Сейдахматова Чынара “Мүйүздүүлүк- Ысык-Көлдүн ыйык касиети”

This post is also available in: Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Сейдахматова Чынара, 1955-жылы 26-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 1977-жылы КМУнун Экономика факультетин бүтүргөн. Азыркы учурда «Бизнес жана ассоциациялар конгресси» коомдук уюмунда аткаруучу деректир болуп иштейт.

Түпкү тегиме жана атамды көбүрөөк тартып калгандыгыма байланыштуу, мен логиканы баарынан жогору коюп, акыл-эске өтө зор маани берчүмүн. Ар нерсени талдоо аркылуу гана таанып билүүгө көнгөнмүн. Ошондуктан элибиздин ырым-жырымдарынан дайым алыс болуп, эзелки каада-салттарды кереги жок нерселер деп эсептечүмүн. Анын үстүнө шаарда өсүп, бардык эле советтик адамдар сыяктуу динден тыш билим алып калганымдан улам, «чоң апалардын беймаани сөздөрүн» (ал кезде өзүм ушундай деп эсептегенимдей) жактырбай, катуу сындап турчумун. Бактыга жараша, тайенем укмуштай мээримдүү, сезимтал жан эле. Ал «бутуңду тартпа», «күн баткандан кийин шыпырынба», «булактын туш келген жеринен аттай бербе», «колуңду жууган соң силкибе», «чачыңды, тырмагыңды туш келген жерге таштаба» дегендей түрдүү түмөн түшүнүксүз тыюуларды мага үйрөтө берчү. «Эмне үчүн?» десем, эч кандай чечмелебестен, ушуларды жасаба, жаман болот деп жалооруп өтүнчү.

«Тайларым» – апамдын туугандары, тескерисинче, ырым-жырымдарга абдан ишенип, түрдүү жөрөлгөлөрдү, каадаларды дайыма так аткарышчу. Алар айрыкча көргөн түштөрүнө катуу ишенишчү. Мунун таасири атүгүл мага да тийди: мен эмнегедир бала чагымдан тартып эле түштөрүмө маани берчүмүн. Түштүн аян берерине алгач ирет 25 жашымда көзүм жетти. Чоң атам каза болгон күнү, дал ошол саатта түшүмдө азуу тишим түшкөнүн көргөн элем. Мындай түш жакын адамдардын биринин каза болорун билдирет деп мурда уккам. Ошондуктан чоң атам бирдеме болду го деп чочулап калдым. Ойгонуп кетип: «Жайкысын каникулда барам, мени күтүңүз», – деп кат жаза баштадым (анда мен алыскы Ленинградда окучумун). Кийин Күрмөнтүдөгү туугандарым айтып бергенде, мен ал катты дал ошол чоң атам дүйнөдөн кайткан учурда жазгандыгым белгилүү болду. Жаштык кылып, буга ал кезде анча маани деле бербептирмин, анын үстүнө муну жөн гана кокусунан дал келип калган окуя деп ойлогом. Ошентип муну бат эле унутуп койгом. Дагы 17 жыл бою мен ырым-жырымчыл адамдарды шылдыңдап күлгөн кер какшыкчыл рационалист болдум.

Балким, менин дал ушундай логикага ашкере берилгендигимден болсо керек, руханий ойгонуум абдан оор болду. Камакка алынып, 40 күн убактылуу кармоо жайында жаткан соң, катуу капалануунун, кыжаалаттануунун натыйжасында көзүм ачыла баштады. Албетте, камалуум үчүн мыйзамдуу жүйө жок эле, андыктан балээге тушуккандан кийин мунун башка себептерин издөөгө туура келди. Камакка түшкөнүмө 20 күндөй болгон кезде маркум апам түшүмө кирди. Ал мени сооротуп: «Көп кайгырба, 6-декабрда чыгасың, Жаңы жылды үйдөн тососуң», – деди. Мен, албетте, буга деле өзгөчө маани бермек эмесмин, ошентсе деле убактылуу кармоо жайынан дал ошол апам айткан 6-декабрь күнү бошонгонум таң калтырды. Бирок эгер андан бир жылдай илгерки (февралдагы) окуя болбосо, менин ойгонуум үчүн бул аяндуу окуя да аздык кылмак окшойт.

Ошондо бизнесим өркүндөп турган кезде шериктеримдин бири: «Кайсы бир көзү ачыкка барам, чогуу жүр, өзүм жалгыз баргандан тартынып жатам», – деп калды. Көзү ачык аял шеригимдин кеңсеси кандай жайгашканын, андан кимдер эмнелерди уурдагандыгын так айтып берди эле, мен да кызыгып кетип, өзүм тууралуу сурадым. Башымдан өткөн окуяларды жана учурдагы абалымды дал өзүндөй баяндап бергенде, мен бир аз апкаарып калдым. Бирок: «Жыл аягына чейин түрмөгө түшүп, жаңы жылга чейин кутулуп чыгасың, анан бизнесиңден такыр кол жууйсуң», – дегенде, мен жөн гана күлүп койдум. Акыл менен ойлогондо да, Жарандык кодекстин ченемдерин эске алганда да, мындай болушу дегеле мүмкүн эмес эле. Анткени биздин өнөктөрүбүз менен болгон мамилебиз Жазык кодексинин эмес, дал ушул Жарандык кодекстин нугунда жүргүзүлчү. Андыктан көзү ачыктын «калпына» күлүп, тез эле анын айткандарын эсимден чыгарып салдым. Бирок муну аян түш көрүп, 6-декабрда бошонуп чыккан соң, Жаңы жылда үйүмдө болорума көзүм жеткенде эстөөгө туура келди. Ошол учурдан тартып изденүүм башталды (эмнени экенин билбесем да).

