Бережной Сергей: Ичимдеги букту чыгарып төгүлүп чачылууга жалгыз гана көл бар болчу…

This post is also available in: Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

1977-жылы төрөлгөн. 1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясын бүтүргөн. Академиянын чыгыш медицина бөлүмүндө мануалдык терапия курсунун жетекчиси болуп 5 жыл эмгектенген. 2002-2003-жылдары Кытайда ийне аркылуу дарылоо, Тай-Цзи-Цюань чыгыш күрөш усулдарын өздөштүрдү. Азыркы учурда менчик дарылоо борборунда эмгектенет.

Мен бала чагымдан эле жашоонун маанисин, адам жаратылышын түшүнгөнгө далалат кылып келгем. Мектепте окуп жүргөн кезимде ар кандай элдердин диндерин жана руханий маданиятын окуу боюнча ийрим түзгөм.

Медициналык академияда окуп жүргөн кезимде ийне аркылуу дарылоо, укалоо жана кол аркылуу дарылоо (мануалдык терапия), Кытай Цигун сабактарын окудум. 2002-2003-жылдары Кытайда ийне аркылуу дарылоо тажрыйбасын топтоо менен Тай-Цзи-Цюань деп аталган чыгыш күрөш усулдарын окудум.

Учурда остеопат догдур катары жекече иш жүргүзүү менен өзүмдүн иш-аракетимде руханий тажрыйбамды жана кытай дарылоо системаларын колдоном.

Ажайып кооз Ысык-Көлгө байланыштуу руханий тажрыйбам тууралуу кеп кылгым келет. Окуя 2004-жылдын июль-август айларында болгон. Көлдүн түштүк тарабындагы Тосор айылында уюштурулган боз үй шаарчасына догдур катары чакырылган элем. Өзүн тааныгысы келген, өзүндөгү жөндөмдөрдү ачкысы келген адамдар менен бирге убакыт өткөрүүнү каалап жүргөм. Тай-Цзи-Цюань Федерациясы тарабынан уюштурулган бул иш-чара ошол каалоомо абдан дал келди. Лагердеги жашоонун ар бир сааты өлчөнүп-ченелген жана мен тай-цзи, цигунь жана ички жан-дүйнөнү өнүктүрүү боюнча сабактарынан убактымдын маанилүү бөлүгүн окуучуларыма арнай алдым. Эти жок тамак менин акыл-эсимдин тазаланышына жардам берди.

Август айынын күнөстүү күндөрүнүн биринде ички ыңгайлуулук менен ойгонуп, акыры ойлорум бир калыпка түшүп, тынч алганына өзүнчө кудуңдап сүйүндүм. Бирок ошол ирмемдерде ошол эле күнү кечкурун пайда болгон ички уйгу-туйгу тууралуу бир дагы нерсе оюма келген жок.

Түшкү маалда көөдөнүмдө чөгүү, салмактуулук жана басым пайда болду. Көлгө чумкуп чыксам да жардам бербеди. Элдердин куунак көңүлү менде эмнегедир кыжырланууну пайда кылды. Ички тең салмактуулукту жөндөөчү, көнгөн эле тай-цзи-цигундун көнүгүүлөрүн аткарып баштадым. Негизинен цигунь менен машыкканда, курчап турган дүйнө мен үчүн элес катары эле көрүнгөндөй сезим берчү, бирок ошол күнү бардыгы башкача болду.

Асман менен жерди бириктирүү деп аталган биринчи кыймыл-аракеттен кийин эле капыстан чеги жок мейкиндик корүп, өзүмдү жалган кыялдан (иллюзиядан) туулган адам катары сезип кеттим. Мен өзүмдү өмүр бою эсептеп келгендей адам эмес экенимди даана билдим, бирок ким экендигимди билген жокмун. Бул кайгы-капа мени стресске түшүрүп, көздөрүмдөн жаш тегеретти. Кээ бир тааныштарым менен бул акыбалымды бөлүшкүм келди, бирок мени эч ким чын дилден кабыл алган жок.

Мен ичимдеги букту чыгарып, төгүлүп-чачылууга жалгыз гана көл бар болчу. Суу мейкиндиги менен сезимдеримди бөлүшүп, кеч бою көл жээгинде отурдум. Акырындап жан-дүйнөмдө тынчтыкты жана жайдарылыкты сездим. Көңүлүмдөгү тынчтык аз-маз таң калтырды, анткени ичимдеги ачылган мелтиреген көк мейкиндик бардык нерсени батырып турду. Ичимде жердеги бардык эмоциялар жана сезимдерге болгон көнүлкоштук жана жоопкерчиликсиздик өкүм сүрүп турду. Мага тиричиликтин бирден-бир сыры ачылганын сезип турдум, бирок акылым жетип, анын маанисин түшүнө албадым. А түшүнүүнүн кажети деле жок болчу. Көптөгөн күндөр мен кайдыгер акыбалда жүрдүм.

Кийинчерээк бир кишилер мага көрүнгөн чеги жок мейкиндик – бул биздин дүйнөнүн жаралышы экендигин жана анын көрүнүшү – менин ички өнүгүү жолумдун бир тепкичи экендигин түшүндүрүштү.

Ысык-Көл жээгинде орун алган тажрыйба ички жан-дүйнөмдүн өнүгүшүндөгү жаңы кырларды ачканга жардам берди.

Leave a Reply