Үй-бүлө, эркек-аял менен байланыштуу ырым-жырымдар

This post is also available in: Орусча

[Бул интервьюла Талас  аймагында 2005-07-жылдары Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Жаңы келин –  очоктун ээси

Шейшен:

Келинди алып келгенде түз эле очокко алып барып,  майлуу,  сүттүү келин болсун деп май менен оозантып,  очокко жүгүнтөт. Ошол үйдөгүлөргө таазим эткени очок менен тааныштырганы. Анткени келген  келин очоктун ээси болот да.

Келин алганда чачыла эмне үчүн чачылат?

– Келген келиндин кайненеси чачыла чачып, анын  башына ак жоолук салып, көшөгөгө олтургузат. Себеби дайыма агыл-төгүл болуп,  чачылып турсун, келин менен кошо кут келсин деген. Момпосуй чачканы келин ачуулуу эмес, таттуу болсун дегени.

– Жаңы келинге эмне үчүн  ак жоолук салат?

– Албетте, агарсын, көгөрсүн, ак жолтой болсун, ак жолдо жүрсүн деп салат. Ак жоолукту жаңы келгенде алдына салганы,  башка келиндерден айырмаланып турсун дегени. Баарынан баш улук.

– Көшөгө  келин алганда эле тартылабы?

– Туура,  келин келгенде гана көшөгө тартылат. Себеби кайын ата,  кайын ага кирип чыгат. Үч күнгө чейин келиндин жүзүн көрсөтпөө ырымы бар. Ошол үчүн тартып коет. Анан дагы жаңы келинди көргөнү келгендер жоолук салышат, алар  ошол көшөгөгө  илишет. Мурда кыргыздар боз үйдө жашаган, ошондуктан  көшөгө тартышкан. Антпесе  уят да.

–  Келин алганда эмне учүн өпкө чабылат?

– Бала менен келинди олтургузуп алып экөөнүн далыларын тийгизип, жаңы мууздалган эчкинин өпкөсүн сууруп алып,  ысыгы менен чабат. Жамандык болбосун, балакет ушул өпкө менен кетсин, садага болсун,  кырсыктан алыс, аман болсун деп чабылат.

Бул ырымда  баардык малдыкынан эчкиники жеңил болот. Ошондуктан жеңил өтсүн,  баардык иштери оңой болсун деп,  анын этин келин той баштала электе элге кудай тамак кылып берет. Жамандыктар  өтүп кетсин деп, өпкөнү итке берет.

Келин алууда кандай ырымдарды колдоносуз?

Аттокурова Кумар, жашы  85: Илгери биз келин болуп келгенде, үйгө киргизбей, кемегеге алып барып жүгүнтүп,  колуна май берип очокко таштатат. Жоолукту алдына салып үйгө киргизет. Сары майдай майлуу,  ырыстуу болсун деп. Умай Эне Батма Зууранын кемегеси деп коёт,  ошого ээ болсун деп таштаттырган. Жоолукту алдына салбаса, ыйман качат. Арабдарда дайыма эле алдына салынып жүрөт ко жоолукту. Нике кыйып жатканда да кайненесинен молдо “казандын канча кулагын бересиң” деп сурайт . Энеси экөө, үчөө же төртөө деп айтат.  Анткени казандын ээси да келин болот. Көптөр экөөнү берет,  себеби бийликтин баары өтүп кетпесин келинге деген ырымдап. Экөөнү  кармап тамак жасайт.

Кыздын себин көргөнгө да акча берилет

Эралиева Шейшен, жашы 74: Кыздын  себи келгенде да акча алат.  Бул да кыргыз ырымы болуп калган.  Жүктү  үйүнөн жүктөп жатканда, “жүк басты кылбайсызбы” дешет. Тигил жакка барганда жүк көрдү дейт, ага да ырымы кылынып түшүрүлөт. Баары көргөндөн кийин,  жүк жыйды болот. Жакын абысындарынын бири жыйат. Ырымдап ага бир ала кийиз, шырдак же төшөк берет. Сөзсүз буюмдан алыш керек. Болбосо акча деле берип коймок. Жыйган киши сеп ала элек болсо, ошондой сеп алайын деп, алса келиндеримден ушундай сеп келсин, кыздарыма ушундай сеп берейин деп ырымдайт.

