Зыяратчылардын үңдөрү

This post is also available in: Англисче

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Т.К.: «Ооруп келип жатам».

К.Ш.: «Мен балдарым жакшы өссүн, балдарым жакшы болсун деген тилек менен келдим».

Ү.А.: «Мен 10 жылдан бери ыйык жерге барып жүрөм. Абдан катуу оорудум, анан бүбүлөргө көрүнсөм мени ыйык жер бас дешти. Башкаларга барсам деле ыйык жер бас дешти. Ал эми ооруканага кайрылсам, анализим таза чыкты. Ошентип мен ыйык жер баса баштадым».

Р.Р.: «Көп болду, апамдын көзү ачык, киши көрөт, анан бизди да тазалангыла деп алып келчү. Анан минтип өзүмдүн көзүм ачылып келип жүрөм».

Р.Р.: «Ооручумун. Бул ээрчитип келген жээним. Мунун апасы дагы катуу ооруп, айылдагы бүбүлөргө алып барсам ыйык жер бассын деди. Алар менен да ээрчип ыйык жер басып жүрдүк».

К.Н.: «Кара жандын азабынан да. Ыйык жердин касиеттүүлүгүн кичинемден эле билем, өзүмдүн төркүнүм ушул жер. Тээ биздин 3-4-аталарыбыздан бери эле келет да. Догдурдан жакшы болбой, кыргызчылык деген оору менен ооруп жатыптырмын, өзүмө-өзүм ушундай диагноз коюп, ыйык жерге келип жүрөм, азыр жакшы».

К.Д.: «Эч диагноз жок эле ооруп жүрөм, кайсы жер экенин да билбейм. Кээде бирөө мойнумдан муунткандай болот».

Ч.Т.: «Мен аябай ооруп жинди болуп кете жаздагам. Киши катарынан чыгып өлдү -өлдүдөн калгам. Ошондо ыйык жерге келип жүрүп жакшы болдум да. Мени жинди болду дегендер эми өздөрү мага көрүнүп жүрөт».

Ж.Б.: «Ыйык жер басканымдын биринчи себеби, мен өзүм ыйык жерге ишенем, анан богок оорусу менен оорудум, бутум дагы ооруйт жана ошондой эле үй-бүлөмө тынчтык, ден-соолук, узун өмүр тилеп зыярат кылып келем. Мен ооруп анан сыйынып калдым, мына ошондон бери 12 жыл өттү».

И.Б.: «Ыйык жер басканымдын себеби, бала-бакырага жеңилдик болсун дейм. Мен өзүм кыргызчылыкты мойнума алгам, ошон үчүн ыйык жер басам».

О.А.: «Ийинибизди, желкебизди жүк басат, ыйык жерлерге барсак биз жеңилдеп калабыз, анан ошол, ден-соолук болоор бекен деп барабыз. Анан бизге шыпаа болот».

Д.К.: «Буулугуп, балдарымды кууруп жеп коем, ыйык жерге барганда көңүлүм ачыла түшөт. 10 жылдан бери ыйык жерлерге барам».

Н.: «Бул кайын сиңдимдин денесин жара басып, догдурга да жатып чыкты. Айыга албай, анан ушул булактын суусунан жакшы болуп жатат».

М.: «Эң башкысы ден соолук үчүн келебиз, баары жакшы болсо үйдө эле отура бербейсиңби тынч эле, ден соолук адамды кайда гана алып барбайт. Бул ыйык жерлер көп ооруга даба экен, мисалы, жин ооруларына, ич органдары ооругандарга, алар көбүнчө булактардан жакшы болушат, кудай дабасын берсе. Бат-бат келген жакшы, бирок шартка байланыштуу 2 жылдан бери эми келип жатам. Аябай ооруп, эми ден соолугум бир аз жакшы».

Д.А.: «Ыйык жер дегенинен бул Кочкор-Ата ыйык жерине зыярат кылып келгем. Ошондой эле 2 балабыз бар, ошолордун амандыгын, ден соолугун тилеп келгенбиз».

Р.: «Ыйык жерге барсам кадимкидей жеңилдейм, бир оор жүктү таштагандай болом. Буулукканым жазылып, жайдары болуп келем. Дагы ыйык жерге баргандан кийин кадимкидей иштерибиз оңолот».

В.: «Түшүмдө 2-3 жылдан бери мүрзөлөрдү көрөм. Түшүмдө өзүм жөнүндөгү, тууган-туушкан арасындагы жамандык-жакшылыкты сезем. Автобуска түшө албайм, баш көп ооруйт. Бүбүлөргө барсам ыйык жерге бар дейт».

