Түшүндүрмө сөздүк: Д

This post is also available in: Англисче

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

Даарат – намаз окуу, куран түшүрүү же ушул сыяктуу ар кандай диндик жөрөлгөлөрдү орундатуу алдында белгилүү эрежелерге ылайык жуунуу камылгасы, жөрөлгөсү (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 229-б.).

Дааруу – боло турган иш, окуя жөнүндө жогорку күчтөр тарабынан алдын ала аян берилген белги. Манасчылар – укмуштуудай поэтикалык шыктын ээлери. Алар айтып атканын тарыхый болуп өткөн окуялар катарында, эпикалык каармандарды, айрыкча Манас жана анын чоролорун чыныгы жашап кеткен касиеттүү адамдар катары санашып, угуучуларды ушуга ишендирүүгө аракеттенишет. Бул адам, ишеним салтка айланып, манасчылардын да, угуучулардын да сезимин ээлеп алган. Анткени, ар бир ынтызар адам өз каалоосу менен эпосту аткара албайт. Ал үчүн Манастын же анын чоролорунун даарышы (наитие) талап кылынат. Залкар чыгарманы үйрөнүп айтуу мүмкүн эмес деген ишеним манасчылардын арасына кеңири тарап, муундан-муунга салт катары өтүп кете берген (Манас энциклопедиясы, 1-т. 174-б.)

Дем салуу – дарылоо ырымы. Адам ооруп сыркоологондо аны колдоочулар, кайыптар, пирлер, ажылардын жардамы менен сакайтуу. Ошондой эле адам сыркоологондо, эски оорусу кармаганда, бир нерседен коркуп, чочуп калганда аны дуба окуу менен дем салып айыктыруу.

Дербиш – дээрлик эмгектенбей, динге берилип, эл кыдырып күн өткөргөн мусулман дининдеги адам (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. 1984. 1-т. 248-б.). Дербиш – Ир. 1. Дин. Дүнүйөдөн кечкен, таркий дүнүйө адам. 2. Тентимиш, кайыр сурап, дүнүйө жыйнаган адам. 3. Өтмө мааниси. Бир ишке ниети менен берилген (Карасаев Х. Өздөштүрүлгөн сөздөр: Сөздүк. – Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1986. 93-б.).

Долоно – майда-майда мөмөсү бар, көбүнчө тоого чыгуучу тикендүү катуу жыгач (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. 1-том. 256-б.). Мөмөсүн шуру катары тагынып алсаң, суук сөз, суук көздөн коргой турган касиетке ээ жыгач.

Долононун касиети – дарактын мөмөсүнөн жасалган шуру же башка зат өзгөчө коргоо касиетине болгон элдик ишеним. Мисалы, долонодон жасалган шуру суук сөз, суук көздөн коргой алат деген ишеним. Бул ишеним, көбүнчө, долонун суу чыкпаган жерлерде өсүшүнө байланыштуу. Суу чыкпаган жерде тамырланып өскөн дарак өзгөчө бекем болот дешет Таластагы карыялар.

Дуба – мусулман дининде ар иштин башталышына, жүрүшүнө, бүтүшүнө Алладан жардам, ырайым, боорукерчилик, мээрмандык ж.б. сурап кайрылуу. Д. өлгөн адамга карата куран түшүрүү, куран окуу, бата берүү менен иш жүзүнө ашырылган. Динге ишенгендер, кырсыктап иштери илгерилебегендер Д-ны кереметтүү күч катары карашып, молдо чакырып, куран окутушкан (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 166-б.).

Дубана – динге үгүттөө максатында диндик ырларды айтып, кайыр сураган адам, диний фанатик тилемчи (Кыргыз тил. түшүнд. сөздүгү. 1-том. 261-б.). Дубана – кыргыздардагы сопулуктун (суфизмдин) бир көрүнүшү. Аны колдогондор ислам дининин кечилдик багытын тутуп, өз алдынча же топ болуп айылдан айылга, элден элге көчүп-конуп жүрүшкөн. Кийиминде кечилдиктин белгиси катары өзгөчө элементтер (терисинин жүндөрү сыртына карата тигилген шоңшогой топу, үстүндө жүндөн жасалган чапан) болгон. Жандарына үн чыгаруучу түрдүү аспаптарды, шалдыркандуу аса таякты алып жүрүшкөн. Өзгөчө кыймыл-аракеттердин натыйжасында кудай менен түздөн-түз байланыш түзүү кудуретине жетүү Д-чылыктын негизги максаты болгон. Ага жетиш үчүн бул агымды колдогон ар бир адам шариатты, тарикатты (чындык жолу), марафатты (зикир аркылуу мааниге сүңгүп таануу) иш жүзүнө толугу менен аткарышы зарыл болгон. Д-лар эмчилдик касиетке ээ адамдар катары оорулуу адамдарга дем салышкан (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 166-б.).

Leave a Reply