Түшундүрмө сөздүк: А-2

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

А-1 А-2

Аккула: Каккула, Ак сур ат – эпостун бардык варианттарында Манастын жанга өлчөлүү негизги тулпары. (Манас энциклопедиясы. 2-том. 57-б.). Мамы – зат. Ат байлоо үчүн казып жерге орнотулган жыгач (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 418-б.). Мамы –

Акын – кыргыз, казак элдеринде көргөндөрүн жана коомдук турмуштан баамдап байкагандарын эч даярдыксыз ыр менен шыдыр баяндоого жөндөмдүү таланттуу адам, көркөм сөз өнөрүнүн өкүлү, «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. «Акын» термининин теги жөнүндө филология илиминде эки көз караш бар. В.В.Радлов, В.Бартольд, А.Маргулан, И.А.Батманов өңдүү илимпоздордун болжолунда А. «ак» (течь, струя) деген сөздөн жасалган. К.К.Юдахиндин пикири боюнча окумал, акылман, билимдүү, урматтуу адамды туюнтуучу уйгурча «ахунд» деген сөздүн кыргыз тилине кирип, адегенде чыгарган ырын жаза билген бирин-экин сабаттуу ырчыларга карата айтылып, кийинчерээк гана төкмө ырчылар да А. атала баштаган. Өткөн кылымдын орто ченинде В.Радлов кыргыз жергесине келгенинде ошол кездеги көп эл катышкан жыйындарда өз оюн ыргактуу баяндоого жөндөмдүү, өнөргө маш, таланттуу адамдар ырдап чыгарын айтып, аларды эл ардактуу наам менен «акын» (ырчы) деп атап, алардын көбү атак-даңкка, урматка ээ экенин белгилейт (Манас энциклопедиясы, 1-т. 71-б.).

Акырет дос болуу – (Акырет – ар. ахрет – тиги дүйнө, а дүйнө- диний түшүнүк боюнча өлгөн адам баруучу башка чыныгы дүйнө, адам өлгөндөн кийин жашоочу дүйнө). өлөөр-өлгөнчө дос болуу деген сөз (Манас энциклопедиясы. 1- том. – Б., 1995. 72-б.).

Албарс – сапаты эң жакшы болгон болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы ж.б. жоо-жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда аны уунун кошулмасына сугарышкан (Манас энциклопедиясы. Т. 1. 75-б.).

Албарсты – диндик демонологиялык түшүнүктөгү жин-шайтандын аял келбетинде элестетилген образы. Бул диний түшүнүк кыргыздарда байыртадан эле кеңири тараган. Адам уктаганда, жүрөк кагышы начарлап, деми кыстыгып, жаман түш көрүп кыйналган учурда, же төрөт учурунда каны көп кетип алсыраган аялдын оор абалын албарстынын басышы менен байланыштырып келишет. Мындай түшүнүктөр адамдын организминде болуучу кубулуштардын мыйзам ченемдүүлүктөрүнөн улам келип чыгары маалым (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 35-б.).

Алкоо – алка этишинин кыймыл атоочу. Алка – 1. Жакшы тилегин, каалоосун билдирүү, алкыш айтуу. Алкыш – кандайдыр бир кылган кызматы, жакшылыгы, сиңирген эмгеги үчүн билдирилген ыраазычылык, жакшы тилектеги сөздөр, мактоо (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 66-67-б.). Бул алкоо – согончогу канабаган (бала төрөбөгөн, боюна бүтпөгөн) аялдарга, дегеле жалпы аял затына карата «балалуу бол» деген ниетти билдирүү.

Алты бакан – селкинчек оюнунун бир түрү. Токой менен дарагы жок жерде үчтөн бакандын башын бириктирип байлап, ортосуна селкинчек салынат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Түзгөндөр Каратаев О., Эралиев С. – Б.: Бийиктик, 2005. 41-б.).

Алымкул ырчы– Алымкул Үсөнбаев (1896-1963), төкмө акын. Төкмө акын – мурдатан чыгарбастан, жазбастан, ыңгайга, шартка ылайыкташып, куюлуштуруп ырдаган, башка акындар менен айтышка түшүп ырдаган акын. Айтыш – элдик оозеки чыгармачылыктын бир жанры. Ыр менен айтышуу.

Аманат – зат. Жоготпой сактоо үчүн берилген нерсе, бирөөгө табышталган нерсе, иш, тапшырма (Кыргыз тил. түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 50-б.).

Амир – 1. Чыгыштагы кээ бир мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучуларынын титулу жана ушундай титулу бар башкаруучу. 2. Буйрук, бийлик (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 72-б.). Бул жерде амир ээ деген мааниде пайдаланылат.

