Алтынай апа, Ат жабдыктар кол өнөрчүлөрдүн колунан чыккан

This post is also available in: Орусча

Алтынай апа, 86 жашта. Талас району, Сасык-Булак айылы.

Биздин айыл саздуу жер болгон экен. Ал жерден булактар чыкчу экен, эл мурда коктунун ичинде жашаганда көчүрүп келип жолдун жээгине отурукташтырган да.  Саздуу жер болгондон кийин жакшы жыттанган эмес да, ошон үчүн Сасык-Булак деп койгон да.

Ат жабдыктар кол өнөрчүлөрдүн колунан чыккан. Биринчи эле кулун кезинен баштап  башына нокто салынган. Кийин бели катып, алыска жол жүргөнгө жараганда гана токуган. Эң алгач алдына тердигин салат, ал төрт чарчы гана кийиз болот, анын үстүнө желдик деп коет, мындай эки  ээрдин таманы коюлат. Желдиктин үстүнө ээр коюлат, ээр үстүнө көрпөчө салып, анан басмайылы тартылат. Алды жагында төшүнө тартылып турганы көмөлдүрүк, аркасына куйругуна өткөрүлүп тартылганы куюшкан деп коет, ат менен кыргыз тоодо жүргөндүктөн, өйдө чыканда ээр артка кетпеш үчүн, куюшканы ылдый түшкөндө шыпырылып кетпеш үчүн көмөлдүрүгү тартылган. Тээп мингенге үзөнгү жасалган, така кагылган, буту желбеш үчүн буларды темир уста жасаган.

Желдик кадимки эле кийизден жасалган, малга тийип турган жагы – кийиз, ал эми сырты териден жасалган, анткени ээр дайыма кадалып жүргөн, анан тери бекем болгон. Уйдун, койдун терилеринен алган. Талкуу деп койчу, айранга ашатып, же тузга ороп коюп, жумшартып алып жасачу. Жүндөрүн кадимки эле бычак устара менен алат, эки жагы жыгач болгон, ортосундагы оюлган жерине терини салып, үстүнөн  жыгач менен урат. Куюшкан, үзөнгү кылганга кайышты пайдаланышчу. Боз үйдүн кереге-ууктары үчүн дагы кайышты ичке-ичке кылып тилип алып байлаган, ал бекем болгон. Антпесе бир үйдүн салмагы түшүп жатса, эбак үзүлүп калмак да. Илгеркилер кайышты талпу деп койчу

Ээрди жыгачтан жасаган, карагай  арчадан болот. Орус, кыргыз, куш, баш ээрлер болуп бөлүнөт, түрү көп. Куш баш ээрдин башы учтукуй, анан ачакей болот. Жалпак ээрди орус ээр деп коет. Кыргыз ээри эң жакшы болгон, анткени ал кезде тоо ташка бала көп өңөрөбүз, ошого ылайыктуу. А орус ээрдики баш-аягы жок, жөн эле жалпак болот. Орус ээр кийин чыккан. Кыргыз ээрди чоң-чоң кылып жайык чапчу.

А бешикти деле ошондой усталар арчадан карагайдан  жасаган.

Биринчи төрт данкагы деп койот буттарын, аны жасайт, эки башын ийип жасалат, азыр ийип эмес, кошуп-кошуп жасап жатпайбы. Бешиктин белинен ылдыйраак жерин оюп коет. Ал чуңкурун күлтүк деп коет, бок-сийдиги түшүш үчүн аны салып коесуң.

Илгери күлтүктү кийизден эле жасап койгон. Шимекти койдун чүкөлүү жилигинен  жасаган. Башын оюп, түбүн да оет, ошону салып койсо, сийгени күлтүккө түшкөн.

Бешикти жасап бүткөндөн кийин биринчи астына салган олпогун жасайт, анан аяк ороо, кол ороо дегенин даярдайт, жаздыгы болот. Башына жоолук оройт, бири бутун, бири колун таңганга белдик экөө болот, бешик боо деген ошол. Үстүнө бешик жабуу жабылган. Жайкысын салкын, кышында жылуу болгон, чымын, шамалдан тосуп турган. Ошого ылайык матадан жасалган.

Илгери ич көйнөк жокто биз колго матадан тигип алып, анан онунчу жип бар, ал кесегирээк (жоонурак) болуп калганда, 30-жип менен этегин, төшүн кооздоп тигип алчубуз. Топуну да,  колго күн өтпөш үчүн эле да, жиптен арчындап-арчындап тигип алганбыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>