Жалал-Абад аймактын тургундары өсүмдүктөр жөнүндө

[Бул интервьюлар Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Кожонов Улукбек, 29 жашта, Аксы району, Кудук-Сай айылы, Жалал-Абад аймагы

Ал булак короонун сыртында турганда, жанында алча, анан теректер, камыштар бар эле. Азыр эми короолоп алыптыр, ал короонун ичинде түрлүү бак-дарактары бар да. Негизи, биздин Кудук-Сай айылында бардык өсүмдүк, мөмө-жемиштердин түрү өсөт. Башка жактан биздин бир өзгөчөлүгүбүз – бизде мистелер аябай чоң-чоң болот. Биз ошол мистелерибиз менен аябай сыймыктанабыз. Экинчи өзгөчөлүгүбүз – биздин климат аябай жагымдуу. Ошон үчүн бизде бары өсөт. Мисалы, Ноокенде буудай жакшы болсо, пахта жакшы болбой калат, пахта жакшы болсо, жер-жемиштери жакшы болбой калат. А бизде болсо, бардык түшүм жакшы болот. Башка жактан кечирээк эгилет, бирок ошолор менен тең бышып калат. Ошондуктан биздин Кудук-Сайлыктар кобунчо жер иштетип, мөмө-чөмө, эгин-тегиндерди сатып байышат.

 

Боталиев Муратбек, 58 жаш, Аксы району, Ак-Суу айылы, Кара-Кыз эне (Ак-Пейил эне) ыйык жери, Жалал-Абад аймагы

 

Бизде чөптүн түрү аябай көп. Эми мен анын баарын тааныбайм. Анан кайсыл чөп кайсыдан жакшы болоорун деле жакшы билбейм. Кичинекейибизде күнүмдүк турмушта колдонгон чөптөр эсимде. Мисалы, колубузду же бутубузду тилдирип алсак, чырмоок чөптү жанчып-жанчып, ошол жаратка коюп таңып койсок, бат эле жарат айыгып калчу эле. Ошондой жараттарга бака жалбыракты дагы колдончу элек. Анан келинчегим кийик от дегенди тамакка кошчу. Биз жакта зире деген чоп өсөт, аш басканда даамдуу болуш үчүн кошушат. Анан бедеден, чырыштан, каакымдан кошуп самса жасайт. Анан чалкан, эрмен, жалбыз жана башка чөп көп. Ич өткөндө, бөйрөк, ашказан ооруганда дарылай турган чөптөр өсөт. Бизде чөп ошончолук жакшы, ат менен араласаң көрүнбөй каласың.

 

Ашырова Умсун, 49 жашта, Ноокен району, Хиля айылы, Жалал-Абад аймагы

 

Айыл чарба максатында колдонулган өсүмдүктөрдөн бизде беде, пахта өсөт. Бедени биздин Ноокенде бир жылда эки жолу чаап алышат. Кээ бирөөлөр үч жолу чаап алганга дагы жетишет. Беде тез өсүп, тез жетилет да. Бир жолу чаап койгондон кийин кайра дагы тез эле өсүп калат. Кышында малга беде берсе, мал сүттүү, эттүү болот. Андан сырткары пахтанын майын чыгарып алгандан кийин топондору калат. Ал күнжара деп айтылат. Күнжараны жеген мал дагы семиз, сүттүү болот. Башка пахта өспөгөн жерде жашагандар бизге келип кышында малга бергени күнжара сатып алып кетишет. Пахтанын сөңгөгү отун катары колдонулат. Ал дандырга нан жапканга эң жакшы отун болуп эсептелинет.

Бизде беденин эки түрү өстүрүлөт. Жанагы кадимки тегерек жалбырактуу бедени самса жасаганы колдонсо болот. Беденин самсасы аябай ширин болот. А косметика катары бедеге чачты жууса, чачты өстүрөт, какачты кетирет. Экнчи түрү болгон эспарсетти колдонгонго болбойт. Ал узун-узун болуп өсүп, мала-кызыл түстөгү гүлү бар. Аны колдонгонго болбойт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>