М.: «Жаш кезимден талмалуу болуп жатып калат экем. Акем Чаргын (кадимки сууну тескери агызууга, адамды эшек кылып минип алганга кудурети жетчү Чаргын молдо) Ак үйгө алып барат экен. Эгер алып барбаса жатып калат экем».

Б.: «Азыркы убакта ыйык жерлерге эл көп барат деп ойлойм. Анткени элдердин ыйманы кетип, ар кандай айыкпас ооруларга чалдыгышып, айла жок ыйык жерлерге барып айыгып келип жүрүшөт. Бул да болсо Алла тааламдын жиберген сыры. Мен өзүм арак иччүмүн, тамеки тартчумун. Анан эле бала-чакам сыркоолоп, турмушум начарлап, аялым да катуу ооруп, мага сыр көрсөтө баштады. Анан ыйык жерге бар деп аян болду. Баргым келбейт, бирок үй-бүлөмдөн ажырай турганмын, айла жок барышка туура келди».

А.Р.: «Мен ыйык жерлерге барганда өзүмө абдан чоң энергия ала алам. Ыйык жерлерден бири-биринен өткөн касиеттери бар».

Т.Б.: «Мен мурда ыйык жерге барбачумун. Кийин 1992-жылдары аябай оорудум. Ооруканага кайрылсам эч натыйжа чыкпады. Анан Калыбек деген акеге бардым. Ал аке мага дем салам деди. Биринчи күнү дем салганда мен аябай каткырдым. Негедир Калыбек аке жаман абалда калды. Эртең дагы кел деди. Эртеси деле ошондой болуп кайталанды. 3-күнү дем салганда тыпырап жатып калдым. Анан ошондон баштап ыйык жер басасың деди».

Аты белгисиз: «Биздин шарт боюнча ыйык жерге барып, арууланып, тазаланып келиш керек. Мисалы, биз көп жерлерди басабыз, кээде жакшы жерди басып калабыз, кээде жаман кишилерге жолугуп калабыз, кээде ыплас жерди басып алабыз. Мына ошон үчүн ушундай таза жерлерге келип тазаланып кетиш үчүн атайын келебиз. Абасы өзгөчө таза болот, ошондон дем алыш үчүн келебиз, куран окуйбуз, анан кайра кетебиз».

У.: «Биринчи Алла таалага элден үмүт кылабыз, арбакка куран окуп келебиз. Мен Аллага ооруп келдим. Мен басып бара жатып эле жамбашым чыгып кетчү, анан бирөө келип ушалап койсо басып кетчүмүн. Мына мен ушинтип ыйык жерге келгем».

Б.Б.: «Мен оорунун азабын аябай тарттым, ошол себептен ыйык жер басып калдым, ыйык жерге келсем аябай жеңилдеп калам».

Т.Ы.: «9-10-классымда баргам. Көзүмө ардеке көрүнүп, коркуп ыйлаганда баргам. Ооруп келгем. Анда мен катуу ооруп, оозу-мурдум кыйшайган. Ошондо мен дем салдыргам, жарга да катышкам».

Т.Р.: «Менин ыйык жерге келгенимдин себеби, төрт жыл болду, инсульт болуп ооруп жүрдүм, барбаган жерим калган жок. Бишкектеги жеке клиникаларда да дарыландым. Ага деле болгон жок. Акыры ден соолуктун азабынан келип олтурам».

Т.Р.: «Менин талмам бар болчу. өзүм ооруканада иштечүмүн, оорулууга операция жасалып жаткан убакта менин талмам кармап, жыгылдым. Ошол убактан баштап ыйык жерге келип, зыярат кылып жүрөм. Мурда эле мен өзүм жатканда чочугандыктан, сүрөөлөрдү окучумун. Дары алсам кайра оорум күчөй берчү».

О.: «Ооруп кыйналып жүрдүм, бир күнү бир аялга барсам ыйык жер бас деди, ыйык жер басып жүрдүм, ага дагы болбоду, кайра эле боюмдан түшүп калып жүрдү. Анан бир күнү жер котор деди, жер котордум, ошентип жүрүп үч балалуу болдум. Анан эле кайта боюмдан түшө баштады, анткени жолдошум арак ичет, жол бербейт. Ошентип жүрүп киши карагандан кийин кичине жакшы боло баштадым, наристе баланы да, чоң кишини да карайм».

