Ыйык жерлердин келип чыгыш тарыхы

Кубатбек Жакыпов Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылында туулган.

И.Арабаев  атындагы КМУнун доценти.

Менин Ырайымбек деген чоң атам Шабдан баатыр менен замандаш болуп, жашап өткөн. Айылды түптөгөн, башкарган ыстарчын киши болуп, датка деңгээлине чейин көтөрүлгөн киши болгон экен. Ошого үч жолу көрүнгөн экен. Ошол жерлер азыркыга чейин мазар катары эсептелет.0

Бир жолу Тогуз-Тородо Осмон датканын колунда жүрүп, Осмон датка менен Шабдан баатыр келишпей жүргөндө, Ырайымбек чоң атам Шабдандын Баяке деген жигитин зынданга салып коюп, анан коркуп Осмон даткага Кашкарга качып кеткен. Ал жактан кайра келген.  Ошол учурда Ырайымбек чоң ата уурулук кылыптыр. Тогуз-Тородон жылкы уурдап келатса артынан куугунчулар келип калган экен. Артында куугунчу, алдында Нарын дарыясы болуп, качаар жер жок туруп калат экен. Кууган куугунчулар аябай көп дейт. Анан Нарын суусуна түшө качат экен. Түшкөндө Нарындын суусу токтоп калган экен. Тоонун боору сыяктуу токтоп калып, муз сыяктуу үстүнөн бастырып  өтүп кетиптир. Куугундар суудан өтө албай калышыптыр. Анан ал жерди белгилеп коюп, уурдап келген бээсин союп, алла-тааланын жолуна курмандык чалып, анан ошол жерди мазар көтөргөн. Азыркы күнгө чейин Тогуз-Торо менен Сарыкамыштын чек арасында Көк-Таш ата мазары деген мазар бар. Мына анын тарыхы ошондой. Ошол окуядан кийин уурулугун токтоткон дагы, малчылык менен  алек болгон. Дагы бир жолу Жумгал тараптан баратса, таң атып кетет экен. Анан буту-колу баспаган, шал киши бар болчу экен, ошол киши алдынан чыгат экен. Караса ден-соолугу таптаза. Анан шекийт экен. Бул соо эмес деп түз эле ошол шал болгон кишинин үйүнө бара экен. Барса ал жөн эле жатат дейт. Кайра ал жактан чыгып бери баскандан кийин караңгы кирип кетиптир. Ошол киши көрүнгөн жерди да Мазар көтөрүп, шал кишиге кайрымдуулук кылып, анан баягы жер Тешик-таш ата мазары болуп калган. Эки таш бири-бирине жөлөнүшүп калгандай. Ортосунан киши өтсө болот. Ошондуктан Тешик-Таш-Ата деп коет. Үчүнчүсү жайлоодо элдер менен олтурса, аппак кийинген, кокондон келген кишилердей эшен-калпалар өтүп баратыптыр. Булар каякка барат деп жигитин чаптырса, жигити аралап жүрүп эле көрбөй коет. Ошондо да бул соо эмес деп шекийт. Ошол жерди да Мазар-таш деп белгилеген экен. Дагы бир вариантында мындай деп айтылат. Тоолук деген айылдан, Токтогул жактан келе жатса, кар жаап түндө адашып калыптыр. Жол таппай суу бойлоп келатса, артынан бир көп атчан киши келип, ай жүрү жол бул жакта деп алдыга баштап, жолго салышкан экен. Анан силер каяктан келатасыңар деп сурайын десе эле жок дейт. Ошол убактан ушул убакка чейин Мазар деп айтылып, элдер зыярат кылып келишет. Элдер эми мурда сыйынчу. Азыр, көп деле сыйынбай калышты. Биз жаш кезде эле жамгыр жаабай койсо ошол жерге барып сыйынышчу, балалуу болбосо ошол жерден барып бала сурашчу, анан азыр ислам болгондон кийин, көп аларга сыйынышпай калышты. Эл дагы арак ичсе, арак ичкен киши каяктан сыйынмак эле. Айылда көбү ичишет, кудай менен иши жок болуп калды.

Тогуз-Торо менен Сарыкамыштын чегинде Көк-Таш-Ата мазарын өтө күчтүү мазар деп айтышат. Улабас деген Мазар бар. Көбүк-Ата деген туз кени бар. Жалгыз-Арча, Алабаш-Ата деген сыяктуу биздин айылда мазарлар көп кездешет.

Бир жолу мага жогору жактан кайра-кайра айтылып, аян аркылуу мага кел дегенинде Көбүк-Ата деген туз кенине туугандарымды Бишкектен алып алып  бардым. Жайлоого барып түшүп калдык. Кечинде барып жатып калып, эртең менен элдер менен учурашып, тегерете тигилген боз үйлөрдү кыдырып келдик. Анан эки жагыма эки тууганыбыз отуруп калды, анан мага маалымат келе баштады. Менин сезимиме келе баштайт, Өзүнчө бөлөкчө абалга өтүп калам. Оң жагымда отурган кишинин баласы ошол тарабындагы агып жаткан суудан агып өлүптүр. Сол жагымда отурган адамдын баласы сол жактагы аккан суудан агып өлүптүр. Эми экөө келип эки жагымда отурат. Эми анда элес албаптырбыз. Анан мага айтып жатышат. “Оор болсо да айталы” дешти.

