Жар салуу

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Жар салуу деген эмне?

Бүбү жана шайык Чоңмурунова Чачыкейдин аныктамасында, жар салуу же жар көтөрүүбул куранда жазылган сөздөрдү айтуу менен колдоочуларды чакыруу. Жар – бул ааламдын күчтөрү. Жар көтөрүү кудай  менен жүз көрүшүү дегенди билдирет. Кыбыр эткен жан-жаныбардан баштап, чоң күчтөргө чейин аалам менен байланышуу. Жарды баары эле салып, ар бир адам эле көтөрө бербейт. Жарды касиеттүү адамдар салат.

Жарды эмне үчүн салат?

«Жарда жеңилденесиң»

Бурул Кожобекова:

– Жар деген эң жакшы. Жарда жеңилденесиң. Мисал үчүн менин кээ бир ооруларга алым деле келбей калышы мүмкүн, эми Алланын буйругу да. Алым келбей калгандарга мен жар салып берейин дейм. Мүмкүн жарда жин-шайтандар кетип калабы деген үмүтүм бар. Эмне дегенде жар күчтүүрөөк болот. Жарга отуруп шамды жага баштаганда ат арбактарды чакырабыз, алардын арты менен Алла Таалама жалынып жалбарабыз. Таң атканча оорулуулар менен алек болом, бүткөндө алар өздөрү деле жеңилдей түшүшөт. Ошондуктан кыйын кыргызчылыгы бар жүктүү адамга жар таасир этет. Алар да кичине сергип, көздөрү ачыла түшөт. Жардан жакшы болуп кеткендер аябай көп. Ошондуктан алым келбей калса жар салам. Эмне дегенде бир окуя болгон. 3 жыл мурун Бишкектен, анда мен үйдө отурчум, кыштын күнү эле бир жаш кыз келиптир. Ал кыз Москвага чейин барып көрүнүптүр. Ар кандай аппараттарга, рентгенге салышат, кайсыл жерден оору чыкканын билбей коюшат. Москвадан ушу кыздын мээси чирийин деп калыптыр, мээсинин үстүндө бир нерсе турат, эч бир диагноз жок деп айыктыра албай коюшат. Болгон уколдорду сала беришет, же эч бирөөсү таасир этпейт. Аныкы анык жин да, көзүнө шайтандар көрүнө берген. Мазар басса да, ооруканага көрүнсө да болбойт, 6 жыл бою диагнозун койдура албай келет. Анан Манас атанын күмбөзүнө келет, ал жерден өйдө-төмөн ардекелерди сүйлөй бергенде, ошо жерден бир кемпир бул кыз сыркоолоп калыптыр, мазар бастыңарбы деп сурайт. 6 жылдан бери басып жатабыз, сеанстарга да алып бардык, эч бирөөсүнөн болбой койду дешсе, тиги кемпир Таласта Бурул деген келин бар, ошого алып барып көрбөйсүңөрбү деп мени айтат. Анан болуптур деп мазарлан дароо эле түндөп мага келишет. Келгенден кийин бардыгын айтып беришти, эмдеп бериңизчи дешти. Болуптур деп дем салдым. 3 жолу дем салсам такыр тоготкон жок, анан ошондо мен ойлодум кой буга жар гана таасир этет окшойт деп. Анан жар салдым. Биринчи жарымда да такыр тоготкон жок, мурдагы эле абалы. Эртеси күнү экинчи жарды салдым. Ошол учурда мага келип көрүнүп жүргөн чала-була кыргызчылыгы бар балдар бар болчу. Ошолорду чакырып тапшырма бердим, жардын учурунда тиги кыздын эки колтугунан кармап секирткиле, секирткенде мен кичине камчы менен чапкылап жин-шайтандарды ылдый көздөй кагайын дедим. Оорусу аябай күчтүү болчу, алым жетпей жаткан.

