Түшүндүрмө сөздүк: Б

This post is also available in: Англисче

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

Баабедин – 1) Орто Азия элдеринин эпосторунда жардам суроо, жалынуу иретинде кайрылганда айтылуучу Бухаранын колдоочусу Бахауддиндин тыбыштык жагынан өзгөртүлүп колдонулган аты; 2) Ар түрдү кырсыктардан, жамандыктан кутулуп калсак экен деген тилектеги же ар кандай кырсыктардан аман калгандыгын белгилеп коюу максатын көздөгөн курмандык, диний ырым-жырым ( Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. Ред. Э.Абдулдаев, Д.Исаев. – I-том. – Фрунзе: “Мектеп”, 1984. – 108-б.).

Багымдат – таңкы намаз.

Байлатма жин оорусу – нервдик-психикалык оору. Өзүн билбей, ээ-жаа бербей ооруган кишинин илдети. Мындай адамды чоң, касыйда окуган молдолор ага илээшкен жиндерди атайын дуба менен байлап коюу аркылуу айыктырышат (Таластагы молдо Мураталиев Кеңешбектен жазылган).

Бакай – «Манас» үчилтигинин бардык бөлүмүндө башкы каармандардын (Манас, Семетей, Сейтек) жашы улуу, көптү көргөн, кыраакы жана акылман кеңешчиси, насаатчысы катары активдүү роль ойногон негизги каармандардын бири (Жогорку адабиятта. 129-б.)

Бакшы – (санскр. бхихши – будда дининин молдосу) – ооруга чалдыккан адамды дубалап, «жин-шайтандарды» кубалап чыга турган сыяктанып, буркан-шаркан түшүп, жаалданган аракеттер менен эмдей-домдой турган дарымчы. «Манас» эпосунда да Б. мына ушул мааниде колдонулат: «Баканды кармап бакырып, Бакшы менен бүбүдөн, Немесин койбой чакырды» (КВ, 1.22). Сибирь элдеринде кам, шаман ж.б. түрлөрдө айтылып, кыргыз тилиндеги Б-нын маанисине дал келет. О.азиялык тектеш элдерде (өзбек, түркмөн, уйгур, каракалпак) ушул эле маани менен катар сабаттуу адам, мугалим, элдик ырчы, акын жана куш салуучу аңчы деген маанилерге да ээ (Манас энциклопедиясы, 1-т. 134-б.).

Балбалдар, буркан таштар – байыркы жана орто кылымдар мезгилдерине таандык көчмөн түрк (кыргыз) тилдүү уруулар мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер. Бийиктиги 1-4 метрге жетет. Алардын көпчүлүгүнө адамдын айкели, кийим-кечесинин деталдары, канжары, кылычы же колуна кармаган чөйчөгү менен кошо чегилген. Балбалдарда көчмөндөрдүн антропологиясын, аскердик жашоо салтын байкоого болот. Чөйчөк ак төөнүн карды жарылган молчулукту, ырыскыны чагылдырган. Айрым учурларда балбалдар жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган. Балбалдар Монголиядан, Европанын түштүк-чыгыш талааларынан, Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы балбалдар байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунну, авар ж.б.), көпчүлүгү 6-13 кк. кыргыз, огуз, кыпчак ж.б. түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай балбалдар Кыргызстандын Талас, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө көп табылган. Хакас-Минусин ойдуңунда, И.В.Мартьянов атындагы Тарых музейинде (Краснояр крайы, Минусин шаары), Туванын аймагы ж.б. жерлерде орто кылымдагы кыргыз маданиятын чагылдырган эстеликтер өтө көп кездешери соңку иликтөөлөрдө такталып, жыйынтыкталды (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 86-б.).

Бата – (ар. фатиха – тилек, башталыш) – 1) курандын биринчи сүрөсүнүн (главасынын, бөлүмүнүн) аты; 2) дүйнөдөн кайткан адамга куран окуу, үйүнө барып көңүл айтуу. 3) ошондой эле тилек, каалоо, алкоо иретиндеги жана болочокто боло турган окуяны, ишти алдын ала билдирүү иретинде да айтылат (Манас энциклопедиясы. Т.1, 139-б.). Кыргызда «Куру аякка бата жүрбөйт» деген кеп бар, башкача айтканда, бата берип жаткан кишини бата алып жаткан адам кандайдыр бир жол менен ыраазы кылышы керек. Колунан келгендер бата алуу үчүн мал жетелеп барышкан. Батасын алуу – эл ичинде кадыр-барктуу, отуруп-турганы нарктуу, айткандары эм, улуу-кичүүлөргө дем, урмат-сыйы бирдей, жекече касиет жылоологон карыя-байбичелерге атайын жолдук менен баруу. Алардын батасын кабыл алуусу, балалуу болууда (уулдуу болууда), алыс сапарга аттанууда, сапардан аман-эсен кайтууда ойлогон оюна, тилеген максатына ийгиликтүү жетүүсү… Артында «Анын батасы тийген», «Тегин кишиден бата албаган», «Батадан жаралган бала»… өңдүү адил сөздөр бара-бара уламышка айланган. Ушундан улам «кан Кошойдун, кан Бакайлардын жайган алакандары, алкаган сөздөрү тегин чыккан эмес», – деп айтып келүүдөбүз (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 197-198-бб.).

