Андарак айылындагы тажик-кыргыз элдеринин азыркы убакытка чейин пайдаланып келе жаткан элдик дарылоо ырым-жырымдары жана билими

This post is also available in: Англисче, Орусча

Андарак айылындагы тажик-кыргыз элдеринин азыркы убакытка чейин пайдаланып келе жаткан  элдик дарылоо ырым-жырымдары жана билими:

Мурду бүтүп, эмчек эме албай балага нокто кийгизип коет. Ал ырымды бүбү-байбичелер жасашат. Алар ноктону алып, “бисмил рахмонир рохим (Ахун бова Даутбова). Менин колум эмес бова-калолардын колу эм болсун” деп, ноктону балага кадимкидей кийгизип коюшат.  Нокто үч күнгө чейин дайыма же маал-маалы менен кийгизилип турат. Нокто кийүү ырымы шаршемди күнү түшкө чейин жана ишемби күнү аткарылса, эм болот деп коюшат.

Дагы бир баланын мурду бүткөндө аткарылган ырым: Уул бала болсо, анын бетин ак матага ороп, үч жолу ары-бери өткөрөт. Кыз бала болсо , бетин ак матага ороп, эркек койдун астынан үч жолу ары-бери өткөрөт. “Бисмиллахир рахмонир рахим, ушул эм болсун”-  деп тилек  айтат.

Эт албай, салмагы кошулбай, арыктап кеткен жаш баланы кыбыла тарапка каратып, бир нерсенин тешигинен өткөрүшөт. Балондун же башка заттын тешиги боло берет. Андан кийин  баланын кулагын кичине кесип, өз канын бети-башына сүртүп коет. Куурчакка ошол баланын киймин кийгизип,  баланын атын коюп, жерге көмүп коет. Куурчак адам баспаган, таза жерге коюлушу керек. Ырым шаршемби күнү түшкө чейин бүбү-байбичелер тарабынан  аткарылат.

Жаш баланын башына жик (башкача: быжы) түшсө, катырма же калама нан  кылып, баланын башына ак кездеме же жоолук салып, анын үстүнө каламаны коюп, башын ченеп, калама нанды оюп  кесип алат.  Тажик элинде бул ырымды эгиз төрөгөн, кемеге түшкөн келин жасайт.  Кыргыздарда көп балалуу аял киши да жасайт. Жик түшкөн балага карата дагы бир ырым:   баланы төрт айрылыш жолдун ортосуна ак матанын үстүнө  жаткырып, төрт тарапка каратып терметкен түрдө тоголотот. Муну бүбү-байбичелер жасашат.

Бала кусуп, ичи өтө берсе, аны таңдайынан көтөрүп койуу керек. Таңдайы томпоюп, бала кыйналып, тамак иче албайт. Аны кол менен басып коюу керек.

Ичи көөп кеткен баланы төмөнкүдөй ырымдашат: аш (камыр жайган)  тактаны коюп, эки никелүү келиндин очогунан күл алып келип, тактанын үч жерине бир жакка катары менен коет. Анын жанына үч үйдөн ун алып келип, каршылаш жагына коюшат. Баланы жанына жаткырып, биринчи эмчи адам  колун күлгө бөлөп  баланын ичине басып коет, андан сон эмчи колун унга бөлөп, баланын ичине басат.

Бетке көзгө окшогон жара чыкса, үч үйдөн ун алып , эки никелүү келинден күл алып,   тегирменден калдык ун алып келишет. Унду, күлдү  аралаштырып, кишини сылашат. Андан кийин ошол аралашманы жана калган күл менен унду кошуп, камыр кылып, боорсок жасашат. Боорсокту жипке тизип, ага кызыл калемпир кошуп, шурудай тизип, эшиктин сырт жагына илип коюшат. Ал боорсокту жасаган майын чыккан жарага сүртүшөт. Бул ырым мал өлө берсе да  жасашат, анткени малга көз тийди деп коюшат.

