Бекбоева Жүзүм: Элден олактаган эликтер

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Бекбоева Жүзүм, 77 жашта, Жаңы-Жол айылы, Талас аймагы

Биздин жайлоодопарандалардан кекилик эң көп, Талдуу-Булак жайлоосуна жеткенде эле, кекиликтин чакырган үндөрү угулуп турат. Муну биз булакка суу ичкени барганда байкайбыз. Чымчыктын бардык түрлөрү бар. Ал жерге барганда чымчыктардын түрдөп сайраган добушунан эс ала түшөсүң. Бир жагынан булбул сайрап жатса, экинчи жагынан күкүк сайрап, үчүнчү жагынан түрлүү чымчыктардын үнү угулат. Ал эми жан-жаныбарлардан болсо, коен, жапайы донуз, элик, түлкүнү көргөнүм бар. Андан башка кашкулак, кирпи, чөөнү көргөндөр бар экен, мен өзүм аларды көргөн эмесмин.

Бул жаныбарларжайы-кышы менен жашайт. Ал тургай кар оор түшкөн убактарда кекилик, түлкү жана башкалар тамак издеп, айыл аралап да келип калышат. Түлкүлөр көбүнчо тоок жегени келишет. Эгин-тегин бышып, жүгөрү баш байлаганда, жапайы доңуздар келишет. Азыр донуздар аз калды дешет, себеби бул жерде мергенчилер көп. Элдер жапайы доңуздарды атып, этин дарылык касиетте колдонушат. Мына ошондуктан доңуздар азайып кетти. Кекиликтерди да атышат, бирок кекилик тез көбөйгөндүктөн дагы деле бар. Бул бир себеби. Экинчи жактан, бул биз турган жердин жаратылышы абдан кооз, бардык өсүмдүк, мөмө-жемиштер өсөт. Жайында, бышыкчылык маалында, талаада жүрүп деле ачка калбайсың. Өрүгү, алмасы, долоносу, жапайы алчасы жана башкалар мөлтүрөп бышып турат. Жан-жаныбарлар адамдар атса дагы таптакыр жоголуп кетпестен, байыр алып калганы да ушул себептен болуш керек деп ойлойм.

Кыш оор болгондо кээ бир жан-жаныбарлар жем таппай айыл аралап келип калчу деп айтпадымбы. 1963-жылдан 1980-жылдарга чейин кыш бул жакта өтө катаал болчу. Буга бир мисал айта кетейин. Элик деген жаныбар эң бийик тоолордо, элдин буту жетпеген жерлерде жашайт. 1977-1978-жыл бекен, так эстей албай турам, кар аябагандай оор түштү. Анан бир күнү эле, түш болуп калган ченде айылдан чуу чыгып калды. Эшикке чыгып тыңншасам, «Ой, алдын тос, бул жагынан чык, элдерди чакыр» деген эле кыйкырыктар угулат. Бул кыйкырыкты угуп, элдер бат эле чогулуп калышты. Бирок тоо-ташта, ээн жерлерде жашап калган жаныбар элге жеткирбей качып кетти, элик эң күлүк жаныбар да, биздин он кадамыбызды бир секирип эле, тызылдаган боюнча Жылуу-Булак мазары жакка качып кетти. Мазар жакка качып кеткенден кийин эл деле аркасынан даап, кууп баралган жок. Дагы бир жылы оор кыш түшкөндө, Сатканбай деген киши эликтин бир чаарчыгы энесинен адашып, үшүп калган жеринен кармап алып келет. Баягыны алып келип, үйүндө эчкинин сутун берип багып журот. Бир күнү эчкинин сүтүн таппай калып, уйдун сүтүн берип койгон экен, эликтин баласы ооруп калыптыр. Мал догдурга алып барып көрсөтүү оюна келбегенби, же өзү жакшы болуп калат деп ойлогонбу, же эмне кылаарды билбедиби, ошентип ал чаарчыкты өлтүрүп алышты. Чаарчыкка уйдун сүтүн бербейт да, уйдун сүтү күчтүү. Талаада жашаган жаныбар үй шартында жашай албайт. Себеби, булар ошондой катаал климатка ылайыкташып калышкан.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>