап аласың, агынан да карасынан да, анан тазалап, чекемигин терип, тытып, сабайбыз.

Талпакка, койдун кургаган терилерине салып алып сабоо менен сабайбыз. Сабоону узундугу бир метрдей кылып тоодон талдан кыркып келет, жүндү талпакка салып  сабайбыз, үзгөнгө жакшы болуп үлбүрөп калат. Кадимки эле чийге салып,  тегиз кылып жүндү жуласың да, суу сепкич менен ысык казанга кайнатылган сууну себесиң. Аны ороп, үстүнөн жаман таар менен ороп, жип менен байлап эшекке же атка сүйрөтөсүң.

Ысык суу куюлган себеби, кийиздин киргенине жакшы, бат, анан бекем болуп кирет. Кийизге жараша ар кандай убакытта сүйрөтөсүң, ичи калың болсо – эки саат, бети жука болсо – 40 мүнөт болот. Ашыкча сүйрөтсөң өтө кирип, тырышып калат.

Анан кийизди чийден чыгарып алып, учтарын түздөп тартып, толголоктоп кирдетебиз. Тактайдын үстүнө коюп алып, кийиздин үстүнө улам-улам суу куя берсе, кири чыгат да. Анан кургаганда боёкко салабыз, караны карага, акты акка, кызыл же жашыл, айтор өзүң каалагандай кылып, анан экөөнү беттештирип, оюп, жашыл менен кызылды кылып жөрмөйбүз. Ичи өзүнчө жасалат эмеспи, ошонун үстүнө бетин коюп, ыскыт басабыз. Өңүнө карап ыскытын кызыл, жашыл, сары же башка кыласың, ар кандай. Жээктете басып да чыгасың.

Илгертеден келе жаткан оюулар бар да, ошолорду өзүм эле бор менен түшүрүп тартам, кайчы менен кесип алам. Бирөөлөрдүкүнөн көрүп келип түшүрүп алчумун.

Элүүнчү жылдарда жасаган шырдактарым бар, 60 жыл болду, таза, күбө түшүрбөй караш керерк, ошентсең көпкө чыдайт.

Ыскытты кадимки эле кой жүнүнөн ийик менен ийрип алабыз. Анан 3 кабатта чыйратабыз, боёкко салабыз, бирин оң, бирин сол кылып туруп анан баса беребиз. Азыр дагы жакшы, базарда баары бар, ал кезде биз тамекинин жиби менен да басчубуз. Кол менен кылынган кантсе да барктуу, жылуу болгон.

Согуштан кийин да үйгө иле турган эч нерсе жок, чырактын жарыгына олтуруп алып керме сайып жүрдүм. Тукуба, баркут матага гүлдөрүн түшүрүп алып, төрт жыгачка матаны тысырайтып керип алып, илме шибеге менен сайчубуз. Мулина деген атайын жип бар эле, ошонун түрлөрү менен экини жасагам. бирин улуу келиниме берсем, былтыр көчөгө керме сайма издеп келгендерге одеалга алмашып жибериптир, кутуруп кеткенсип, өзү жасап койгонсуп, абдан ичим ачышты, өзү топчу кадабайт.

Азыркылар жалкоо, ыкшыңдап кийиз карап олтурабы, менин улуу кызым күйөөгө кеткенче шырдагын өзү бүтүрүп кеткен. Кийинкиси анткен жок, ушу аракетинен эле болот окшойт, эрикпеш керек, талант да болушу зарыл.

Бир аял бар, кушчу, ошого кошулуп экөөлөп бир карышкыр ичик кылдык. Мун үчүн айран менен терини ашатып, ийлеп, жумшартасың. Тери аппак болуп бышып, жумшарып калат. Май куюп койсо да жакшы, бир ай ашатасың, тышын бычып алып анан ошого келтирип ичин бычтык. Жакасын карышкырдын терисинен кылдык. Ичин көрпөдөн кылсаң, жакасы да көрпө болот. Чоң кишиге жасадык, эки карышкырдын териси кетти. Карышкырдын терисин заказ берген киши өзү тоодон атып келиптир, абдан бай киши экен, той-ашка кийем деп жасатты. 7-8 жыл болуп калды.

Бир жума тиктик, баарын колго  тигесиң да, параң деген катуу жип болот, ошо менен тепчип тиктик да, тышын  машинага салдык. Жасаган акыбыз үчүн күнүгө тамагыбызды кылып берди, тааныш болчу да, терини да өзү тапты, колубузга биртике тыйын берген, канча экенин унутуп калдым.

Ичикти Көл жактагылар абдан жакшы жасайт, көрсөң тим эле көз жоосун алат. Биз жактагылар ал жакка караганда жалкоо да.

«Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат» дегендей, менин бир кызым Манастын 1000 жылдыгында бир боз үй өзү тигип алып барган. Касейиним – сүрөтчү, мактанбайын, көп жактан келип, ата-энелерининби, балдарынынбы, сүрөттөрүн тарттырып кетет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>