Кыргызчылык

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр”

(Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Зыяратка барып, чай же тамактын үстүндө отуруп калганда, «кыргызчылык», «кыргызчылыгы барлар», «кыргызчылыгы кармады» деген сөздөр көп айтылат. Бул сөздөрдү биринчи жолу уккан киши: «Кыргызчылык деген эмне?» – деп сурап калса,   дароо жооп кайтаруу кыйын.

Кыргыз этнографиясы боюнча белгилүү китептерди же сөздүктөрдү барактап көрсөк, аларда «кыргызчылык» дегендин түшүндүрмөсү табылбайт[1]. Ошону менен бирге акыркы үч-беш жылдын ичинде кыргызчылык маселеси көбүнчө илимпоздор тарабынан эмес – кыргызчылыктын күйөрмандары жана алып жүрүүчүлөрү тарабынан көтөрүлүп, бир нече китепке дагы айланды[2]. 2007-жылы «Айгине» борбору чыгарган китептин «Мазарлар жана адамдар» аттуу үчүнчү бөлүкчөсүндө кыскача илимий байкоолор менен бирге эл арасындагы кыргызчылык тажрыйбасы жарык көргөн.

Бирок кыргызчылыктын аныктамасын берүүдө негизги кыйынчылык китеп менен изилдөөлөрдүн аздыгында эмес. Негизги кыйынчылык – кыргызчылык көрүнүшүнүн өзүндө, анын көп кырдуулугунда, мындан тагыраак айтсак, чексиздигинде.

Ырас, сөздүн түзүлүшүнө эле көнүл бурсак, ал «кыргыз» деген унгудан жана «чылык» деген суффикстен турат: кыргыз+чылык. Сөздүн түзүлүшүнөн улам, кыргыздарга таандык нерселердин баарын кыргызчылыкка киргизүү жүйөлүү. Бул жагынан алганда, кыргызчылыктын өтө жалпы аныктамасы мындай болушу ыктымал – бул кыргызды кыргыз кылган жана дүйнөгө тааныткан көрүнүштөрдүн түйүнү.

«Чылык» деген суффикс өзү жаман же жакшы дегенди иргебейт дагы, белгилебейт – тек гана болгонду болгондой аныктайт. Мисалы, мейманчылык – кыргыздын азыркы мезгилде жоголо элек мыкты салты. Кошоматчылык деле, башка элдердегидей, кыргыздардын арасында өз ордун алат. Тууганчылыкты бек тутуу – кыргызчылыктын бир кубулушу. Туугандарын ыксыз сүйрөгөн жетекчилерибиз тууралуу: «Ушул кыргызчылыгын таштаса,» – деп жаман көрөбүз. Өтө терс көрүнүштөрдү кээде кыргызчылык дебестен – кыргызбайство деп коебуз[3].

Сөздүн баштапкы көп маанилүүлүгү «кыргызчылыктын» жагдайга, мезгилге, тарыхый кырдаалга карата өзгөрүлүп туранын шарттайт. Жакынкы совет мезгилинде эле кыргызчылык кээде караңгылык менен дөдөйлүктүн маанисинде пайдаланылган.

Бирок мезгилдин өзгөрүлүшү менен сөздүн мааниси да кескин түрдө өзгөрүлдү. Азыр кыргызчылык тенирчилик түшүнүгү менен маанилеш келип, «кылым карыткан каада-салттуу, үрп-адаттуу, ырым-жырымдуу, түбөлүктүү учу-ченемсиз, чексиз эркин өнүккөн касиет»[4] деп аныкталат.

Мезгилдин өзгөрүлүшү менен кыргызчылыктын көп кырдуулугу, көп маанилүүлүгү жоголбойт жана азайбайт. Бүгүн кыргызчылыктын саясый, коомдук, күнүмдүк, диний, руханий катмарлары жана кубулуштары болот деп айтууга негиз бар.

«Айгине» иштешкен кыргызчылыктын катмарларын диний жана руханий десек болот. Алардын өзөгү жана мазмуну эмнеде?