1999-жылдан бери көптөгөн диний жана руханий мазмундагы китептерди окудум да, дин менен чыныгы Рухтун айырмасы эмнеде экендигин түшүнүүгө жетиштим. Руханий жаңылануу, энергия же, б.а., Уңгу талаадагы маалымат катары Кудайды таануу жолумда тайенемдин өзүм чечмелөөгө аракеттенген тыюулары мен үчүн зор таяныч болду. Көзү ачыктар, аян түштөр бар экендиги анык болсо, анда бул көрүнүштүн логикалык түшүндүрмөсү да болууга тийиш деп ойлоно баштадым. Мындай логиканы ыйык китептерден табуу кыйын, анткени алар жар салган идеяларды талдоосуз эле догма катары кабыл алып, ишенүү салтка айланган. Табияттан тыш сырдуу кубулуштарды түшүндүрүү кыйын болгондуктан, ыйык китептерде көзү ачыктардын төлгө салуусуна тыюу салынган. Мындай касиетке эгедер болгон аялдар бардык диндерде, бардык доорлордо өрттөлүп келген (эркектерге караганда аялдардын ичинен ушундай касиети барлары көп кезигет окшойт). Төлгөчүлүккө диндер азыркы мезгилде да тыюу салгандыгына карабастан, кудайга жана «көзү ачыктарга» ишенбеген кыргызды чанда гана кезиктирүүгө болот. Эч кандай тыюулар анын жанаша турган эки башка дүйнөдө жашоо мүмкүнчүлүгүн жана жөндөмүн жокко чыгара албайт.

Эң эле карапайым, руханий жактан такыр «караңгы» кыргыз деле өзү аңдабай туруп жанаша эки дүйнөдө жашайт. Ал жок эле дегенде ата-бабаларынын арбагын сыйлайт, жуманын кайсы күнү алардын колдоочу күч-кубаты жерге жакындап келерин билет (бейшемби сайын «жыт чыгарып» турат), албарстыны кадимки көнүмүш көрүнүштөй эле кабылдайт, көргөн түштөрүн мурунку окуялардын уландысы же алдыдагы өзгөрүүлөрдүн аяны, б.а., жаңылыктын башталышы катары түшүнөт. Кыргыздардын дээрлик баары өмүрүндө жок дегенде бир жолу мазарга барат, жанаша дүйнөнүн таасирин сезет.

Мен дагы мазарларга көп барып жүрүп, акыры бир кезде түшүмө аял болуп кирген Бугу энени Манжылыда көрдүм. Мен аны өткүр көз карашынан тааныдым – өңүмдө ал түшүмдөгүдөй эле өзүнө тартып турду. Мазарларда мурун көрбөгөн, адам ишенгис укмуштуудай көрүнүштөр кездешет. Мисалы, бир жолу Таласта Чат мазарында жүргөнүбүздө, бир жылдыз сүйлөшөлү дегенсип биздин топко карай жакындап, арабыздан бир аял аны чакырып алып, өзү корко баштаганда кайра алыстады. Анан мен чакырсам дагы, тез эле жакындады. Мунун себебин алиге чейин түшүнбөйм, бирок түшүнүү мүмкүн болбогон нерселерди кабылдай билүүгө үйрөндүм.

Акырындык менен күч-кубаттарды (ааламдын, адамдын, суунун, таштын, каалагандай нерсенин күч-кубатын) жана алардын ортосундагы байланыштуулукту түшүнүүгө жетишип жаттым. Тайенемдин «бардык заттын жаны бар» дегенин, эмне үчүн жер катуу титирегенде ордуңардан турбай, дүрбөлөңгө түшпөй, коркпой отургула деп тыйганын түшүндүм. Ал адамдын коркуу күчү жер титирөөнү күчөтүп жибериши мүмкүн экендигин билчү экен.

Бүгүнкү күндө рационалдуу билим ушунчалык өнүккөндүктөн, бардык болбосо да, көпчүлүк кубулуштарды чечмелеп түшүндүрүүгө мүмкүндүк бар. Геофизик окумуштуулар адамга ар кайсы аймактардын ар башкача таасир тийгизүүсүн жердин жарылып, кайра түзүлгөн катмарларынын абалына байланыштырып түшүндүрүшөт. Бул катмарларга магнетизм, же жөнөкөйлөтүп айтканда, жер кубаты көз каранды. Кыргызстан, айрыкча Ысык-Көл жана кыргыздар жашаган Алтай сыяктуу башка аймактар Жер шарындагы жайгашуусу жагынан өзгөчө касиеттерге ээ экендиги шексиз, бирок, тилекке каршы, биздин жерлерди геофизиктер ушул өңүттө жетишерлик даражада изилдей элек. Ал эми Ысык-Көлдүн адамды өзүнө тартып турган керемет күчү жана Аялдык улуу кудурети бар экендиги, бул күч-кудурет кечээ жакынга чейин ойгонбой, анча байкалбай келгени анык.