Чач өрүү ырымы

Ракыя Ташмамбетова: Кыз кезинде кыздар кырк чач өрдүрүп  жүрөт.  Келин болуп келгенде эки чач кылып өрдүрөт. Башы бүтүн бала чакалуу, бир эле күйөөгө тийген адамга өрөт. Менимче, жеңеси же абысындары.

Эркек кишинин алдынан кесип өтпөө керек

Дооронбеков Токтогул, 89-жаш, Таш –Кудук айылы: Алла таала аялды эркектин кабыргасынан жараткан. Аял эрден, эр бирден табат деген бар. Эр дегени күйөөсү,  бири кудай эркектерди сыйласаң жакшылык көрөсүң. Баланы да ошон үчүн атанын атына жазат. Балалуу болсоң ат токур деп сүйүнөт. Анткени атанын атын бала токуп берет. Илгери мусулман баласы ача туяктуу кепшеген гана малдын этин жеш керек дечү ырымдап. Азыр жылкыны деле жеп албадыбы. Кепшеген малдар адал да.Ар бир заманга жараша адамдар ырымдарды өзгөртө берет. Мисалы, тумшугу түзү адал, ийриси  арам жебегиле дейт. Андай болсо тоокту адал дешет го,  кара карганы тумшугу түптүз аны арам дейт.

Даниярдын апасы, 52 жашта, Боо Терек: Эркек киши көчөдөн өтүп бара жатканда,  алдынан кыз киши бош челек кармап өтпөш керек. Жок дегенде,  ал челектин ичинде суу болушу керек. Эркекти өткөзүп коюп туруп, анан аял киши өтүшү керек. Эриңди акырая карабашың керек, күнөөнүн баарын өзүңө үйөт экенсиң. Эми карап турсаң эч ким антпейт, кайра өздөрү келиндеринин көзүнчө «өлүп кал сен» деп эрлерин тилдей беришет.

Эркектин башы улук

Ракыя Ташмамбетова: Ак сакал кишинин  алдынан аял киши өтпөш керек. Дегеле эркектин башы улук, аялдар кыя өтпөйт. Жетимиштеги кемпир жетидеги балага жол бериш керек. Ал эми  аялда – чач улук. Чачты тебелендиге таштабайт, баш ооруп калат, кыркпайт, отко жакпайт. Менин Кызыл-Октябрдагы эжем бир калта кылып чогултуп жүргөн экен. Айтыптыр:”Мен өлгөндө кошо койгула”, – деп. Кошо коюулду.

Баш күйөө балага, аялга тартылбайт

Дооронбеков Токтогул, 89-жаш, Таш –Кудук айылы: Башты күйөө балага  тартпа дейт. Баш башка ылайык эмес,  ансыз да кызын алып жатпайбы,  башты аялга да тартпайт. Баштуу, көздүү эркектер бар, ошолорго тартат. Көлдө канча киши олтурса, башты ошончого майдалап бөлүп коет экен,  баш баарыбызга тең деп. Бирөөнүн үйүнөн устуканга баш жегенде үйүнө алып кетпеш керек. Баш улук,  ошол үйдүн ырыскысын баарын алып кеткен болот. Кулагын эле кезип алып,  калганын ташташ керек. Бирок кээ бир жерде жөнү жок ырым кылган туура эмес. Көл жакта кар жиликти улуу кылат экен. Ошол туура. Бут биринчи чыгат да,  баш эң арт чыгат баары бөлүп жейт. Эң улусу кар жилик,  анан орто жилик,  далы, тескерисинче,  аны кемпирлерге тартып коет. Эт асканда да казанга биринчи кар жиликти салат. Анын  мындай ырымы бар,  кар жиликтин этин жеп, тиш тийгизбей керегеге илип коет. Себеби, кар жиликтей катуу, бекем, өмүрү узун болсун деп. Моюнду да чала кемирип,  илип койсо жаш баланын моюну да бат катат. Негизи шыйракты сыйлаш керек,  ал биринчи чыгат,  аны балдарга берип жатабыз. Бул деле туура, биз аны кантип кемирбек элек.

Караколдогу кудагыйларыбыздыкына барсак жети каржиликти короого илип коюптур. Бул эмне десек? Үй кайтарат,  кароолчу. Түндө ууру келсе жетөө жети адам болуп көрүнөт деген ырымы бар.

