Кадырбеков Козубай: Дарыга акча жок болсо, чөп-чар колдоносуң да

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Кадырбеков Козубай, 65 жашта, Майлуу-Суу шары, Жалал-Абад аймагы

Ооруп-сыктасак догдурга барабыз. Догдурдан өтөөрү барбы? Өзүңдүн колундан келбеген нерсени билгендерден сураш керек да. Эми бир жериң ооруса эмне кылаарынды билбей айлаң куруп калат, ошондо догдурга барсаң, текшерип, керектүү дары-дармегин жазып берет. Болгону дары-дармек кымбат да, биздин пенсия эмнеге жетмек эле, дарыга жетеби же оокат-ашына жетеби, догдурлар жазып берген дарыны акчабыз жетишинче алып ичебиз, жетпегени калат да. Кимге бармак элек жалдырап, азыр «өзүңдө жок болсо ааламда да жок» деген заман. Өзүңдө болбосо эч ким эч нерсе бербейт, болсо да бербейт.

Жаныбарлардын майын колдоном. Байкуш кемпирим, мен ооруймбу, бала-чака ооруп калабы, майын көтөрүп келип дарылап калат. Менин көбүнчө бутум ооруйт, ошого көбүнчө доңуздун, кашкулактын майын шыбап, анан жылуу таңып берет. Муундарым ооруйт да. Күн бүркөлүп калса да бутум сыздап ооруп чыгат. Эми бул эски оору да, оңой менен айыкпайт. Доңуздун деле, кашкулактын деле майы ооруган жерди убактылуу эле басат да. Аптекадан деле ар кандай майларды алып шыбайбыз, ал деле ошол. Кокуй бул жыландын уусунан жасалган май, бул жакшы жардам берет деп бир майды жазып берген, ал май ысытканын ысытат экен, аябай күчтүү май экен, тимеле ысытып, тызылдатып жиберет, бирок анын жардамы деле убактылуу экен. Айыктырса эмгиче айыгыпкалат эле го. Догдурларың деле: «Аба, сиздин ооруңуз эски экен, айыгышы кыйынболот, ушул дарыларды сөзсүз ичиңиз», – деп колуна карматып коет, акчаң барбы,жокпу, иши барбы.

Дарыга акча калбай калганда айла жок чөп-чарды колдоносуң да. Башкааргаң жок, кичине болсо да оорусу токтосун деп ар айланы кыласың.Антпесе «оорунду жашырсаң, өлүм ашкере кылат», – дегендей болбойбу. Мен эмикемпир эмне чөп берсе, ошону иче берем да, эми аялдар чөп-чарды бизге караганда жакшы билет, менин экинчи догдурум – кемпирим да.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>