Аты белгисиз: «7 жыл псих орууканада ооруп жаткам. Анан Таласка ооруканага алып келе жатканда ошол Боо-Терек ыйык жерине кайрылгам. Ошондо менде жылыш болгон. Бирок үй-бүлөм ага көнбөй, колу-бутумду байлап мени ооруканага жеткирип салышкан. Мен ал жерден дарыга ууланып шишип, талма болуп кала жаздадым. өзүмдүн айылымда Ата бейит деп өзүм атаган ыйык жерге каттачумун. Ушунтип ыйык жерге барып жүрөм».

Аты белгисиз: «Менин ыйык жерге барганымдын себеби, аябай катуу ооруп жатып калдым. Анан бул айылда бир эже бар эле, ал ыйык жер бас деди, мен ыйык жер бастым. Ыйык жерге барганда түнкү саат 12де баргам, таң атканча ыйлап, ошол ыйык жерге жалынып, кудайлап олтурдум. Эртеси үйгө кайттым, мени намаз оку деди, мен намазды акырындык менен үйрөнүп азыр намаз окуйм, мына мен ушинтип ыйык жерге баргам».

Аты белгисиз: «Ыйык жерди илгери ата-бабаларыбыз деле кыдырган да. Ыйык жер кыдыруу – парз, ошон үчүн келебиз да».

Аты белгисиз: «Сөзсүз эле бир нерсе болгондо баруу керек эмес, кыздар-балдардын бакыбатын, элдин тынччылыгын тилеп келип турам».

Аты белгисиз: «Жаңыланайын, тазаланайын, сыйынайын деп келем».

Аты белгисиз: «Жети жыл болду ыйык жерге барганыма. Ыйык жер өзү жакшы нерсе экен. Тазаланасың, жеңилдейсиң. Негизинен барууга оорум себеп болгон».

Аты белгисиз: «Элдин тынчтыгын, элдин камсыздыгын кудайдан тилеп, сыйынып барат экенбиз. Түлөөлөрдү өткөрөт экенбиз. Баласы жоктор болуп калса, бала сурап барат экенбиз».

Аты белгисиз: «Ден-соолук сурап барат экенбиз, бала сурап, эл журтка тынччылык, токчулук тилөө үчүн барат экенбиз. Түлөө өткөрүү үчүн барат экенбиз жаан жаабаса, кургакчылык болуп кетсе, ыйык жердин тегерегин тазалап, коргоо үчүн барабыз. Түшүнөн аян көргөндөр барышат экен ыйык жер чакырса. Күнөөсүнөн арылуу үчүн сыйынып барышат: «Кудай айланайын кечире көр, жаман кылдымбы, жакшы кылдымбы» деп. Ыйык жерге зыярат кылуу үчүн барышат. Оң жакка оойт экен да бардыгы. Үй-бүлөнү бекемдөө үчүн барабыз. Кыргызчылыгы бар адам ыйык жерге келгендерди коштоп, жол көрсөтөт. Устаты ошол жерге алып барып, көзүн ачат. Ооруган малды да ошол жерге түнөтүп айыктырса болот экен. Бул ыйык жерлердин оң жактары деп айтып кетсек болот. Жаман жактардан арылып, тазалануу. өзүнүн энергиясын күчөтүү, кубат алуу үчүн барат экен. Арбактарга куран окутуу үчүн барат экен. Ошол жерден арбактар менен транска чыгып сеанс алат экен. Суусу-чөбүн дарылык катары, мисалы кээ бир жерде суусу дары, кээ бир жерде баткагы дары, кээ бир жерде чөбү дары дегендей, пайдалануу үчүн барат экенбиз. Жар салуу үчүн, жер көрүү үчүн барат экенбиз ».

Дүйшөн молдо: «Ыйык жерлерге кыргызчылык менен жүргөн адамдар, ден-соолук сураган, кырсыктаган адамдар барышат”.

С.А.: «Мында келчү деле эмесмин. Бул кызыма жардам болуп, айыгып кетсе экен деп келип жүрөм. Ооруканага алып барса эч жылыш жок. Кийин өзү кетип калат дешти. Бирок көбөйүп баратат. Бул жердеги булактын суусуна жуундуруп ичирип жүрөм. Жанагы Кубатбек ата көрсөткөн бөкөчөнү жегизейин десем кызым коркуп жебей жатат. Ошол «ала» оорусуна жакшы деп атпайбы. Жакында күн жылыгандан бери келип жүрөм».

