Ырым-жырымдар

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Жалпысынан алганда, кыргыз маданиятынын бир өңүтүн ырымдар түзөт. Ырымдардын түрлөрү көп. Ар бир ырымдын кылымдар бою түкшөмөлдөнүп келаткан мазмуну, кыргыз баласынын өнүп-өсүшүндө салым-орду, эне сүтү менен муундан муунга берилүүчү мурастуулугу, башка элдин өкүлүнө бирде кызыктуу көрүнсө дагы, көбүнесе адаттан тыш, чоочун учурай турган сырдуулугу, өзүнүн аткарылышы кайсы бир көңүл өйүтүндөгү нерсенин чечилип калышына шарт түзгөн касиеттүүлүгү, анан талашсыз, кечээгиси, бүгүнкү-эртеңкиси бар.

Дегеле кыргызда мынча ырым бар деп так маалыматты эч ким бере албайт. Мындай көңүл коюп карай келсең, аң-сезимсиз түрдө адам бир күндүк турмушунда канча ырымды аткарып жибергенин өзү да аңдабайт. Адатта «кызга кырк үйдөн тыюу» деп элде айтылгандай, басымдуу тыюулар аталган жыныстын өкүлдөрүнө багышталат. «Керегем сага айтам, келиним сен ук» деп биздин даанышман карыларыбыз чай үстүндө саймедирей берип, өз балдары менен кыздарын, небере-чөбөрөлөрдү кантип туура жолго салып коюшаарын өздөрү да байкабайт. «Шыпыргыны тигинен койбо», «түнкүсүн эшикке суу төкпө», «кечкисин тырмак алба», «тамактын үстүн алтүндө ачык калтырба», «кыбыланы карап заара кылба», «жума күнү кир жууба», «үйгө киши-кара келгенде алдагы баланын чекесине көө сүртүп кой», «төшөктү кыбыланы теппегендей сал», айтор, бул өңдөнгөн үй тиричилигиндеги ар бир көрүнүш ырым болуп кете берет.

Мазарларга келгенде, ырым – бул ыйык жерде улуу күчтөр менен адамдын ортосунда байланыш түзүү максатында аткарылган иш-аракет.

Ар бир ырымдын башталуу себеби бар. Айталы, Талас областындагы Ак тайлак мазарынын шайыгы Саманкул ата курмандык чалуу ырымынын башатын пайгамбар менен байланыштырат. Анын айтымында: «Илгери бир пайгамбар болгон экен. Кудай аны сыноо максатында балаңды курмандыкка чал дейт экен. Баягы пайгамбар баласына айтса макул болот. Атасына: «Ата, мени мууздап жатканда тыбырчылап сизди жаман көзүм менен карап жиберишим мүмкүн, ошондуктан колумду байлап, көзүмдү таңып коюңуз» – дейт, бирок кайра: «Жок, жөн эле коюңуз, Кудай баласын зордоп курмандыкка чалып жаткан экен деп ойлоп калбасын. Сиз мени бош коюңуз, мен чыдайм» – дейт. Атайын асмандан бычак түшөт, ата-бала коштошот, бирок баягы бычак өтпөй коет. Анан асмандан ак кочкордун элеси көрүнүп, жерге берилет. Ошентип курмандыкка ак кочкор союлат. Ошондон кийин курмандыкка чалуу ырымы калган экен».

Мазарларда эң көп кездешкен ырымдардын бири – түлөө. Түлөө ырымынын мааниси кыргыздагы кадимки эле тилөө ниетине байланыштуу. Ал эми эмнени тилөө – бул өзүнчө маселе – аманчылык тилөө, жаан-чачын тилөө, оор илдеттен, кырсыктан аман калган адамдын башын куттуктап кийинки турмушуна жакшылык тилөө ж.б. «Жакшы тилек – жарым ырыс» – дегендей, ал тилектин канчасы канча деңгээлде аткарылаары – бул кудайдын иши, кеп эл ишениминде.

