Түйүмкан: Мазардан кийин ишибиз жакшы жүрүшө баштайт

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Түйүмкан эне, 80 жашта, Аксы району, Ак-Суу айылы, Жаңы-Талап аянты, Жалал-Абад аймагы

Кагылайын, мына мен 80ге чыктым. Мен бала кезимде эле бул жерди ыйык деп элдер сыйынчу эле. Эс тарткандан бери биз деле сыйынып келебиз ушул жерге. Мен 80ге чыгып калганы мурдагыдай тез-тез барганга кудуретим жок. Кээ-кээде Кара-Кыз эне түшүмө да кирет. Түшүмө киргенде: «И-и, мени күтүп жаткан го»,-деп, үйдөн эле чыз-пыз чыгарып, куран окуп коемун. Эми бул жер аябай каиеттүү. Бул жерге шек келтирип болбойт. Мындай бир окуя болгон, айтып берейин.

Бир адам ошол Кара-Кыздын ичинен бир машине отун алыптыр. Анан Кадыке: «Эй, бул жерден отун албагын. Эмнеге бул жерден аласың, бул жер мазар, касиети уруп кетет», – деп айтыптыр. Десе, ал киши Кадыкеден сураптыр: «Сен канчага чыктың?», – деп. Ал баланча жашка десе, «Ошончо жылдан бери сени урбаган, мени урат беле», – дептир. Десе, баягынын машинеси бузулуп, көп өтпөй анын баласын торпок сүйрөп олтуруп ушундай зыян болгон да. Ошон үчүн, бул жердеги отундарды бейчеки алганга болбойт, бирок бул жакка зыяратка келгендер кудайы кылганда колдонсо болот.

Өткөндө кыздар келип калган экен, барып шам тигип, зыярат кылып келдик. Шаарда кыздар-балдарым, неберелерим жашайт. Ошолор эс алганы келгенде, бала-чакаларын алып баарыбыз үй-бүлөбүз менен ошол Кара-Кыз энеге барып, куран окуп, шам тигип келебиз. Биз жашыбыздан ушул мазарга барып көнүп калганбыз да. Эгерде ал жерге көбүрөөк барбай калсак, бир ишибиз бүтпөй калгандай болуп, өзүбүздү ыңгайсыз сезип калабыз. Ал жакка барып келгенден кийин кадимкидей жеңилип сергип калабыз, ишибиз дагы жакшы жүрүшө баштайт. Кудай-таала деле кудайды эске алып турган адамдарды колдойт дешет, ошол себептен ошол Кара-Кыз эне аркылуу биз алла-тааланын жолуна арнап кудай өткөрүп, кудайдан жакшылыкты, барчылыкты, тынччылыкты-токчулукту тилеп кайтабыз. Кудай-таалам деле айтат турбайбы: «Эстегенди –эстейм, сактанганды-сактайм», – деп. Эми бул жарыктыкта баарыбыз ошол кудай-тааламдын макулуктарыбыз, ошон үчүн ар дайым алла-таалага сыйынып, алла-тааланы эске алып жүрсөк өзүбүзгө эле жакшы да. Эл: «Кудай деген кур калбайт», – деп бекеринен айтпайт да, ар бир пенде «кудай» деп жүрсө, заман тынч болот, эл-журт аман болот, ооруу-сыркоо деген жоголот. Кудай-таалам кыргыз элине өзүнө деп сактап койгон бейиштин жерин берген экен да.

Илгери кудай-таалам бардык улуттарга жер бөлүштүрүп бере баштаптыр. Бардык элдер келишип, кудай-таалам болуп берген жерлерди алып кетишет экен. Анан «Ким калды, баарына жер жеттиби», – деп отурса, кыргыз жок имиш. Кудайым күтөт экен, күтөт экен – кыргыз дагы деле жок имиш, караса, кыргыздарга жер дагы калбай калыптыр. Анан бир маалда кыргыз чуркап келет экен. «Жер калбай калды го, сен эмне кечигип келбей жүрдүң?», – десе, кыргыз: «Мен уктап калыптырмын», – деп айтыптыр. Анан кудай-таала ойлонуп отуруп, өзүнө деп алып койгон бейиштин төрүн кыргызга берген экен. Мына ошондуктан биздин жер бейиштин жериндей кооз деп айтышат. Бул жерде мөмө-жемиш дегендин бардык түрлөрү өсөт, жан-жаныбарлардын бардык түрлөрү жашайт. Биздин жерге жетпей жүргөндөр канча. Бирок биз ошол жерди барктап-баалай албай жатабыз.

Leave a Reply