Иманалиев Элмирбек, комузчу, төкмө акын, обончу

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Элмирбек Иманалиев, 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Комузчу, төкмө акын, обончу, акыркы мезгилдерде ал Манас айтуу жагдайындагы өнөрүн дагы элге тартуулап келе жатат.

Башыбызга иш түшсө базарга эмес, мазарга барабыз

Кетмен-Төбө (Токтогул району) – кыргыз жергесинин өтө касиеттүү бир өңүрү. Айрыкча өнөр куту түшкөн жер. Көптү билген көөдөнү бай, көптү көргөн көзү ачык инсандардын айткандары боюнча айтылуу Шамшыкал ата мазары – өнөр мазары болуп эсептелет экен. Кыргыз жергесинин башка аймактарынан чыккан да көрүнүктүү өнөр адамдары дал ушул Кетмен-Төбө өрөөнүндө жүрүп жетилгени жалпыга маалым. Четинен эле айтканда, ырчынын кара туулгасы атыккан Эшмамбет, кара жаак Калык, обончу, шайыр Атай, залкар манасчылар – Балык, Жаңыбай, куудулдан Куйручук баш болгон көп таланттарды айтсак болот. Ал эми бул өрөөндүн өзүнөн чыккан таланттарды санасак өтө эле арбын. Ал тургай азыркы мезгилдеги кыргыз элинин ырчы-чоорчуларынын тең жарымы ушул өрөөндөн экени талашсыз. Канчалаган касиеттүү мазарлар да ушул өрөөндө. Кыргызда айтылып жүргөн мал пирлери:

Жылкы пири – Камбар ата

Төө пир – Ойсул ата

Уй пири – Зеңги баба

Кой пири – Чолпон ата

Эчки пири – Чычаң ата . Ушулардын ичинен Камбар ата менен Чолпон атанын мазары Кетмен-Төбөдө. Эң кызыгы Кетмен-Төбөдө уй мал, эчки малга караганда жылкы менен кой туягы бат арбыйт. Ал эми «Жаныш-Байыш» дастаны менен Кетмен-Төбө жергесинин тарыхы эгиз экени талашсыз. Ал тууралуу физик, тарыхчы А. Калыбековдун чоң эмгеги бар.

Кетмен-Төбөнүн Үч-Терек багытына – Саргата, Кызыл-Ураан, Ничке-Сай, Бууракан, Коңур-Өгүз, Камыш-Башы, Жетиген, Чоңко айылдары кирет. Алардын ичинен Коңур-Өгүз, Камыш-Башы, Чоңко үчөөнү Кызыл Өзгөрүш дечүбүз. Чоңко – тоону этектей жайгашып, жайлоого кеткен чоң коонун оозунда, (балким ушундан улам да элибизди Чоңко дешет чыгаар) ортосунан көк кашка суу аккан эки беткей кырда жайгашкан элүү түтүн чамалаш бир уруу айыл.

***

Кыргыз эненин бир керемети – бала тарбиялаганы деп түшүнөм. Апам көп икаяларды мен сурасам да, сурабасам да, уксам да, укпасам да сүйлөп олтура берчү. Мен анда кээ бирине түшүнсөм, кээ бирине түшүнбөй, бирде оюнга алаксып, бирде кулак түрүп, мага кызык болгон жеринде аңгемесине аралаша калчумун. Мына ошол икаялардын бири менин төрөлүшүм тууралуу эле. Менимче ар бир адам үчүн өзүнүн жарыкка келээр алдындагы күндөр менен кантип жарыккан келген күнү маанилүү болсо керек.

