Устат жана шакирт

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр”

(Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Кыргызда Асман ата, Жер эне деген түшүнүк бар. Көктү карап бата тилеп, Кудайдын буйругу менен жашап, болгон тагдырдык көрүнүштөрдү «буйрук» деп эсептесе, туулган жердин топурагын ыйык тутуп, жер мыйзамына баш ийип, өмүр соңунда өз жеринин чымын жазданып жатып калганына ыраазы. Бул жагынан дегеле адамзатты жолго салган Көктүн жана Жердин мыйзамы – адамдын кайсыл улуттун өкүлү экендигин тандабайт. Бул жагынан Көк менен Жер адам баласынын тарбиялоочусу-устаты сыяктуу көрүнөт.

Андай болсо, «жол ачаар», «жолго салаар» бул нерсе – «устаттык». Ал эми «шакирт» – ошол устаты ачып, салып берген «жолго түшүп», өз ордун тапкан экинчи тарап. Мына ошол «жолго салуу» иш-аракети адамзатка да таандык көрүнүш.

Дүйнөдө кайсы гана өнөр ээлерин албайлы, бардыгында тең «устат» жана «шакирт» деген түшүнүктөр болуп келген. Адатта, жаш өзгөчөлүгү боюнча улуусу устат, кичүүсү шакирт болот. Бирок, дүйнөдө устатынан шакирти улуу болуп чыккан мисалдар да жок эмес. Бул экөө тең бир өнөрдү аркалагандыктан жана руханий дүйнөлөрүнүн бири-бири менен төп келишкендигинен улам, ортодо тыгыз байланыш түзүлөт. Белгилүү бир баскычта өзгөчө мамиле жаралат.

Бүгүнкү устат – кечээги шакирт. Устаттын устаттыгы шакирттик баскычтан татыктуу өтүп, тажрыйба топтоп, өсүп-өнүгүп, бийик деңгээлге жеткенде, өнөрдүн негизги эрежелерин, сырларын өздөштүргөндө гана билинет. Шакирт күтүүнүн өзү сыймык, чоң жоопкерчилик иретинде эсептелинип келген. Шакирти жок өнөр ээси устат эмес. Демек, шакирти болмоюнча, устат болбойт. Устаты болмоюнча, шакирт да болбойт. Ооба, устат менен шакирттин ортосунда ар дайым эле жандуу байланыш боло бербейт. Айрым учурда көзү өткөн адамды деле устат тутуп, анын калтырып кеткен мурастарынын (өнөрүнүн, оюнун, ишинин) негизинде тарбияланган шакирттер болот. Бара-бара кайсы бир устаттын айлананасында бир канча шакирттин топтолушу өзгөчө чыгармачылык мектептин, руханий борбордун түзүлүшүнө алып келет. Устат менен шакирттин ортосундагы мамиле жеке маанини гана алып жүрбөстөн, коомдук мааниге да ээ болушу мүмкүн. Айталы, кыргыз адабиятында ыр жазып баштаган үйрөнчүктөрдүн баары Алыкул акынды устат тутушуп, анын ырларынын негизинде тарбияланса, манасчылар Саякбай атанын айтканын кайра-кайра угуп, үнүн, добушун, дикциясын, ыргагын үйрөнүп, аны туурап айтканга дилгирленишет. «Мен комузчу болом», – деген бөбөк үчүн, айталы, Ыбырай Туманов үлгү болсо, бүгүнкү ырчы болом дегендерге учурдун кайсы бир эстрадалык «жылдызы» таасирдүү болушу мүмкүн.

Ал эми кыргызчылык же актык көрүнүшүнө кайрыла турган болсок, устаттын шакирт алдында бир катар милдеттери турат: шакирт менен жогорку күчтөрдүн ортосуна түшүү, көпүрө кызматын аткаруу; мүмкүн болушунча пендечиликтен арылтуу; актыктын сырлары менен тааныштырып, жолго салуу; бирге мазар басуу, ыйык жерге баруунун жол-жобосун үйрөтүү; бата берүү.

Адатта алгач устат шакиртти эмес, шакирт устатты тандайт. Шакирт болчу адам сыртынан арзып жүргөн касиет ээсине өзү, же кимдир бирөө аркылуу кайрылуу менен, аны устат тутуу ниетин билдирет. Дал ушул жерден айтылган сунушка макул же макул эместикти устат чечет. Эгерде ал макулдугун берсе, шакирт болгон адам андан аркы өмүр тагдырында устатынын айтканын эки кылбай, анын көрсөткөн жолу менен басып-турууну моюндашы зарыл. Устат менен шакирт маал-маалы менен гана көрүшүп турушу, же көбүнесе бирге иш алып барышы, бири бир айылда, экинчиси башка аймакта жашашы мүмкүн. Ал эми кээде шакирти устатынын үйүн пааналап, кылган ишин көзү менен көрүп, айткандарын кулагы менен эшитип, бирге даам сызып, ал тургай айрым учурларда ал үйдүн «оту менен кирип, күлү менен чыгып», өмүр кечириши ыктымал. Башка бүлөнүн оокатын жасоону мындай учурда шакирт намыс көрбөйт, аны ардактуу милдет, парз катары сезет, ушул түйшүк көрүнгөн тиричиликтин кайсы бир күнү бүтөөрүн, дал ошол куттуу күнү устаты анын колуна ыйык буюмдардын бирин же бир нечесин: камчы, теспе, куран китеп, бата берээрин билишет. А бирок ал убакыт-мөөнөт канчадан кийин келээрин алгач эч ким билбейт, мунун өзү кыска дагы, узак дагы мөөнөт болушу мүмкүн. Төмөнкү баяндардын биринде устат-шакирт жөнүндө айтылган айрым пикирлерди дагы жолуктурууга болот. Анын негизинде жаралган суроолор булар: Устат шакиртин анын касиет-жөндөмү чындап бышып-жетилгенде жолго салабы, же шакиртин башка бир максаттардан улам, айталы, эгерде анын колунда болсо, акча, мал жана башка көр кызыкчылык үчүн, кое бербей кармап жүрө бериши мүмкүнбү? Дегеле шакиртке карата устаттын ниети канчалык таза болот? Устат болуш үчүн эмне сапат, касиет керек? Шакирттин устаттын айткандарын аткара берүү ченеми канчалык болушу керек? Бул суроолорго ар бир кейипкер өз түшүнүк-деңгээлине жараша жооп берет.

Дагы бир жол – кимди устат күтүү керектиги жөнүндө шакирт болчу адамга кудай-арбак тарабынан аян берилет. Андайда аты-жөнү али белгисиз адамдын жашаган жери, кебетеси кошо сүрөттөлүп, жаш үйрөнчүктүн ниетине ошол адамды издеп табуу ою салынат. Башка сунуш-пикирлерден баш тартса дагы, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн бакубатчылыгы үчүн мындай шартта изденүүчү адам моюн толгобойт жана аянында көргөн адамды сөзсүз табууга дилгирленет. Бул кездешүү экөө үчүн тең эле болушу керек көрүнүштөй, эч кимисин таң калтырбайт. Анткени өз кезегинде аны кайсы бир шакирт издеп келээрлиги жөнүндө болочок устатка дагы аян берилген болуп чыгат. Демек, алдын ала ааламдын кайсы бир күчтөрүнөн маалымат алуу, тымызын буйрук устат менен шакирттин башын кошот.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>