Осмонова Нурила

This post is also available in: Орусча

Осмонова Нурила, 32 жашта. Талас шаары

Эмне болуп туш жоруп калгам? Эми башынан айтып берсем мындай болуптур. Менин атам жалгыз. Чоң энем боюнда болуп, ай-күнүнө жетип турганда эжесинин түшүнө кирип, сиңдиң төрөйт, атын Базарбай койгула деп бирөө айткан экен. Эртеси келсе чын эле төрөп коюптур, анысы уул экен, менин атам. Атын Базарбай коюшкан экен. Касиет биздин тукумубузда бар экен. Мен Шекерден болом, ошол Шекер айылынын баары эле билет экен, ушулардын үйүнө кут конгон, бирок кармай албай калган деп. Атам төрөлгөндөн кийин эле чоң атабыз кайтыш болуп кетиптир да, анан чон энем жалгыз баласы менен жаман сарайда эле жашачу экен. Күйөөгө да тийбептир. Ошентип жүрүп аябай кыйынчылыктарды тартыптыр. Отунга барчу экен, бир күнү эшек менен беш-алты аял болуп отунга баратканда кут түшүптүр да, баягы жаркылдак кууптур, бир маалда жанагы жаркылдак чон энемди жанагы аялдардан бөлүп алып, аябай кубалаптыр, эшекти да бастырбай коюптур. Кыргызчылыкка түшүнгөн киши болсо кичинекей эле жерден кан чыгарыш керек экен да, ал кызарган канды көрсө эле уюп, коргошун болуп түшүп калат экен. Ала коюп эле жоолугун жабыш керек экен, ошондо жаркылдак кут болуп, томолок болуп түшүп калмак экен. Ошону туура пайдаланып, үйгө алып барып таптаза жерге койсо, ал чоң энебиз көргөн жакшылыкты эч ким көрмөк эмес экен да, ал балдарынын балдарына чейин жетмек экен. Чоң энем байкуш коркуп, эмне көрүнүп жатат, жин-шайтанбы деп качып, таптакыр өзүн жоготуп коюптур. Андайды эгер кармай албай калса жинди да болуп кетет экен да, качан кармамайынча айлана берген куттар да болот экен. Кармай албаса, кут күчтүү болсо жинди кылып жиберет экен.

 

Анан чоң энем эшекчен келиндердин аркасынан чуркап кетип калыптыр, отундарын алып келе жатканда ошол жерге бир сапсары болгон коон калыптыр. Байкуш чон энемдин караңгычылыгы ошончолук,  келе жатканда ошол сары коонду да албай коюптур, жок дегенде отун болот деп деле алса болот эле го. Тергендери куурай экен, ал бат эле күйүп калат го. Ошону алып койсо, куттун бир жакшы нерселери калмак экен да, ошону да албай качыптыр. Ошодон кийин чон энебиз жинди болуп, оорукчан болуп,  көрүнбөгөн жери калбады.

Ошентип жүрүп мен экинчи класста кайтыш болуп кетти. Бул кут жөнүндө мага кийин өзүмдүн атам айтып берип жатпайбы, ал кезде чон энемден сураганга биз жаш экенбиз да. Кут биз али төрөлө элек, атам бала кезде эле көп жыл мурда түшүптүр. Кийин ооруп бүбү-бакшыларга барганда алар ырымы ошондой экен, кан чыгарып таза жоолук жаап койсо эле уюп токтоп калат экен, ошондон улам муну кут урган деп айтышыптыр. Куттун касиети бар, бул тукум кууйт, атадан балага өтөт. Чоң энеме дагы балким бул баласына өтөөрүн айтышыптыр, чын эле кийинчерээк атама өтүптүр,  уктаар алдында эле кыпкызыл көйнөк кийген бир келин комуз чертип, башында ырдап олтурчу экен. Атам коркуп, свет өчөөрү менен эле кыйкырып-өкүрүп келе жатат деп ыйлай берчү экен. Жаш кезинде ушинтип айтчу экен, кийин көп деле айтпай калыптыр. Чоңойгондо уялганбы билбейм, өзү деле аябай ооруптур, бирок кыргызчылыкты кармабай койгон. Намаз окубайт,  бүбү-бакшыларды да абдан жаман көрөт, бирок түш жоруйт, мурда балдарды кармап далысын аччу экен, азыр кармабайт дагы. Түшүндөгү аял эмне жөнүндө ырдачу экенин өзү деле билбейт, түшүнчү эмес окшойт, бизге айтчу эмес.