2003-жылы Ысык-Көлгө кызмат сапары менен баратып, көлдүн четин көргөндө эле, күтүүсүздөн тулку-боюмду булкуп алган абдан катуу таасирди сездим. Көлдү көрөр замат жүрөгүм кысылып, көкүрөгүмдөгү оорудан чочуп да кеттим. Ушул жерлерден алыста жашап, бул жакка чанда гана келип жүргөнүм үчүн көңүлүм чөгүп, бир кезде ушул жерде жашап, анан туулган жеримди таштап кетүүгө аргасыз болгондой жан дүйнөм эңшерилди. Мен эмес, атам деле 16 жашынан кийин Ысык-Көлдө эч качан жашабаптыр. Ырас, Күрмөнтүдөгү чоң атамдыкында окуучу кезимде бир айча болгом. Эч качан сезимтал болбосом да, бул ирет эмне болгонумду өзүм билбей, ыйлап да жибердим. Ошол түнү менин түшүмө бугу кирди… Ал кишиникиндей көздөрү менен кадала тиктеп, кетип баратып «мени ээрчи» дегенсип, улам кылчая берди. Дегеле түштү аз көрөм – жарым жылда бирден ашпайт. Анан ар дайым ошол түштүн маанисин даана сезип туям. Бирок бул ирет мен түшүмдү жорубасам да, аң-сезимим бир нерсени кабылдагысы келбей жатканын бүдөмүк туюп, тынчым кете баштады. Ал кезде мен санжырага кызыкчу эмесмин, ошондуктан мындай нерселерге маани берген жокмун.

Атам да, энем да бугу уруусунан экендигин соңку төрт жылдан бери гана аңдап билип калдым. Бул эмнени билдирерин, Бугу уруусунун башкы уламышынын маани-маңызын эми гана түшүнүп жатам. 18 жашка толгон чагымда тайенем күлбөй тыңдап, айтар сөзүнө толугу менен ишенүүм керектигин алдын ала эскертип, өтө олуттуу сөз баштаган эле. Анан алты жашар чагында өзүнүн өтө карыган чоң чоң энесинин башын жууганга жардамдашып жатып 3-4 сантиметрдей мүйүзүн кармалап көргөнүн айтып берген. Мүйүздүн бардыгы үй-бүлөдөгүлөрдөн башка эч ким билбеген сыр болгондуктан, бул тууралуу ачык айтылчу эмес. Жашы улуу туугандарыбыздын эч кимисине мүйүздү көргөзүшчү эмес экен. Мүйүздүү чоң энени багып кароо жагынан сыймыктуу укук небере же чөбөрө кыздардын улуусуна ишенип берилчү тура. Уругунда мүйүздүү аялзаты болгондор өзгөчө касиетке, шык-жөндөмгө ээ деп саналып, бул уруктагы аялдар өздөрүнүн мындай жөндөмүн ыйык сактап, ага татыктуу жашоого, элден жардамын аябоого тийиш экен – антпесе ашып-ташкан күч-кубатты өзүнө сыйдыра албай, чоң кырсыкка учурайт деди. Бул сырды тайенем биздин муундагы небере кыздардын эң улуусу болгонум үчүн мага купуя түрдө айтыптыр. Ошондо мен жакшы көргөн тайенемди өзү ишенген жомогун шылдыңдап, таарынтып албоо үчүн эле күлкүмдү тыйган болчумун. Чын эле кечээ жакынга чейин мен үчүн мунун баары жомок гана бойдон кала берди.

Менин туюмумда, көл өрөөнүнүн негизги өзгөчөлүгү – бул «мүйүздүү касиет», анын ушул өрөөндө жашаган уруктарга тийгизген таасири. Ушул касиет Ысык-Көлдө кеңири таралган көрүнүш экендигин айта кетүү керек. Демейде мен бул тууралуу бугу уруусундагы бардык аялдардан сурап жүрөм. Бул уламышты баары билсе да, ар кимдин эле уругунда мүйүздүүлөр боло бербептир. Демек, мүйүздүүлүк – бул кимдир бирөөнүн даражасын башкалардан артык кылуучу касиет эмес, ал Парзды аткаруу милдети гана болуп саналат. Ысык-Көлдө мүйүздүүлүк акылмандыкка жана парзды аткаруучулукка маанилеш. Акылмандын парзы – элге айкын жолду айтып, ээрчитүү, демек, кызмат кылуу. Мүйүздүүлүк жеке кыргыздарга эле таандык касиет эмес, гректердин уламыштарында эчкиден жаралган адамдын укум-тукуму акылман болгондугу тууралуу уламыш бар. Мен аңыз кепти жөнөкөйлөтүп же апыртып жиберүүдөн алысмын, бирок аскалардагы байыркы сүрөттөрдө адам антенна сыяктуу мүйүздүү кылып тартылгандыгы бекеринен эмес деп эсептейм. Бул купуя белгини акыл-эс менен чечмелесек, кандайдыр бир төрөөчү Аялдык башталыш болгон, анын мүйүзү болгон, б.а., акылмандыкты же руханий эсти (ажайып, кудай берген эсти) өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн, өйдө жактан өзгөчө маалымат алып турууга ыңгайлашкан башынан бийик чыгып турган өсүндүсү болгон деп айта алабыз. Ушундай өзгөчө артыкчылык биздин аялдарга таандык эле. Мүйүздүүлүк жана парз – аялдардын табиятына көбүрөөк мүнөздүү келген касиет десек жаңылбайбыз. Балким дал ошол себептен кыргыз аялынын касиеттүү сырын сактоо үчүн элечек ушундай бийик оролуп жүргөндүр?