Экинчи жарымда түн ортосу болуп калган. «Айлай, ойлой, хайт эле хайт» деп тегеректеп чуркап жүрөм. Эки бала тиги кызды колтуктап секиртип жаткан. Секирткенде эле чекесинен кыпкызыл болуп күйгөндү көрдүм. Мен алгач эмне күйүп жатат, же көзүмө көрүнүп жатабы деп таң калдым. Жакшылап карасам эле мандаш токунуп, эки колун кыздын мээсине такап капкара киши отуруп алыптыр, шляпасы да бар экен башында. Москвадан мээси чирип калыптыр деп айтышканы туура экен. Мээсинин үстүнө отуруп алыптыр, ошондойду өз көзүм менен биринчи жолу көрдүм. Анан куйругу да бар экен. Ошондо эки көзү күйүп мага атака берди. Мен болсо камчым менен артымды көздөй чуркадым. Ошондо таң атайын деп калган эле. Эгерде ошол шайтанды албаганда, мени да көтөрүп чапмак, тиги кыз оору боюнча калмак. Саат беште камчым менен тиги кыздын көк желкесине чапканда шайтандын куйругу камчыга илинип ыргып эле секирип кетти. Жанагы чычканга окшоп, босогого жеткенде жок болуп кетпедиби. Ошол шайтан жок болуп кеткенде жанагы кыз чалкасынан түшүп кулады. Ошондо апаларынын эмне болду деп жүрөктөрү түштү, анан мен бир жагынан тобо, бир жактан келмемди келтирип, Аллага жалынып жатам кыз өлүп калбасын деп. А кыз эчтекени билбейт, мээсинен шайтан чыккандан кийин эле ээси ооп калды. Ошентип таң да атып калды. Тиги кыздын жүрөгү согуп жатат, бирок эчтеке билбейт. Ошону менен мен апаларына «Бул кызга тийбегиле, эс алып жатат» дедим. Бирок өзүмдүн жүрөгүм ооруп, тим эле жаман болуп турдум. Тиги балдарды, келиндерди кетирип жибердим, ошондо биз 5-6 адам болуп жар салыптырбыз. Ошентип эгерде айыкпаса эртеси күнү дагы жар салайын дегем, бирок саат түшкү 12 де көзүн ачты. Таңкы 5 те уктап, 12 де көзүн ачты, эсине келди. Эшикти, тияк-биякты карап, «биз каякка келдик, курсагым ачып жатат» деп чай-пай ичип калды. 3-4 күн дагы дем салдым, ошону менен жакшы болуп кетпедиби. Экинчи жарга түшкөндө эле сакайды. Анан мен апаларына түшүндүрүп, жаз-күздө дагы оорусу кармашы мүмкүн, келип дем салдырып тургула дедим. Анан чогуу Арашан атанын мазарына барып зыярат кылдык. Ошентип ал кыз толук айыгып кетти. Атасы да аябай ыраазы болуп, бат-аттан келип турабыз дешти, бирок келишкен жок. Эгерде сыркоолосо сөзсүз келгиле, сыркоолобосо келбей деле койсоңор болот дегем. Анан ошону менен келишкен жок, демек, жакшы болуп кеткен экен деп ойлодум. Бирөөлөрдөн университетте окуп жатат деп уктум.

– Жар салаарда эмне себептен зикир чаласыздар?

– Жар салганда алгач 7 шам жагылат, анан зикир чалам, анан барып жар салам. 7 шамга жалынып: «Оо жараткан алда, ушул жерде оор орулуулар отурат, алым жетпей калды, дем салсам эми түшпөйт, ушуларга бир шыпааңды бере көр» – дейм. Шам күйүп бүткөндө жарды саат түнкү 12 де баштайм. Умай эне, Батма Зууралар, ат арбактардын баары биз менен алек болуп калышат.

Зикирди чалып, шамды жаккандан кийин Алла Тааламды чакырып койдук да, ошо менен Алла Таалам: «Ии булар мага сыйынып жатат, мени, ат арбактарды, Манас атаны, Умай энени, 7 аталарын чакырып, ушу шыпаа берсин деп мага зыярат кылып, кулдук уруп жатышат» деп биз менен алек болуп калат. Мен камчы менен чапкылап, сүф, сүф деп салсам, ошол жерден мени менен кошо дем салып жүрүшөт.

