Асаналиев Майрамкул, сүрөтчү

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепинде жарык көргөн]

Асаналиев Майрамкул, 1965-жылы Ысык-Көлдүн Тоң районунда Бөкөмбаев айылында туулган. Сүрөтчү.

Иштин башы Манжылыдан башталган

Иштин башы Манжылыдан, мазардан башталган. Бирок мен убагында көп этибар алган эмесмин. Атайын пландаштырып, мазарга барып, мал союп, тигиндей-мындай кылайын деген түшүнүгүм деле жок болчу. Кийин кокусунан бул окуя болуп калды.

Күндөрдүн биринде эле Көлгө баргым келди. Себебин билбейм. Жазуучу, философ Чоюн Өмүралиевдин үйүндө чыгармачылык жөнүндө сүйлөшүп отуруп: «Көлгө бир жумага барып, эс алып келейин деп жатам. Чарчадым», – деп калдым. Бирок эмнеге бараарымды түшүнбөйм. Болгону, чарчап жүргөм. Анда Кыргыз архитектуралык курулуш институтунда иштечүмүн. Окууну бүтүп, дароо эле ошол жерде калгам. Отуруп, чыгармачылык жөнүндө ары толгонуп, бери толгонуп… Же мээме эчтеке кирбейт, айтор, кыргыздын Чоюн Өмүралиев, Асан Жакшылыков сыяктуу инсандары менен сүйлөшүп, кыйналып жүргөн кез болчу. Же кылган ишим жок, же эчтемем жок, ушинтип эзилип эле, тамтаңдап жүрчүмүн.

Мен Көлгө кетээрдин алдында кафедрага Чоюн ава чалып калды:

– Майрамкул, сен Көлгө кетем деп жатпадың беле?

– Ооба, кеткени жатам.

– Көл деген кайыптардын мекени да.

Айтты деле, трубканы коюп койду. Аны деле түшүнгөн жокмун, «эмнеге кайыптардын мекени?». Аңгыча эле эртеси кафедрадан: «Сен чарчап жүрөсүң. Мейли, бир жума эс алып кел», – деп уруксат берип калышты.

Анан айылдагы үйгө барсам, кичүү карындашым күтүп отуруптур. Анын көзү ачыктык бирдемеси бар. «Сизди атайын бир жумадан бери келет деп күтүп отурам. Мага түшүмдөн аян берди эле, сиз Манжылыга барып мал сойдуруңуз», – деди. Мен дагы деле: «Эмне деп жатасың?», – деп этибар алган жокмун. Бөлмөдө чай ичип отурсак, ата-энем: «Мынчалык чарчап эмне болду, балам?» – дешкенинен, «Бир жумадай эс алып кетейин деп жатам» – десем, атам өзү эле: «Ой, анда ырас болду. Бир кой союп берейин. Шорпо ичип, эс алып кет», – деп айтып калды. Карындашым бери жакта отурган. Эшикке чыкканда, ал мени чакырып: «Көрдүңүзбү, сиз азыр сое турган малыңызды ошол Манжылыга алып барып сойдуруңуз. Бирок, мени айтты деп айтпаңыз. Мага баары каршы чыгып жатышат, мени айтсаңыз макул болбой коюшат. Азыр баары бир союла турган мал. Андан көрө сөзсүз ошоякка алып барып сойдуруңуз. «Жок» – десеңиз, мен тоок болсо да, Манжылыга барып кан чыгарып, андан ары кетем. Мага аян берип жатат. Анан ал жерге барсаңыз, сиздин ишиңиз да жакшы болот. Мени айтпай эле, үйдөгүлөрдү көндүрүңүз», – деп, анан өзүнүн колунда кармап турган долононун ташын: «Алыңыз, атайы сизге кармап турдум эле», – деп мага карматты. Долоно өзүнчө дарак болот турбайбы. Мен кичинекей эле кыз деп эсептеген карындашымдан мындайды күткөн эмесмин. Ошол кичинекей кыз анан мага долононун уламыштарын айтып, маалымат бере баштады. «Сөзсүз көндүрүңүз!», – деп ата-энеме чейин менин өзүмдү көндүрүп салды. «Манжылыга барсаңыз, үй, казан-аягы, жууркан-төшөгүнөн бери бар, баары даяр, барып конуш керек», – деп маалымат берди. Манжылыга мен тургай, ата-энем дагы эзели барган эмес экен. Биринчи эле барып, апама: «Тияктан аксакалдар да айтты. Иштин башы ошол, Манжылыга барып кан чыгарып, эс алып кел дешти», – деп карындашымдын үйрөткөнүн өз сөзүм кылып айттым. Апам: «Мейли анда, айырмасы деле жок. Барса баралы», – деди. Андан чыгып эле атама: «Сое турган малыңызды ошол жактан соелу. Мен шаардан атайын келдим. Мазарга барып зыярат кылыш керек экен. Шарты бар экен» – десем, атам мындайга көп ишенбейт, кыйкыра баштады:

