Алимбекова Жумакан, Жалал-Абад аймагы

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Алимбекова Жумакан, 67 жашта, пенсияда, Аксы району, Төш-Башат ыйык жери, Жалал-Абад аймагы

Мен бул жерге келгенде өзүмдү аябай жеңил сезем

Э-э балам, биз, пенделер (адамдар), баарыбыз бир алла-тааланын пенделерибиз да, ошон үчүн кудай-тааланын жолунда жүрүшүбүз керек. Кудай-тааланы, ушундай ыйык жерлерди ар дайым эстеп, сыйынып жүрүш керек, мусулман баласы болгондон кийин. Менин ыраматылык апам 99 га чыга жашады, ошол апам дайыма бизге айтчу эле: “Балам, кудай-таала дагы эстегенди эстейм деп айтат экен, ошон үчүн ар дайым кудайды эстеп, кудайдан тилеп журсоңор кудай-таала да силерди эстеп, тилегиңерди кабыл кылат” – деп. Апам өзү ар убак намазынан жазбай, беш маал намаз окуйт эле, мына ушул жерге да дайыма келип куран окуп кетип жүрчү эле. Өзү болсо күндө кечинде жатканда: “Жаттым – тынч, жаздыгым – кенч, дилим – инсан, тилегеним – ыман, кагылайын жараткан, тилегимди кабыл кыл, кудай деген пендемин” – деп, тилек тилеп анан уктайт эле. Ошентип жүрүп жүзгө чыга жашабадыбы. Ал убакта мына азыркыдай жыргал жашоо кайда дейсиң? Ачкачылыкты дагы, үркүндү дагы, согушту дагы башынан өткөрүп, эң кыйын өткөөл (татаал) заманда жашап өтпөдүбү. Азыркы заманда болгондо 100дөн да ашып жашайт беле, ким билет. Азыр адамдар кудайды эстемек тургай, өзүнүн тууган энесин деле эстебей, таштап кетип жатпайбы. Мындайларды өз көзүбүз менен көрүп, угуп жүрөбүз го. Качан мусулманда ошондой болду эле, бул кудайга жакпаган нерсе, элдин пейили бузулду, илгери, ачкачылыкта, үркүндө, согушта бир нанды бөлүп жеп эле, ынтымакта тиричилик кылып келишкен да, ал убактагы адамдар кудай деген пенделер болчу. Мына минтип мен деле жетимишке жакындап отурам, дагы канча жашайм ким билет, ушу биздин бала-чакага, жаштарга айтып-деп турбаса, аларга: “Кудай жолунда жүргүлө, кудай берген ыйык жерлерди сыйлап, сактап жүргүлө”, – деп айтпаса, алар өздөрү кайдан билмек? Ата-энелери айтып-деп жүрсө, баланын да көңүлүнө жат болуп калат да. Мына мен азыр алым-күчүм бар убакта ушинтип келип, сыйынып турам, алдан-күчтөн тайгандан кийин бул жерге жетмек кайда. Мен бул жерге келгенде өзүмдү аябай жеңил сезип, сергий түшөм. Азыр да ошо куран окуп кетейин деп келгем,балам. Силер жашсыңар, ушундай жерлерге сыйынып жүрсөңөр, кудай-таала оң көзү менен карап койсо, тилегиңнер бутундой кабыл болот, балам.

Илгери апам айтып берчү эле: “ Илгерки заманда бул жол менен кербендер жүрчү экен. Ушул жол менен өткөн кербенчилер азыркы Кербен деген жерге барып, соода-сатык иштерди жүргүзчү экен да, анан андан ары Өзбекстанга өтүп, ал жактан өзбектер менен соода-сатык жасашчу экен да, мына ошол себептен Кербен деп аталып калган экен азыркы Кербен айылы. Ал убакта чоң базарлар ошол мен айткан Кербенде, анан тиги Үч-Коргон деген жер бар, ошол жерде, анан тиги Кербенден ары өткөндө Нанай деген Өзбекстандын жери бар, ошол жерде болгон экен. Анан андан ары Наманганга кетчү экен кербенчилер. Менин деле эсимде бар, биз көбүнчө ошол Уч-Коргонго же Кербенге барчу элек. Ал убакта бул жерде башат (булак) болбогон. Ал убакта тиги Таш-Көмүрдөгү мелтиреп аккан дайра деле жок болгон экен. Анан бир күнү кербенчилер ушул жерге токтоп эс алып, түнөмөй болушат экен. Баягы кербенчилердин камдаган суулары дагы, тамак-ашы дагы байып (түгөнүп) калат экен. Алар менен бир жаш жетим бала да болот экен. Аны кул кылып сатканы алып бара жатса керек. Анан баягы баланын курсагы аябай ачат, суусайт, жейин десе тамак жок, ичейин десе суу жок. Анан баягы байкуш бала ыйлап отуруп чарчаганынан уктап калган экен. Анан түш көрөт, түшүндө шаркыраган суунун боюнда отурат экен. Ошентип эрте менен бала ойгонсо эле, баягы баланын коз жашы тамган жерден, төштүн боорунан шаркырап башат (булак) чыгып калыптыр да. Мына ошол себептен ушул жер Төш-Башат деп аталып калган экен. Апам: ”Бул ыйык жер, жаш баланын көз жашы тамган жер, бул башат ошондон пайда болгон, бул жерге дайыма сыйынып жүрсөңөр, силердин да тилегиңер кабыл болот“, – деп айтар эле. Азыр мен дагы балдарга дайыма айтамын, менин балдарым дагы колу бошой калганда келип, куран окуп, булактын суусунан алып кетип, ичип жүрүшөт.

Leave a Reply