Түлөө менен тилөө бир гана тамга менен айырмаланса деле эки бөлөк чоң маанини камтышат. Түлөө деген эски нерсени таштап, андан бошонуп, жаңы «териге» - жаңы жашоого ээ болуу деген тилекти камтыйт имиш.

Кылым карытып келе жаткан түлөө салтынын өзөгүндө азыркы менен кеткендин, тирүүлөр менен арбактардын, бабалар менен урпактардын, күнүмдүк менен ыйыктыктын, ошондой эле табият менен адамдын карым-катнашы жана бир-биринин алдындагы жоопкерчилиги жатат. Түлөө – каалоо-тилек менен болмушту шайкештикке алып келе алган аракет болуп көрүнөт. Мисалы, тирүү пенделердин бейкуттугу арбактардын жардамы менен болушу мүмкүн, ал эми арбактар тирүүлөрдүн эскерүүсүнө муктаж. Мазарлар болсо ортодогу байланышты чыңдайт деген ишеним байкалат. 2004-жылдын апрель айынан октябрь айына чейин Таластын Манас Ордо мазарында 430 түлөө берилди.

Жолубузду кесип өткөн мышыкты жол болбостуктун белгиси катары түшүнгөн мектептик курактан тартып, сөздүн чыныгы маанисиндеги ырымдарды аткарганга жараган кезибизге чейинки жолдо ар бирибиз каалайбызбы-каалабайбызбы, ырас, ошол коомдо жашап жаткан соң, каны-жаныбыз тартып турган соң, кыргызчылык салттарын өзүбүзгө кандайча сиңирип алганыбызды аңдоос албай калабыз. Айталы, жогоруда мисалга тартылган эки ырым тең (курмандык чалуу, түлөө берүү) ислам динине, мусулманчылыкка коошпогону менен «мен мусулманмын» деген кайсы адам тарабынан болбосун тийиштүү парз катары аткарылат.

«Негизинен биз эски жол менен келе жатабыз, биздин жашоо бир таман жол сыяктуу. Үзүлбөй ошол бир таман жол кете берет экен, бирок ошол эле учурда биз өзүбүздүн ырымыбызды сактабасак жарыктык жашоодогу кыймыл үзгүлтүккө учурайт. Ал эми бул жашоодо кыймыл токтосо анда адам оо дүйнөгө кете берет экен. Жашоодо эмне кызык – кыймыл кызык. Мына ошол кыймылды жасаш үчүн ырым-жырым жасоо керек. Ырым-жырымдардын эң башкысы бул – эртең менен эрте туруп кудайга сыйынуу» – бул Таластык бүбү Анарбекова Бүбүшайдын агедил пикири.

Кылымдарды карытып, узак-узак жолдорду басып кыргызчылыктын, анын ичинде ырым-жырымдардын сакталып калышынын негизги себепкерлери дагы дал жогорудагыдай ойду аркалап, салттуу баалуулуктардын жактоочусу болгон карапайым адамдар. Дүйнөнүн деш ашыктык кылаар, кыргызчылыктын туткасы болгондор да алар…

Өзүбүз сөз кылып келе жаткан маселеге жакындатып, жеке мазарларга байланышкан ырымдарга токтоло турган болсок, бир-эки нерсени айтып кетүү зарыл. Бир эле ырым, мисалы, дем салуу, бир эле мазарда ар башка аткарылышы мүмкүн. Эки мол тажрыйбалуу бүбү ээрчиткен топторун өзүнчө башкарып, ырымын башкача жасашат. Бирөөнүкүн туура, бирөөнүкүн туура эмес деп айтуу мүмкүн эмес, анткени эки бүбү тең көп жылдар бою өз жолдору менен жүрүп, эл арасында кадыр-баркка конуп, ийгиликке жетишкен. Демек, эки жол тең орундуу жана пайдалуу. Муктаж болгон бирөөлөргө биринчи бүбүнүн ырым жасашы туура келсе, башкаларга экинчиники ылайыктуурак болот.

