Карасаева Айша:Чоң-Сары-Ойдогу жашообуз бизге ден-соолук тартуулады

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

1912-жылы Түп районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1930-жылы педтехникумду бүтүргөндөн соң, Ленинграддагы Чыгыш институтунан билим алган. Согуш маалында Кыргызстанга келип, орто мектептерде окуу бөлүмүнүн башчысы, андан соң кыргыз мамлекеттик басмаканада эмгектенген. Алгачкылардан болуп кыргыз тилинин стенографиясын түзүп, 1963-жылы стенографиялык китеби жарык көргөн. Профессор, академик Кусейин Карасаевдин жубайы. Академик көзү өткөндөн кийин, анын кол жазмаларына, архивине таянып жазылган «Апендинин күлкүлүү окуялары», «Кылым карыткан өмүр», «Баштан өткөн баяндуу окуялар», «Замандаштарым жөнүндө», «Үч доор», «Улутубуздун уюткусу, доорубуздун күзгүсү» аттуу китептери жарык көргөн.

Биз Кусейин экөөбүз тең көлдүкпүз. Кусейин Кең-Суу деген кыштакта төрөлүп, Токтоянда чоңойгон, мен болсо Талды-Сууда төрөлгөм. Бирок өзүбүздүн жерибизде көп деле болгон жокпуз. Чоңойгондон кийин эле Ташкенттеги кыргыз таалим-тарбия институтуна кирип, ал жерде окуп, андан кийин Ленинградда чыгыш институтунда окуп, андан соң кыргыз-орус сөздүгүн түзүүгө катышып калып, сегиз жыл Москвада жүрдүк. Согуш чыккандан кийин, бул жакка келдик. Кусейин академияда иштеп калды. Мен неберелеримди багып, үйдө болдум. Эң башкысы, Чоң-Сары-Ой деген кыштактан жер алып, үй салып, 24 жыл жашадык. Экөөбүз тең университетте мугалим болчубуз. Сабак бүткөндө эле эс алуу алып, кыштакка кетчүбүз, сабак баштааларда, сентябрь айында кайра келчүбүз. Ошол Чоң-Сары-Ойдогу жашообуз бизге мыкты ден соолук берип, өмүрүбүздүн узун болушуна себепкер болду. Бир жагыбыз көл, бир жагыбыз тоо. Ошол табият бизге таасир этти: Кусейин жүз жашка чыгып каза болду, мен болсо азыр токсон жетидемин.

Кусейин тууралуу көп жаздым. Ал киши өтүп кеткенден кийин жети китеп чыгардым, экөөнү басмага даярдап жатам: бирөө «Өмүр барактары», бирөө болсо Манас жөнүндө. Кусейин Ленинградда Чыгыш институтунда окуп жүргөндөгү докторлук эмгегинин темасы экен, 30 жашынан өмүрүнүн аягына чейин изилдеп, көп жазган. Эң жемиштүү эмгектеринин бири ошол Манас тууралуу. Кусейин көзү барда эле макалаларын, журналисттерге берген интервьюларын гезитке же журналга чыкса эле: «Бул кийин китеп болот, китеп кылып чыгарып койсо жаштарга өтө керек. Мугалимдер балдарга сабак бергенде да колдонсо болот, муну жыйнай берели», – деп чогулта берчү. Мен дайыма бирге иштечүмүн. Анан ал эмгектерди көзү тирүүсүндө эле машинкеге баса баштагам. Бир тобун бастым. Ал киши кеткенден кийин баарын тең басып, басмага даярдадым.

Бир жаш кезде көлдүктөр аябай катуу кеткен. Жооптуу кызматтарда, илимий иштерде, айтор бардык жерде жигердүү эмгектенишкен. Эмнеге дегенде, Караколдо татарлар жашачу. Казандан, Уфадан келишкен татарлардын таасири менен көп кыргыз жаштары билимге умтулушкан. Анткени татарлар китеп, гезит, журналдарды көп окушчу. Менин атам дагы Чыңгыз Айтматовдун атасы менен тааныш болуп калып, ошол кишинин үйүнө барганда, китеп, гезиттерин окуп алып жүрүп, кыргыздардан биринчи болуп кыштакка үй салып, биринчи мектеп ачкан.

«Көлдө төрөлүп, көлдө чоңойдум эле. Көлдүн абасы жагат, мен көлгө барышым керек», – деп, Кусеин мага айтпай, университеттин ректоруна кат жазыптыр. Караколдогу университетке Касым Тыныстановдун аты коюлган. «Касым менен да бирге жүрдүм эле, ошол жакка баргым келет, ал жакты сагындым», – деп жазган окшойт. Университеттин ректору 4-5 профессорун ээрчитип алып, үйгө келди. «Бизге келип сабак бербей эле коюңуз, төрүбүзгө отуруп бериңиз», – дешти. «Өзүм жыйнаган 2500 китептик китепканам бар, ошону университетке белек кылам», – деди. Ошентип, Караколдон үй камдашып, бизди көчүрүп кетишкен.

Leave a Reply