Көзү ачык аялдардын бири болгон Дамира Өмүрбековага 2002-жылы элечегиңди Мекеге ала барып, зыярат кылып кел деген аян түшкөн экен. Албетте, ааламдык ченемден алганда, биздин элечекке Мекенин кереги деле болбогон чыгар (балким, Меке үчүн зарыл болгондур), бирок ал аял ислам динине катуу берилгендиктен, элечектин маанисин тереңирээк түшүнүүсү үчүн ушундай аян келгендир? Д.Өмүрбекова африкалык кээ бир уруулардын өкүлдөрү ошондо анын этегине тооп кылып, элечекке суктанышканын айтып берди. Муну дайым таң кала эскерип жүрсө да, алиге чейин себебин түшүндүрө албай келет.

Бара-бара мен үчүн жашоомдогу башкы маселе – аялдык башталыштын, айрыкча кыргыз аялынын мааниси, орду, милдети жана жоопкерчилиги эмнеде деген маселе баарынан олуттуу экендиги айкын боло баштады. Буга учурдагы жана өткөндөгү кыргыздарга гана тиешелүү башаттардан келип жаткан маалыматтарды талдоо негизинде жетиштим. Кыйла кийин эзотериялык сайттарды карап көргөндө, адамзат канчалык узак мезгилдерден бери, кандай зор дилгирлик менен Аялдын сырын таанып билүүгө умтулуп келгендигине таң калдым. Тилекке каршы, маалыматтардын көпчүлүгү Аялдык жана Эркектик башталыштарды карама-каршы коюу өңүтүндө чечмеленип жүрөт. Мунун себеби жогортон маалымат алган (аян көргөн) адамдын пенделик өксүгүнө байланышкан. Эгер биз бүгүн Аялдык кудуреттин артыкчылыгын таанысак, мындай карама-каршы коюуга жол бербешибиз керек.

Аялдык башталыш – бул Сүйүү менен Мээримдин жаратышуучу, катышуучу, чогуу сезип-туюучу, кайгы-капаны тең бөлүшүүчү, макул болуучу, бириктирип кошуучу кудурети. Анын табиятына карама-каршы туруучулук мүнөздүү эмес. Сүйүү жана Мээр түшүнүктөрүн аял менен эркектин, эне менен баланын ортосундагы сезимдер, мамиле менен эле чектебей, адамдын аң-сезиминдеги кыйла бийик деңгээлде түшүнүүгө убакыт келип жетти. Бул категорияларды кудурет-маалымат нугунда таанып билүү мезгили келди. Мыкты-начар, терс-оң, керек-керексиз, жаман-жакшы деген түшүнүктөрдүн чегинен чыгып, күч-кубаттын түрлөрүнүн улам бирөөдөн дагы башкаларга агылып өтүп туруусун түшүнүү керек. Бул оомал-төкмөл агымда теңдештик, шайкеш болууга тийиш, ал эми буга анын өзөгүн түзүүчү Аялдык башталыштын тутумдаштыруучу, өзүнө тартып туруучу күч-кубатысыз жетишүү мүмкүн эмес. Тарыхый кыска мезгил аралыгындагы биздин милдет – аялдын кудуретин жана аялдын касиетин барктап, эркектин касиеттери менен бирдей даражага көтөрүү, аларды шайкештикке келтирүү.

«Дүйнөнү аялдык жана эркектик башталыштарга бөлүү менен өзүңүздүн оюңузга өзүңүз каршы чыгып жатасыз, акыйкатта жалпы адамзаттык маани-маңыздар гана болот», – деп мени сындагандар кезигет. Чындыгында эгер Аял менен Эркек кошуу жана алуу белгилериндей эле бар экендигин моюндасак, анда булардын ар кимисинин артыкчылыктуу касиеттери ар башка экендигин да таанууга тийишпиз. Жүйөлөрүмдү айтууга уруксат этиңиздер. Эркек менен аялдын үй-бүлөдөгү, уруктагы орду жана милдеттери ар башка экендиги алардын табиятына мүнөздүү келген күч-кубаттардын ар түрдүүлүгүнө байланышкан. Тукум улоо парзын аткаруу үчүн эркек аялдын тандоосуна арзышы керек, демек, ал жетекчиликке алган башкы мыйзам – бул атаандаштык. Негизги милдет – биринчи болуу, топтон алдыга суурулуп, башкаларга башчылык кылуу. Бул жагынан ал жол башчылык (лидерлик) күч-кубатына таянат да, ажырымдоочу күчтүн таасиринде калат. Эркектин негизги милдети – үй-бүлөнү камсыздоо үчүн аңчылыкка чыкканда, курмандыкты кууп жетүү. Бул милдеттин карама-каршысы – өлүмдөн кутулуу жана ургаачысын, балдарын аңчылардан коргоо максатында өзү аларды өлтүрүү – ошентип жырткычтардын эркектери кол салуу күч-кубатын өнүктүрөт да, алардын иш-аракеттери дал ушундай мааниге ээ болот.

