Соорбеков Дурусбек, Биздин эң жакшы дарыбыз – кожогат

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Соорбеков Дурусбек, 44 жашта, Аксы району, Мукур айылы, Жалал-Абад аймагы

Кожогатты көбүнчө фляга-фляга кылып терип, сатышып акча кылып, тамак-аш алышат. Айылда жумуш жок эмеспи. Мөмө-чөмө бышкан мезгилде, мөмө-чөмө сатабыз, күздө жайлоодон мал келгенде, мал сатабыз. Анан мен билгенден кожогаттын дарылык касиети чоң деп келинчегим жылда варенье жасайт. Анан кышында көбүнчө эл сасык тумоо менен ооруйт го, ошондой шартта бизге вареньеден кайнак сууга чылап ичирип койсо, ал аябай тердетет дагы, бат эле сакайтат. Биз кышында сасык тумоого башка дары-дармек деле колдонбойбуз. Биздин эң жакшы дарыбыз – кожогат. Эл деле кожогатты көп пайдаланат. Анан анын жалбырагын деле чай ордуна демдеп ичсе, анча-мынча суук тийгендеги оорулардан дарылайт экен. Келинчегим анын жалбырагын дагы кургатып, сактап коет.

Андан сырткары ал жерде кайындар өсөт, апам ошол кайыңдарды дагы дарылыкка колдонот. Көбүнчө кайыңдын жалбырактарын кургатып, сактап коет. Кандай ооруга каршы колдоноорун мен так билбейм, бирок ошол биз барганда жалбырактарын жыйнап келди. Анан кайыңдын кабыгын биз кичине кезибизде ар кандай жараларды айыктыруу учун колдончу элек. Менин эсимде бар, кичинемде мага бир жара чыккан, ошондо ошол кайындын кабыгын коюп туруп, анан таңып койчу. Кайыңдын кабыгы менен ошол жараны айыктырганы эсимде.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>