Айтпаев Аман: Бел-Кара-Суу, Тулпар-Таштын кыргыз дүйнөсүндөгү орду

This post is also available in: Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

1931-жылы Түп районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1943-жылы, 12 жашынан тартып Ак-Суу районунун «Каракол» совхозунда эмгектене баштаган. 1946-50-жылдары Каракол шаарында Мал-чарба мектебин, Айыл-чарба техникумун бүткөргөн. 1955-жылы Кыргыз айыл-чарба институтун бүткөргөндөн кийин, 17 жыл «Каракол» совхозунда алгач алты жыл башкы мал догдур, анан 11 жыл деректир болуп иштеген. 1972-76-жылдары Кемин райондук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1976-85-жылдары Ак-Суу районундагы Дзержинский совхозунда мал догдур, мал бордоп семиртүүчү комплексте башчы, областтык даярдоо инспекциясынын башкы инспекторунун орун басары болгон. 1986-жылдан союз тараганга чейин «Кундуз» айбанаттар фирмасынын төрагасы болгон.

Айыл-чарба илимдеринин кандидаты. Кыргыз Республикасынын эл чарбасынын өсүшүнө жасаган эмгеги үчүн Эмгек Кызыл-Туу ордени, Эмгектеги артыкчылык медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасы менен сыйланган. Бүгүнкү күндө – Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык ардагер. «Көңдөйдүн сыры» (1991) китебинин автору.

Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы табигый жаратылышы адамды суктандырган керемет жайлоолордун катарына Бел-Кара-Суу кошулат. Ал жайлоо айтылуу Жыргалаң көмүр кени казылган шаарчанын түштүк жагында жайгашкан. Аталган жайлоонун башка жайлоолордон артыкчылыгы – ал узундугу он чакты, туурасы төрт-беш чакырым келген түзөңдү ээлейт. Анын чыгыш четинде Тулпар аттуу, өңү боз-көгүш келген таш жатат.

Тулпар-Таштан айлана-чөйрөгө көз чаптырганда, жайлоо алаканга салгандай толук көрүнөт. Аска, тоодон башталган кокту, колот төмөндөгөн сайын түзгө айланып, бел өңдөнгөн көрүнүштү түзөт, жер борпоң кара топурак болгондуктан, сууну каралжын көрсөтөт. Ошондуктан жайлоо Бел-Кара-Суу деп аталып калган. Анын үстүнө аскалуу бийиктеги төр, кокту, сайлардан жайы-кышы токтобой аккан булак суулар түзгө келгенде, жээктери кеңейип, коңулга айланып, жылуу болот. Ошол суу түркүн өсүмдүк гүлдөрдү, тамырлары тоо форели деп аталган кара чаар балыктарды кеңири тоюттандырып, жайы-кышы өсүп, көбөйүшүнө табылгыс шарт түзгөн. Кыркынчы-элүүнчү жылдары балыктын көптүгүнөн чоң киши эмес балдар, көйнөк, шымдарын тор кылып, өздөрүнүн балтырынан чоң балыктарды кармашып, сорпо бышырып же кууруп жеп, ыксырап тоюшчу. Бел-Кара-Суунун түзүндө атчан киши баратканда, чөп өсүмдүктөрдүн нымы тизеге жетип, кийимди сууландыруучу шибер, узун чөптөр көп болчу.

Кийинки жылдарда малдын, адамдын саны көбөйүп, табигый байлыктарды жеп, жоготууга жасаган аеосуз аракеттеринен Бел-Кара-Суунун түзүндөгү чөптөр жоголуп, такырга айланды. Балыктарды болсо он чакты жылдын ичинде буйдамга келтирбей кармап жатып, жеп жоготушту.

Согуш жылдарында (40-жылдарда) Бел-Кара-Суунун түзүнөн жыйналган 40-50 сары кар үймөк чөп Каракол совхозунун үч жүздөн ашык саан уйларын кыштатып, тоюттандыруучу. Бел-Кара-Суу үч миң метрге жакын бийиктикте жайгашкандыктан, кыш октябрда түшүп, жаз май айында келүүчү. Кышкы ызгаар суук, үч-төрт күн көз ачырбай соккон каардуу бороон Сибирдин түндүк жагындагы сууктан кем калчу эмес. Ал эми жай мезгили болсо салкын келип, адамдын эс алышына «бейиштин төрү» делген шартты түзүүчү. Кыргыз эли илгерки атам замандан тартып ар бир жердин табигый шартына карата, жайлоо, күздөө, кыштоо деп көчүп жүрүп пайдаланып, табиятка зыян келтирбей этият, үнөмдөп пайдалануучу.

