Түшүндүрмө сөздүк: А

This post is also available in: Англисче

А Б Д Ж З И К М Н О Ө П Р С Т У Ү Ч Ш Ы Э

А-1 А-2

Аалы Туткучев – төкмө акын (1983)

Абдылда Муралиев – төкмө акын (1958)

Абыке – Жакыптын (Манастын атасынын) кичи аялынан төрөлгөн алты уулунун бири… Иниси Көбөш менен бирдикте Манаска каршы иш жүргүзөт (Манас энциклопедиясы, 1-т. 32-б.).

Автоматтык жазуу – (грек тилинен autоmatоs — өзүнөн-өзү болгон) — кыймылдаткыч көнүгүүнүн таризи; жазып жаткан адамдын аң-сезимдүү эмес ишмердигинин процесси (же жыйынтыгы). Андай адам бул учурда гипноз, медиумдук же медитативдик транс абалында болушу, балким толук өз аң-сезиминде болуп, өзүнүн колунун кыймылынан тышкары башка бардык көрүнүштү көзөмөлдөй алышы мүмкүн (Википедиянын – эркин энциклопедиянын материалы. http://ru.wikipedia.org/wiki).

Ажы– мусулмандар сыйынган ислам динине байланыштуу келип чыккан наам. Сауд Аравиясындагы мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Меккеге барып, Кудайга сыйынып, зыярат кылып кайткан же Мекке жолунда каза тапкан мусулмандардын ардактуу наамы жана ушундай наамы бар адамга карата айтылат (Каратаев О., Эралиев С. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 15-б.).

Ажыбек датка – 19-кылымдын ортосунда Кокон хандыгынын бийлигин жайылтууда зор эмгек өтөп, Талас элинен салык чогултуу ж.б. иштерде аталган бийликке кызмат кылган адам.

Ажыга баруу – ислам дининдеги мусулман адам аткара турган милдеттүү беш парыздын бири. Меке шаарындагы касиеттүү жайларга сыйынып кайтуу (Карасаев Х. Накыл сөздөр. – Б., 1995. 13-б.).

Ажыдаар – 1. миф. Жомоктордо учуроочу, адамды, айбанды оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чыккан укмуштуу чоң жылаан (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 29-б.).

Азиз – 1. ардактуу, кадырлуу, кымбаттуу. 2. Эки көзү тең көрбөгөн сокур. 3. «Жылан» деген сөздү тергөөдө колдонулат (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 33-б.). Биздин учурда аталган сөз үчүнчү маанисинде колдонулуп жатат.

Азирет, Азирет Аалы (ар. хазрет – улуу урматтуу, улуу даражалуу, касиеттүү, ыйык) – кудай аталышына, пайгамбардын, имамдардын, таанымал ыйыктардын ысымдарына кошуп айтыла турган ардактуу наам, мартаба… Кыргыздардын диний уламыштарында А. көбүнчө Алинин ысмы менен байланыштырылат (Азирети Алинин кылычы – күн желеси). Али ибн Аби Талиб (б.з.7-к.) – такыба халифтердин төртүнчүсү, Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы ж-а күйөө баласы (Фатиманын жубайы), исламдын бир агымын туткан шейиттердин ыйык жол башчысы, башкы пайгамбары. А. көптөгөн жеңиштүү согуштарды башынан өткөргөн, кийин душмандардын колунан кайгылуу өлүмгө дуушар болуп, анын сөөгү коюлган көрүстөн-бейит шейиттер сыйына турган ыйык жайга айланат (Манас энциклопедиясы. Т. 1, 41-б.).

Айкөл – сын. Кең пейил (Көбүнчө Манас жөнүндө айтылуучу эпитет) (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 28-б.).

Айтымчылык – болуп өткөн, болуп жаткан жана боло турган нерселерди алдын ала айтуу.

Айчүрөк – манасчылар Айчүрөктүн түпкү тегин периге же кайыпка байланыштырат… (Манас энциклопедиясы, 1-т., 49-б.). Семетейдин аялы, Сейтектин энеси, Акун хандын кызы жана Манастын келини.

Ак – 1) Сүт жана сүт азыктарынын кыргыздарда аталышы. Бул, балким, сакралдык мүнөзгө да ээ. 2) Ыйык маанисин да туюнтат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 25-б.).

Ак алып чыгуу – алыстан көч аттуу келе жатса, куда-сөөктөрдөн болсо, бурала басып, кыз-келиндер колдоруна ак толтурган (кымыз, айран, чалап ж.б.) аяк-чыны кармап, ошол жүргүнчүлөрдүн алдын тосо чыгуусу. Мында да адептүүлүктө колун карап, суусун сунулат. Даамга бармагын киргизбейт. Жүргүнчүлөр да идишти сыпайы алып, аттын ыйык жалына тийгизип, жутуп, суусундарын кандырышкан. Ыракматтарын айтып, баталарын берип, көч шарт жөнөй берген (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 60-б.).

Ак кийүү – кыргызчылык жолуна түшүүнүн бир белгиси жана баскычы. Тиешелүү учурларда ак кийим кийүүнү билдирет.

Ак тайлак – тайлак – зат. Бир жаштан өткөн төө (Жогорку адабиятта. 567-б.).

Ак чилтенге отуруу – бул зыярат кылып, ар кайсы рухтар, касиеттер менен байланыш түзүү. Ак чилтен учурунда ага катышкан адамдар уктабай, үйдөн чыкпай, оокат кылганды токтотуп, жакындары даярдап берген тамакты жеп, толук көңүл буруу менен зыярат, сыйынуу кылышы керек. Бир киши даарат кылып туруп, тамак жасап, алып келип берип турушу керек. Ак чилтенге отуруу демейде 7 күндөн 40 күнгө чейин созулат (Айгине: Көлдөгү Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну, элдик дарыгер Абдувалиева Тамарадан жазылган).

Leave a Reply