Бир жолу апамдын түшүнө Ленин кириптир, мурдагылар аны аябай көп түш көрүшкөн го. Биз он бир бир тууганбыз, баарыбыз майда-майда экенбиз. Түш көрүп таңгалдым дейт, Ленин бир бөтөлкөгө суу куюп келиптир да,  мени карап жымыңдап, сүрөттөрүндөгүдөй күлүп туруп сууну берип: “Ушул суу балдарыңдын балдарына жетет”, – деди дейт. Баягы эле кара кепкасын кийип келди дейт  эртең менен эле апам туруп жакшылыкка: “Ии менин балдарым бир жерде иштеп, чоң окууга окуйт окшойт”, – деп жоруптур. Айтканындай эле көп жылдан кийин баарыбыз окудук, үйдөн тогузубуз жогорку билимдүүбүз, айылда эки гана иним окубай калды, баары жакшы, чоң-чоң жерлерде, эң жөнөкөй дегени эле мен мектепте иштейм.

Мен өзүм түштү эмнеге таянып жоруйм, ушуну билбейм. Бир сезим келет, кандай сезим экенин деле билбейм. Бирок бир нерсени айтсам, ошол туптуура келет. Мен ак жоолук салынып деле нары-бери чуркап жүрбөйм, айтканым эле туура келет.

Суу кирсе жакшы, кээ бирлер кыйынчылык деп жоруйт, эми ар ким ар кандай да, мен аны таза, тунук, жакшы деп жоруйм. Акчаны санаа маселе дейм, ошол көргөн түшүм аныгында эле ошондой болот.

Биз менен иштеген бир эженин кызы түшүмө жүдөп, кызыл термос көтөрүп алып кириптир. Ал кызды биз антип сөз да кылчу эмеспиз. Эртеси барып апасына кызынын кыз төрөй тургандыгын айттым, ошондон үч айдан кийин кыз төрөдү. Мисалы кыздардын буюмдары же кызыл буюмдар кирсе, кыз деп жоруйм. Былтыр отпускага чыгып кеткем, мен анда эч кимден да эч кандай жаңылык уккан эмесмин, айылда жүргөм. Ошол жактан түш көрдүм: мугалимдер бөлмөсү экен, анын ичинде бир да парта, стол, пардалары жок, жылаңач экен. Бир эле стол турат, ал жерде Бактыгүл жана Чолпон эже олтуруптур. Мурдагы завучтар алдыларында стаканда арак куюлуп, ортодо бир сындырым нан менен отурат. Кирип барат экем да, ортодогу бир сындырым нанды алып жеп, кетип калат экем. Экөө арак ичип ошол жерде калды, эшикке чыксам эле учу-кыйыры көрүнбөгөн жол экен, жылаңбаш, шамаалда чачы учуп директор эже жалгыз кетип бара жаткан экен.  “Гүлнар эже кайда кетип баратат? бул бизге бейтааныш жол эми кайда барат?”, – деп жатам. Эмнегедир жамандыкка жорудум, арак, жылаңбаш… бир нерсе болгон го деп, кийин таласка келип, туура эмес иштери үчүн жумуштан кетишкенин уктум. Андан көп өтпөй эле жаңы окуу жылында мени завуч кылып коюшпадыбы,  нан алганым ошол экен көрсө.

Андан кийинки директорубуз да түшүмө жаман эски костюм кийип кирди,  баягы эже кеткен жол менен кетип бара жатыптыр, бир эжеге айттым: «Ушу Кубан агай да кетет окшойт», – деп. Көп узабай эле агай да кетпедиби. Азыр ошол эже күлүп калат жаңы келген директор жөнүндө да түш көрүп койдуңбу деп.