“Сенин балаң бул жагымдагы суудан агып өлдү, – деп Көбүк-Ата айтып жатат – эмне үчүн агып өлдү анткени силер кудай дебейсиңер. Ушунча жылдан бери менден туз-насип татып жүрөсүңөр, бирок бирөөң дагы кудайдын ырыскысы, туз деген бизге кудай берген насип экен деп бирөөң дагы ойлоп койбойсуң” –дейт – Бул силерге чоң жаза. Мындан кийин балдарыңар аман болсун десеңер кудай деп жүргүлө, – деп анан мага бир жерди белгилетти. “Тузга бараткандар, ары-бери өткөндөр ушул жерден кудай деп, кудайга ыраазы болуп өтсүн” деп бир даракты белгилетти. Ал дарак да сырдуу экен, ал дарактан качып өтө албайт экенсиң, болгону ошол дарактын түбүнөн өтөт экенсиң. Себеби алды суу, үстү зоо, жолдун түбүндө дарак. Тузга барган киши сөзсүз ошол жерден өтө экен да. Айла жок. Ошол жерге келгенде кудайга ыраазычылыгын билдирип, кудайды эстеп жүрүшсүн деп мага тапшырды анан эл айтабы, айтпайбы ал элдин, ар бир адамдын өзүнөн көз каранды.

Мен ошону айтып белгилеп койдум. Ушундай кереметти көрдүк.

Дагы бир таң калычтуу нерсе болду. Менин жанымдагылар да ошол мазарга барып келебиз деп калышты. Анан мага жогору жактан айтышты. Эгерде мындан ары таза жолдо жүрөбүз десеңер мени ээрчип баргыла, тузу оор болот. Жок барбайбыз десеңер анда мурунку эле жашооңор менен калгыла,- деди. Чай кайнам убакыт беребиз дешти, чай кайнам ойлонушту. Анан бирөөсү баралбайм, жумушум бар деп барган жок. Бирөөсү барам деди. Аябай ойлон деди. Барбай койсоң деле жакшы барсаң андан жакшы болгону так аткар деди. Барабыз дешип анан барышты, көп нерселер айтылды. Анан анын касиеттерин карманышты, арактарын ташташты. Бир жарым жыл жүрүштү. Ой, жакшы жашоо болбодубу, арагы жок деле жашаса болот турбайбы, жыргап эле калбадыкпы. Пенсиябыз өзүбүзгө тийип, үйдө ызы-чуу жок деп жыргашты. Бирок айткан эгер сен барып бузсаң жөн өлбөйсүң деген, бала-чакаңдан бирди ала кетесиң деген. Алдыңа балаңды алып кетесиң, өзүң да жакшы өлбөй каласың деген. Менин жолумду айылдагылардын, “Эмне болуп кеткенсиңер, вахабист болуп кеткенсиңерби?” деген сөздөрүнө теригишип уят болушуп, кайра аракка кирип кетишет. Анан ызы-чуу башталды. Бир кызы каза болду, өзү болсо аракка берилип кетип, талаада калып, көчөдө калып, жанына турса киши чыдагыс болуп сасып, каралбай жатып эки жыл мурун каза болуп калды. Аябай кор болуп каза болду. Ошол айтылганда барбай койсо жашап жүрө бермек окшойт. Эки-үч жыл өтпөй эле ал деле кетти. Карманып калышса болмок деп ойлойм. Кудай таалам өзү белги берген болуш керек да. Эң кызыгы, ошол ташка барып, малды курмандыкка чалып, таш үстүндө союп жатсак, ошол ташта койдун сүрөтү бар экен. Кадимки буту-колу байланган чийин. Эми дагы бир керемет, мен аны видеого тартып жаткам, анан мен транска кирип кеткенден кийин тартылбай калмак да. Алла-тааланын керемети ушул, Чехославакиядан бир жаш бала менен кыз бир жактан турист болуп жөө келатышыптыр. Ачка, тамактары жок. Келип, бизге кошулуп, тамакка карап кете албай калышты. Анын видеокамерасы бар экен. Ал толук тартыптыр да. Буйрук кылгансып, мен токтоорум менен ал тартып кириптир. Кийин Чехославакияга барып туруп, бизге салып жибериптир. Ал эми мен тарткан менен кошуп монтаждап койсом, толук кадр болуп калды. Алла-Тааланын кереметин айтсаң эл түшүнбөйт, койчу жомокту айтпай деп. Эми ошол ээн талаа, эрме чөлдө жүрсөк, камерасы менен даяр болуп дал өзүбүзгө келип калып жатышпайбы. Мен өзүм тартпай калмак экенмин. Ал бала кызыгып, мен элдерди дарылап, сеанс өткөрүп жатканымды толук тартыптыр. Негизи мен табып болуп киши деле көрбөйм. Кээде-кээде эле туугандарым ооруп-сыктап калганда, чогулуп калганда сеанс өткөртүп коет.

Мен ойлойм адамды деле алла-таалам сотка сыяктуу сим картаны алмаштыра берет. Ал нерсе өтүп кеткенден кийин эч кимди эч нерсе кыла албай калам. Убагында келет, сеанс жасайм, бүттү. Ал эмес өзүм түшүнбөйм. Чумак сыяктуу колдорумду иштете берем, бирок, эмне кылып жатам өзүм билбейм.

Мен сурабаптырмын, мен сеанс жүргүзүп жатканда эмне болдуңар деп. Былтыр бирөө баягы сен эмдегенден кийин жакшы болуп калды эле десе таң калып калам.