– Жердин баары эле ыйык. Бу жерден деле сой. Эчтеке болбойт. Эми казан-аяктын баарын көтөрүп, төшөнчүнү көтөрүп жүрмөк белек. Эл эмне дейт?

– Аякта казан-аяк, төшөнчүнүн баары бар.

– Ай, кой, болбогон немени. Койду жүктөп алып, ошоякка барып соймок белек! – деп кетип калды.

Барып апама айттым. Иниме айтсам, баары эле шапа-шупа болуп даярдана баштады. Мейли деп, мен деле даярдандым, карындашым сүйүнүп жүрөт. Атам: «Капкайдагы тамтаңдаган немени баштайсыңар», – деп ачууланып, жатып алды. Чыгаарда анан суранып жатып, машинага отургуздук.

Үчүнчү күн беле же төртүнчү күн беле, билбейм, мазарга бардык. Эл аз, дээрлик жок экен. Баргандан кийин инимден: «Бул жактын бир шарты болчу эле. Сен билесиңби?», – деп сурадым, билбегенин айтты. Атам да, энем да билбейт, карындашым деле барган, бирок ал деле анча-мынча эле билет.

Кирип баратканда апам: «Эми балам, түкүрүнүп, какырынба. Даарат алып, өзүңдүн ниетиңди тазалап, жаман-жуман нерселерди ойлонбо!», – деди. Апамдын кичине кыргызчылыгы бар. Ошол айтканы мага укмуш таасир берди. Мен ошондо анан мазардын бир касиети бар экендигин сездим.

Малды соелу деп жатсак эле, эки кыз пайда боло калды. Апам: «Ырас, бул жерди билген кыздар тура!», – деп сүйүндү. Алардын бири мазарды ийне-жибине чейин билген кыз экен. «Ай жигит, кел бери! Булактын көзүн ачканды билесиңби?», – деп мага жардам берди. Бул мага өзүнчө таасир калтырды. Тиги кызга: «Атайын, зыярат кылайын деп, ушул мазарга келдим. Өзүм сүрөтчүмүн. Бир чоң иш жасачудай болуп турат окшойм. Ошого ниет кылып келдим», – дедим.

Мен анда али элге сүрөтчү катары тааныла элек болчумун. Эч нерсе тарта элекмин. «Манаска» кире албай, кыйналып жүргөн кез болчу. Көбү: «Манасты тартпайсыңбы», – деп сунуш кылат. «Манасты тарткан оюнчук эмес. Аны тартыш үчүн атайын бир аян болуш керек. Же эң болбогондо, мал союп, бир нерсе тилешим керек. Бирдеме болуп, жөн эле отуруп алып тарта бергендей, ал сүрөт эмес. Мен корком Манастан» – деп ойлочумун. Бирок анда-санда түшкө кирип, өзүм оор тема экенин билчүмүн. Көбүнө: «Ага мен даяр эмесмин. Тарта албайм. Тартыш үчүн ага өзүнчө жаралыш керек», – деп айтчумун. Чочуп, коркуп, бул ойдон качып жүрчүмүн.