Өз милдетин аткаруу үчүн аял заты атаандашпайт, канга забын кылуу да ага зарыл эмес – анын парзы башка максатка ылайыкталган. Ал өз балдарынын өмүрүн сакташы керек, бул үчүн ал эмгектениши, б.а., перзенттерин жылуулук, тамак, кийим-кече менен камсыздоосу, эркек менен баланын ортосундагы мамилени жөнгө салуусу зарыл. Үй-бүлө канчалык чоң болгон сайын, андагы карым-катыштар ошончолук көп кырдуу боло берет. Аларды жөнгө салуудагы аялдын милдеттерин аткаруу үчүн жаратман, бириктирүүчү күч-кубатка гана таянуу керек. Аял өзүнүн эркегине, баласына жок эле дегенде үй-бүлөнүн алкагында кызмат кылат. Адамдар жупуну, катаал турмуш менен жашаган чакта эркек менен аял шериктеш болуп, алардын күч-кубаты бири-бирине карама-каршы келбейт, анткени алар бири-бирисиз жашай албайт. Бирок адам коому татаал түзүмгө карай өнүккөн сайын күч-кубаттардын табигый теңдештиги бузула баштайт. Байлык топтоо аскер күчүн талап кылат, эми аялдын башка милдети келип чыгат – ал өзү мүлк катары бааланып, эркектин байлык даражасын көрсөткөн олжосу болуп калат. Адамзаттын аң-сезимдүү тарыхы ушундай багытта өнүккөн, азыр да ушул ыңгайда өнүгүүдө. Бул теңсиздик адам ишмердигинин бардык чөйрөлөрүндө: мамлекеттик башкаруу тутумунда, каржы тармагында, дүйнөлүк бизнесте, билим берүү тутумунда, атүгүл көркөм өнөрдө, айрыкча динде – байкалат (атүгүл Кудайды да биз эркек турпатында кабылдайбыз, ал биздин Атабыз дейбиз).

Муну жакшы да, жаман да дегенге болбойт. Бул жөн гана адамзат өнүгүүсүндөгү кайсы бир милдетти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон баскыч. Эгер адамзат өнүгүүсүн баланын чоң киши болуп жетилүүсү менен салыштырсак, адегенде эти менен сөөгүн өстүрүп, анан билимдер менен көндүмдөргө каныктырып, акырында гана инсандын руханий жетилүүсүн камсыздоого туура келээрин көрөбүз. Демек, адамзат материалдык базаны (баланын денесин өстүргөндөй) түзүп, илим жана технологияларды өнүктүрүп (билимдер менен көндүмдөрдү калыптандырып) келген. Бул үчүн эркектин күчү жана акылы зарыл болгон. Эми өнүгүүнүн соңку баскычында руханий жетилүү аялзатынын касиеттүү кудуретисиз, бириктирип жуурулуштуруучу күчүсүз мүмкүн эмес.

Аялзатынын кадыр-баркын дүйнөнүн руханий жетекчилери атайлап эске албай койгон болушу ыктымал, анткени коом: «Каиндин[1] балдарын ким төрөгөн?», – деген суроого жооп алууга даяр эмес болчу. Сизге бул суроо кызыктуу көрүнгөн жокпу? Обо эне эркек тукумунун бир нече муунун төрөгөн болушу мүмкүн деген божомол өзүнөн-өзү эле келип чыгууда. Муну эске алганда, аял затынын баркы талашсыз түрдө артат. Кудайдын бул негизги табышмагынын жандырмагын Ыйык китептерден таба албайбыз. Генетик окумуштуулар өздөрүнүн башкы ачылышын жасаганга чейин, адамзаттын түпкү теги кандай башталган деген божомолду өзүбүз карманууга туура келет. Мен өзүмдүн божомолумду айтуудан тартынбайм: түпкү чоң энебиз аалам менен байланышууга мүмкүндүк берген мүйүзү бар болгондуктан, өзүнүн неберелерин да төрөгөнгө кудурети жеткендир? Мүйүздүү аялдар жашаганы анык, демек алгачкы аялдын генетикалык чийими азыркылардан такыр башкача болгон, себеби Кудай аны Адамдын кабыргасынан жасаган эмеспи. Бул эмнени билдирет? Адамдын азыркы аң-сезими мындай маселелерди чечкенге кудурети жетеби? Бул багытта чечкиндүүрөк ой жүгүртсөк, Аялзатынын жердик күч-кубаты жүзөгө ашырыла баштаар.

Аялзатынын күч-кубаты көктө басымдуулук кыла баштаганына өзүм ынануу мүмкүнчүлүгүн алгам. 2007-жылы 17-ноябрда Таласта Ааламдагы (Космостогу) жана Жердеги Аялдык башталыштарды тутумдаштырып, бириктирүү максатында сыйынуу жөрөлгөсүн жасаганбыз. Жүздөй адам чогулуп, таң эртең менен сыйынганбыз. Бул абдан ыйык, купуя иш-аракет болчу, мунун акырында биздин күч-аракетибиз текке кетпегендигине жышаан көрсөтүүнү баарыбыз теңирден сурандык. Баарыбыз асмандагы ажайып көрүнүшкө күбө болдук: эки жылдыз заматта эки тарапка качкансып сызып учту, ал эми ортодо калган үчүнчү жылдыз жанындагы чаканыраак жылдызды өзүнө тартып, жутуп алды да, мурункудан жарыгыраак жанды. Кимдир-бирөө Чолпон жылдыз өзүнүн аялдык күч-кубатын арттырды деп түшүндүрдү (астрономиядан билимим чектелүү болгондуктан, мен бул жылдыз Чолпон эле деп ишенимдүү айта албайм). Биз көргөн кубулуш ушундай чечмелөөгө логикалык жактан туура келгендиктен, баарыбыз макул болдук.