Эжелеримди көргөндөн кийин биздин үй эркек баланын үнүн көксөп жүргөн учурунда апам жүктүү болуп, боюндагысы кыз же эркек экенине күмөн тууп жүргөн кезинде сыр көрүптүр. Уйку-соонун ортосунда апама бир адам көрүнөт. “Баарын көрүп-туюп жатсам да анчалык корккон жокмун”, – дейт апам. Тигил неме апама мындай деп кайрылат: “Балам боюңдагы шер куйрук. Төрөлгөндө ырымдап төбөсүнө чач кой, кези келгенде чачын кыркып алып тээтиги күн чыгыш тарап жагыңарда Шаймерден деген мазар бар, ошол жердеги баканга байлап келесиң”, – деп көз алдына элесин тартып айтып берип, кайып болот. Апам ошол замат ордунан туруп тооп кылат. “Ичиңдеги шер куйрук деди, буюрса уул көрөм, ал артынан дагы бир уул эрчитип келет экен”, – деп апам катуу сүйүнөт. Айткандай эле агам Айдарбек төрөлөт. Баягы аманатты аткарып төбөсүнө чач коюп, убагы келгенде баягы мазарды издеп табышат да, таң калышат. Ага чейин Шаймерден мазарды көрүшпөптүр. Көрсө баягы сүрөттөп айтылгандар кудум дал ошондой чыгыптыр. Андан кийин апам 48 жашында мени төрөп, менин төбөмө да ырымдап чач коюшат. Мен ал чачымдан уялып дайыма топумду башымдан түшүрбөй кийип жүргөн күндөрүм эсимде. Балдар менен ойносом топумду жула качып “кыз” эле “кыз” деп шылдың кылышаар эле. Кийин апама бир көзү ачыктар жолугуп: “Балаңа ырымдап койгон чачын эртерээк алып койгула, антпесе кежир болуп баратыптыр”, – деп айтышыптыр. Мен ошондо сүйүнгөнүмдү айтпа. Балдардын шылдыңынан кутулдум десем керек да.

***

Тоолор…

Биздин айылдан, биздин үйдөн тоолор башталат. Тоолорго жаз биздин үйдүн эшигинен жөнөйт. Акыркы карды далистен жети кадам ары биз күрөйбүз. Биздин тамдын боору жылыганда, таштын жону жылыйт окшойт, күнгөй беттеги таштар өсүп келаткандай башпагат. Күн тамдардын башын сылаганда шыйпырга шыкалган таранчылардын ырын угуп, бетин жууп олтурган таргыл мышыктын жону жылыйт. Аны сылаган менин алаканым жылыйт. Күн тоолорду сылаганда тоолор ак көнөгүнүн этегин түрөт. Кол караган мал жер карайт. Көк караган биз жер карайбыз. Жердин жыты укмуш. “Өлгөндөрдү жердин жыты ойготот” дешчү. Иттер жер жыттайт, куштар жер жыттайт, мал жер жыттайт. Алгачкы жамгырдын тамчылары жүзүбүзгө жумшак урунганда ишенбей алакандарыбызды тособуз. Бешенебизге сыйпайбыз. Бош чакага таш салып алып калдыратып чуркайбыз. Жерге, көккө угуза: “Жер айрылып – чөп чык! Желин айрылып – сүт чык”, – деп кыйкырабыз. Ийне чөп, байчечекей, чырыч чыгат. Кар кеткен жерлерди кыдырып, байчечекей издечүбүз. Биринчи көргөнүбүздө сүйүнчү айтып келчүбүз. Сүйүнчүбүзгө жазга сакталган карындагы сары майдан томуруп беришчү. Жылкыучкач, чабалекей келет. Жылкыучкачты биринчи көргөндө учурашабыз: “Эй, былтыркы көргөн Жылкыучкачым быйыл да келген турбайбы, Умай энемин көзү айыктыбы?”, – деп кыйкырып сурайбыз. Эгер антпесек ал: “Ээй.., былтыркы көргөн кишим быйыл да өлбөй жүргөн турбайбы”, – дейт экен. Ал антип айта электе биз айтып калабыз. Жылкыучкач унчукпай калат. Умай энебиздин көзүн сураганда “айыкты” деп учуп кетет. Бир жолу сурасам “айыккан жок, айыккан жок” деп секирип-секирип чуркап жөнөдү.

– Айыкпаса чоң энем Тайдын көз айнегин сурап берейин, – дедим эле, жанымдагы Казыбек жээним: “Шылдыңдаса болбойт, келесоо”, – деп мени бир чапты. Тигил чымчык “Айыкты!” деп учуп кетти. Энемдин көз айнеги өзүндө калды.

Биздин эл аба, жер, от, суу, таш, жан-жаныбар, ит-куш, чөп-чардын тилин билет. Илгери Сулайман пайгамбар билчү экен. Ал эми бизде Сулаймандардын өлкөсү…

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>