Сапанов Зулпукор Акматбекович

Сапанов Зулпукор Акматбекович  Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун, Мургаб районунун Көөнө – Коргон деген айылында туулган.

Тажикистандын аймагында жайгашкан Мургаб району тарыхтан алып караганда байыркы кыргыздардын жери болгон. Тажикистандын төрттөн бир бөлүгүн ээлеп турат. Эң чоң район. Кыргызстандан салыштырсак, Нарын областы менен тең келе турган район. Ошол жер Сары-Кол аталып, Сары-Колдун жарым кыргыздары Кытайда калган, жарым кыргыздары Памирлик кыргыздар аталып Ооганстанда калган. Жалпы чогулуп келип, Памирлик кыргыздар, Сары-Колдук кыргыздар деп аталат. Мен ошонун азыр Тажикистандын территориясында турган Мургаб районундагы Сарык-Колдук, Памирлик кыргыздар жөнүндө жана ал жердеги ыйык жерлер туурасында айтып берсем.

 Багбур-Ата деген казанда кайнаган көл бар. Кайнар булак – ошол жерден суу кайнап чыгып турат. Ал дөндүн үстүндө эки казан бар. Атайын темирден жасалган казандай болуп турат, бирок ал топурак. Бирок ал темирден жасалган казандай тептегерек болуп турат. Ал Багбур-ата деп аталат. Анын ыйыктыгы ушунда казандагы суу карасаң бир 200-300литрдей эле суу, ал жерден анча суу агып чыкпайт. Бирок жанында орустар солдаттарга бассейн салып, ал жактан дизел менен суу тарттырганда, 2-3-4 тонналык бассейнди толтурганда грамм дагы бөксөрбөйт. Ал жерде суу ысык, кайнак суу кыргызстандагы Ак-Суу, Ысык-Атадагы суулардай ысык суу агып турат. Андан дагы ысык, кайнап турган суу. Бул кыргыздардын ыйык жерлери болуп саналат. Ошол эле Мургаб районунда он беш кайнак суу бар. Анан азыркы газдалган суусу (нарзан суу деп коет) да кайнак суунун жанында чыгып турат. Ошол жерден алып туруп ичесиң. Бардык жеринде ошол газдалган суусу менен кошо турат. Дүйнө жүзү боюнча бийик тоо да, “Крыша мира” деп коюшат. Памир деген дүйнөнүн чокусу. Мына ошол жерде дүйнө жүзү боюнча кайнак суулардын бардыгын салыштырганда градусу жогору суу мына ушул биздеги кайнак суунун бирөө. 80 градуста кайнап турат. Дүйнө жүзү боюнча эң кайнак суу мына ошентип бизден чыгып турат.

Чырак-Таш деген ыйык таш бар. Бийиктиги 15 метрдей. Таштын астында көл бар, ал эми таштын бетинде үңкүр бар, ошол үңкүрдөн жарык тийип турган. Менин өзүмдүн эле атам, ошол жерге барып, орустар келгенге чейин, ошол таштын түшкөн жарыгы менен түнүчүндө чөп чабышкан экен. Бизде чөп аябай жапыз болот. Ошол жапыз өскөн чөптү түндө чапкан экен. Ал жер аябай ыйык жер болгон. Тилекке каршы аны орустар келгенде аны изилдеп, үңкүргө үстүнөн жип тартып, асытанан шаты коюп, чыга албай менин угушумча бир онго чукул орус өлүп калган. Ыйыктыгы ушунда, тарткан арканы үзүлүп кетип, шатысы сынып кетип ж.б. болуп таптакыр көргөнгө мүмкүнчүлүк түздүрбөй койгон. Анан ал жерге орустар снарядды коюп туруп ичинде бир башка бир нерсе бар, көрөбүз деген ой менен снаряд менен үңкүрдүн ичин атышкан. Вертолет менен кирип бир нерсе алып кетишкен деп айтышат. Эми аны орустар билет, эч ким билбейт эмне алып кетишкенин. Ал үңкүр азыр жөн гана таш, жарыгы  өчүңкү болуп калган. Күйөт, жарык чыгып турат, азыр да биз көрөбүз, бирок баштагыдай жаркырап күйбөй калган. Мындан тышкары ал жерде сан жеткис көл бар.