Менин туюмумда, адамдын ортомчулугу аркылуу ааламдагы аялдык күч-кубат жерлештирилди, б.а., жердеги күч-кубат менен тутумдаштырылды. Күндөлүк турмушта муну жүзөгө ашыруу эми биздин жоопкерчиликтүү милдетибиз болуп саналат. Сүйүү күчү кантип мерес жүрөктөрдү ойготуп жаткандыгын мен соңку төрт жылдан бери сезип келем. Аялдык күч-кубат – бул Кызмат кылуу кудурети, ансыз жаңылануу, айрыкча руханий дүйнөдөгү жаңылануу парзын аткаруу мүмкүн эмес.

Кызмат кылуунун руханий салты көчмөндөрдүн дүйнө таанымында эң даана чагылдырылган. Турмуш-тиричиликтеги ар кыл тыюулардын болгондугу, менимче, көчмөндөрдүн жашаган жерлеринин өзгөчөлүгү жана табият менен тутумдашуунун катаал шарттарына байланышкан. Ал кезде адамдар көчүп-конуп жашаган, демек табияттын шериктештери (кожоюну эмес!) болгон, андыктан жаратылыштын мыйзамдарын эске алууга, б.а., күч-кубаттардын жарыш дүйнөсүн сыйлоого милдеттүү болгон.

Тайенем жанаша дүйнө (параллельный мир) жөнүндө бардык нерселерди билчү, бирок ал кандайдыр бир сейрек касиети бар инсан эмес эле. Миңдеген кыргыздар өздөрүнүн арбактары, колдоочулары жашаган жанаша дүйнө менен кадимкидей мамиле түзөт (түш көргөндө, ар кандай жөрөлгөлөрдү аткарганда, ата-бабалардан калган, чоң-энелердин тыюуларында, ченемдеринде жана каадаларында түбөлүккө сакталган ыйык билимдерин күндөлүк турмушта пайдаланганда). Мага баарынан да жакканы, бул билимдердин канчалык маанилүү, ыйык экендигин алар ойлобойт – алар үчүн мунун баары жөн гана аң-сезимдин көптөгөн сырдуу билимдерди сактаган ажырагыс бөлүгү. Биз көптү билебиз, бирок аң сезимдүү түрдө ошол билгендерибиздин көбүн колдонбойбуз. Канга сиңген «арбакты ыраазы кылуу» адатын көпчүлүгүбүз жөндөмүнө карабай эле «өз кишини» алдыга сүрөп чыгуу деп тайыздантып алганбыз, ал эми Ыйык парзга кызмат өтөө түшүнүгү биздин аң-сезимибизде унутулган бойдон уктап жатат, азырынча кандагы касиеттүү маалымат катары гана жашап келет.

Ошентип, биз адамдын, уруунун, уруктун, улуттун, өлкөнүн парзы жөнүндө сөз баштоого жетип келдик. Тилекке каршы, Парз тууралуу сөз козгоор замат аң-сезимдеги сенек көз караш ишке кирет да, биз дароо эле куттуулук (посвященность), тандалгандык сыяктуу түшүнүктөргө кабылып, фашизмге чукулдаган тайыздыкка түшүп кетебиз. Бул категорияларды бизге иерархиялуу (биринен бирин өйдө койгон), материалисттик ойлом тутуму таңуулагандыгы түшүнүктүү. Керектөөчүлүк, кара күч жана акча үстөмдүк кылган бул дүйнөдө адамдар ушул категориялар менен жан сактоого аргасыз.

Эми бүгүнкү турмуш жагдайынан саамга алыстап, көчмөн бабаларыбызды элестетип көрүүңүздү өтүнөм. Жашоого зарыл болгондон ашык эч нерсени алар сактаган эмес: кийим-кече, тиричилик буюмдары, жабдуулар, атүгүл урууну тоюндуруучуу малы да бийик ашуудан өтүүгө ылайык сандан ашпоого тийиш болгон. Заматта өзгөрүп туруучу аба-ырайы, тик жарды бойлото кеткен тар жолдон балдарын аман алып өтсөм деп тилеген көчмөндөргө алтындын эч кандай кереги жок эле. Алардын жамынган жуурканы да өздөрүнө жеткендей гана алынчу. «Артык дөөлөт баш жарат» деген накыл кеп биздин бабалардын турмуштук бийик акылмандыгынан жаралган.

Тик ашууда каалагандай аттын (уруунун жол башчысы минген аттын да) туягы баскан таш ордунан тайып, жылкы жаныбар ээси менен кошо түпсүздүккө кулап кетиши мүмкүн болгон. Өз жанын тобокелге салып, куткаруу үчүн башкалар кол сунушу үчүн ал кандай татыктуу, сүйүктүү, зарыл болушу керек эле! Бул өз улутуна кызмат кылуу маселесине тиешелүү. Экология, дене-бой, материалдык жактан топуктуу жашоо зарыл болгон, дайым тобокелчилдик, сергектик талап кылынган шартта бири-бирине чын дилден кызмат кылбаса кыргыздар этнос катары калыптанмак эмес да, эл катары сакталмак эмес. Табияттын бул мыйзамченемдүүлүктөрү теңирден берилген окшойт. Ушул топуктуулукту жоготуп албагандыгыбыз үчүн сыймыктанам.

