Юсупова Зебера “Чоң атам Юсуф Хазреттин күмбөзү”

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Юсуф-Хазреттин небереси. 1968-жылы 16-мартта Ырдык айылында төрөлгөн. 1989-жылы Каракол шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филиалында, тарых бөлүмүн аяктаган. Учурда Юсуф-Хазрет атындагы орто мектепте тарых сабагынын мугалими болуп иштейт.

Ырдык айылында жашаган дунгандардын улуттук улуу ыйык жайы – бул Юсуф Хазреттин күмбөзү.

Кытайда дунган элинин манжурларга каршы Тайпин деп аталган көтөрүлүшү болгон учурда (1862-1877 гг.), Юсуф Хазрет көтөрүлүштүн жетектөөчүлөрүнүн бири болгон. Уйгурлардын чыккынчылыгынын айынан көтөрүлүш максатына жетпей калган. Ошондо өз элин сактап калыш үчүн жана атасынын (көтөрүлүштүн негизги жетекчисинин) батасын алыш үчүн, Юсуф Хазрет элин Тянь-Шань ашуулары аркылуу Кыргызстанга (ал кезде али Орусия мамлекети) алып өткөн. Бийликтегилер дунгандарга качкындар катары алар жашаш үчүн экинчи капчыгайды – Ак-Суу менен Ырдыкты сунуш кылган. Ырдык, дунган тилинен которгондо, (Э.гу.до) эки капчыгай дегенди билдирет.

Жаратылышынан дыйкан дунгандар жердин шартына карап, Ырдыкты тандап алышкан. Юсуф Хазрет дунгандарды 1865-жылдары ноябрдын аягы, декабрдын башында алып келген. Турак-жай болгон эмес, алар кыштан чыгыш үчүн, чоң суунун жээгине жер үйлөрдү куруп жашашкан. Үйлөр кытай архитектурасы боюнча эч бир мыксыз курулган. Азыр Ырдык айылында ошондой түрдөгү эки үй жана оймо-чийме, сүрөттөрү бар бир дарбаза сакталып калган. Ошондой эле чеберлер тарабынан дунган мечити салынган. Кызык жери, үч башка жерде курулган үч мечитке бир эле технология колдонулган, мунун өзү бул үчөөнү бир бүтүн комплекс катары көрсөтөт.

1. Ырдык айылындагы мечит – бул ажыдаардын башы;

2. Каракол шаарындагы мечит – ажыдаардын тулкусу;

3. Казакстандагы (Нарынколдогу) мечит – ажыдаардын куйругу.

Бирок, болжол менен, 1915-16-жылдары орус падышачылыгы тарабынан дунган дин кызматкерлерине куугунтук жасала баштаган. Динсиздер алардын ыйык жайын кордобошу үчүн, дунгандар дароо мечитин өрттөп салган. Бүгүнкү күндө ал мечиттин пайдубалы гана сакталган.

Юсуф Хазреттин күмбөзүнүн аймагына эркектерге гана кирүүгө болот, аялдарга уруксат берилбейт. Уруксат берилген гана адам дунгандар үчүн бул ыйык жерди басууга болот. Жергиликтүү калк бул ыйык жайга зарылдыгы жок баш баккандан коркот.

Күмбөздүн короосунда ар түрдүү жемиштер өсөт. Бирок, мөмөлөрү бышканда да, эч ким, жадагалса балдар дагы, аны үзгөнгө барбайт. Үй-бүлөдө кимдир-бирөө ооруп калган учурда гана, эл, имамдын уруксаты менен, дарылык үчүн жемиштердин мөмөсүнөн үзүп же күмбөздүн топурагын, же чүпүрөктүн кесиндисин ала алат. Бул өзгөчө балдарга жакшы жардам берет. Бул жер жергиликтүү дунгандар үчүн гана ыйык.

Юсуф Хазреттин сөөгүнө сыйынуу жана кадырлоо, урмат көрсөтүү үчүн, бул жерге бүгүнкү күндө Борбордук Азияда, Кытайда жашаган дунгандар дагы келип турушат. Жакында Кытайдан өкүлдөр келип, куран окутушуп, күмбөздүн үстүнө Кытайдан алып келген матасын жабышты. Кайра кетип жатышып, алардын келишине чейин жабылып турган матаны таберикке сурап кетишти. Юсуф Хазреттин атасынын күмбөзү болсо Кытайда жайгашкан.

Дунгандар үчүн оор жылдарда Юсуф Хазрет элин жаңы орунга алып келгенде, анын аркасынан манжурлар катуу куугунтуктаган, атайын киши өлтүргүчтөрдү жалдашып, Юсуфтун башын кесип келүүнү буйрук кылышкан. Бирок, жергиликтүү дунгандар аны катып, сактап калышкан. Ошентип, жалданма киши өлтүргүчтөр аны таппай калышкан. Кийинчерээк анын сөөгүн уурдап алып кеткенге аракеттенишип, анда дагы дунгандар бекем турушкан.

Юсуф Хазрет менен бирге күмбөздүн короосунда анын үй-бүлөсүнүн сөөгү жашырылган. Тууган эмес, мындай адамдан ал жерде бир гана кишинин сөөгү бар - ал деле өмүр бою Юсуф Хазреттин жанында жүрүп, ага кам көрүп, кийин күмбөзүн кайтарган адам болгон. Ал өзү өлөөрүндө сөөгүн Юсуф Хазреттин жанына коюуну суранган.