– Саат канчадан баштап жар саласыздар?

– Түнкү 12 де баштап, 5 ке чейин салабыз. 5 те бир адамды тургузуп алып, жанагындай зикир чалып баштан аяк сыдырып, ошол жерден тушоосун кесип, жол ачып, ырымын жасагандан кийин ошол адам тим эле сергип, жакшы болуп калат. Ал адам жар салуу башталгандан баштап келмесин келтирип, ниет коюп, тилегин айта берет. Ошону менен тилеги кабыл болуп, эртеси жакшы болуп кетет. Жарды салып жатканда мен өзүм үчүн тилебейм. Ал эми азыркы бүбүлөрдүн баары өзүнө тилек айтат. Жарда чынында эле оорукчан адам отуруш керек, менин тажрыйбам боюнча оорукчан адамды жардын иши менен айыктырыш керек. Дем менен салганда айыкпаса, анда жар салыш керек.

Бурулдун жары:

Лай лова хилдолда (төрт жолу) 

Ак халдам, ак халдам,

Ак халдам, ак халдам,

Жараткам алдам

Жалгай көр ий өзүң,

Алдафү, алдафү,

Жан олуям ой,

Колдой көргүн өзүң,

Колдой көргүн өзүң,

Алдафү, алдафү,

Айланайын АллаТаалам алдам,

Алдафү, алдафү

Уруксатыңды

Бере көрчү алдам,

Алдафү, алдафү

Лай лова хилдолда (3 жолу),

Айланайын Алла Таалам алдам,

Жети бир шамды,

Жагып салдык алдам.

Алдафү, алдафү

Жети бир шамдын,

Арты менен алдам. 

Алдафү, алдафү

Манас ата пир атамды,

Чакырдың гой алдам,

Алдафү, алдафү

Айланайын АллаТаалам алдам,

Алдафү, алдафү

Бүгүнкү күнүбүз,

Кабыл болсун алдам,

Алдафү, алдафү

Умай энемди,

Чакырдың гой алдам,

Алдафү, алдафү

Бүгүнкү күндү

Колдой көрсүн алдам.

Алдафү, алдафү

Жарга келип бир,

Жөлөк болсун алдам.

Алдафү, алдафү

Таң аткыча бир,

Ысырыкталсын алдам,

Алдафү, алдафү

Ушул пенделеримди.

Колдой көрсүн алдам. 

Алдафү, алдафү

Назары болсо,

Алып салсын алдам.

Алдафү, алдафү

Дубасы болсо,

Чечип салсын алдам.

Алдафү, алдафү

Ырымдалганы болсо,

Алып салсын алдам.

Алдафү, алдафү

Үстүндө жүгү болсо

Алып салсын алдам.

Алдафү, алдафү

Тушоосун кесип,

Жолун ачсын алдам.

Алдафү, алдафү

Иши бир жүрүштүү,

Болсунчу ой алдам.

Алдафү, алдафү

Тилеген тилегине,

Жетсинчи ой алдам.

Алдафү, алдафү

Лай лова хилдолда (3 жолу).

«Ооруган жерлерди басыш үчүн салабыз»

Атамкул дубана:

– Жарды биз тазаланыш үчүн, ооруган жерлерди басыш үчүн салабыз. Кээ бирөөлөр өзүнүн жан-дүйнөсү менен жар салса, ал кадимкидей жеңилдеп, оор жүктөн арылат. Жардын мааниси ошондой, өзүнүн көңүлү, жан-дүйнөсү, чын пейили менен салат. А кээ бирөөлөр жан-дили менен ошону күчөтүш үчүн салат, ушундай принциптери бар. Анан көп эле сүйлөй, же сайрай бербейт.

Жарда эмне жөнүндө айтылат?

