Бактыгүл Сейитбекова, акын, жазуучу

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Бактыгүл Сейитбекова, акын, жазуучу

Мазар дегенди апам аркылуу тааныгам

Кетмен-Төбө – касиеттүү жер. Менин айылым Көтөрмө Шамшыкалдын маңдайында жайгашкан. Шамшыкал – бул туздун кени турган жер. Жергиликтүү эл ошол жерден кертип келип, тузду тамак-ашына колдоно беришет. Адатта Токтогулдан таланттар көп чыгаарын айтышат. Мындан башка дагы өзгөчө жактары бар. Айталы, Токтогулдун эти экендигин билсе, Ош менен Жалал-Абадда бир кесим калтырбай талап кетишет. Анткени бул жердин малы Шамшыкалдын тузун жейт, ошондуктан этинин даамы бир башкача. Эт өзү бат кургайт. Бир суткага жетпей эле, жаңы союлган эт болсо дагы, кагырап кургап калат. Этти кургатканда Шамшыкалдын тузу менен туздайбыз.

 

Ыйык тузуң бир башкача дарылап, 

Таткан сайын дем кошулган демиме.

Сууң болсо мүрөк мага ар убак,

Не тең келет Шамшыкалдай кениңе.

Булбул болгон атпай кыргыз элине,

Токтогулдай улуу акын туурусуң.

Дагы деле элестери элинде,

Жоомарт сындуу сейрек талант уулуңдун,

- деп жазганым бар.

Дагы бир ырымда: 

Ыйык туздан бүткөн тоолор көк тиреп,

Ташып сатып түгөнбөгөн кениң бар.

Мрамордун тоолору да бийиктеп,

Ак мрамор асыл таштын кени ал.

Бүтпөс жомок, бүтпөс дастан сен мага,

Бул жазганым сен жөнүндө абдан аз.

Маган ыйык тооң эмес, ташың да,

Сууң, абаң сагынтат да, сагынтат,

- дегем.

Мектеп жашымдан эле ыр жазып жүрдүм. Анан көпкө чейин, ал тургай студент кезимде да жазган жокмун. Адабиятка абдан кеч келдим. «Жаман акындын жазбай койгону – адабиятка кошкон чоң салымы» – деген пикирди карманчумун. Анан бир күнү белгилүү акын, жазуучу Меңди Мамазаирова эже ырларымды окуп калып, ыр жазышым керектигин айтты. Калемди кайра колго алууга туура келди.

Ал эми апам, белгилүү семетейчи Сейдана Молдоке кызы тууралуу көп жаздым, жаза турганымдын али чети да оюла элек. А көрсө кайран апам түгөнбөгөн кенч экен да. Апам өмүр бою айылда жашады. Чыкса, кандайдыр бир жумуштар менен эки жакка чыкчу, бирок өз айылынан башка бир жерге барып жашоо деген нерсе анын үч уктаса түшүнө кирбес эле. Бизге, балдарына дагы, «Токтогулдан кетпегиле, бул керемет жер» деп көп айтчу эле. Менин дагы күнү бүгүнкүгө чейин үйүм Көтөрмө айылында. Соода-сатыкка байланыштуу иштер менен Россияда жүргөнүм болбосо, кайра эле кайтып барчу өз үйүм, өлөң төшөгүм – туулган айылым.

Апам экөөбүз Шамшыкал мазарына көп бардык. «Дарттууга даба берген, бала жокко бала берген, багы жокко бак берген, тагы жокко так берген мазар» дечү апам Шамшыкалды. Эгер кимдир бирөө аны өтө капалантса, ал киши менен жаман-жакшы айтышчу эмес. «Астыда арбакка, үстүдө Кудайга, туурада Шамшыкалга койдум», – деп гана койчу.

Мен алгач Шамшыкалдын мазар экендигин билчү эмесмин. Апам «Көчө» деген көркөм тасмага ошол жерден тартылып калды. Бакен Кыдыкеева көндүрүп, анан апам ал тасмадагы эшек жетелеген аялдын ролун ойногон. Мазарда үч чоң дарак бар эле, бүгүн да бар. Бул акациялар илгери үч чоң мунара болгон дешет. Көрсө, ошондо эле табиятка жакын экем. Апам тасмага тартылганча, акациянын гүлдөрүнөн десте жасап алдым. Аны апам байкаган жок. Экөөбүз ээрчишип алып айылга келе жатканбыз. Бир убакта эле апам көрүп калып, бул гүлдөрдү кайдан алганымды сурады. Жанагы бактардан сындырып алганымды айтсам, мени колдон дегдеңдетип жетелеген бойдон кайра үч бакка жеттик. «Айланайын мазар, бала балалык кылыптыр. Кечирип кой. Атайылап сындырган жок. Мынакей минтип кайра алып келдим», – деп буркурап, ыйлап, кечирим сурап жатты. Ошондо анан менин балалык кабылдоомдо «мазар» деген түшүнүк пайда болду.