Ээй, кыргызчылыкты да бирөө кармабаса жаман экен да. Эң кичүү иним эки жыл мурун туруп-туруп эле басып кетет да. Бишкек барбы, Жамбул барбы, деги койчу үйгө турбай калбадыбы. Ар кимге барып эле туугандарым жок дей берет экен. Таппай калабыз, башы оогон жакка кетет. Аны кыргызчылыкка алып келдик, мазар кыдырттык, үй тазалайт экен, үйгө барып үйдү тазалаттык. Үйдө болгон кишинин баары кирет экен, ошондо чийди күйгүзүп бир нерселерди окуп жатты. Бир маалда көзүмдөн жаш токтобойт да, жиндилердей болуп эле ыйлап жатам, ыйлап жатам, бир маалда атам ыйлап кирсе болобу, чоң эле киши. Абдан жаман экен, же солкулдап токтоно албайбыз. Бир маалда окуп бүттү, бүткөндөн кийин биз да токтоп калбадыкпы. А эмнеге ыйлабай калганыбызды да билбейм. Башым да ооруп калыптыр, калп айтпасам бир-эки саат мындай эле ыйладык го дейм. Ошолор айткан да: «Атаңдан сага оойт го. Кыргызчылыктын баары ушу кишиде экен, сенде да бар. Эгер макул болсоң моюнга алып бизге кошул», – деп. Мен кошулган жокмун, элестет менин аларга кошулуп ак жоолук салынып, таяк көтөрүп жүргөнүмдү, таяктары да бар экен узун-узун. Элдер Нурила жинди болуп кетиптир, ак жоолук салынып көчөдө жүрөт деп айтпайбы.

Ошентип инимден биз бир нерсе сурап кайда бардың, эмне кылдың десек эле, «ишиңер эмне мени менен, сурабагыла», -  деп коет жаман көрүп. Бирок бир гана апама айтат экен: «Апа түшүмдө бирөө Шекердеги эки булактын ортосуна олтуруп куран оку деди. Нан бербейсизби, барып куран окуп келейин, эч кимге айтпа», – деп. Ушунун айынан тогузду бүтүп окубай да калды.

Үйдөн апам, атам, иним төртөөбүз гана түш жоруйбуз. Тиш түшкөн жаман болот. Бир жакын адамынан ажырайт, же катуу кырсык болот.

Бир жолу ачкычымды жоготуп койдум, үйгө келсем кире албайм, эжемдикине барып жаттым, эртең эшикти бузуп киребиз дедик. Кечинде түш көрсөм, окуган жеримдеги дөң, анын үстүндө ачкычым жатат. Эртеси эшикти буздурбай туруп ошол жерге барып карасам жатат. Сумкамдан түшүп калыптыр, ошол жерге кыздар менен олтургам да. Ошентип таап алгам.

Кандай учурда түш көрбөйм? Эми ар кандай болот. Кээде мектепке кешик келет, майрам-сайрам болот дегендей. Ошондойдо организимге деле жакшы го деп бир элүү грамм  ичип койом ошондо такыр эч нерсе жок, он-он беш күн, бир айга чейин түш көрбөй калам. Кийин тазаланып, жуунуп, куран окуп койсом кайра түш көрүп баштайм да.

Жаман түш көргөндө суу менен агып кетсин, эч ким укпасын деп акырын сууга айтам. Ошондо мен көргөн түш болбой калса жакшы го, болот. Бирок үстүртөн, жеңил,  оңоюраак өтөт. Кээ бир түштөрдүн түш же өң экенин кармай албай калам. Бир жолу түштө кыйшайып жаткам, балам телевизор көрүп жаткан, бир маалда телевизордон  бирөө Байыш агай креслодо деп эле айтып жатат, чочуп баламдан сурасам, мультфильм эле болуп жатат деди. Байыш деген агай биздин гороно болчу да, кетет экен деп жүрүшкөн, кеткен жок, кетпейт деле окшойт деп калдым.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>