Сейткулова Сергил: Жаңгактын пайдасы көп

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Сейиткулова Сергил, 63 жашта, пенсионер, Жаңы-Жол айылы, Жалал-Абад аймагы

Биздин Жолборстудагылар жаңгагы менен сыймыктанат, себеби жаңгак Кыргызстандын бардык жеринде эле өсө бербейт. Кээ бирөөлөр атайын короосуна өстүрөт, бирок жаңгак андай шартта жакшы түшүм бербейт. Бул өзү талаада өсө турган өсүмдүк да, талаада жакшы өсөт, түшүмү дагы мол болот. Биздин Жолбрсту айылы тоонун этегинде жайгашкандыктан, ал жерде жаңгак токою бар. Эгер жаңгактын пайдасын айтсам, жаңгак дарагы өтө бышык, кооз болгондуктан, андан көбүнчө ар кандай үй эмеректерин жасашат. Мен жогоруда айтып кетпедимби, бир убакта биздин жаңгактарды «кап (жаңгактын бооруна өсүп чыккан уюл) алабыз деп, кыйып жиберишти деп, капты сатууга тыюу салынган, ал контрабанда деп эсептелет, каптар өзүнчө мамлекет тарабынан көзөмөлдө турат. Дагы жакшы, бул нерсе мамлекеттик денгээлде каралып, аны сатканга тыюу салып, токтотуп калышты. Болбосо жаңгактар бүтүндөй жок болуп кетмек да. Жолборстунун эли күзүндө жаңгак терип, өзүнүн материалдык абалын да жакшыртып, тиричилигин оңдоп алышат. Жаңгак тергени атайын башка айылдын тургундары да келишет. Караган-Сай, Жаңы-Жол, Кичи-Ак-Жол, Райкомол деген жактан да келишет. Жаңгакты биздин ата-бабалар илгертеден эле элдик медицинада да, күнүмдүк тиричиликте да пайдаланып келишкен. Жаңгактын жалбырагын кайнак сууга салып демдеп ичсе, ден соолукту чыңдап, витаминди толуктайт. Ал эми итий, сарык, ревматизм, ар кандай тери ооруларын айыктырыш үчүн ванна кылып колдонот, ангина болгондо же тиштин эти ооруганда жаңгактын жалбырагын кайнатып, оозду же тамакты чайкаш керек. Чачты да чайкаса, чач жалтылдап жибектей болуп калат. Ошондой эле ар кандай жараттарга жаңгактын жалбырагын майдалап туруп таңып койсо, жарат тез эле айыгып калат. Жаңгактын жалбырагына бутту жууса, ар кандай жагымсыз жыттарды кетирет. Ал эми жаңгактын данынын майын чыгарып, тамак жасаса, тамак өтө даамдуу болот, жаңгактын майы ар кандай сууктан пайда болгон ооруларга эн жакшы дары болот. Эң коркунучтуу жана жугуштуу болгон кургак учук оорусунун бардык түрүнө дары. Илгери биздин ата-бабалар ушундай эле чөп-чар, өсүмдүк, жан-жаныбарлардын жардамы менен эле ден соолуктарын сактап келишкен да.