Ошол жерди багынтам дегендердин баары өлүп кетти. Шамшыкалды кен катары иштетем дегендер өтүп кетти. Азыр жергиликтүү эл, келген-кеткендер туздан пайдаланышат, бирок акча үчүн кеңири пайдаланылып, атайын завод, аны-муну курулуп жиберилген жок.

Шамшыкалга баратканда, өрөөндө адегенде Мүйүздүү-Мазар, Кара-Булак, Тогуз-Булак, Кайнар-Булак дегендер жолугат. Алардын бардыгы өз-өзүнчө ыйык. Мени апам Кайнар-Булакка да көп токтотчу. Апам агамды мазардан ушинтип тилеп жүрүп төрөп, ошондуктан атын Тилеген койгон экен. Агам байкуш апамдын көзү өткөндөн кийин анын семетейчилик өнөрүн, баатырлардын жүгүн көтөрө албай аз жыл мурда «Семетей» айтып жатып дүйнөдөн кете берди. Анын китебин, вариантын көзү өткөн соң мен чыгардым.

Тилегиң жакшы кабыл болот деп апам мазарга көбүнчө жаз, күз мезгилинде апарчу. Жай, кыш өзү да барчу эмес, бизди да апарчу эмес. Шамшыкалга бараткан жолдо атамдын күмбөзү бар. Ошерге жеткенде мени ыйлатып туруп, бутумдагы тапичкемди чечип алып, өзүнүн бутундагыны дагы чечип, аларды эч ким тийбейт деп атамдын күмбөзүнүн ичине ыргытып коюп, анан мазарга жөө жөнөчүбүз. Кийин турмушка чыкканда, менин көпкө чейин төрөбөй жүргөн учурум болду. Ошондо апам:

Итке берген балаңдан,

Битке берген балаңдан,

Оо кудайым,

Бактыгүлдөн неге аядың?,

- деген бойдон мазарга барганча солкулдап ыйлачу. Мен балам жогун деле анчейин сезип-сезбей, апама зээним кейип кошо ыйлап жөнөчүмүн. Анан апам айтчу: «Бир белги көрүнөт, ошол белги көрүнмөйүн тынымсыз келе беребиз», – деп. Ошол 1988-жылы анан бир жолку келгенибизде мазардан чындап эле сыр көрдүк. Бир белги болду. Аппак коен келип эле, отурган апам экөөбүздүн ортобузга жатып калды. Жыл айланбай, 1989-жылы уулум Алиханды (төрөлгөндө койгон атыбыз башка) төрөдүм.

Биз мазарга барганыбызда, апамдын батасын алыш үчүн ошол тегеректеги бүбүлөр келишчү. Апам абдан батакөй киши эле. Эң жакшы көргөн жээни Алиханга, менин уулума, берген батасы бул:

Бактыгүл балам, уулуң – 

Сууга салса чөкпөсүн!

Атса – мылтык өтпөсүн!

Каргаса – каргыш жетпесин!

Башынан бакыт кетпесин!

Жалгыз болсо –

Жалпыга татыыр бала болсун!

Бирөө болсо –

Миңге татыыр бала болсун!

Асылдын асылы болсун,

Апасынын акылы болсун! 

өмүрү узун болсун,

өрүшү жайык болсун!

Шаймерден колдоп жүрсүн,

Кыдыры оңдоп жүрсүн!

Манасым көзүн салсын,

Бакайың сөзүн салсын!

Жаппай жалаадан сакта, Кудай!

Бакпай балаадан сакта!

Элинин эр жигити болсун!

 

Шамшыкалдан тышкары жылыга Манастын күмбөзүнө барчубуз. Апам баатырлар тойбой калат деп дайыма чоң союш апарчу. Таттуу-паттууну кенен алдырчу. Апамдын көзү өткөндөн кийин агам Тилеген, анын үй-бүлөсү болуп барып жүрдүк. Эми жылыга мен барам. Апам азыркы Манас-Ордонун шарты тургузула элек кезде деле каттап, барганында күмбөзгө жатып алчу экен. Бизге дагы бир сыр көрмөйүн кетпешибиз керек экендигин айтчу. Азыр деле мен күмбөздүн ичине кирбесем дагы, терезесинен башымды салып, дубалына сүйөнүп, айланып, бир белги издей берем. Кандайдыр бир үн угам, белги болот, ошондо гана кайтам, зыяратым кабыл болду деп эсептейм. Ал жердеги куран окуп берген молдо, күмбөз кызматкерлери бизди жакшы билип калган. Куранды болсо, барганда апам өзү окучу, окуганы бир укмуш эле. «Кыргыздын эң акыркы баатыры Садыр баатырга дагы багыштадым», – деп куранын бүтүрчү. Ал эмне болгон баатыр экендигин азыркыга чейин биле элекмин. Ошол баатырдын урматына агам Тилегендин кичүү уулун Садырбек деп атаган. Кызык жери, Садырбекте дагы чоң энесинен, өз атасы Тилегенден калган касиет – манасчылыкка, семетейчиликке үрөн бар.