«Жарда турмушум жөнүндө ырдаймын»

Ак Тайлак мазарынын шайыгы Бурул Асыранкулова:

– Жар салып жаткан учурда мен өзүмдүн турмушум жөнүндө ырдайм. Кандай оорулар менен ооруганымды, кыйналганымды айтып ырдай берем. Кайсы мазарды басканымды, ал жактан кандай сыр көргөнүмдү айтып ырдай берем. Анткени жардын учурунда ошолор менин оозума келе берет. А кээ бирөөлөр башкалардан жаттап алышып эле ырдай беришет.

– Жарды сөзсүз түрдө мазарга салуу керекпи?

– Үйдө да салса болот. Бирок мазарда салса, тиешелүү нерселер көрүнөт да.

Жар качан салынат?

«Экинчи, төртүнчү, бешинчи күнү жар салынат»

Бүбү Кыркпай кызы Гүлнаранын Жусупова Назира менен болгон маегинен: Жар эл уктаганда салынат. Тынч убакыт, Алла-таала менен байланыш түндө болот. Ошондо биз жалаң ак кийинебиз. Тилек, каалооңду айтып, жоломо күчтөрдү чакырасың, анан зикир чаласың. Наристелердин көзү ачык болот, жүрөктөрү таза, биз көрбөгөн нерселерди көрүп, коркуп, чочушу мүмкүн. Экинчи, төртүнчү, бешинчи күнү жар салынат. Экинчи күн – Умай эненин күнү. Жылдын жаз, күз мезгилинде эл көп келишет, анткени ошол убакытта көбүнчө оорулар кармайт. Аялдар көп барат, анткени аялдар кыргызчылыкты көп кылышат.

Эң биринчи жар салына турган үй тазаланышы, ысырыкталышы, жыт чыгарылышы керек. Жар сала тургандар кыбыла жакты карап отурушат. Жөн эле отургандар чет жагында отурушат. Чынынын ичине жаңы күл салынат. Күлдүн үстүнө 9 шам сайылат. Биринчи куран окулат, арбактарга багышталат. Жарык өчүрүлөт. Ширеңке менен шам жагылат. Эгерде үйдө жашагандардын ниети жакшы болсо, шам дагы жакшы күйөт. Ниеттери жаман болсо үлпүлдөп күйөт. Шам жагылгандан кийин куран окулат. Ар бир отурган адам шамды жанына алып келип тилегин, максатын айтат, кудайдан жардам сурайт да, колу менен шамдын үстүнө кактап, 3 жолу бетин аарчыйт. Катарма-катар ушинтип уланып кете берет. Жар салууда сөзсүз түрдө ак дамбал, ак көйнөк, ак жоолук кийинүү керек. Шам күйүп бүткөндөн кийин жар салынат.

Жарда адам кандай болот?

Зыяратчы Асылбү: Жар салган учурда адам ыйлайт. /зүнүн кишилерин, колдоочуларын чакырат, алар менен сүйлөшкөндөй болот, ал эми жар салып бүткөндө жеңилдеп калат, бугу чыгат. Жар салуу учурунда ар кандай буюмдарды колдонот: бычак, камчы, теспе.

[Ылдыйкы интервью Талас  аймагында 2005-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Орозова Саткынкыз,  66-жаш,   Бакай-ата айылы: Жарды төртүнчү күнү салабыз, сайрайбыз. Аллага жалынып тилейбиз, бирөөнүн жаман илешкерлери болсо көрүнөт. Шайтандар кыз, ит,  ар кимдики ар кандай. Түнкү экиден кийин бейшемби күнү арбактар да бошойт,  алардын ата тектери да келет. Негизи үч төрттөн өйдө,  биз жыйырма отуз адамдан болуп жар салабыз. Камчы, тесме, алланы айтканда тесме тартабыз, башкалардын илешкерлери көрүнгөндө камчы менен уруп, кууп чыгабыз. Бул ырым мазарларда же үйлөрү оор болуп жатканда тазалап бергиле десе,  ошол жерге барып салабыз. Эки-үч саат,  кээде таң атканча.

Leave a Reply