Анатай – Анатай Өмүрканов (1945) – Кыргыз эл акыны.

Антташуу. Ант – бүтүм.Сөзсүз аткарылууга тийиш болгон чечим. Ант берүүчү менен алуучунун ортосундагы кол коюлбай, мөөр басылбай түздөн-түз дароо кабыл алынган мыйзам. Ант берүүчүнүн дилине, ниетине карата ант үч түрдүү болот: 1. Чыныгы ниети менен берилген ант. 2. Белгилүү максатка жетиш үчүн же кандайдыр бир абалдан чыгыш үчүн берилген катуу убада «алдоо анты» деп аталат. 3. Аткарыларына анчалык ишенбеген, бирок кырдаал талап кылган ант (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 152-б.). Ант – сөзгө, ишке, кыймыл-аракетке бекем туруу убадасы. А. жоопкерчиликте, достошууда, жашырын иштерде колдонулат. Анттты бузуу жүзү каралык, наадандык катары каралган. Эл ичинде «Ант урсун» деген каргыш өкүм сүргөн. Антташууда кылычтын мизин өөп: «Эгерде Антты бузсам, көк кирип, кызыл чыксын» деп убадалашкан. Эгерде Антты аткарууга көзү жетпесе андай адам А. берүүдөн качкан (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 213-б.).

Арашан – 1. Жылуу, ысык суу чыккан булак, дарылык касиети бар булак (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. –84-б.).

Арбак (ар. рух). – эл ишениминде өлгөн денеден бөлүнүп, өз алдынча жашоосун улантуучу адам жаны, элеси, сөлөкөтү. Ата-бабанын арбагын ыйык эсептеп урматтоо расмиси түрк-монгол элдеринин, анын ичинде кыргыздардын оозеки чыгармаларында (уламыш-жомоктор, дастандар ж.б.) байыртадан кеңири таралып, өзүнчө жалпылыкты түзөт. Арбакка ишенүү жана аларга арнап курмандык чалуу каада-салттарын өткөрүү кыргыздарда исламга чейин эле белгилүү болгон. Кеңири аймактарга белгилүү болгон арбак жөнүндөгү миф денеден бөлүнүп чыккан «жан» (киши көзү өткөндө) тиги дүйнөдө жашоосун улантат деген түшүнүккө негизделген. Арбакка сыйынуу, аны ыйык саноо ишеними кыргыздардын ишениминде, элдик дастандарда терең сиңген. Ата-бабалардын арбактары кыйын шарттарда колдоп, аларга жардам кылып, дем берип туруучу сыйкырдуу күчтүн милдетин аткарат деген ишеничте болушат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 58-б.).

Аруу кармоо, арууркоо – оорунун түрү: аба жетпегендиктен, адам муунуп жыгылат, оозунан көбүк чыгат. Көбүнчө бул оору балдарда жолугат. Кыргыздардын ишениминде, бул оорунун аркасында кандайдыр бир арбактардын же башка улуу күчтөрдүн талабы болот. Ошондуктан, бүбү-бакшылардын түшүнүгүндө, бул ооруну кыргызчылык усулдары менен дарылоо зарыл (Айгине: Көлдөгү Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну, элдик дарыгер Абдувалиева Тамарадан жазылган).

Арчалуу – арча өскөн, арчасы көп. Арча – жайы-кышы көгөрүп туруучу, ийне жалбырактуу, жыттуу жыгач (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 90-б.). Адамды, имараттарды тазалоо максатында кенен пайдаланылат.

Аса – боору жик-жик болуп өскөн катуу жыгач жана ошол жыгачтан жасалган катуу таяк (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 92-б.). Аса таякты дубана, бүбү, бакшылар ырым куралы катары пайдаланышат.

Ат майдан – ат оюндары, айталы ат чабыш, ойнотула турган жер.

Ат чабыш – ат жарыштырган мелдеш (Кыргыз тилинин түшүнд. Сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969, 66-б.).

Аштоо – көз тийип ооруган адамды дарылоо. Аштоо сөзү киренелөө деген сөз менен алмашылып колдонула берет. Бул дарылоону атайын бүбү, көбүнчө аял адам, аткарат. Жети үзүм нанды сук-суктап, көз тийген баланын бардык дене мүчөсүнө тийгизип, андан соң, итке берет. Же болбосо жетиге бөлүнгөн гезиттин ар бир бөлүгүн баланын ар бир мүчөсүнө тийгизип, андан соң эшикке алып чыгып өрттөп, кайра үйгө артын карабай киришет. Аштоо, же киренелөө ырымын аткарган бүбүнүн усулуна карата, бир нече түрлөрү болот.

Leave a Reply