Мансуров Бектур, Сарткалмактар

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Мансуров Бектур, Сарткалмактар

1948-жылы Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган. 1975-жылы П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы музыкалык училищени бүтүрүп, солист, жалпы билим берүүчү мектептерде «Ырдоо» сабагынын мугалими адистигин алып чыккан. Телекөрсөтүү жана радио Мамлекеттик Комитетинин Опералык театрында хордун солисти (1975), Ысык-Көл мамлекеттик маданият башкармалыгында автоклубдун жетекчиси (1976-77), Пржевальск Мамлекеттик музыкалык училищесинде окутуучу (1977-81), Ысык-Көл облустук эстеликтерди жана маданияттын тарыхын коргоо коомунун жооптуу катчысы (1981-82), Каракол шаардык маданият үйүнүн деректири, методист (1982-83), К.Жантөшев атындагы кыргыз драмтеатрдын башкы администратору, деректирдин орун басары (1984-91), Каракол шаардык администрациясында маданият бөлүмүнүн башчысы (1991-92), К.Жантөшев атындагы кырдрамдын деректиринин орун басары (1992-96) сыяктуу кызматтарда иштеген.

2005-жылы ажылыкка барып келген. «Инсандар дөөлөтү» (2004), «Өмүрү өрнөк инсандар» (2007) китептеринин автору. Челпек айылынын «Ардактуу атуулу».

Кыргызстандын чыгыш тарабында, Ысык-Көл дубанындагы Ак-Суу аймагында Челпек, Таш-Кыя, Бурма-Суу, Бөрү-Баш айылдарында «сарткалмактар» деп аталган улуттук топ жашайт. Сарткалмактар кыргыздын он эки уруусунан куралып, окумуштуулардын далилдөөсүндө: «Тили монгол тайпасына кирет, дини мусулман, салты кыргыздыкы», – деп айтылат. Окумуштуулардын (К.Карасаев, А.В.Бурдуков, В.В.Бартольд, С.М.Абрамзон, К.Бакеев) изилдөөлөрүнө, санжырачылардын (Ш.Эгембердиев, Ш.Осмонов) айткандарына караганда, сарт-калмактар мындан 2-2,5 кылым илгери пайда болгон этникалык улут тобу деген болжолдуу тыянак келип чыгат. 1865-1884-жылдардын аралыгында көптөгөн тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабастан, сарт-калмактар өздөрүнүн тегинин тарыхый мекенине көчүп келишкенде, жергиликтүү бийликтегилер Каракол жана Ырдык суусунун ортосундагы бош жер аралыгына отурукташууга чечим чыгарып, бекитип берген. Отурукташкан сарткалмак эли дыйканчылык жана мал чарбасы менен эмгектенишип, жаз мезгилинде Бөрү-Баш дөңсөөсүнүн тегерегинде, Кара-Суу адырларында малдарын жаздатышып, жайкысын Кашка-Суу, Чоң-Таш, Сары-Күңөй, Көктүз, Орус Орток, Карчкыя, Ат жайлоо, Калмак жон, Арпатектир, Көк тайпак, Ача-Булак, Зындан, кийинки жон адырларында мал-жаны менен жайыттап, күз, кышта айылдагы турак-жайларында жашаган.

Сарткалмактар отурукташып, ээлик кылган аймакта үч мазардын бар экендиги бүгүнкү күндө белгилүү. Бул, Бөрү-Баш айылынын түндүк четинде Акбаш ата, Таш-Кыя айылынын тургундарынын ата-бабалары отурукташкан Каракол коктусундагы тоо этегиндеги Май-Булак, Челпек жана Бурма-Суу айылдарын чектеп аккан Челпек суусунун жээгинде, айылдын орто ченинде жайгашкан байыркы мүрзөлөрдүн чет жагындагы Челпек мазарлары.

Сарт-калмактар этникалык топ болуп бириккен мезгилде ислам дининде экендигин жогорку иликтөөчүлөр тастыктайт. Экинчиден, Кытай жергесинен, (Батыш Монголия), Текестен ата-бабаларынын тарыхый мекенине көчүп келип, отурукташкандыгы, – Кыргыз жергесиндеги эң улуу мечиттин бири 1889-жылы Челпек айылында курулгандыгы далил. Ошондой болсо дагы, көчүп келип отурукташкан калк, касиеттүү деп аталган үч мазардын тегерегине жайгашкандыгы сырдуу бойдон калып келет. Мындан 50-60 жыл мурда, Челпек менен Бурма-Суу айылдарын кошуп турган сууга жакындаганда, улгайган адамдар Кудайга жалынып, келме келтирип, тилек тилеп өтүшчү. Жаштарга, майда балдарга «мазар талды сындырбагыла» деп эскертип турар эле.

Акыркы 20-30 жыл аралыгында сабатсыз атеисттердин же социалисттик идеологиянын кысымынанбы, Челпек мазарына маани берилбей, ал тууралу кеп-сөз деле болбой калган. Май-Булак, Акбаш ата мазарларына айрым бир учурларда адамдар келип зыярат кылышат. Зыяратка келгендер, башына кыйын иш түшкөндөр, жаңы бир иш баштагандар, кудайдан тилек тилегендер мазарга келип куран окутуп, Алладан кечирим сурап, жакшы тилектерди тилеп, кайрылып турушат.

Бул көрүнүш, бир нече кылым мурун, ислам динине чейинки кыргыздардын кудайга болгон ишенимине таандык көрүнүш. Бутпарастык сыйынуунун бир элементи сакталып келет деп эсептөөгө болот жана бул көрүнүш жалпы кыргыз элибизде үрп-адатка айланган руханий таяныч, тирек катары арабызда жашап келет. Илгерки менен азыркы сыйынуунун айырмасы, азыркы мазарга баргандар ата-бабаларга куран окутуп, тилек тилешет. Жергебиздеги көптөгөн мазарларда мазар талдарга чүпүрөк байлап кеткендерин кездештиребиз. Май-Булак жана Акбаш-Ата мазарларында чүпүрөк байланбайт. Мазар колдоочулар тарабынан байланган чүпүрөк дарактын өсүшүнө доо кетире тургандыгы эске алынып, бул көрүнүшкө тыюу коюлган. Челпек, Май-Булак, Акбаш ата мазарлары кылымдан-кылымга сырдуу сыйынуучу жайга айланып, биздин заманга чейин жашап келген тарыхы табышмактуу болгондуктан, менимче терең изилдөөлөргө, тактоолорго ылайык.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>