Түшүндүрмө сөздүк: Э

This post is also available in: Англисче

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

Эзотерикалык билим –  «Эзотеризм» (грек. «эсотерикос») – «ички», «көңүлдө терең сактала турган», «жашыруун» деген маанилерди билдирет. Алгач бул түшүнүк айрым гана тандалган адамдар үчүн мүмкүн болгон жашыруун билимдерди, эзотериканын карама-каршысындагы бардыгы үчүн мүмкүн болгон ачык билимдерди аныктоо үчүн колдонулган. Чыныгы эзотерика менен аз гана, ыйыктыкка тиешелүү нерселер байланыштуу болгон. Бул адамдар алдын ала узак окууну жана өзүн-өзү өнүктүрүүнү баштан өткөрүшү керек болгон. Эзотерикалык окуудагы үгүт-насыяттар, эреже катары, оозеки таризде берилген, ошондой эле аталган билимдин негизги принциптери, түшүндүрмөлөрү жана салттары окутулган. (http://teros.org.ru/content/view/43/27/).

Элдик медицина – адамды ар түрдүү дарылар, дары өсүмдүктөр (көбүнчө чөптөр), минералдык заттар, айрым жаныбарлардын эти жана ички органдары ж.б. дарылык касиети бар заттар менен айыктыруу жөнүндөгү элде чогулган маалыматтар, эмпирикалык түшүнүктөр. Кыргыз Э. м-сында суу берүү, териге алуу, жылуу сууга салуу (арашан), ысыктоо, ушалатуу, кан алуу, сүлүк салуу, тамыр кармоо ж.б. ыкмалар колдонулуп келген. Кыргыздардын илгерки көчмөн турмушунда элдик хирургия болгондугу да белгилүү. Мис., сынган сөөктү сакайтуу, жөнөкөй операцияларды жасай билүү ж-а жөнөкөй хирургиялык аспаптардын биздин күндөргө чейин келип жетиши мунун далили. Бул маалыматтар азыркы мезгилге чейин оозеки түрүндө жетти (Манас энциклопедиясы, 2-т. 361-б.).

Эмдөө – бул адамдардагы жин-шайтандарды кетирип, ийининдеги периштелерди ойготуу (Айгине: Таластагы Таш-Дөбө айылынын тургуну, бүбү Ыбралиева Маритадан жазылган).

Эр сайыш – Эр. зат. 1. Эркек киши, адам (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 766-б.). Улуттук оюн.

Эркебай – Эркебай Бердибай уулу (1874-1930) –манасчы, чечен.

Эстебес – Эстебес Турсуналиев (1931-2005) – төкмө акын.

Этегиңден жалгасын–улуу кишилердин, касиеттүү адамдардын келин-кесекти алкоосу.

Ээ – кыргыздардын салттуу түшүнүгүндө ыйык жайлардын, жерлердин жана жан-жаныбарлардын колдоочусу. Ишеним боюнча айрым бир жайларга, жерлерге, жаныбарларга тиешелүү колдоочу өкүм сүрүп, ал ошол жердин, жаныбардын ээси катары эсептелген. Мис., булактын ээси, мазардын ээси, жаандын ээси, күндүн ээси, ашуунун ээси ж.б., аларды ыйык тутушуп, сыйынышкан жана курмандык чалышкан. Ыйык жерлерге же бейиттерге бакан сайып, ага ар түрдүү түстөгү чүпүрөктөрдү байлашкан. Кырсык баскан учурда, аял көпкө чейин төрөбөсө, балдар токтобосо ж.б. кырдаалдарда касиеттүү ээси бар деп эсептелген жерлерге түнөп, курмандык чалышып сыйынышкан, ээсинен ырайымдуулук сурап жалынышкан. Кыргыздардын жер-суу аттарында “ата” деген сөз уланып айтылганы ушул ишенимге түздөн-түз байланыштуу. Мис., Кочкората, Ысыката, Чолпоната, Камбарата ж.б. Алар адамдарга тирүү жан катары көрүнгөн. Мис., булактын ээси ак тайлак, канаттуу жылан, ала бугу ж.б. Айрым аймактарда курмандыкка союлган малдын этин жешкенден кийин сөөктөрдү бир жерге топтоп, айлана-тегеректеги таштарга май жалаткан. Ушундай жол менен колдоочуну тамактандырып жаткандай болушкан. Көпчүлүк учурларда адамдын өлүмүн кабарлаганда ээси алды, ээсине бердик деп да айтышат (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 447-б.).

Leave a Reply