Күмбөзгө ар бир жума күнү «жума намаздан» кийин, мечиттин имамы менен кошо көп адамдар келишип, куран окутуп турушат. Ошондой эле, айтта (курман айт жана орозо айт) түлөө өткөрүшөт, «назырга» – маркумдарды эскерүүгө келишет.

Тайпин көтөрүлүшү жеңилгенден кийин, дунган элинин Юсуф Хазрет менен кеткенден башка бөлүгү Байанхунун жетекчилиги менен Чүй өрөөнүнө, Мадажынды ээрчигендер Ошко көчүшкөн. Юсуф Хазрет, Байанху жана Мадажын достор болушкан, Кытайда жогорку окуу жайда бирге окушуп, «тунжен» наамына ээ болушкан.

Юсуф Хазрет дунган исламындагы «джехрия» диний агымынын негиздөөчүлөрү болгон Кытайдын Ганьсу аймагындагы атактуу «Ма» үй-бүлөсүнүн бир бутагынан чыккан.

Ырдык (Дыйшын) дунгандарынын диний ырым-жөрөлгөлөрү Борбордук Азияны жердеген дунгандардыкынан бир канча айырмаланат.

Адам өлгөндө, 40 күн эркек, аял дебей, ак кийнип жүрөт, башкача айтканда, эркектер башына ак чалма байлап алышат, аялдар ак жоолук салынышат. Өлүк чыккан үйдө, үч күнгө чейин тамак жасалбайт, от жагылбайт (аза күтүп жаткан үй-бүлөгө тамак-ашты туугандары, кошуналары алып келип турушат), төртүнчү күн дегенде гана ал үйдө тамак-аш жасалат, ошондо да эркектер гана, жана эң эле жакын туугандардын аялдары келишет.

Жетинчи күн – назыр. «Назырга» атайын «ваце» тамагы жасалат. Ал тамакты «назырга» карата гана жасашат. Бул тамак жашылчалардан, ичеги-карындан («назырга» арналып союлган малдын ичеги-карынынан), картөшкө менен эттен даярдалат.

Дунгандар такыр жылкы сойбойт. Жетинчи күн дегенде сөөк узатууга келген адамдардын бардыгы келишет. Ар бир жети күн сайын куран окутулуп, «назыр» бир айга чейин созулат. Андан кийин бир айлыгы, кыркы, 49 күндүгү, 100 күндүгү өткөрүлөт жана жыл сайын маркумдун өлгөн күнүндө куран окутулат ж.б.

Үйлөнгөндө, колуктуну ала качып эмес, кудалап алышат. Эки тараптын макулдашуу күнү белгиленет. Салт боюнча атайын адамдар (жуучулар) күйөө менен колуктунун ата-энесин үйлөнүү үлпөтү менен куттуктайт. Колуктуга да, күйөөгө дагы сеп камдалат. Колуктуга – атыр, упа өңдөнгөн косметикалык буюмдар, төшөнчүлөр, алтын – мунун бардыгы колуктунун ата-энеси тарабынан- кыз-күйөөнүн беш жылга үйгө керектүү буюмдар менен камсыздалышы үчүн даярдалат. Колукту үчүн калың берилбейт.

Үйлөнүү үлпөтүнөн төрт күндөн кийин, колуктунун энеси кызын көрүш үчүн кудасыныкына барат жана белек-бечкектерди: атайын даярдалган кесме, момпосуй жана эт алып келет. Кесме менен эт чийки болушу керек. Бул каада-салт илгертен бери келе жатат. Кызды көргөнү аялдар гана барат.

Уламыш боюнча, император бир жолу түш көрүп, түшүндө анын үстүнө коркунучтуу оттуу шар бастырылган болот. Качан шар ага абдан жакындаганда, башына чалма салынган бир адам чыгып, аны оттуу шардан сактап калат. Император өзүнө түшүн жоруп бере турган адамды чакыртып, түшүндүргөндө, ал адам оттуу шардын душмандар экендигин, ал эми чалма чалынган адам арабдар экендигин айтат.

Бир нече айдан кийин императордун жерине душмандар кол салып, император араб аскерлерин жардамга чакырат. Душманы жеңилгенден кийин, император араб аскерлерин өзүндө калтырууну чечип, бул үчүн ал арабдарды кытай кыздарына үйлөнтүүнү чечет. Сулуу, акылдуу кытай кыздарды чакырып, үлпөт уюштурат. Ошентип, кытай кыздары менен араб аскерлеринин никесинен кытай-мусулмандары дүйнөгө келет. Кытайда дунгандарды дагы эле «кытай-мусулмандары» деп аташат.

1992-жылы Ырдык айылында ашар жолу менен мечит салына баштайт. Кийинчерээк коммерсант Дасиев Малик мечиттин башка курулуштарын – медресе, даараткананы жана мугалим (сыфы) үчүн үйдү куруп бүтүрөт.

2008-жылдын 7-ноябрында Ырдык айылында Дыйшын (Ырдык) айылынын негиздөөчүсү Юсуф Хазреттин урматына Грек-рим күрөшү боюнча республикалык мелдеш өткөрүлөт.Айылда дагы эле 1911-жылы курулган орус-тузем мектеби сакталып калган.

Ырдык айылында жашаган дунгандар үчүн, Юсуф Хазрет эли үчүн эң татаал учурда бардык машакаттар менен кыйынчылыктарга каршы турган адам катары элдин руханий символу болуп саналат. Юсуф Хазреттин күмбөзүнүн курулганына 120 жылдан ашты.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>