Түшкө да кирди. Чындыгында, түшүмдө жүрөгүм түштү. Боз үйдө отуруптурмун. «Манас келе жатат», – деп калышты. Дегенде эле, «кой» деп чочуп, керегеден карадым. Айкөл келди. Кырк казан эт кайнап жатыптыр, аны карап эле өтүп кетти. Ошентип, даабай, керегеден карадым. Бул Манжылыга чейин болду.

Манжылыга барганда анан, кудай жалгап, жанагы кыз сырдуу кыз болду. Ал асманды карап: «Асман жапжарык. Бул мазар сени кабыл алды. Эгер мазар кишини кабыл албаса, күн түнөрүп, жаан жаап, жол бербейт. Сени, жигит, мазар кабыл алды. Ишиң жакшы болчудай экен. Карачы, асман туптунук, жүр эми», – деп эле эпостогу нерселерди айтып жүрүп отурду. Асманды карасам, чын эле күндүзгүдөй жапжарык. Көрсө, мазар жактырбаса, асман капкара болуп калат экен. Анан кыз алдыга басып, ар бир нерсени түшүндүрүп отурду, мен далдырап артынан ээрчип алдым. Артымдагы иним коркуп, ортого өтүп басты. «Бул баланча мазар. Жакып менен Манас ушул жерде жатып аян алып, кабыландардын үнү угулган жер», – деп кыз айтып жүрүп отурду. Мен, албетте, кабыландардын үнүн уккан жокмун. Мен сүрөтчү экендигимди айткам, бирок Манас жөнүндө ойлорумду ооз ачкан эмесмин, тиги кыздын «чү» деген эле жерден менин көңүлүмдөгү кейипкерлер жөнүндө сөз баштаганына таңгалдым. Шейит деп, ар бир мазарды кыдыртып, сүйлөнүп, күбүрөнүп, ырымдарын аткарып жүрүп отурду. Акыры бир бетке келгенде, тунук бет экен, акыркы мазарды Азиздердин мазары деп калды. Жомоктогудай көрүндү. Анан Мойт акенин күмбөзүнө келдик, ал киши жөнүндө экскурсовод сыяктуу маалымат берди. Биз кайра түшүп келгенче, эт бышып даяр болуп калыптыр. Иним жүгүрүп, тамакка чыкырып калды. Мен өзүмө, көргөндөрүмө дагы деле ишенээр-ишенбесимди билбейм. Аңгыча эт даяр болгондо, кыз туруп: «Ата-бабалардын рухтары келди. Малдын ээси ким?», – деп сурап калды. «Малдын ээси – Майрамкул». «Туруп жүгүнүш керек». Айтор, айтканын жасап жаттым. Анан ал жерге түнөдүк. Көп нерселер болду. Анан эртеси союлган малдын сөөктөрүн көмүп, тегерегин тазалап, кеттик. Мен кадимкидей жеңилденип калдым. Анда деле этибар алган эмесмин. Эч кимге деле айткан жокмун.

Андан кийин Кусейин Карасаевге бир жол болду. Караколго барып, анын батасын алдым. Аны деле өзүм байкаганым жок. Манжылыны пландаштырбагандай эле иш болду. Бир күнү көчөдөн журналист Айбек Түмөнбаевге жолугуп калдым. «Ушу бир Кусеин Карасаевге жолугуп коюш керек эле», – деп оюмду айттым. «Ой жүрү, бул жерде кызы жашайт эмеспи», – деп экөөбүз азыркы Манас проспектисиндеги, «Океан» дүкөнүнүн үстүндөгү үйгө кирдик. Кудай жалгап кызы, Алтынай эже, үйүндө экен. Дароо атасынын дарегин жазып берди.