«Кыргызчылык кудайдан келип атат. Кыргыз болуп төрөлгөндө, ошонун кыргыз экенин таанытуу үчүн. Кээ бир адамдар кырсыктап атпайбы. Эмнеден? Бул кудайдан келген улуу сапаттарды тута албагандыктан. Ооруп атат, билбей атат, көрбөй атат, сезбей атат. Ошону билиш үчүн алар кимдерге барып, кимдерден байкашат? Билген адамдар болсо, бүбү-бакшыбы, ушундай адамдарга кайрылса, өзүнүн ички дүйнөсүн туура айтып баалап, мазар аркылуу оорусуна даба таап жатпайбы» – бул талаа жазууларыбыздын четинен эле алынган бир таластык зыяратчынын пикири. Талас жана Көл жергелеринде жүздөгөн зыяратчылардын ойлору ушул пикирге үндөш. Демек, элдин түшүнүктөрүнө таянсак, руханий кыргызчылык – бул адамдын улуу күчтөр менен байланышта болуп, ошол күчтөр аркылуу манасчылык, табыпчылык, жайчылык жана башка касиеттерге ээ болуусу. Ким гана болбосун: табып, бүбү, бакшы, манасчы, дубана, куучу, айтымчы – бирөө да өзүнөн-өзү, жалгыз иш-аракет кыла бербейт, баары кайсы бир жол менен касиетке ээ болуп, өз улуу күчтөрүнүн жардамы менен иш-аракет кылышат.

Мындай касиеттин келиши же берилиши адамдын каалосун дагы, атайын бир расмий билимди дагы талап кылбайт. Бирок ал сөзсүз түрдө койгон талап – касиетти туура күтүп алуу жана туура ишке ашыруу.

Биз иштешкен кишилердин дээрлик баары мындай түрдөгү – «Айгине» руханий деп атап жаткан – кыргызчылык тукум кууйт деген ойдо. Кыргызчылык – бул мурас катары берилген касиет. Адам баласы аны туура күтүп ишке ашыра алса, өз парзын - бул дүйнөдөгү ыйык милдетин аткарып кете алат. Ашыра албаса, – касиет көтөрүүгө тандалган адамдын, туугандарынын, айлана-чөйрөдөгүлөрдүн жолдору болбой, кыйналышат. Ал тургай, ааламдан буюрулган жүктү моюндабаган адамдар дүйнөдөн эрте кайтышат деген зор ишеним бар элибизде. Руханий кыргызчылыктын түпкүрүндө бир ой жатат: адам баласынын өткөн жана боло турган мезгилдер менен тыгыз байланышы, көзгө көрүнгөн дүйнө менен көзгө көрүнбөгөн дүйнөнүн ажырагыс байланышы.

Кыргызчылыктын келиши, күтүлүшү, моюнга алынышы, анын оорулары жана окуулары тууралуу бул баракчаларда Кыргызстанда жашап, эмгектенген кыргызчылыгы барлардан маалымат аласыздар. Руханий кыргызчылыкты дарак катары элестетсек, бул баракчаларда анын жайчылык, куучулук, эмчилик, дубаначылык, дарыгерчилик, айтымчылык, сыныкчылык сыяктуу бутактары тууралуу кеп козголот.

Бирок биз бул маалыматтарды жайгаштырууда аларды бири-биринен бөлгөн жокпуз, анткени кыргызчылыктын бул көрүнүштөрүнүн ортосунда анчейин деле ажырым жок. Айталы, бир эле касиеттүү адам алардын бир нечесин аркалап, же болбосо өзүндөгү касиеттин кайсы бутакка кирээрин айкын айтып бере албоочу мисалдар бар. Жеке өздөрү тургай, тыштан караган адам дагы кайсы бир адамдын касиет өзгөчөлүгү эмнеге басым коерун так далилдеп бере албайт. Негизги кеп алардын “кыргызчылык” деп аталган бир багыттын түзүүчүлөрү экендигинде жана бири-бирин толуктагандыгында.


[1] Абрамзон С.М.Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. – Фрунзе: Кыргызстан, 1990; Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000; Баялиева Т. Религиозные пережитки у киргизов и их преодоление. – Фрунзе: Кыргызстан 1981; Баялиева Т. Доисламские верования и их пережитки у киргизов. – Фрунзе: Кыргызстан. 1975; Карасаев Х. Накыл сөздөр. – Фрунзе. 1987; Каратаев О., Эралиев С. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005.

[2] Кошалиев К. Арууулук ааламды сактайт.- Бишкек: Кыргызполиграфкомбинат, 2007; Ибрагим кызы З., Тажиев М. Теңир Ата. – Бишкек: Бийиктик, 2006; Сариев А. Жашыл китеп. – Бишкек: Бийиктик, 2004.

[3]Бир жолу режиссер Эрнест Абдыжапаров оозеки маегибизде мындай сунуш кылган: «Жакшынын баарын кыргызчылык деп, жаманын – кыргызбайство деп койсок».

[4] Ибрагим кызы З., Тажиев М. Теңир Ата. – Бишкек: Бийиктик, 2006, 43-б.


Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>