Көлдөрдүн аттары бүт кыргызча Ыраң- Көл, Кара-Көл, Сарез-Көл, Ак-Балык-Ата, Жашыл-Көл, Дүңкүлдөк деген аталыштагы көлдөр бар. Булар  колдөр эле, ал эми жерлердин атын атабай эле коёюн. Көлдөрдөн Ак-Балык деген көл бир чоң боз үйдүн ордундай болгон эле тегерек кичинекей көл. А бирок ал көлдүн ичинен балыктар кадимкидей чыгып турат. Ал жерден балык тутканга тыю салышкан. Түбүндө бир аз мурун көлдүн түбүндө көрүнө кереге анан жыйылган жүк турган. Көлдүн түбүнөн көрүнчү. Азыр шагылдар түшүп көрүнбөй калды. Ошол кичинекей, боз үйдүн тегерегиндей эле болгон көлдүн ичинен азыр жүздөгөн, миңдеген балык чыгат. Көзүңө көрүнүп турат, нанды таштайсың, нанды жейт, ойноп жүрөт, кармаганга тыю салып койгон. Азыр ал жер мазар. Ал эми орустар аны да жаңы келген учурда балыкты тутуп көрүшүп, бирок, ошол балыкты жеген орустар өлгөн. Ошондуктан ал жерге орустар да тыю салган. Азыр да ошол Ак-Балык көлү кыргыздын ыйык көлдөрүнүн бири. Жанында мүрзөлөр бар. Атайын шайыктары бар, бала тилешип, бата тилешип, элдер барып сыйынып турушат.

Чат-Токой деген да ыйык жер бар. Мисалы Архат деген романында Казат Акматов Нарындагы бир жерди фантазиялап жазган. Тоого барса эле жашыл токой бар экен, мындай бир тоолордун арасына, эч нерсе өспөгөн жерге барса эле бир жапжашыл токой деп сүрөттөп адабий фантазиялар менен жазганы бар. Ал бирок Мургабда ошол К.Акматовдун фантазиясы чын турмушта бар. Мургабда эч нерсе өспөйт. Кичине тал өсөт, ал эми бер жак жагында эч нерсе өспөйт. Картошка да, буудай да эч нерсе өспөйт. Какыраган эле жаткан талаа. Ошол талаа менен баратып эле, ал жерге машина да бара албайт, жүз метр чарчы жерде жапжашыл токой. Азыр ал жерге адамдар да бара албайт. Ал жердин теректери үч адамдын кучагына туура келген теректер. Аябай бийик теректер, дарактар бар. Токойдун арасына кире албай калган чытырман токой. Ушундай токой бир эле жеринде. Андай жер эч бир жеринде жок. Ушундай кудай берип койгон жомоктогудай керемет жер. Ал жерге эч ким бара албайт. Корукка деле алынган эмес. Атайын бир жайында барып келсең, ат менен бир күндө араң жетет. Эл отурукташкан жерден  алыс, Мургаб районунун батыш тарабында 300 км ары жакта жайгашкан. Өзү 300 км алыстыкта жайгашкандан кийин, ага жеткенчекти жолдогу тоолордун, кокту-колоттордун атын атасаң толгон ат, миң тоонун атын аташ керек. Ал жерлер бүт кыргызча аталыштар менен. Ал эми Чат – Токой-кыргызча аталыш – эки тоонун бириккен жерин чат деп коюшат да. Ошол эки тоонун бириккен жеринде жайгашкан токойду атаганы – Чат-Токой.

 Мына быйыл жүз жыл болду. Жүз жыл мурун 1911-жылы 11-февралда жер титирөө болуп, Кыргызстанда да Кеминде жер басып калган учур болгон. Ошол учурда жер тосулган дагы, көл пайда болгон. Ал көл Сарез көл деп аталат. Ал көлдө азыр 19 млрд. куб суу бар.  Ага азыр жүз жыл болду. Эгер ачылып кете турган болсо Орто Азиядагы алты миллион адамды жок кылат деп айтып жатышат. Бул дагы ошол Мургабдын касиетинен сакталып турат. Бул Көлдү Мургабдын бомбасы деп коюшат.

Каллак-Таш деген жер бар. Каллак деген түштүктөгү аялдар кийген элечек. Элечек түштүктө – каллак деп айтылат. Ошол аялдын каллагындай болгон таш.