Жээнди сууга салмай ырымы

Сайра, 10 балалуу эне, Талас р-ну, А.Огомбаев айылы: Кызымдын баласын бул жердеги төркүндөрү сууга салышты. Эми кызымдын баласы болгондо бизге ал жээн болот да. Илгертеден келаткан ырым, жээнди сууга салуу деген.  Бул ырымдын максаты  – эптеп жээнди суу кылып эле эт жеп, конок болуп барып келүү”.

Кыздын төркүндөрү жөн эле жээнди сууга салдык деген шылтоо менен эле бара беришеби же   жээнине бир нерсе ырымдап алып барышабы?

– Ооба, алып барышат. Кур кол барышкан туура эмес. Жээнге деп кийим алышат, бир сыйра   куда-кудагыйларына кийит алышат, тасмал жасап, чоң сумка менен барышат.

–  Канча киши болуп баруу керек?

– Эми бара  берсе болот го, мынча деп айтканга болбой. Ар кимдин шарты ар кандай.

– Сиздер канча киши болуп барып келдиңиздер?

– 7-8 киши болуп бардык.

– Ушундай жээнди сууга салмай деген ырымды буга чейин да аткаргансыздарды?

– Ооба, буга чейин да көп эле жолу болот да. Бирок эми бир эле биздин жээнди эмес, башка жээндерди да.

– Чындап эле сууга салдыңыздар беле же сууга салдык деп эле бара берсе болобу?

– Э-э-э, салышты да сууга. Чыныкый эле салышат да, кадимкидей эле. Бала ыйлайт.

– Жээнди сууга салдык деп барышканда кудаларыңыздар ишенишеби, чындап эле салдыңарбы деп же ал жөнүндө сурашпайбы? Күбө катары бирөө жарым көрүш керекпи сууга салынганын?

– Биз жакында түлөө өткөргөнбүз. Анан ошо түлөөгө кызым келген баласы менен. Анын баласын жаңы отургузушкан да. Анан ошол кызымды каратып туруп эле, көпчүлүктүн көзүнчө эле бир келин жээнибизди сууга салып коёлу деп туруп, салып таштады. Аны келген эл баары көрүштү, кызым да көрдү баласынын кандай сууга салынганын. Анан кызым айтып барды да үйүнө балаңарды  таяке, таежеңелери сууга салып ташташты, жакында келебиз дешти деп. Анан эле биз камданып барып келдик. Эми бул анчалык деле чоң нерсе эмес, бирок бул кыргыздардын накта ырымы деп эсептейм.

Бегалиев Жуматай, 83  жашта. Талас району, Жон-Арык айылы.

Анан азыр өлүмдүн баркы кетпедиби, өлүм азыр ит өлгөндөй эле болуп калды. Өлгөн күнү өкүрөт, мүрдөгө койгондон кийин унутуп коюшат. Илгери эгер бир аялдын күйөөсү каза болсо, кыргыздар көчүп жүрүшкөн да, көчкөндөн тартып отурукташкан жерине чейин кошок кошуп, ыйлап барышкан. Атка мингизип коет, жанына абысындардын бири отурат барганча кошок кошуп барышкан, мына өлүмдүн баркы илгери болгон. Анан ашын бергенге чейин бир жылга чейин эшикке чыгышчу эмес. Куран окуткан күндөрү абысындары жардам беришкен, анан үстүнө чапан жаап коюп, бетин көрсөтпөй эшикке чыгарып даарат ушатып келишкен. Анда куурайдын түптөрү, кокту- колоттор болчу да. Үйдөгү шыпырындыларды ошол кокту-колотторго ташташкан, үйдүн жанына ташташкан эмес. Кечинде эл оокат ичип жатаардан баштап, иңир киргенден баштап, түн ортосуна чейин жин-перилер жүрчү экен. Алар ошондой кир, шыпырындыларга оонашчу экен,  анан алар үйгө кирип кетсе, адамдарга жин оорусу жармашкан. Ошондой оорулардан сак болгула деп карыя, аксакалдар айтып калышчу. Анан түн ортосунан күн чыкканга чейин периштелер жүрүшөт экен. Ошондуктан эртең менен таң атканча адам өлүк деп саналат экен. Мына өлгөндө деле адамдын сол ийининде шайтан, оң ийининде периште отурат. Аңкир, Маңкир периштелер сурак жүргүзгөндө сол жактагы шайтан айтып турат экен, качан эмне кылганын, мунун баары куранда жазылган.

Leave a Reply