Эки-үч күндөн соң биздин институтта иштеген бир кыз менин үйүмө келип калды. Бизнесмен кыз экен, «Эмне маанайың жок? Мен чече турган маселе болсо, мен эле чечип берем», – деп калды, чыкылдап. «Эч кандай деле маселе жок. Бир эле маселе ушул – Караколго барып, Кусеин Карасаевге иштер менен жолугуп келсем болот эле», – деп койдум. «Ошол элеби? Мен деле алып барып келем. Жаңы машина алгам. Эки-үч күн айдап көнөйүн. Көлдү да өзүм көрө элек элем», – деп калды. Таластык кыз экен. «Мейли, кудай жалгасын», – деп, бирок ишенген деле жокмун. Эки-үч күндөн кийин эле ал кыз айтканындай келип калды.

Барсак, Кусейин ата үйүндө экен. Айша апа экөө отурушуптур. Ата сүйлөп коюп, диванда отура берет экен. Айша апа нарыраак ченде машинкада отурду. Ары жакта жарабай калган эки-үч машинка жатат. Ата тамаша кылып сүйлөгөн киши экен. Айша апага тийишип отурду. Килтейген дасторкондо экөөбүз эле отурабыз. Үйү да суук. Апа экөө дегеле үшүгөн жок. Ал кишиден көп маалыматтарды, китептерин алып, батасын алып, анан кеттик. Сүрөтчүлүктөгү менин ийгиликтериме Кусейин атанын ошол батасынын таасири тийбеди деп ким айта алат?

Кийин бөлмөмдө уктап жатсам, түнкү саат үчтөр чамалуу, мотоциклдин үнүндөй болуп дарылдаган бир үн чыкты. Келип, «тарс» эле дей түштү. Студенттер бирдеме менен терезени чакты го деп ойлодум. Чуркап барып, жарыкты күйгүзсөм, айнек бүтүн, тынч, иним ордунда жатат. Кайра жарыкты өчүрүп, жатып алдым. Байкабаптырмын, эртең менен туруп карасам, «грузовой» делген, кырлуу чоң стакан сыныптыр. Чачырап, түптүз, узатасынан жатып калыптыр. Бир башкача сыныптыр. Дароо эле Чоюн авага бардым. Көрөбүз деп, журналист Олег Зайцевдер келди. Олег бир белгилер бар экен деп, карап жаткан. Анан түйүнчөккө түйүп, коюп койдум. Эмне болуп сынганы белгисиз, табышмак, сыр болуп калды. Бир күнү Койчу деген иним үйүмдү тазалап, акыр-чикирге кошуп ыргытып салыптыр. Кийин ал бала каза болуп калды.

Ошондон кийин «Манаска» кириштим.

Мен өскөн жер – Рыбзавод деген, Көлдүн жээгиндеги бир коктудагы айыл. Ошол жерден жылкылар кишенеп, кээде бир көч өтөт. Апам көрөт. Көлдүн жээгине бир ак нурлар кирип, кызыктай кубулуштар болуп турган, өзүнчө бир кызыктай жер. Апам кадимкидей кайыптар менен сүйлөшүп, жүгүнүп жүрө берет. Көнүп калган. Ал жерде браконьерлер бар, апамдын бирөө менен сүйлөшүп жатканын көрүп, алардын жүрөгү түшөт. Осмон деген, жылаан менен сүйлөшкөн адам дагы, тезек терип, ошол жерде жашаган. Кааба манасчы дагы ошол жерди байырлаган дешет. Анда азыр биздин үй эле калды, калгандарынын баары көчүп кетишти. Кошуналар, ошол жерде жашагандар акырында коркуп, үйүнөн чыкпай калышкан. Бир күнү түн ичинде жылкы кишенеп, кой маарап эле көч өттү дейт. Ошондо кошунабыз: «Мусабайга жин тийген го. Жинди болуп малын айдап жатат», – деп ойлоптур да. Анан эртең менен келип: «Коюңду, жылкыңды айдап, сен эмне түнү менен уктатпайсың», – деп атамды урушуптур. Атам: «Малымды сенин үйүңдү айлантып, мен эмне жинди болуптурмунбу», – дейт. Ошондо тиги киши да коркуп жүрдү. Кийин уюнун мүйүзүн тескери каратып кетиптир, ую да өлүп калды. Эмне экенин билбейм. Апамдан сурасам, көч өтөөрүн айтат. Апапакай неме көлгө кирип кеткенде, кошунанын жүрөгү түшүп калыптыр. Шаардагы агамдын кызы айылга барып, кечинде уй тосуп келе жатса, апапакай кыздын элеси суудан чыгат. Бакырган бойдон, жүрөгү түшкөн кыз апамдын этегине корголоптур. Апама көндүм эле көрүнөт. «Сага калп, мага чын», – деп кадимки көрүнүштөй эле кабылдайт. Апам Төрт-Көл деген айылдын кызы, ал эл карайт, киши көрөт, жаш балдарды ырымдайт.

