Төрөгелдиева Убайкан: Эл бекер дарыга – чөпкө өтүп алышты

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Төрөгелдиева Убайкан, 52 жашта, Жаңы-Жол айылы, Жалал-Абад аймагы

Ушул жерде төрөлгөм. Төрт балам бар. Алар үйлөнүп-жайланып, неберелүү болуп, чоң эне, таене болуп отурам, кудайга шүгүр.

Ден соолук маселесин ар ким ар кандай жол менен чечет. Катуу ооругандар догдурга барышат, ал эми жеңил-желпи ооругандар үйдөн эле дары-пары, же чөп-чар ичип, же кыргызчылык кылып эле дарыланганга аракет кылышат, себеби догдурга чейин 1 сааттык жол. Жай басса 1,5 сааттык жол, ал жакка оору адам эмес соо адам ар жерге токтоп, эс алып анан жетет, оорулуу адам кантип жетмек эле, тез жардам машинасы келсе келет, келбесе жок. Илгери союз убагында догдурлар тез-тез келип, ал-акыбалыңды сурап турчу, Союз жоюлгандан бери ар ким өз арабасын өзу тартып калган.

Азыр дары-дармегиң деле кымбат, илгери бардыгы тыйын турчу эле, азыр дарыга акча жеткириш кыйын болуп калды. Ошондуктан эл бекер дарыга – чөпкө өтүп алышты. Башыбыз ооруй калса ысык көк чай ичип алсак, башыбыз басылып калат. Же болбосо башты укалап жиберсе да баш басылат, же ысык-жылык тамак ичип, тердеп жатса да баш оору басылат. Ич ооруса, вазелин майы же иттин майы, жылкынын казысы, койдун ич майы менен майлап туруп, жылуу таңып алса, ич оору бир заматта токтойт. Болбосо дагы бир жолу бар, ичи ооруган адамды көмкөрөсүнөн жаткырып, белдин терисин үзгөнгө окшотуп тартып-тартып койсо, кырс-кырс деген үн чыгат, анан майлап туруп таңып коюш керек. Муну ичти үзүү деп коюшат. Эгер бала-чакага сук кирип калса, кирнелеп коюшат. Бир чыныга оттун күлүн салып алып, матага (кездемеге) ороп, ооруган баланы «чык кирне, чык» деп жоюп чыгат, ошентсе бала жакшы болуп калат. Дагы бир жолу, итке нан сук-суктап салып койсо да, бала тез сакайып калат. Эгерде адамдын кан басымы көтөрүлүп кетсе, жанагы сууда сүзүп жүргөн сүлүктү (пиавка) башына коюп, бетти жаап турса, сүлүк өзү кайсы жерде арам кан бар экенин таап, ошол жерге жабышып, ашыкча канды сорот дагы, курсагы толгондо тоголонуп түшөт, кан калыбына келип калат. Бирок, сүлүктү колдонгондо абайлаш керек. Сүлүктүн эки түрү бар, биринин куйрук жагы бүтүн болот, мына ошол түрүн колдонуш керек. Эгерде куйругу ачык сүлүктү колдонсо, ал тойбойт да, куйрук жагынан соргон кан агып түшү берет, ошентип ашыкча канды да соруп алышы мүмкүн, аны азыр аптекада деле сатып калыптыр го, ошо аптекадан эле алдырыш керек. Бала-чакага көз тийбесин деп көз мончок тагып койсо, же жыпар мончок (гвоздика) тагып койсо, балдарга көоз тийбейт. Тумоолоп калсак арча түтөтүп, тооктун ысык шорпосун ичип, тердеп койсок, тез эле сакайып калабыз. Кокустан бир жерибизди кесип же канатып алсак, чырмоок чөптү жанчып тартып коебуз.

Ыйык жерлерде көбүнчө жийде, долоно, ак терек өсөт. Негизгиси бизде бардык эле чөп өсөт. Эми эл көп колдонгон чөптөр: кийик от, беде, жалбыз, эрмен, гүлкайыр, чөп чай, бозунач, чалкан, дагы башкалар. Буларды дарычылык максатта колдонгондон кийин, тамакка деле колдонсо болот. Мисалы беде, жалбыз, каакым дегенди самсага кошсо аябай даамдуу болот. Жалбызды чайга деле кошуп ичишет. Кийик отту тамакка кошуп койсо, тамактын даамы сонун болот. Ал эми күрүчтөн аш басканда зире чөптү кошсо, аш даамдуу болот. Чай чөптү чай ордуна ичишет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>