Д.: «Ар ким ар кандай. Бул турмушта эмнеге жетпей жатса ошону кудайдан сурап барат. Бири бала сурап барат, бири бакыт, бири ден-соолук дегендей».

М.Б.: «Мен ыйык жерге барганда өзүмдү ушунчалык жеңил сезем, ошол ыйык жерден топтогон энергиямды, эл карап, ошолорго жумшайм, эгер ал өзүн жакшы сезсе, мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Мен өзүм ыйык жерге Алла-тааладан ден-соолук сурап, организмимди жеңилдетүү үчүн жана ошол жердин олуяларына куран окуп, кудайга кулдук уруу үчүн барам. Ден-соолук сурап, күч алыш үчүн келебиз. Кээ бирөөлөр мал айдап өтүп бара жаткан кезде көздөрүнө көрүнөт.

Негизинен талма оорулууларга жакшы, ушул жерден айыгып кеткендерди өз көзүм менен көргөм. Тоонун чокуларынын баштары тумарча болуп турганы да өзүнчө сыр деп ойлоймун. Мындан башка билбейм.

Соодасы жүрбөй, бизнесмендердин иши жүрбөй жатса, жолу ачылбаган киши болсо ушул жерге келип куран окутушат».

М. Ж.: «Мен отуз жашымдан баштап ыйык жерге барып калдым. Себеп дегенде менин ата-энем кичинемден баштап ыйык жерге жакын жерде малчы болуп жашап турчу экен. Ошентип бир күнү менин түшүмө аян берди, колдоочулар кирди. Мен ошондон тартып дароо кыргызчылыкты мойнума алдым. Ал жердин кандайдыр бир белгиси бар болчу».

Аты белгисиз: «Мен ыйык жерге бара турган мезгилди бир-эки күн мурун алдын ала түшүмдө көрөм. Ниет кылып түшүмө аян берген ыйык жерге барам. Ошол убакта барбай калсам өзүмдү өзүм оор сезип, ооруп калам. Кайра-кайра түшүмө кире берет. Түшүмө ыйык жер жайгашкан жердин айлана-тегереги кирет. Кандайдыр бир үн ыйык жерди атын айтып, ошол ыйык жерге бар дейт».

Ы.: «Менин ыйык жерге барып калганымдын себеби, менин бир ыптам кыймылдабай, катуу ооруп жыгылдым. Анан мен доктурга көрүндүм, ал жерден эч качан жардам тийбеди. Ошону менен көп өтпөй Манас атанын күмбөзүнө бардым, ал жерге барганда эле мен бутумдан басып кеттим. Андан кийин көп өтпөй, Арашан атага бардым. Ал жерден көзүм айыгып кетти. Ошентип мен ыйык жерге барып калдым».

А.Ж.: «Бул менин келинчегимдин ден соолугуна себеп болуп калды. Келинчегим ооруп калганда эң биринчи күмбөзгө бардык. Ошондон баштап ыйык жер кыдырып калдык. Бул – менин үчүнчү аялым, биз балдардан бөлүнүп жашайбыз, ооруканага кароолчубуз. Биз ыйык жерлерге илгертеден каныбызга сиңген Кудай тааланын амири менен барабыз».

С.Б.: «Биз өзүбүзгө күч алганга барабыз».

С.: «Кандайдыр бир аян берет, ошол бара турган ыйык жерим көзүмө күрүнөт, анан барамын. Көбүнчө ыйык жерге жазында же күзүндө барса жакшы, анткени ошол мезгилдерде аба таза болот, анан дагы таң эрте барыш керек, себеби түндө периштелер ыйык жерге түнөшөт, ошолордон бата алса жакшы».

К. Г.: «Ыйык жерлерге көбүнчө оорулуулар жана аялдар келишет».

А.С.: «Биринчи, Кудайдан, экинчи, Олуядан тилек сурайм. Эм конуш үчүн. Ден соолук сурайм. 1965-жылы жүрөгүм катуу ооруган. Анан догдурда 3 күн бою кан кусуп жүрдүм. Көрсө менде киста бар экен. 1977-1978- жылдары Тарсилай деген айтымчы жөнүндө айтышкандыктан, ошого бардым. Анан ошол менин кыргызчылыгым бар экендигин айтты».

Ү.М.: «Чынында шариатта молдолорго ыйык жерге барууга тыюу салынган, анткени кудай айткан, мен адамдардын күнөөлөрүн кечирем, бир гана ыйык жерлерге сыйынгандарды кечирбейм деген. Адам баласы бир гана кудайга сыйыныш керек. Ошондуктан бизге барууга болбойт. Бирок ар кайсы жактан элдер келишет куран окуталы дешип, ошон үчүн кээде барам, куран окуйм».