Апамдын менде эмнеси калды? Таланты калды го. Апамдын баягы баатырлар алып койгон 4 бакандай уулунан кийин тилеп жүрүп төрөп алган уулу Тилеген жана дагы бир уулу, 4 кызы болду. Ошол балдарынын ичинен Тилеген байкемдин жөнүн айттым. Таланты анан менде калды. «Манас», «Семетей» эпосунун көп жерлерин жатка билем. Кулагымда калып калган да. Эпосту бүт окуп да чыккам.

Апам кайраттуу болчу. Кишини дагы катуу чыйралтчу. Мага бара-бара апамдын ошол кайраты өтүп баратат. Апамды жоготтум, агамды жоготтум, дагы башка андай-мындай болду дегендей, турмуштун соккусун белди бууп көтөргөнгө туура келди. Азыр эми иш менен башка эл, башка жерде жүрөм. Кыргыздын кызы экенимди билген орустар Манас жөнүндө, анын баатырлыгы, сөөгүнүн кайсы жерге коюлганы жөнүндө сурашат. Мен өз билгенимче жооп берем. Апам Манастын сөөгү Кара-Зоонун үстүндө экендигин айтчу:

Эчкиликтин кара тоо, 

Мелмилдеген кара зоо.

Эптүү жеңең Каныкей,

Эптүүлүктү билгизип,

Ичи чирип кетет деп,

Ичи менен аккан суу

Үстү менен жүргүзүп,

Ооз жагын карасаң,

Араң киши баткыдай,

Ар жак жагын көөлөтүп,

Алты миң кой жаткыдай.

Сексен жыл сууга чыласа,

Серпилип чети оңбогон, 

Зор килемди салдырып,

Алчадан малма алдырып,

Арчанын күлүн төктүрүп,

Алтындан чырак чөктүрүп,

Үстү түшүп кетет деп,

Алтындан түркүк койдуруп,

Алтымыш түрлүү жерине

Караңгы болуп калат деп,

Алтындан чырак койдуруп,

- деп кете берчү.

Апам куран окуганда мазарлардын баарын атап куран окучу. өтө катуу ишенчү. «Кудайды көзүң менен көрбөсөң, акылың менен тааны деп коет, балам. Бирдемени тилей бер. Дароо асмандан секирип түшпөйт, бирок тилегениңди акыры кудай берет. «Кечирээрмин, кечирээрмин, анан кеч ураармын» – дейт экен Кудай», – деп калчу.

Өз жерин дагы апам мазар тутчу. «Кетмен-Төбө – касиеттүү жер. Көтөрүлө албаган киши, ооп келген киши дүркүрөп өсөт. Адамдары сулуу, бай келет. Чанып кетпегиле. Бул кут даарыган жер», – дечү. Бул – апамдын сөзү. Токтогулдан чыккан өнөрпоз, талантарды саймедиреп айтып отурчу. өмүр бою Токтогулда жашаганын жогоруда дагы айттым. Апамдын дагы бир айтканы боюнча, Манас ата кыштаганы Токтогулга келет экен. өрүктүнүн үстүндөгү көлгө келип кыштайт экен. Апам барчу ал жерге, түнөчү. Айтор, Манастын изи калган жердин баарын апам жөө кыдырган. Манас дүйнөсүнө келүүсү кандай оор болсо, ошол жоопкерчиликти апам өмүр бою аркалады. Оор дегеним, «Баатырды айта албайм. өзүм аял киши болсом. Кантип элдин алдына чыгып, «Манас» айтат элем», – деп айбыгып жүрүп баатырлардын сөзү менен айтканда, төрт «шеринен» айрылып, төрт эркек баласын алдыргандан кийин, айтып калган. Ошол балдарын өмүр бою унута алган жок. «Мен жөн балдарды төрөгөн жокмун», – деп айтып калчу. Тилеген байкем деле бир топ зор жигит болду. Бою бир метр 80 сантиметр эле.