Дагы бир айта турган нерсе – ырымдардын айкалышы. Максат жагынанбы, аткаруу шартынанбы, бирок мазарда аткаруучу ырымдар бири-бирине байланыштуу жана жакын. Мүмкүн алар биз азыр көрө элек бир өз ара байланыштуу иретти түзүшөт.

Төмөндө биз бул ырымдар тууралу азыноолак түшүндүрмө берүү менен бирге, Айгиненин кызматкерлеринин ырымдардын аткарылышына карата байкоолорун, зыяратчылар тарабынан берилген маалыматтарды сунуштайбыз. Дагы бир айтып кое турган нерсе, биз бул жерде мазарда аткарылуучу ырымдар менен жалпы эле руханий ырым-жырымдарды бөлгөн жокпуз. Келип эле алар кыргыз адамынын жалпы ишенимин чагылдырып жатпайбы.

[Ылдыйкы интервьюлар Талас  аймагында 2005-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Ырым жырым деген эмне?

Ракыя Ташмамбетова: “Ырымды адамдар өздөрү жаратат. Негизи жалпы ырым бар. Бычакты кырынан койбо, бей маал уктаба, эшик алдына така кагып кой, үйгө, мечитке оң бутуң менен кир, асан чакырып ат коюу дегендей ырымдар бар”.

Эралиева Шейшен, жашы 70: “Ырым-жырым ата-бабалардан калган. Ал ар кандай учурда жасалат. Кээ бир ырымдар  пайдалуу,  кээ бирлери жөн эле жасалат. М: адамдын алдынан күчүк, мышык өтүп кетсе деле ырымдашат”.

Кудушева Анаркүл, жашы 49, Өзгөрүш айылы:  “Кыргыздын жамандыктан сактап жакшылыкка багытталган, аман алып калыш үчүн жасалган иш-аракети. Боюнда бар аялдарды, мисал келтирсем,  менин өзүмдүн башыман өткөн окуя, келиним боюнда бар кезинде ичи ооруп, жатып калды. Анан мен аны ооруканага алып барган жокмун. Теменени учуктап “менин эмим эмес, Алла Тааламдын эми, Умай эне, Батма Зууралардын эми” деп темене менен көйнөгүнүн этегин бош кылып көктөп койдум. Көктөп жатканда келмемди келтирип

Лай лоху иллаллох,

Мухаммед расуллох, –  деп кудайга жалынып, тилек айттым. Ушундай ырымдан кийин  келинимдин ичи басылып калды”.

-  Бул ырым эмне деп аталат?

-  Боюнда бар аялдарды сактап калуу.

-  Бул ырымда аткарууда кандай буюмдар, нерселер колдонулат?

-  Темене менен эле жип колдонулат. Өзүм келиниме жасап койсом, келинимдин боюнан түшпөй ичи жакшы болуп калды, бул ырымдын пайдасы тийди.

-  Сиз айтып берген ырымдарды сиз кимден үйрөндүңүз эле?

-  Менин чоң энем ырымдарды көп жасаар эле. Анан анын жасаганын көрчүмүн, кичинекей кезимде эле өзүм ошондойлорго жакын болчумун. Анан менин атам да атымды ырымдап койгон. Анткени артымда анарым бар экен, анан башында менин атым Анаркүл эмес Анарбүбү экен. Анткени менин атам мен төрөлгөндө эле бүбү болорумду билген экен.

Гүлжан апа:
- Салт менен ырымдын айрымасы барбы?
- Салт бул милдеттүү түрдө бешикке салыш керек. Ал эми бешикке бөлөп жатканда оңбу, солбу деп жатпайбы беш чүкө салып алып,  мына бул ырым.


Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>