Аты белгисиз: «Мен уктап жатканда түшүмө кирет. Асмандан нур түшүп, мени бул ыйык жерге барасың деп жол көрсөтөт. Бирок акчанын тартыштыгына байланышту кээ бир ыйык жерлерге баралбай калам. Жакын жердеги ыйык жерлерге күндө барып, куран окуп, өзүмдү тазалайм. Быйыл да түшүмдө Манас ордого чакырды. Кышында кар калың жааганга байланыштуу баралбай калдым. Эми кудай буюрса жайында барам. Алар менен сен экөөбүз маектешкендей эле сүйлөшөм. Анан өзүмдү жеңил сезип калам».

Аты белгисиз: «Ыйык жерге   келгенимдин   себеби ыйык жердин жанында мүрзөлөр бар. Мүрзөгө куран окуп, ыйык жерге кудайдан тынчтык, токчулук, ден-соолук сурап сыйынууга келем».

Н.: «Ыйык жерге келгенимдин себеби өзүмдүн чоң аталарымда кыргызчылык болгон экен. Менин ата тегим Олуя ата, Калпа ата, Эшен ата болгон. Мурда менин апам кармачу. Эми минтип мага да келди. Айла жок, башка түшкөндү аткарат экенсиң да».

Ү.Т.: «Кыз кезимде денемди бууп койду, баса албай калдым. Догдур Каракойчу менин анализдеримди таза деп, бул ооруга алы жетпей тургандыгын айтты. «Каалаган оокатын бере бергиле, ансыз деле өлөт» – дептир. Атам кой союп бышырып берди. Бир жилик жеп эле чалкамдан каттим. Менин ата-тегим – ажыга барган кишилер. Ошондо мени Үмөтаалы деген дубана Шамшыкал ыйык жерине алып барып айыктырып келди».

Б.: «Ыйык жерге барган адамдар жөн эле барышпайт. Алар ишеним менен ниет коюп барышат. Көбүнчө төрөбөгөн аялдар, оорукчан адамдар, турмушунан кыйналгандар барышат. Ниет коюп барышпаса эч кандай таасир этпейт. Ниет коюп, ишеним менен барышса айыгат. Мага келген адамдар менен барам. Ошолорду алып барам. өзүмчө да кээде барам».

Б.: «Ыйык жерге кудайдан эм консун үчүн, ден соолук чыңдалсын үчүн барат. Мына мен өзүм, жүрөгүм ооручу. Ыйык жердин жакшы болдум».

Аты белгисиз: «Мисалы, Зулпукорго бараткан жолдо көпүрөдөн өткөндөн кийин чычырканактар бар. Догдурлар да алып келип дары кылып атпайбы. Андан ары барсаң, ыйык жердин өзүнүн касиети чоң, ошону менен жакшынакай болуп айыгып атышпайбы. Ыйык жердин тегерегиндеги жемиштин баары – дары».

Аты белгисиз: «Ар бир ыйык жерге барганда ал жерден ит мурун алам, дагы бир ыйык жердин алмурут, бирөөнөн арча алабыз. Ыйык жердин ошолорду алып жатканда ыйык жердин ээсинен уруксат сурашың керек. Керектүү өлчөмдө алышың керек. Көп албаш керек. Анан анын ээсинин атын атап куран окуп, ошого карап пайдалансаңыз таасирин тийгизет. Мунун баары – ыйык жердин касиети».

Кожобекова Бурул: Мен өзүм элди көп көрөм, ошон үчүн кээде жүк тартып калам. «Кой, мазарга барып жеңилденип келейин» деген сезимдер болот. Барсам эле жеңилдене, тазалана тургандай болуп сезилет. Баратканда келмемди келтирип, ниет коюп, даарат алып, андан кийин барам. Барганда кадыресе эс алып калам, ошол жерден тазалангансып, көзүм ачыла түшөт, иреңим да өзүмө келип, көңүлүм да ачылат. Үйгө келгенде кадыресе учуп келгендей болом, тим эле жепжеңил болуп калам. Ошон үчүн мазар адамды жеңилдетет деген чын, ниетин коюп баргандарды жеңилдетип коет. Мазарга барганда эч кимди ээрчитпей, акырын өзүм басып барып, зыяратымды кылып келе берем. Ошондуктан мен мазарды тазалана турган жер деп ойлойм.

Leave a Reply