Кыргыз дүйнө таанымына парз, милдет, кызмат деген бийик түшүнүктөр мүнөздүү келет. Бирок кыргыз үчүн бул парз эң оболу кызмат кылууну билдирет. Тандалгандык – бул адамдын парзы бар экендиги, демек, ал кызмат кылууга милдеттүү. Куттуулук – рухий касиеттерге эгедерлик. Бул касиетти адамдарга кызмат кылуу үчүн пайдалануу керек. Ошондуктан бул түшүнүктөрдүн баары биригип кыргыздар үчүн кадимки эле күн сайын кез келип жүргөн көнүмүш категориялар болуп саналат. Балким мен кыргыздарды бир аз идеалдуу кылып көкөлөтүп жаткандырмын (мени ушинтип жемелегендер бар), бирок ошентсе да баарыбыз жетүүгө умтула турган кандайдыр бир идеал болушу керек эмеспи? Аны жүзөгө ашырууда турмуш өзү оңдоп-түзөтөрүнө ишенем.

Мен «Биздин элди кудай тандап алган», – деп, фашизмге чукулдап кеткен бир ууч адамдарыбызды адашкан, өзүнүн кыргыздык касиетин, нукуралыгын жоготуп коюп таппай жүргөндөр деп ойлойм. Аларга да акыр бир күн кан-жандарынын аяны туура жолду көрсөтөт. Алардын ой жүгүртүүсү дагы эле баягы материалисттик керектөөчүлөрдүн иерархиялуу (бирөөнү өйдө, бирөөнү ылдый койгон, бирөөнү тазараак, күчтүүрөөк, дагы бирөөнү ыпласыраак, чабалыраак деп бөлгөн, бул дүйнөнү байлар менен алдуу-күчтүүлөргө таандык кылган), тигинен (вертикалдуу) тургузулган, бөлүп-жаруучу, накта эркекчесинен атаандашчыл эски тутумдарга негизделген аң-сезимдин чидеринен бошоно албай келет. Эски сенек көз караштар боюнча кудайдын жекече мээримине татыктуу болгондук (тандалгандык) арийлик катары, б.а., тукумдун өзгөчө тазалыгы катары түшүнүлүп, физиологиялык деңгээлге чейин тайыздалып, кабылданат. Батышта калыптанган бул теориялар материалдык ойломго негизделет. Булар кыргыздардын аруулугу менен эч кандай жакындашпайт.

Кыргыздардын дүйнө таанымындагы «аруулук» – бул руханий тазалык, адамдын ушул сапатынан келип чыгуучу кереметтүү жөндөмдөрүнүн бар экендиги. Бул касиеттер адамга өз Парзын натыйжалуу аткаруу, Кызмат кылышына шарт түзүү максатында берилет. Жогортон маалыматты алуу мүмкүндүгү абдан кеңири, буга чындап умтулган дээрлик ар бир кыргыз жете алат. Бул ажайып кубулушту азырынча эч ким чечмелеп бере албайт, бирок мезгили келгенде, илим өзү буга жөнөкөй, акылга сыярлык түшүндүрмө берээрин сезип турам. Бул биздин тегибизге эмес, жашаган аймагыбызга байланыштуу болсо керек. Же экөөнө тең бирдей тиешеси бар чыгар – кыргыздардын туугандар арасында кыз алышпай, жети атасын иликтеп, кудалашып келгендиги бекеринен эмес го.

Менин өтө рационалдуу (жалаң гана акыл-эстин күчүнө таянган) аң-сезимим деле өз парзымды түшүнбөгөндүгүм үчүн бир ирет кайнап чыгып, натыйжада түшүмдө өзүм абдан каалаган жоопту алдым окшойт. Аян түш менин ордумду, аткара турган парзымды туюндурду. Ар кимдин өз орду болот, эң башкысы, аны ашыра баалабай, маанисин да апыртпай, ааламдык жумуш ыргагындагы чакан механизм катары кабылдай билүү керек. Түшүндө аян көргөн же олуялык кылуучулар аркылуу өзүнүн парзы тууралуу маалымат алган көп адамдар муну дароо эле абдан маанилүү деп чечмелеп, коомдук мамилелерден өзү үчүн өтө жогору турган орунду издей баштайт. Көбүнчө ашык-кеми жок өлкөдөгү жетекчи ролго талпынып калышат. Мен ушундай адашкандарга көп кез келгенмин, андыктан мунун себебин да түшүнөм. Биздин жан дүйнөнү тепчип өткөн ошол күч же маалымат ушунчалык зор болгондуктан, ушунчалык бийик категорияларга таянгандыктан, биздин иерархиялуу, жупуну аң сезимибиз дароо эле турмуш пирамидасынын чокусунан орун издей баштайт (себеби адам азырынча тикелей, б.а., вертикалдуу ойломдун чегинен чыга албай келет). Ал эми чоку деп биздин жарды акылыбыз Президенттин ордун түшүнөт, ошондуктан бизде билимине, даражасына, маданий деңгээлине карабай эле президенттик бийликке умтулгандар эркектердин да, аялдардын да арасында ушунчалык көп кезигет.

Азыр мен биздин кайсы бир тышкы күч тарабынан башкарылып, багытталып жатканыбызды анык билем. Муну бирөөлөр түшүндөгү аян, дагы бирөөлөр өңүндөгү сырдуу көрүнүштөр, угулган добуштар, таң каларлык окуялар аркылуу сезет. Мында баарынан да тагдырдын бардык белгилерин жана ишаараттарын чечмелей билип, өз мүмкүнчүлүгүбүзгө, дараметибизге жана тийиштүү түрдө турмуштагы чыныгы ордубузга жараша жоруганды үйрөнүүбүз зарыл.