Мата Таш деген үңкүр бар. Ал үңкүрдү орустар изилдешиптир, айтып жүрүшөт. Чоң үнкүргө кирип кетишет дагы орустар бир ай жүргөн дейт. Бир ай бою басып барып, эч нерсеси күйбөй, от жагылбай, такыр эч нерсе болбой калган жерге чейин барып, кайра кайтышкан. Аягы жок, түбү жок. Изилдегенге мүмкүн эмес. Ал үңкүрдүн түбүнө жеткен эмес, канча убак болсо кете берген, корко баштаганда гана айласыз айтып келишкен. Беш-алты адам катарлаш эле басып кете бересиң. Жердин түбүнө кетет. Эч ким ошону изилдеп чыга элек. Түбү кайдан чыгат белгисиз. Аксакалдардын айтуусунда түбү келип Пакистандан чыгат дешет. Бул үңкүрдү ким салганы белгисиз, мүмкүн кудайдын жаратып койгон, сырдуу бир ыйык жери. Азыр деле кишилер киришет, бирок жүз метр баскандан кийин отуң өчүп калат, же фонаригиң өчүп калат. Жүз метр же бир км барып кайра кайтасың. Ал эми орустар бир ай жүрүп жете албай коюшкан. Карабайсызбы, азыр адам баласы космоско учуп, не деген ачылыштарды жасашкан жок. Бирок, окумуштуулардын айтуусунда Памир дагы деле дүйнө жүзүнө табышмак. Памирди орустар сактап, коруп келген. Азыр да башка улуттун окумуштууларын ал жерге киргизбейт. Ушундай табышмактуу жер. Орустар өздөрү изилдей алган эмес, ошондой эле дүйнө окумуштууларынан да кызганып киргизбей келишет. Азыр да окумуштуулар кире албай жатышат. Анча-мынча  барып калган окумуштуулар, табышмак деп таң калышат.

Дагы бир ыйык жер – Кара-Көл. Кара-Көл кыргыздардын Ысык-Көлүнөн кийинки көл. Соң-Көлдөрдөн чоң көл. Кара-Көлдү изилдешкен. Ал көлдө балык жашаганга толук мүмкүнчүлүк бар. Бирок анда балык жашабайт. Аябай чоң көл. Суулар, дарыялар келип куюп турат. Таптаза көл. Орустардын учурунда водавоз менен башка көлдөн алып келип балык салышкан. Бирок ал балыктар тирүүсү, өлүүсү билинбей жок болгон. Негизи мунун түбү көрүнбөй капкара болуп турат. Ошондуктан Кара-Көл аталып калган. Анан кийин суучулдар изилдейбиз деп сууга түшкөн. Маңдайындагы жандырган жарык, он бир метрди көрсөтүш керек экен. Ал жерде бир эле метрди көрсөткөн. Анан бир да суучул түбүнө даап түшө алган эмес. Түбү изилдене элек. Айрымдардын айткандарына караганда түбүнөн чоң коз көрүнгөн. Бул боюнча Кытайдын тарыхында жазылган. Түбүндө ажыдаар бар, Ажыдаар көл деп айтылган. Аксакалдардын айтуусунда да түбүндө ажыдаар бар. Ошондуктан көлгө түшкөн эмне жандык болсо да жеп алат деген түшүнүк кездешет. Кытайдын тарыхында да кытайдын окумуштуусу келип туруп, ошол Кара-Көлдө ажыдаар бар деп кеткен. Анан орустар да келип изилдей алган эмес. Канча метр терең, түбү алигиче ошентип изилдене элек.

Дүңкүлдөк деген дагы бир кичине көл бар.  Ал көлдүн жанына барсаң дүңк-дүңк деп үн чыгып турат. Ага бир да суу же дарыя куйбайт. Андан дарыя агып да чыкпайт. Жөн эле тоонун ичинде дүңкүлдөп турган көл. Анан дагы бир нерсеси жанына баланын ыңаалаган үнү угулуп турат. Ал жерге барып туруп кайырмак салсаң, ал жерде балык да көрүнбөйт. Бирок жайында келе турган аккуу, каздар келишет. Анан ал көл туруп туруп, бир учурларда тебет.  Тепкен учурда көлдүн боюна түрлүү-түрлүү балыктар чыгып калат. Суу тээп туруп кайра түшүп кеткенде балыктар калып калат да. Адамчалык балыктар, тиштүү балыктар, жалпак балыктар, чон балыктар бар. Адамдар барганда ошону көрүшкөн. Мага ошол көргөн адамдар айтышкан. Барсак – дейт,  – карга кузгун, балыктар жайнап жатат. Бирок ал көлдө балык бар экенин эл билбейт. Азыркыга чейин бул да табышмак, же бир суу куйбаса, же суу агып чыкпаса, каяктагы балык, кандай балык. Адамчалык балыктар, тиштүү балыктар бар, бирок, ал билинбейт. Барып балык тутайын десең тутулбайт. Анын да түбүнүн тереңдиги канчалык, көлөмүн эч ким билбейт. Табышмак боюнча турат.

Жашыл –Көл боюнча Өскөн Даникеев өзүнүн “Көкөй кести”  чыгармасында жазган.  Алар барып Жашыл-Көлдү изилдешкен. Жашыл-Көл да табышмактуу. Анда да баланын ыйлаган үнү угулат. Бирок анын жанына он метрден жакын бара албайсың, ушунчалык коркунучтуу көл. Сүрү күчтүү көл, жанына эч ким даап бара албайт. Ал эми Ө.Даникеев жөн гана сүрөттөп жазып кеткен. Бирок ал канчалык деңгээлде изилденгени белгисиз.