Тилегенден кийин төрөлгөн мени башкача бир эркелетчү: «Аппак бак, алтын так, кырк кыздын кыраакы, алтымыш кыздын артыгы, жетимиш кыздын жеткилең, бардык кыздан артык», – деп жалынып отурчу. Атам да, апам да ой боорумча эркелетип, балалыгым жакшы өттү. Мектепти бүтөйүн деп калганымда атамдан айрылып, дароо эсиме келдим.

Мен төрөлөөрдө апам түш көрүп, түшүндө бир куш үч кекиликти бырпыратып кармайт экен. Терезеден апамды көздөй кое берип, өзү шаңшыйт экен. +ч кекилик үч башка – кызыл, сары, кара дейт. Төрт уулунан ажырап жүрөгү үшүп калган апам түшүндөгү куштун шаңшыганынан жүрөгү түпөйүл болуп, түшүн бир бакшыга жорутуптур. Бакшы ошондо эле менин кийин Россиядан иштээримди, мен төрөлгөндөн кийин апамдын ал балдарын эстеп көп ыйлабай калаарын, мен ата-энемдин үйүнө бакыт, бейпилчилик, бакубатчылык, жакшылык алып келээримди, акын болоорумду, апамдын түшүндөгү үч кекилик кыргыз, орус, казак эли экендигин, акын болгон мен ошол үч элге таанылып, алынып, атактуу болоорумду айтыптыр. Мактаныч кылбайын дейм, бирок бир чети чын эле «Любовь Манаса» (-Б.:Бийиктик, 2008) деген китебим орус окурмандары тарабынан Москвада жакшы кабылданып (котормочусу – акын Светлана Суслова), «Сары жалбырак» деген, таланттуу инилердин бири Сыймык Бейшекеев обон чыгарган ырым казактар тарабынан ырдалып, балким, жанагы бакшынын айтканынын чындыгы барбы дейм.

Манастын махабаты жөнүндө эч ким мага чейин жаза элек экен. Мен анын Сайкал менен болгон махабатын жазгам. Дегеле бардык китебимде Манас, Семетейди айтканга аракет кылам. Мен муну турмуштагы өзүмдүн милдетим, озуйпам деп түшүнөм. Мектепте экенимде «Манасты» укмуш айтчумун. «Айтпасаң, жазалайт», – дечү апам. Азыр айтпасам дагы, кайсы бир келечекте өзүмдү «Манас» айтып калчудай сезем. Апамдын көзү өтүп баратып, өзүндөгүнү «Уулума өткөрүп бердим», – деди. Туугандар баарыбыз чогулуп отурганбыз. Эшикке басып кетиптир, апам үзүлөйүн деп жатканда, Тилегенди таппай калдык. Апам улам башын көтөрүп, эшикти карап, анан мага: «Ушу сен деле алчы», – деди. «Мен деле алдым», – дедим дароо. Аңгыча эшиктен аттап-буттап байкем кирип келди да: «Мен алдым, апа. Камтама болбо», – дегенге үлгүрдү. Эшикте жүрүп, үйдө ошол сөздүн болуп жатканын кандайча билди, же сездиби, билбейм, байкем мойнуна алып калды.

Апамдын көзү өттү, ошентип, анан Тилегенге кыйын болду. өзү кичине бүкүрөйүп басчу эле, Манас ата медосмотрдан өткөрдү, бүкүрөйбөй түз басып калды. Аялы менен эркек катары жашабай калды. Бала кезде сынган бутун, баатыр сындырып, кайра салды. Байкемдин уялчаактыгы гана анын түбүнө жетти. Дароо элге чыга алган жок тарткынчыктап атып. Көтөрө албай калды. «өзүмө көрүнсө экен, балдарым көрүнбөсө экен», – деп тилеп атып, 31-май күнү менин колумдан үзүлдү. Эми мунун бардыгы, манас дүйнөсү күндөп-түндөп айтсаң да түгөнбөгөн нерсе экен. Байкемдин артында беш эркек уулу калды. Кичүүсү, жанагы апам атын койгон Садырбек «Манас» айтат. Тилеген байкем жанагинтип баатырлардын сынагынан өтүп жүргөн күндөрдө кырк күн камалып, үйдөн чыкпайт. Баатырлар менен аралаш жүрүп, Каныкей менен Айчүрөк «Манас» айтканды үйрөтөт. Үйрөтүп жатса, эң кичүү баласы 4 жашар Садырбек үйгө кирип келип, бакырып ыйлап, тоскоол болуп туруп алат. Ошондо Каныкей эне алдына алып отура калып, оозуна эмчегин салып, Садырбекти эмизип салган дейт. Чын эле чыйрак, башкача бала. Байкемдин жогун жоктотпогон балдарынын ичинен ошол бала мени көп сооротот, үмүттөндүрөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>