Эми Инсандын орду тууралуу ой жүгүртүп көрөлү. Кээ бир адамдардын өз мүмкүнчүлүктөрүн жана аалам алкагындагы ордун ушундай төмөн баалаганы таң калтырат. Мунун натыйжасында жогорудагыдай адашууларга жол берилип келет. Арабыздан кимибиз болбойлу, курчап турган дүйнөнү өзгөртүүгө президенттен кем эмес мүмкүнчүлүккө ээбиз. Кептин баары көздөгөн максатыбыз кайсы экендигинде. Эгер энергетика тутумун менчиктештирүү маселесин алсак, анда, албетте, Президент болгон оң. Ал эми руханий жаратмандык ишин алсак, анда жөнөкөй адамдын мүмкүнчүлүктөрү өлкө башчысыныкынан да чоң экендигин көрөбүз, себеби мында сенин жарамдуулугуңа жана чын ыкластуулугуңа ишенүү көбүрөөк мааниге ээ. Анткени чын ыкластуулукту теңир алдында далилдөө жердегиден алда канча кыйын.

Орун жөнүндө айтуу менен, дүйнөнүн ааламдык бейнесин руханий жол менен жаратуудагы ар бир инсандын ордун эске алуу керек. Мына ушул жерде өлкөнүн дүйнө алкагындагы орду инсандын жана анын үй-бүлөсүнүн ордуна салыштырмалуу анча деле зор мааниге эмес экендигин түшүнүп алуу керек. Өлкөдөгү Инсандын жаратман ролу болмоюнча, Өлкө өз ордун таап, өз парзын аткара алабы? Ошондуктан, менимче, орточо статистикалык эсептеги ар бир кыргызды жан бактылыктан жана аракечтиктен ойготуудагы ар бир «касиеттүү» адамдын ролу, орду жана жоопкерчилиги зор. Мен «касиеттүү» деп өзгөчө жөндөмү барларды эле эмес, билимдүү, иштиктүү жана кесипкөй кишилерди да эсептейм. Бул эки топтогулардан өлкөнү руханий жактан ойготууга кайсынысы көбүрөөк салым кошо алаары да белгисиз.

Соңку жылдарда биздин пайгамбарлар кыргыздардын жана Кыргызстандын Дүйнөнү сактап калуудагы Парзы жөнүндө көп маалымат алып жатат. Муну кээ бир чөйрөлөрдө өтө көбүртүп-жабыртып жүрүшөт. Бул маалыматты ашынган улутчулдар бурмалап, өздөрүнө жаккандай чечмелешет. Эгер маселеге нукура кыргыздын көзү менен карасак, баарын жөнөкөй эле түшүндүрүүгө болот. Эгер Кудай кыргыздарды тандаса, анда Кызмат кылуу парзын жүктөө үчүн гана тандаган. Ал эми кимге жана эмнеге кызмат кылаарыбызды өзүбүзчө, көп уу-дуу кылбай эле, аныктап алуубуз керек. Кыргыздардын Парзын тынч гана аныктап алып, бөлөктөргө эч нерсени далилдеп отурбай, иш жүзүндө аткара берүүгө тийишпиз. Биз башкалардан артык да, кем да эмеспиз, биз өзүбүзгө өзүбүз жетиштүүбүз, башка каалагандай эл сыяктуу эле дүйнө алкагында өзүбүздүн аткарар маанилүү милдетибиз бар. Жараткан улуу көрүнүштүн азыр түзүп жаткан бөлүгүндө биздин дөөлөттөр менен эрежелер кыйла мезгил бою артыкчылык кыларын гана билишибиз керек. Биз жөн гана кийинчерээк дүйнө жүзүн каптап кете тургандай көрүнгөн экологиялык жана экономикалык каатчылык шартында адамзаттын аман калуусу үчүн абдан пайдалуу билимдерди жоготпой мурастап келгенбиз. Биз ошондой эле бабалардан калган, азыр толукталып жаткан касиеттерди жана ыйык кудуретти өркүндөтүү көндүмүн да сактап келгенбиз.

Эгер биздин билимдерибиз кимдир-бирөөлөргө пайдалуу болсо, эч кимге өзүбүздү каршы койбостон, аларга бул билимдерди жакшы көрүү сезими менен тартуулашыбыз керек. Бул билимдерди колдонуу үчүн Батыштын эли жекелешүүгө жана байлык топтоого сыйынуудан баш тартып, жамаатчыл ойломдун жаңы дүйнө таанымына ээ болушу керек. Анткени өзүмчүлдүккө негизделген бул эски баалуулуктардын негизинде Сүйүү күч-кубаты иштебейт. Ким да болбосун, жаңы доордо аман калгысы келсе, Сүйүү кудуретине, жамаатчыл пассионардуу (өркүндөөгө кудуреттүү) рухка таянган, ынсап-топуктуу жашоо жана ыйык касиеттерди өнүктүрүү менен шартталган Жаңы дүйнө таанымды кабыл алууга аргасыз болот.


[1] Байыркы ж\\тт\рдөн уламышы боюнча Каин менен Авел ага-ини бир тууган болушкан. Каин Авелди к\р\ албастыктан \лтөрг\н.

Leave a Reply