Мен «Манас» темасын Алмамбеттин элесин тартуудан баштадым. Анда сүрөтчүлөрдүн окуу жайында окуп жүргөн кезим болчу. Машыгууга баратсам, көзүмө Алмамбеттин элеси келди. Залга барып, көзүмдөн жаш агып баштады. Окуяларын эстей баштадым. Көкчөгө таарынып, кетип баратып жалт караганы, Чубакка таарынып, кетип баратып жалт караганы кайра-кайра элестей берди. «Манас» менен жакшы тааныш болчумун, анткени мектепте окуп жүргөндө, Алмаз деген классташым экөөбүз «Манас» окучубуз. Ал кемер кур тагынып алып, күпүлдөтүп «Манас» айтчу, ошонусунан улам аны жакшы көрүп, жакынсып, аны менен достошкомун. Кийин айтканын таштап койду.

Алмамбет жөнүндө эмнегедир ойлоно баштадым. Анан ошол элести кагазга түшүргөндөгүм биринчи китебиме кирди. Алгач тартып, көп деле этибар албай эле коюп койгом, ошол калың кагаз сапсары болуп кетиптир. Аны 7-8 жылдан кийин бүтүрдүм. Бош болуп калганда эле колума алып, ойлонуп, чиймелеп отуруп, кайра ыргытып койчумун. Кийин ошол сүрөт менин китебиме кирген калыбында аяктады.

Бир нерсе болоордун алдында, адам атайын пландаштырбаса деле, өзүнөн-өзү эбеп-себептер табыла берет окшойт. Сүрөттү мындай тартам, андай тартам дебесем деле, «Манасты тартпайсыңбы» деген жоро-жолдоштордун сунушу акыры келип, мени ошол багытка буруп койду окшойт.

Алмамбеттин элеси тартылган соң, Айкөлдү чагылдырган композициям башталды. Отуруп, тамгаларга кызыга баштадым. Айкөлдүн сүрөтүн 30-40 жолу тарттым. Бүгүнкү күнү бүттүм деп жатам, бирок дагы бир күнү башка бир кемчилиги көзүмө көрүнүшү мүмкүн.

«Манас» дүйнөсүнө чейин ат, тоо, жаныбар өңдөнгөн кыргыз дүйнөсүнө байланыштуу айкын нерселерди тарткан реалист сүрөтчү болчумун. Кийинки тарткан сүрөттөрүм акварель менен тартылып, шумкарлардын, ителгилердин көзүнөн, карегинен бери көрүнүп турчу. Өзүм живописчи болом дечүмүн. Училищеде окуп, 3-курсту бүтүп, Ленинградка кетем деп даярданып жатканда, кризис болуп, жол түшпөй калды дагы, бул жакта ачылган Сүрөт Академиясына кокусунан өтүп кеттим. Ошондон улам ушул жолго түштүм. Кийин промграфика, дизайн факультетине кызыгып, ошондон улам сүрөтчүлүк нугумду буруп, символдорго кызыгып, техника да ошол жакка ооп кетти.