Жолборстуда ар кандай дары өсүмдүк көп. Кызыл долоно деген бар, аны ар кандай жүрөк ооруларына каршы пайдаланышат, жүрөктүн согушун жана нервди калыбына келтирет. Ит мурун деген бар, аны болсо каны азайып же организмде витамин азайып кеткенде колдонушат. Бөрү карагат деген болот, аны болсо сарыкка, боор, бөйрөк, ревматизм, жүрөк ооруларына каршы пайдаланышат. Кадимки эле биз бакта өстүргөн алма, алмурут , жүзүм, кайналы (кара өрүк), өрүк, шабдалылар деле бүт бойдон дары. Мисалы, алманы С витамин азайып кеткенде же баш ооруганда баш оорууну токтотуу учун колдонот. Өрүктө деле ар кандай витаминдер көп, өрүк жеп жургон адамдын ден соолугу чың болот. Кайналы болсо ар кандай ичеги-карын орууларына жакшы, ичегини тазалайт, жалбырагы жаратты тез айыктырууга жардам берет. Ал эми жүзүм болсо, канды көтөрөт, адамга күч-кубат берет, кан басымы жогорулукту түшүрөт, бөйрөк оорусун дарылайт. Алмурут болсо ар кандай ичеги-карын ооруларына дары. Айылда жашаган адамдар эмне үчүн көп жашап, аз оорушат, себеби алардын жеген тамагы табигый да, жашаган жери таза, таза абада жүрүшөт, таза суу ичишет. Байкасаңар, айыл жерлеринде 80-90 жашка чыга жашаган адамдар көп. Мен, мисалы, шаарга барганда көп жашаган адамдарды аз көрөм. Анан айылдагы карыган адамдар алдан-күчтөн тайбайт да, карыса деле өз тиричилигин өзү өткөрүп, оокатын жасап жеп, кирин жууп дегендей, бирөөгө көз каранды болуп отуруп калбайт да. Бул дагы ошо жеген тамагынын, жашаган жеринин тазалыгынан да. А шаарда эмне, бүт нерсе химикат кошулуп жасалат да, аны жакшына кылып кооз нерселерге ороп коюшат, мына ошолор акырындап ден соолукту бузат да.

Мен бардык эле бизде өскөн чөптөрдү колдоном. Эми бизде көп кездешкен чөптөр: жалбыз, бака жалбырак, эрмен, кийик от, беде, чай чөп, бозунач, жылан чөп, аткулак, каакым, чалкан, жапайы сарымсак, жазында болсо жайлоолордо чукурдук, кымыздык, ышкын дегендер өсөт, тоо пиязы өсөт. Негизи, биздин Кыргызстанда өскөн чөптөрдүн көбү эле дары да. Бирок абайлабаса, уу чөптөр дагы бар. Мисалы, дурман деген чөп болот, аны байкабай ичип алса, адам чөптөрдү туура жыйнап, туура кургатып, туура пайдаланбаса, алар деле терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Мен чөптөрдү кагаз калталарга же коробкага салып сактайм, эң жакшысы буладан жасалган кездеме калтага сактаган жакшы. Банкага деле сактаса болот. Эми анын канча сакталарын да билиш керек. Мисалы, чөптөрдү бир жылдан ашык сактаганга болбойт. Бир жылдан ашык сакталган чөп пайда бермек тургай зыян болуп калышы мүмкүн. Гүлдөрдү эки жылга чейин колдонсо боло берет. Ал эми тамырларды болсо, 3-4 жылга чейин колдоно берсе болот.

Гүлдөрдү мен аз колдоном. Мен гүл деп айтканым, жанагы өсүмдүктөрдүн гүлдөрү. Мисалы, долононун гүлүн да, бөрү карагаттын гүлүн да, акациянын гүлүн да, бакта өскөн мөмө-жемиштердин гүлдөрүн да жыйнап, кургатып алса болот да, кышында керек болуп калса, кимге бармак элең, өзүңдө болсо жакшы да. Мындай нерселерди ооруганда гана издеп калбастан, кез-кезде колдонуп жүрсө зыяны деле болбойт, мисалы, орустар чөптөрдүн түрлөрүн кошуп алып, витамин чай деп ичип жүрүшөт го, ошентип ичип жүрсө, организмге керектүү витаминдер толукталып турат да, анча-мынча ооруну да тоготпойсуң.

Гүлдөрдөн болсо мен ромашка, сары гүл, орусча календула деп коет го, ушуларды эле колдоном. Эми гүлдөрдү косметика катары жаштар колдонот да. Шаардагы кыздар келип калганда, розага бет жуугандарын көрүп калам.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>