Дүйшөнөв Додон, Жыгачтан кыздардын сүрөтүн жасай алам…

This post is also available in: Орусча

Дүйшөнөв Додон, 71 жашта. Бакай-Ата району, Таш-Кудук айылы.

Кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрү болгон: жыгач устачылык, темир устачылык, аялдардын кол иши, эми ар кандай. Эгер сен жыгачтан стол, текче жасасаң, колуңдан эмне келсе, кетмен сап жасай аласыңбы, күрөкпү, мунун баары өнөр. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дейт го, Москвага комуз ойноп барып келгем, аккордеон ойнойм, эми булар кол өнөрчүлүк эмес, мындай өнөр болуш керек.

Жыгачтан кыздардын сүрөтүн жасай алам, үйгө керектүү турмуш-тиричилик буюмдарынын баарын жасайм, балта сап, кетменге сап,тумбочка, жыгачтан гүл чака ж,б. жасайм. Жасаганды мен өзүм жакшы көрөм, бирөөдөн үйрөнүп эмес, мен өзүм кармалап, кызыгып жасайм. Комуз жасагам, муну жасаганыма он-он беш жыл болду. Азыр жабдыктарым жок, Кызыл-Октябрдагы комуз жасаган кишиникине барып жасагам. Шкафты балта, мык сүргүчтүр менен эле жасап алгам.

Комуздун добушу жакшы чыгыш үчүн чабыла турган нерсе тандалат Мисалы, өрүк, жаңгак комуз жакшы. Теректердин добушу жакшы чыкпайт. Комуз чаба турган киши өзү биринчи комуз ойногонду билиши керек. Биринчи кесилип келген өрүктү көлөкө жерге кургатасың. Бутагы жок жерин кесип аласың. Кургаш үчүн  бир-эки жыл кенен турганы жакшы, көп тура берсе да болбойт. Чарасын биринчи чабасың. Мунун узундугу 75 см болот, стандарт. Чоттой болгон неме менен акырын кырып-кырып чабасың. Бетин, капкагын тактай сүргүчтөн өткөрөсүң.

Комуздун капкагын талдан жасачу, өлүп калса сүйлөбөйт. Мына буга сосна керек, токой терек бар го, тоодо суу жээктерде өскөн, ошондон жасаса жакшы. Бирок мен бир да жасап көрө элекмин, анткени аны алып келип бир адамдын да тилгенин көргөн жокмун. Капкагы соснадан жасалган. Тепкеси менен буроосу өрүктөн жасалган, кылын кадимки эле базардан алгам, кыл боолугу кайыштан. Капкагынын мыногу тешигин көрдуңбү, ушул тепкеге жетпеген жеринен тешилет, добуш жакшы чыгып туруу үчүн.

Капкакты чарага жармаштырууда эч кандай мык колдонбойбуз, мунун клейи болот, ошо менен желимдейбиз, эч аба кирбеш керек, чыкпаш керек. Мына чара менен капкактын жармашкан жерин үйлөп да, соруп да көр.

Тепке комуздун эң эндүү жерине коюлат, ошого тууралап кыл тартып толгойбуз да, эгер өйдө же ылдый жылып кетсе, анда канча настройка кылба, күүгө келбейт.

Дагы эт сактай турган муздаткыч жасадым. Эми мактанып кереги жок, заводдон чыккандай болду да, ага ДСП, рейка, тор зымдар керек. Рейкалардан мына минтип буттарын кармата турган жерлерин жасайсың, тор зымды базардан алдым, чымын-чиркей кирбейт да, шамал өтүш үчүн эки капталын тор, эки капталын жыгач кыласың. Ичине эт иле турганын алюминий зым кылган жакшы, аны дат баспайт, даамы чыкпайт, таманы менен үстүнө да ДСП төшөлөт. Сетка жагы батыш менен чыгыш жакты карап туруш керек, себеби шамаал ошондой болот да. Токко сайган муздаткачкай, салсаң ага көп турса сапатын жоготот, бул жакшы, мында бузулбай таза турат.

Өнөр десе эле атадан балага калтырып чектебеш керек да, кошумча-алымча кылып, табитке жараша жасоо керек, анан эле биздин ата-бабалар ушундай жасаган, ошону бузбай өңүн бурбоо керек деген туура эмес нерсе. Мына мындай нерсе сейрек болот, азыр кайтыш болуп кетти, Оомат деген неме Өзгөрүштөгү бирөөнүн үйүнүн эки кабатынын ортосундагы тепкичти эч бир мыгы жок карматып, кооздоп чыкты, элдин баары кызыгат.

Ким кааласа келсин, кол өнөрчүлүгүмдү көрсөтөм, азыр буга кызыккан киши жок да, андан көрө телевизор көргөнү артык.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>