Түшүндүрмө сөздүк: Ш

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

Шайлоо Кыдыралиев – төкмө акын (1988)

Шайык – (ар.шейх – кары адам, аксакал). 1. Чыгыштын араб өлкөлөрүндө уруу башчысы, диният иштери боюнча насаатчысы дегенди туюнтат. Мусулман диний кызматкерлеринин жогорку башкаруучу катмарларынын өкүлдөрү, уламалар, жогорку диний мектептин, ислам университеттердин окутуучулары, ошондой дербиш орденинин башчыларынын ардактуу наамы. Шайыктардын байлыгы, бийлиги укумдан тукумга өтүп келген. 2. Мусулман көрүстөндөрүнүн, мазарларынын же башка ыйык деп эсептелген жайлардын күзөтчүлөрү шайык (шейх) деп аталат. Орто кылымдардагы мусулман мамлекеттеринде “шейх ул-муслим” – мусулмандардын жетекчиси, башчысы дегенди туюнткан (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 506-б.).

Шакар самын – ир. Кир кетиргич зат(Карасаев Х. Өздөштүрүлгөн сөздөр: Сөздүк. 1986. 236-б.).

Шам жагуу – бул шам жагып, пирлерди чакыруу менен кудайга жалынып сыйынуу, ойлогон ой-максатты, тилеген тилекти кабыл кылышын тилөө (Айгине: Таластагы Көк-Токой айылынын тургуну, бүбү Чоңмурунова Чачыкейден жазылган). «Бул Алла Таалага, улуу күчтөргө, периштелерге, мазарлардын ээлерине байланышка чыгып, аларга жалынуу» (Айгине: Таластагы Таш-Дөбө айылынын тургуну, бүбү Ыбралиева Маритадан жазылган). «Бул пирлерди, колдоочуларды чакыруу менен ооруган адамдын же жагылып жаткан үйдүн тагдырын суроо» (Айгине: Таластын тургуну Анарбекова Бүбүшай). “Шам жагуу ырымы көрүнгөн дүйнөдөн көрүнбөгөн дүйнөгө өтө тез өткөрүүчү көпүрө катары тээ илгертеден колдонулуп келген. Анын дагы бир орчундуу себеби, шам кимге арналып жагылган болсо, так ошо багышталган кишиси үчүн шам жаккан тарап жалындай жалбырттап күйөөрүн шерттей турган белги катары да эсептелген.

Шарият (ар. шариа – максатка туура жол) – курандын жана сунналардын (үрп-адаттардын) негизинде иштелип чыккан диний-этикалык жана укук эрежелеринин жыйындысы. Ш. 7-12-к-да Араб халифатында түзүлгөн. Ал мусулмандардын негизги диний укуктарынан тышкары мамлекеттин граждандык, кылмыш процессинин укуктар нормасын камтыйт. Ш. Ислам мамл-нде – динди туу туткан өлкөлөрдө өзгөчө үй-бүлө, нике ж-а мурас укугу жагдайында колдонулат. Ш. – Орто Азияда, Казкстан ж-а Кавказда араб баскынчылары тарабынан ислам дининин таратылышынын натыйжасында пайда болгон. Ш-тын булактары – 1. куран; 2. сунна; 3. кыяс; 4 иджима эсептелинет. Бул булактар диний жана динге негизделбеген мыйзамдардын жыйындысын камтыйт. Ш-тын негизинде укук менен дин бир түшүнүктө каралат (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 432-433-бб.).

Шейит – зат. дин. Мусулман дини үчүн болгон казатта киши колдуу болуп өлүм тапкан динчил (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 730-б.).

Шейх – ар. I. 1. Карыя, кадырман адам. 2. Уруу башчысы. 3. Дин башчысы. 4. Пир, касиеттүү адам (Карасаев Х. Өздөштүрүлгөн сөздөр: Сөздүк. 1986. 285-б.).

Шумкар уя – Талас өрөөнүнүн Үч-Кошой, Жаргарт суусу агып түшкөн тарабында, Сандык тоосунун тушунда күңгөй тарапта турган тик аскалуу чокунун аты. Элдик уламыш боюнча Манас, Семетейдин Ак шумкары ушул Шумкар уядан алынган экен (Манас энциклопедиясы, 2-том, 352-б.).

Шыпаакана – бүбү-бакшылардын оорулууларды кабыл алып, дарылоо өткөрө турган жери.

Leave a Reply