Баш теңдөө – баш ооруну эмдөөнүн бир түрү, ыкмасы. Баш теңдөө ырымын адатта колунда эми бар, атайын жөндөмдүү адамдар гана жүргүзөт. Ал көбүнесе аял киши болушу мүмкүн. Ырым учурунда жоолук же жип колдонулат. Эмчи ал жипти оорулуунун башына ченеп, бекем кармап туруп, оорулуунун башын силкилдетип: «Теңби, теңби?» – деп сурап турат. Бөлмөдө канча адам болсо, алардын бардыгы: «Тең, тең» – деп, кубаттап турууга тийиш. Ырым күндүн кайсы маалында аткарылганы маанилүү эмес, бирок бир нече күн катар кайталанып аткарылат (Айгине: Манасчы Улан Исмаиловдон жазылган).

Бейиш (ир. жаннат, жыргал жай) – дин ишениминде дин жолунан чыкпай жүргөндөргө тиги дүйнөдөн берилүүчү жыргалчылык, ырахат жай, жаннат. Мусулманчылыкта ак жолдон адашпай, шарият менен жүргөн адамдар бейишке чыгат, ислам динин коргогон, газават, жихад уюштуруп курман болгондорго бейиштен орун берилет деген ишеним бар (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 98-99-бб.).

Бейшептеп койгондор – заарасын токтото албагандар.

Бешик – зат. 1. Буту баса элек жаш балдарды бөлөө үчүн терметүүгө ылайыкталып, жыгачтан эки башы ийилип жасалган буюм (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 99-б.).

Бий – Кыргыздардын коомунда 20-к. биринчи чейрегине чейин колдонулган башкаруу титулу, уруу башчысы. Административдик өзүн-өзү башкарууну ишке ашырган. Уруунун бийи жалпы шайлоонун жыйынтыгы менен бекитилген. Россияга каратылгандан соң, кыргыз бийлери салык жыйноо, административдик айрым милдеткерликтерди да аткара башташкан. Бий – кыргыздардын мамлекеттик башкаруу иерархиясындагы титул-термини катары 7-к. белгилүү. Кытайдын Тан династиясынын (7-10-кк) жыл баяндары 7-к. орто чендериндеги энесайлык кыргыздардын үч министри Гйеси бей (бий) жана Ами бей (бий) жөнүндө маалымат берет. Профессор Ө.Караев изилдөөлөрүндө бул терминди (бей) – «бий» термининин фонетикалык өзгөргөн «бий» формасы катары чечмелеген (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 102-б.).

Боз үй – бир катар көчмөндүү элдердин үстү кийиз менен (үзүк, туурдук) жабылган, негизи кереге, уук, түндүктөн турган үйү (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 165-б.).

Болуш – 1. тар. Революцияга чейинки Россияда жана СССРде 1930-жылдарга чейин райондоштуруу жүргүзүлгөнгө чейинки мезгилде уезддин бир бөлүгү болуп эсептелген төмөнкү административдик-территориялык бөлүнүш бирдиги, волость. 2. Ушул бөлүнүштүн, аймактын башкаруучусу (Жогорку адабият. 170-б.).

Бөгөл – (калм.) бала (Аталган сөз катышкан макаланын автору, манасчы Улан Исмаиловдун айтуусунда – санжырадагы маалымат боюнча).

Бүбү – зат. дин. Шамандык жол менен дарымдап, эмдеп-домдоочу аял, бакшы кемпир (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 126-б.).

Бүбү Мариям Муса кызы – 21-кылымдын башынан тартып Жайсаң ырчы тарабынан берилген маалымат боюнча айтып жатам деп «Манас» айткан аял.

Бүбү, бүбү бакшы – бакшылыкты билген аял киши. (Бакшы (санскр. Бхихши – будда дининин молдосу) – ооруга чадыккан адамды дубалап, “жин-шайтандарды” кубалап чыга турган сыяктанып, буркан-шаркан түшүп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдой турган дарымчы…) (Манас энциклопедиясы. Т. 1, 134-б.)

Бугу – оң канаттагыири уруулардын бири. Бул уруунун келип чыгышы, теги жөнүндөгү уламыш-санжыралар кыргыздардын байыркы тотемисттик ишенимдерин чагылдырат. Этнонимдин параллели «пуга» формасында энесай кыргыздарынын урпактары хакастардын курамында бар. В.Банг кытай жыл баяндарында эскерилген «пу-гу» этнонимин хунну жана телелердеги (төөлөс) аскердик титул-этноним менен байланышта караган. Ю.А.Зуев «Бугу» бугуг – аскер башчысы, оң же сол канаттын аскер жетекчиси» деген мааниде чечмелейт. Арийне, 7-к. бугулардын локализациясы тактала элек. Айрым кытай тилдүү булактар бугуларды ба-е-гу (байырку) жана до-лан-гэ (теленгит) урууларына кошуна жайгашкан уруу катары эсептешкен. Теле конфедерациясынын курамына кирген бугулар 8-к. орто чендеринен тартып Уйгур каганатына баш ийип калышкан. Этнонимдин экинчи мааниси тотемдик жаныбарды туюнтат жана ал тотемдик сыйынуу обьектиси катары байыркы түрк доорунан белгилүү. С.М.Абрамзон да ушул пикирди кубаттап, өз иликтөөлөрүндө далил катары Мүйүздүү эне жөнүндөгү санжырага токтолот. Бугу алгач бир гана уруктун сыйынган тотеми болуу керек. Үстөмдүккө ээ болгон уруктун тотеми өзүнө баш ийген, көз каранды уруктардын тотемдерин сүрүп чыгарып, бүткүл уруунун энчилүү аты ошол тотемдин аты менен атала башташы мүмкүн десек болчудай. Д.Е.Хайтун Түштүк Сибирдеги ж.б. түрк тилдүү элдердин ишенимдериндеги «Бугу» жана «бука» жаныбары мифологиялык бир жаныбарды аныктаганына токтолот (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 115-б.).

Leave a Reply