Күлүйпа, Үй-бүлөм сыркоолоп калса чөп дарылар менен эле дарылап коём

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Күлүйпа, 67 жашта, Аксы району, Жаңы-Жол айылы, Жалал-Абад аймагы

Биздин айылда жаңгак аябай көп өсөт. Жаңгактын адам баласына дагы дарычылык касиеттери аябай көп. Ал жерде жаңгактан башка сары долоно, кызыл долоно, тыт, жүзүм, катыреңки жана башка өсүмдүктөр өсөт. Булардын баары ден-соолукка пайдалуу. Мен, мисалы, бала-чакам сыркоолоп калса, чөп-чардан берип эле өзүм дарылап коем, ооруканабыз алыс, ал жакка жетиш үчүн жөө бир жарым саат жол басыш керек. Ал эми ооруп жаткан бала кантип жетсин? Мына азыр эле бул жакта балдар Россияга барып иштеп, машиналар көбөйүп калды. А биздин балдар жаш мезгилинде каяктагы машина дейсиң, болгону эртең менен, кечинде автобус келет эле. Ошон үчүн балдарды өзүбүз эле чөп-чар менен дарылап алганга мажбур болот элек. Айла кетип, колдон келбей калган учурларда гана ооруканага барчу элек да. Мен 10 баланы өстүрүп, чоңойттум. Баары аман-эсен чоноюшту. Мына азыр бары-жогу үйлөнүп, жайланып,өзү менен өзү болуп калды.

Эгер бала-чакага жара чыгып кетсе, чырмоок чөптү жанчып таңып койсо, ал жара бат эле айыгып кетет. Бычак менен кол-солду кесип алса дагы, чырмоок чөп ал жерди бат бүтүрөт. Эгер балдар аллергия менен ооруп калса, чалканды сууга кайнатып, ошол сууга жуунса, кычыткы басылат. Сарымсакты майга кууруп жесе, кычыткы оорусун тез басат. Бала-чаканын ичи өтүп калган күндөрү анардын кабыгын же албалинин бутагын кесип чайга кошуп берсе, дагы бир сары гүлдүү чөп бар, аты эсимден чыгып жатат азыр, ошол чөптү чай кылып демдеп ичирсе, ич оорууну тып басат. Сарык ооруулары менен ооруп калган күндөрү, бөрү карагаттын бутагынан чай демдеп ичире берсе тез жардам берет. Жанагындай тумоо бучкак болуп жөтөлүп калган мезгилде, пиязды сүткө кайнатып, же чайга балды же кожогаттын вареньесин салып ичиш керек. Варенье жок болуп калган мезгилде, кожогаттын жалбырагын деле таза жууп туруп, андан чай демдеп ичирип, жылуу жаткырып бир-эки тердетип койсо, бала тез эле айыгып кетет. Бала-чаканын ичинде жанагыдай майда курттар болсо, ашкабактын уруктарын балга кошуп берсе, ичиндеги курттар жоголот. Буга окшогон дары чөптөрдүн касиетин айта берсе оголо көп. Мен балдарды мына ушиндип эле дарылап, айыктырып алчуммн. Азыр балдарым: «Биздин догдурубуз жаныбызда», – деп күлүп калышат.

Ээ кагылайын. көзүңө көрсөткөн баланы кудай-таала оорутпасын. Балаң ошентип кыйналып турса, кантип догдур болгонуңду да сезбей каласың. Эси-дартың балаңда болуп, канткенде баламды жакшы кылып алар экем деп, уккан-көргөн нерселериңди жасайсың да. Менин апам азыр 90го жакындап калды. Дагы деле демдүү, күчтүү. Апам биз сыркоолоп калганда ушинтип чөп-чарларды берет эле. Ал убакта догдур деле азыркыдай көп карабайт беле, же биз өзүбүз догдурга барбайт белек, мен ушул жашка келип, деги эле доктурга барганым эсимде жок. Биз оорусак, ушинтип кыргызчылык кылып, жан-жаныбарлардын май-сайларын, чөп-чарларды колдонуп, ушинтип өзүбүзгө-өзүбүз догдурлук кылабыз, кудайга шүгүр, кудай колдоп, шыпаасы жакшы жүрөт. Дарыны деле ошол чөп-чардан жасашат. Дары чөптөр өзүбүздүн бут алдыбызда жайнап жатса, аптекага дары деп чуркаган болбогон эле жорук. Азыр дарыңа деле ишенич жок. «Самопал» дарыларды чыгарышаарын телевизордон деле көрсөтүп жатпайбы. Алар жардам бермек түгүл, бар ден-соолугуңду кайра жок кылат.

Чөптү кайсыл убакта жыйнап, кантип кургатыш керек экенин да билиш керек. Эгер чөптү туура эмес жыйнап, туура эмес кургатып алсаң, жанагы «самопал» дарыга окшоп пайда бермек түгүл, зыянын тартасың. Чөптөрдү эртең менен эрте, күн чыга элек салкында элдин буту баспаган жерден жыйнап алыш керек. Аларды көлөкө жерге таза кургатып, чүпүрөк калталарга майдалап салып, сактаса болот. Бир жыл сакталган чөптү кийинки жылы колдонгонго болбойт. Кийинки жылы жаңыдан чөп жыйнап, кургатып алыш керек. Мен ошентип чөптөрдү дайым алып жүрөм. Кээде кошуна-колоңдор да чөп сурап келип калышат, менде дайым чоп үзүлбөшүн билишет. Биздин жерде жери гана ыйык эмес, чөп-чары дагы, жан-жаныбары дагы, бардыгы ыйык деп ойлойм.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>