Сажида:Бир эле чөп бир канча ооруга дары

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Сажида, 66 жашта, пенсионер, Таш-Көмүр шаары, Жалал-Абад шаары

Мен ар кандай ооруга ар кандай жолдорду колдоном, ал ооруга жараша болот. Мисалы, колу чыгып келгендер болсо, мен адагенде укалоо жасайм, биоток берем, анан колун салып берем. Ал эми сынган жер болсо, шакшак таңып, ар кандай жаныбарлардын майын сунуш кылам. Эгер суук тийип тумоо-бучкактап калса, ага да өзүнө жараша кеңеш берем, мисалы, тумоо-бучкакка кожогаттын варьенесин чайга кошуп, же жалбырагынан чай демдеп ичсе, кожогат тердетип, бат айыктырат. Отурган жерин дагы адырашман же арча менен түтөтүп, ысырыктап туруш керек. Адырашман менен арча абадагы микробдорду жок кылат. Андан сырткары тумоодон пияздын согун же пиязды майдалап колдонсо, эң жакшы жардам болот. Эми айта берсе көп, анын баарын айтып бүтүш кыйын. Бир эле чөп бир канча ооруга дары. Мен элди дарылаганда жан-жаныбарлардын майын дагы, биотокту дагы, чөп-чарды дагы колдоном, эгер мага келген адам догдурдан дарыланып жатса, ал дарыланууну деле уланта берет.

Мен көбүнчө каздын майын, аюунун өтүн колдоном. Балдан чөпкө аралаштырып дары жасап берем. Каздын майын көбүнчө күйгон жерлерди айыктыруу үчүн колдоном, каздын майы күйгөн жерди так калтырбай таза айыктырат. Аюунун өтү сынган жерди тез бүтүрөт, оорусун басат. Аюунун өтү оңой менен табылбайт, аны мергенчилерден эле таппаса, табыш кыйын. Аюунун өтү аябай ачуу болот, дарынын ачуусу биякта эле калат. Аны дагы чыдагандар ичет. Мен көбүнчө чөп-чарды колдоном.

Биздин короодо, талааларда өскөн чөптүн баары эле дары, эл ошого жакшы маани бере бербейт. Мен бака жалбырак, жалбыз, чалкан, ромашка, беде, сары гүл, аткулак, кийик от, ак кодол, чырыч, бозунач, чай чөп, жылан чөп, череда, каакым, койчу деги бардык эле чөптөрдү колдоном. Ал эми дарактардан болсо короодо өскөн алма, жүзүм, бээ алма, анар, деги баары эле дары. Ал эми жапайы өсүмдүктөрдөн арча, сары долоно, кызыл долоно, чычырканак, ит мурун, кайың, бөрү карагат, карагай, жаңгак баары эле дары. Болгону аларды кантип жыйнап, кантип кургатып, кандай ооруга кантип ичиш керек экенин билиш керек.

Кээ бир чөптөр күн чыккандан кийин ден соолукка зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат. Аны ичип алса «артык кылам деп, тыртык кылыптыр» дегендей болот да, ден соолугун ондойм деп бузуп албайбы. Чөп-чарды деле колдонуш оңой эмес, бул дагы өзүнчө чоң илим. Мисалы, биздин шаар ичиндеги чөптөрдү колдонууга болбойт, шаардан көмүр чыгат да. Машиналар да көп, алар кандай гана уулуу газдарды бөлүп чыгарышпайт. Союз убагында аскер заводу иштеп турганда бул жерде чөп да азайып кеткен.

Мен чөптү жайлоолордон терип келем. Тегенеге барсам ошол жактан терем. Анан биз айылда жашаган тууган-урукка тез-тез каттап турабыз да, ошол жакка барганда да жөн келбей чөп тере келем. Чай чөптү чай ордуна колдонсо болот. Жалбызды чайга кошуп ичсе, чайдын даамы буркурап жыттуу чай болот, ден соолукка да пайда. Жалбызды салатка да кошсо болот. Ал эми каакым, беде, чырыч, чалкан, жалбызды кошуп самса, салат жасаса, канча тойсоң дагы жегиң келе берет, ошончолук даамдуу, дарылык касиети да чоң.

Чөптү тебеленбеген жайлоо, абасы таза жерден чогултуш керек. Бизде, Таш-Көмүрдө өскөн чөптөр болбойт. Чөптү күндүн нуру чыга элек кезде чогултуш керек. Анын кургатуунун да өзүнчө жол-жобосу бар, чөптү көлөкө, таза жерге шамалдатып кургатыш керек. Кургаткандан кийин сактоонун да өз ыкмасы бар. Кургаган чөптөрдү пахтадан жасалган кездемеге салып сакташ керек.

Арча жана адырашман менен үйдө, ишкананы, баскан-турган жерлерди тез-тез түтөтүп турса, тумоо-бучкак деген нерсе жолобойт. Ошондуктан бул эки нерсени үйлөрдү аластаганда дагы колдонушат. Арча менен адырашман ооруну гана дарылабастан, шайтан-шуйтанды дагы жолотпойт. Мына ошон үчүн үйлөрдү аластаганда мына ушул эки нерсе колдонулат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>