Аккозу кызы Бүкөн, Кол өнөрчүлүктүн эки түрү болот

This post is also available in: Орусча

Аккозу кызы Бүкөн, 55 жашта. Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы

Кол өнөрчүлүктүн эки түрү болот. Аялдарга жана эркектерге тиешелүү. Эркектер жыгачтан, темирден жасаса, аялдар кездемеден, кийизден, жүндөн жасаган. Мисалы, ар  кандай баш кийимдерди, шөкүлө, элечек,  топу, тебетей,  калпак жасаган.

Кыргыздые кыздары күйөөгө чыкканда үйлөнүү үлпөт тоюнда шөкүлө кийилчү да. Шөкүлө конус формасында тигилет. Бийиктиги 22 ден 30 см ге чейин болгон. Алгач ак кийизден  кичине ортосуна жүн салынып, сырты кызыл же кочкул баркыттан, ичи ак кыл матадан же кийизден , ал эми кулакчасы аң терилеринен жасалган. Төбөсү күмүш шуру менен кооздолуп,  төбөсүнө же каптал жактарына  канаттар тагылат. Үкүсүнө тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын,  үкүнүн  канаттары тагылган. Маңдай жээгине зер мончоктор да тагылат.

Мен мындайды тайнем жасаганда көргөм, а азыр кардон кагаздан да жасалат, азыркылар бийик болот, бийиктигин 35 же 40 см дей кылып бычып, кызыма жасап бергем. Аны сыртынан мен ак барча менен каптагам. Кызыл баркыт менен кылса да болот. Бетине сайма сайгам.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>