Ал эми өткөн совет доорунда малды ыксыз көбөйтүп, жайыттарды малдын оозунан мурун туягы тебелеп жоготконун көрдүк. Мисалы, Бел-Кара-Сууга «Маяк» деген совхоздун 4,5 миңден ашык уй, торпок, бодо малдары 20 жылдан ашык жайлаганда, жердин чөбү калбай, шайы чыкты. Ал жайлоонун азыктуулугу ашып кетсе бир миңге жакын бодо малга туура келчү.

Бел-Кара-Суунун артыкчылыгы – жанагы Тулпар-Таш. Анын узундугу 5-6 метрге, бийиктиги 6 метрге жакын. Таштын Тулпар деп аталып калышына, миң жылдар илгери жашаган ойротторбу, же кайсы эл, айтор, таштын үстүнө чыгып, эки ээр-токум жасашкандыгы себепкер. Аган жетип минип, ойноп эрмектеш үчүн, таштын аяк ченинен баштап, ээрлерге жетип, кайра түшүш үчүн капталында туяк сыяктуу оюкчалар жасалган. Ал оюкчалар аркылуу үстүнө чыгып, кадимкидей ат мингендей, ээр-токумга отурса болот.

Илгерки заманда Бел-Кара-Сууну жайлаган кыргыздын жаштары, Тулпар-Таштын керемет көрүнүшүн төмөнкү ыр саптар менен макташкан:

Бел-Кара-Суу, Тулпар-Таш,

Айлыбыз бирге аралаш

Анык көңүлүң бар болсо,

Аз өмүрдү өткөрбөй,

Ойноп, күлүп, көңүл ач,

Айдын жарык түнүндө Тулпар-Ташты тегерете кубалашып, ырдашып, жаштар оюн-зоок өткөрүшкөн деген сөздөрдү карыялардан угуп жүрчүмүн.

Ташта чегилип жасалган ар түрдүү сүрөт белгилер бар. Алар Ысык-Көлдө гана эмес, кыргыз жеринде көп кездешет. Тулпар-Таштын жайлоо катары тарыхта калышына XVIII кылымда дүйнөгө атагы чыккан окумуштуу Чокон Валихановдун (Уалиханов) салымы бар. Ал эки жыл келип, Бугу элинин белгилүү манабы Боромбай менен жолугуп, кыргыз элинин жашоо-тиричилигин изилдеп жазган биринчи окумуштуу болгон. Өзгөчө Чокон Валихановдун манасчыларды айттырып, жазууга түшүрүп, дүйнөгө тараткандыгы, кыргыз эллине, жерине бир топ кызыкчылыкты туудурду. Мисалдап айтканда, ошондон баштап Орусиянын Семенов-Тяньшанский, Пржевальский жана башка окумуштуу, изилдөөчү, чалгынчыларынын кыргыздарга келишине кызыкчылык жаралган. Кыргыздын жашоо-турмушу, жердин адамды суктандырган тазалык, сулуулугу, чети оюлбаган табигый байлыгы кеңири жазылып, Орусиянын Падыша өкмөтүн кызыктырып, аны өзүнө багындырып, орус элин көчүрүп келип, кыргыз жерине отурукташтырууга шарт түзгөн. Орустар келип отурукташкандан кийинки кыргыз элиндеги, жериндеги кескин өзгөрүш, жаңылыктар тарыхта кеңири чагылдырылып, ал азыркы мезгилге чейин улантылып келе жатат.

Ошентип, Бел-Кара-Суу, Тулпар-Таш жайлоосу кыргыз элине, жерине тарыхый жаңылык, өзгөчөлүк алып келген касиеттүү жерлердин бири экендиги кумөнсүз.

Leave a Reply