Түшүндүрмө сөздүк: Ж

This post is also available in: Англисче

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

Жайнамаз Ир.дин. Намаз орду, намаз окула турган кийиз же кездеме. (Карасаев Х. Өздөштүрүлгөн сөздөр: Сөздүк. 1986. 103-б.).

Жайсаң Үмөт уулу – 682-жылы туулган. Энеси Карач хандын кызы Жаңылча. Жайсаң атасы Үмөт экөө тең Манастын чоролорунун катарында болушкан. Чоң-Казатка чогуу барышып, Жайсаң жарадар болуп эсин жоготуп, кандайдыр сыйкырлуу добуштан көзүн ачкандан баштап «Манас» дастанын айта баштаган. Элге улуу акын катары белгилүү болгонун көрө албай, бирге жүрүп, ырларын дээрлик жаттап алган соң, Токчоронун уулу Токтогул (Ырамандын ырчы уулу) уу берип, 54 жаш курагында аалам салган. Сөөгү Кызарттын белине коюлган (Жайсаң Үмөт уулу. Манас же Кутлуг Эл-Төрө баяны. Биринчи китеп. – Б.: Педагогика. 2001.) – Бирок аталган китеп Жайсаңдын маалыматы боюнча Манасты айтып берип жаткан Бүбү Мариямдын өтүнүчү боюнча жарык көрбөй токтоп калган. Толук китеп түрүнө келтирилип, мукабасы капталаарда иш токтотулган. Биз ал жарык көрбөй калган, мукабасыз китепти азыркы «Бийиктик» басмасынын ээси, акын Жумадин Кадыровдон алдык.

Жайсаң ырчы – манасчы. Жайсаң ырчынын тарыхта болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. 14-18-к. Жайсаң деген ат Юань сулалесинин (1260-1368) мезгилиндеги кытайдын «Цзайсян» деген титулуна байланыштуу пайда болгон ысым. Бул титулдук термин кийинчерээк 14-15-к-дан тартып ойроттор менен моңголдордун арасына кеңири таралып, алардын феодалдык ак сөөктөрүнө да колдонула баштаган. Ал эми кыргыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кийин кирип, энчилүү ысым катары колдонулуп калган (Манас энциклопедиясы, 1-т. – Б.: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. «Мурас» илимий пропагандалык ишкер долбоору, 1995. 194-б.).

Жайташ – аба ырайынын өзгөрүшүнө таасир кылуучу магиялык күчкө ээ таш (Манас энциклопедиясы. Т. 1, 194-б.).

Жайчы – жайташтын магиялык күчү менен аба ырайын өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ киши. Эпосто көбүнчө аярлар жайчылык өнөргө ээ (Манас энциклопедиясы. Т. 1, 195-б.).

Жамакчы – уйкаштырып, куюлуштуруп, меселдетип айтуучу акындык өнөрү бар киши (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 296-б.).

Жамбаш – 1. анат. Адамдын, айбандардын санында жогорку башы куймулчак менен, төмөнкү жагы кашка жилик менен ашташкан жалпак сөөк, он эки мүчөнүн бири. 2. Дененин белден ылдыйкы бир жак жаны, ыптасы, сандын каптал жагы. 3. Дал ортосунан өтүп бир аз кыйшайып, ылдыйлап калган абалга карата колдонулат (көбүнчө ай, жылдызга карата) (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 296-297-б.). 4. Кыргыз салтында эң сыйлуу конокко бериле турган устукан.

Жаназа – мусулман дининде маркум менен коштошуу жөрөлгөсү. Шарият боюнча маркумду Ж-дан кийин гана көмүүгө мүмкүн болгон (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 176-б.).

Жапалак арча – 2. жерге жабыша жалпайып чачырап өсүүчү арчанын бир түрү (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 307-б.).

Жар салуу же жар көтөрүү – бул куранда жазылган сөздөрдү айтуу менен колдоочуларды чакыруу. Таластагы кыргызчылык жолунда жүргөн кишилердин айтымында, жар – бул ааламдын күчтөрү. Жар көтөрүү – кудай  менен жүз көрүшүү дегенди билдирет. Кыбыр эткен жан-жаныбардан баштап, чоң күчтөргө чейин аалам менен байланышуу. Жарды касиеттүү адамдар салат.

Жебрейил – исламдагы негизги периштенин бири. Ислам дининде Кудай менен пайгамбардын ортосунда элчилик кылгандыгы айтылат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 165-б.).

Жел кайып – көзгө көрүнбөй, тымызын жүрүүчү жан (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 430-б.).

Жеңижок – акын.

Жети – кыргыздарда жана Евразиянын башка калктарында, араб элдеринде (семит элдери) эзелтеден ыйык маанини туюндуруп келген сан, санак… Жети ата – ата, чоң ата, буба, баба, кубар, жете, жото (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 170-171-бб.).

Жети токоч жасоо – элдик ырым. бул кандайдыр бир кырсык болсо же бир адам оорууга чалдыгып калса, ошол оорунун же кырсыктын аягы жакшылык менен аяктоосун тилөө максатында аткарылат (Бүбү Чоңмурунова Чачыкей). Жети нан жасоо – бул бараткан мазар кабыл кылса экен, мазардан шыпаа болсо экен деген тилек менен жасалат (Бүбү Анарбекова Бүбүшай).

Жорго – зат. Эки оң жак буту менен эки сол жак буттарын тең таштап, чайпала жүгүргөн жүрүшү бар жылкы; ошондой жылкынын жүрүшү (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 217-б.).

Жорголо – жорго жүрүш менен жүрүү, жоргосун салуу.

Жорголот – жорголо этишинин аркылуу мамилеси.

Жума намаз – намаз – зат. дин. Ислам дининдеги адамдардын даарат алгандан кийин кыбыланы баштанып, белгилүү кыймыл менен кошо күнүнө беш жолу (багымдат, бешим, диггер, шам, куптан) окуп, кудайга сыйынгандыгын, ишенгендигин билдирген кулдук кылуучулук (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 449-б.). Жума – жуманын 5-күнү.

Leave a Reply