Абдуллаева Нускайым: Кээ бир адамдар биотокту айдан, күндөн алышат

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Абдуллаева Нускайым, 62 жашта, Аксы району, Тогуз-Булак ыйык жери

Ал жерде булак, таш деле жок. Баягы эки баатыр өткөн жер деп, ошол эки баатырдын шейити бар. Анан ошол жерге оголо көп жийде өсүп калган. Жийде бизде жөн эле өсө бербейт. Шариятта жийдени, курманы бейиштин тамагы деп айтышат. Анан ошол көоп жийделер чыгып калгандыктан мен ойлойм да, демек Жаныш-Байыш-Ата ошол бейиштен орун алган деп. Бул жийделерди эч ким отургузган эмес, кандайдыр бир кудайдын керемети менен ошол жерге өсүп чыгышкан, болбосо жийде биздин Кара-Көлдө өспөйт.

Мөмөсүмайдараак болуп калганы болбосо, ал абдан таттуу. Ал жийделерди элдер сыйынганы барганда терип кетип, бала-чакасына, тууган-туушкандарына беришет. Элде мындай ишеним калган, кимде-ким ошол Жаныш-Байыш-Атага сыйынып, зыярат кылып ал жерде өскөн жийденин мөмөсүн балдарына алып келип жедирсе, ошол жерде өскөн жийденин мөмөсүнө окшоп бапырап-тапырап, өнүп-өсүп. ошол үйдө бала-чака көбөйөт дешет. Мен жогоруда айтып кетпедимби, биздин Кара-Көлдө башка жерде жийде өспөйт, бул жерде кандайдыр бир кудайдын керемети менен өсүп калган бул жийделер. Элде айтат го, Аравияда дагы ушул жийде өсүмдүгүнөн башка эч нерсе өспөйт экен деп, ошол себептен бул жийдени бейиштин тамагы деп атап коюшкан да. Анан дагы бул бейиштин тамагы деп эсептелгендиктен, жийденин мөмөсүн жегендер чоң соопко калат деген максатта атйын деле келип терип кетишет. Ошол жийденин мөмөсүн жесе, Жаныш-Байыш-Атага сообу тийет экен. Кудай акы мен өзүм терип кете элекмин, бирок терип кеткендерди көрүп жүрөм. Мен жийде быша электе же гүлдөп турган убакта келип, жийде бышкан мезгилге туш келе албадым. Андан сырткары, жийденин мөмөсүн дарылыкка да колдонушат. Мисалы, ичи өткөн балага жийденин мөмөсүн жедирсе, ич оорууну басат, богок оорусу менен ооругандар жесе, аны дарылайт. Анан жийденин сөөгүн дагы бул бейиштин оокаты болгон үчүн, сөөгүн да тебелендиге таштабаш керек деп, илгерки адамдар чачбак кылып чачына күмүш жасалгалар менен кошуп тагып жүрүшчү. Көз тийгенден сактайт деп жаш балдардын баш кийиминин маңдайына, көрүнөө жерине, же колуна байлап же кийиминин бир жерине тигип коюшчу. Мен ал жактан көкөмерен деген чөптү жана башка чөптөрдү терип келип жүрөм.

Көкөмерендин дарылык касиети абдан көп. Бул чөп да бардык жерде эле өсө бербейт. Ал ыйык чөп. Ошон үчүн мындай ыйык жерде өсуп калган болуш керек. Көкөмеренди бронхит, жүрөк оорусу менен ооругандар, кан басымы жогорулар пайдаланат. Мен мага ушул оорулар менен келгендерди көкөмерен менен дарылайм.

Мен биоток менен дагы дарылайм. Кээ бир адамдар биотокту айдан, күндөн алышат экен. Анан биотокту көп алып, убагында адамга бере албай калса, өздөрү дагы ооруп калышат. А кудай-таала биотокту мага өзүмө берген. Мен айдан биоток албайм, жылдыздар менен сүйлөшпөйм, биоток өзүмдүн денемде. Мына мен азыр эл көрбөгөндө муздак болуп эле турам, а эл көрүп баштаганда денемден биоток өзү эле бөлүнүп чыгат. Эл ар түрдүү, оорусу да ар түрдүү. Кээ бирөөнүн оорусуна көп биоток талап кылынат, кээ бирөөлөр өтө ысыкты жактырбайт. А менден чыккан биоток ошол адамдын өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп чыгат. Мен алла-тааланын ушунусуна ыраазымын, мендеги биотокту өздөрү жөндөп, адамдын алына, көтөрүмүнө жараша кылып берип турат. Кудай-таала берген ар кандай эм бар, эм менен иштейм. Анан дагы ар кандай оорунун алдына алуу үчүн күндө эртең менен эрте ачкарын бир балгам кайнатылып муздатылган дак суу ичип жүрсө, адам оорубайт. Ал сууну ичкенден кийин жарым саатка чейин тамак жебеш керек. Жарым сааттан кийин тамак жей берсе болот. Мындай суу менен дарылоо, биринчиден, адамдын терисин жашартат, экинчиден, баягы түнү менен топтолуп калган шлактарды, туздарды организмден айдап чыгат, ошентип отуруп шлактар, туздар бүт айдалып чыгат да, жаңылары пайда болбойт, үчүнчүдөн, адам өзүн абдан жеңил жана шамдагай сезет. Көрдүңбү, кадимки эле кайнак суунун касиети деле канча күчтүү. Мындай кайнак суунун дарылык касиетин мүмкүнчүлүк болсо өмүр бою колдонуп жүрсө дагы болот. Эң жакшы дарылоо ушул – бул бардык адамдын колунан келет. Мына ушундай.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>