Убагында бокска катышып жүрчүмүн. Бир күнү рингге чыгаардын алдында бир кызга болушуп, бир бала менен мушташып кетип, оң колум сындыбы, жараңка кеттиби, айтор, шишип кетти. Кол жарабай калды. Спортко жараксыз болуп калдым. Күндө эки маал машыкчумун, бош калдым. Күн аттатып барып, акырында дегеле барууга мүмкүн эмес болуп калды. Отуруп калганда иштеш керек болду, анан сүрөткө кирип кеттим. Машыктыруучум деле менин сүрөтчү экенимди билбептир, кийин көргөзмөмө чакырсам: «Ой, бокстун кереги жок. Бокс сенин өнөрүңө жардам берсин», – дейт. Мен жаман оюмда, жаш кезимде: «Мен сүрөттөн да, спорттон да кыйын болом», – деп ойлочумун. Ушул оюмду айтсам, устатым, сүрөтчү Юристанбек Шыгаев убагында: «Жок, же спортту өлтүр, же муну өлтүр, экөө менен тең чыга албайсың», – деп туура айтыптыр. «Жок», – дегем мен. Анан жанагыдай болду. Колум бир жылда айыкты, аңгыча сүрөткө байландым. Кээ бир учурда: «Ай токтот, боксуңдун кереги жок. Сүрөтүңдү тарт. Сен сүрөтүң менен Майрамкулсуң. Бокста сен баары бир Майк Тайсон болбойсуң. Бир күнү башка жейсиң, бүттү. Бокс ал тургай чектелүү нерсе», – деп досторум деле урушуп калышат. Адамдын өзү пландаштыргандан башка дагы пландашылбаган жолу болот окшойт деп ойлоп калдым.

Бүткөндөн кийин, сүрөтүң өзүңө жакпай калышы мүмкүн. Ооруйсуң. Кайра иштеп чыгасың. Дагы жакпай калса, дагы. Тыштан караган кишиге баары ойдогудай болгондой болушу мүмкүн. Өзүң көрөсүң да, эмне кылыш керек экенин иш өзү дагы буйруйт экен.

Айкөлгө байланыштуу композициямды тартаарда, кыргыздын, кырк уруунун эн тамгаларын чогултуп жүрдүм. Чогулт деген эч ким жок. Өзүмчө эле чогултуп, конспектилеп, жоголуп кетпесин деп, анан композицияга пайдаландым. Этнограф Таалай Ташмаматов, ыраматылык, а кезде тирүү, ошол бир күнү келди. Колунда кармаган барактары бар экен. Ал бир татар кемпирден көрүп калыптыр, бирок ал түп нускасын бербей коюптур. «Ушуну бериңиз, бир сүрөтчүм бар эле, тактаттырып тарттырып коеюн», – десе тиги кемпир: «Бере албайм, тукумума зыяны тийет», – деп бербей коюптур. Таалай агай акырын колу менен кагазга чийип алыптыр. Анан мага алып келип, мага тактаттырып жатпайбы. Мен божомолдоп тактадым. Ал татар кемпирдин да кийин көзү өтүп кетти окшойт. Ал кемпирге атасынан калыптыр. Атасы кызына: «Эч кимге бербейсиң», – деп табыштаган имиш. Мен да түп нускасын көрсөм жакшы болмок. Аны эч ким, санжырачылар дагы билбейт. Муну орус окумуштуусу С.М.Абрамзон жазыптыр. Китебин таап, андан тактап, андан соң тарыхчы Олжобай Каратаев изилдеп жатыптыр, аныкына салыштырып, иреттеп тактагам.

Кийин иш жазаарда, Манжыл-Атага эки-үч жолу барып кеттим. Ары-бери өткөндө, кирип турам. Кыргызча эле зыярат кылам. Кыргызча эле ниет, бата кылам. Көпчүлүгү өзүмдүн туулган жеримде, Рыбзаводдо, бир нерсе бар го деп калам. Бир күн отурсам, кадимкидей эс алам.

«Сүрөттөрүңдөн өзүң сыр көрдүңбү?», – деп сурашат. Бир кемпир бар, өзү өрмөк өрөт. Ошол киши менин сүрөттөрүмдү үйүнө илип койгондугун, сүрөттөр менен сүйлөшөөрүн, «Сүрөттөрүнүн ээси чыгат экен», – деп айтканын мага айтышкан. Ушундай эле байкоолорун дагы башка адамдар билдиришет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.