Жүрөк көтөрүү ырымы: үч үйдөн ун алып, эки никелүу үйдөн күл алып келип, камыр жууруп, жүрөгү түшкөн адамды камыр менен сылап туруп, ошол камырды ысык чокко  бышырат.  Томолок нан даяр болгондо, аны балага тагып коет. Эгерде жүрөгү тушкөн болсо, токоч жарылып кетет. Ал токоч муздаганча ошол киши тагып турат. Муздагандан кийин алып итке таштайт.

Тепки (кептөөр) болгон баланы астанага (босогого)  кыбылы тарапты карата жаткырып эгиз төрөгөн аял “эм болсун” деп бутунун учун тепки жерге  тийгизип коет.

Жүрөгү түшкөн баланы ( адамды)  оодарып, бутунан кармап, кыбыла тарапты караган болмөнүн эшигинин үстүнө бутун тийгизип “Туш, түш, туш” – деп бутун балта менен ырымдап, урат.

Колу-буту ооруган адамдын колу- бутун пахта менен сылап, пахтаны төрткө бөлүп, экиден кошуп (кош кылып),  шыбакка ороп, майга, күлгө салып алып,  чырак коет (шам жагат).

Ай жаңырганда сары түстө жана тикесинен турса, эл тынч болот (өзүнө тынч эмес – элге тынч деп коет элде) . Ай чалка чыкса, ай ток жатат, өзүнө тынч, бирок  элге тынчтык болбойт ( сел жана башка апааттар болушу ыктымал).

Сапар айында от жагып ошонун үстүнөн секирип өткөн. Анын себеби бул айдын тынч өтүшүн каалаган. Бул айда нике кыйылбайт.

Бала төрөлгөндөн кийин тогуз күн откөндө, кошуна–колонду чакырып бешикке бөлөйт. Бешикке күзгү, тарак, шыбак коюп, анан бөлөйт. Бешиктин башына токоч анан пияз коюп коет. Бала алты ай болгончо ошолор баланы сактайт дешет элде. Жаңы төрөлгөң баланы киринте турган сууга туз жана дубалдан алынган топуракты кошуп жуунтат. Баланын чилдеси чыкканча ошондой сууга жуунтуп турат.

Кулагы ооруган баланын кулагын үч тыйын (уч сандагы тыйын) менен сылап, булакка таштайт. Таштагандан кийин артына карбай кетүү керек.

Тили оюлган балага пахта же малдын майын түкүртүп кыбыланы караган эшикке жабыштырып коет. Ошол кургаганда баланын тили айыгат.

Жаңы келген келинди очокко алып барып, барктуу байбичелер очокко ак матаны жаап, келиндин башын тийгиздирет. Келин казандагы майдан алып, кашык менен очоктун бурчтарын майлап коет. Андан кийин келин май кошуп патирге (калама нанга) камыр жууруп берет. Ал камырдан патир нанды башкалар бышырышат.

Жети айрылыш жолдон  жети ташты алып, кыйналып заара кыла албай калган баланын (адамдын) табарсыгын  сылайт. Анан билерман адам ал таштарды кызыта ысытып, ага суу себет. Ал бууга баланын табарсыгын кармап турат.  Чыккан буу балага эм болот.

Баланын мурду бүтсө (кумуру болуп калса), аны мындай ырымдайт. Уул бала болсо, анын бетин ак матага ороп, үч жолу ары-бери өткөрөт. Кыз бала болсо , бетин ак матага ороп, эркек койдун астынан үч жолу ары-бери өткөрөт. “Бисмиллахир рахмонир рахим, ушул эм болсун”-  деп тилек  айтат.

Суу куйду. Бала ич өткөк болуп ккусса, анын башынан ылдый кашык менен кырк кашык сууну куят.

Белин оорутуп алган адамга “бертик” коет. Жети үйдөн бир оз үн чыгарбастан ун сурап, андан камыр жууруп, патир нан  калама нан ) бышырат, ал нанды ысыгында белге койуу керек.

Бул маалымат тажик элинин хадымы ( хадым – бул ким-кимдин болбосун мааракесинде баш болуп берген аял. Аны атайын эл шайлайт) Устаева Мархамат жана Касимова Хуршада апалардын айтуусу боюнча жазылып алынды, июль 2011 жыл).