Курмандык чалуу

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Курмандык чалуу деген эмне?

Эң биринчи байкоо, курмандык чалууга келгенде, Таласта уккан аныктамалар совет учурунда берилген түшүндүрмөлөр менен дегеле айырмаланбайт: «Курмандык чалуу – кудай жолуна арнап, кудайга сыйынып мал союу. Курмандык – курман үчүн союлуучу мал»[1].

Бирок, арийне, кескин түрдө айырмаланып турган нерсе – мурунку жана азыркы учурда элдин бул ырымга болгон мамилеси. Бүгүнкү күндө курмандык чалуу кенен тараган ырымдардын бири.

Шайык Асыранкулов Саманкулдун айтымында: «Эки пайгамбар курмандык чалат экен. Бирөөсү жакшы көргөн малын алып барып соет, экинчиси жаманынан алып барат. Алла таала биринчисинин малын алып, экинчисиникин албай коет. Жаман көргөн малыңды курмандыкка чалбай эле кой, баары бир кабыл болбойт. Кудай үчүн десең жакшы көргөн нерсеңди, малыңды алып барышың керек».

Азыркы учурда курмандык чалуу өзүнчө ырым катары айтылганы менен, ал түздөн-түз түлөө берүү менен байланыштуу. Бул эки ырымдын түпкү максаты бир дебесек да, абдан жакын: кудайга арнап, колдон келген малды союу. Бүгүн көбүнчө курмандык чалуу түлөөнүн өзөгү катары болуп келет. Бул эки ырымдын айырмасы, мүмкүн, аткарылуу иретинде. Курмандыкка мал көбүнчө белгилүү бир шарттарда союлат, мисалы, орозо айтта, курман айтта. Ал эми түлөөнүн дайыма бир айкын «жакшы-жаман» себеби болот, түлөөнүн артында дайыма кайсы бир даана шарттарга байланыштуу тилек жатат.


[1] Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. 1-том. – Ф.: Мектеп. 1984. 599-б.

Leave a Reply